Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

53-БӨЛҮМ

Жахабага жаккандай көңүл ач

Жахабага жаккандай көңүл ач

Жахаба — «бактылуу Кудай» (1 Тиметей 1:11). Ал биздин да жашоодон рахат алып, бактылуу болушубузду каалайт. Ошондой эле кээде эс алганга убакыт бөлүп турганыбыз ага жагат. Бул бөлүмдө эс алууга бөлгөн убактыбызды канткенде жагымдуу, сергитерлик, ошол эле учурда Жахабага жаккандай кылып өткөрсөк болоруна токтолобуз.

1. Көңүл ачуунун түрлөрүн тандап жатканда эмнени унутпашыбыз керек?

Сен кантип эс алганды жакшы көрөсүң? Мисалы, кээ бирлерге жөн эле үйдө отуруп китеп окуган, музыка уккан, кино көргөн же интернеттен ар кандай нерселерди караган жагат. Башкалары болсо үйдө отурганды эмес, достору менен тоого барганды, сууда сүзгөндү, оюндарды ойногонду жакшы көрүшөт. Кантип көңүл ачпайлы, анын Теңирге жагарына ынангыдай болушубуз керек (Эфестиктер 5:10). Муну түшүнгөнүбүз аябай маанилүү. Анткени көңүл ачуунун көптөргө жаккан түрлөрүндө зордук-зомбулук, жыныстык адеп-ахлаксыздык же спиритизм сыяктуу Жахаба жек көргөн нерселер бар. (Оку: Забур 11:5.) Анда көңүл ачуунун түрлөрүн акылдуулук менен тандаганга эмне жардам берет?

Эгер досторубуз Жахабаны сүйгөн кишилер болсо, алар өзүбүзгө да, көңүл ачуунун кандай түрлөрүн тандаарыбызга да жакшы таасир эте алышат. Өткөн бөлүмдөрдүн биринен билгенибиздей, «акылдуулар менен достошсок», «акылдуу болобуз». Ал эми Кудайдын мыйзамдарын баркка албагандар менен көп жүрсөк, «зыян тартабыз» (Накыл сөздөр 13:20).

2. Көңүл ачууга канча убакыт коротуп жатканыбызга эмне үчүн маани беришибиз керек?

Тандаган көңүл ачуубуз Жахабага жаккан күндө да, ага көп убакыт короткондон сак болушубуз кажет. Болбосо абдан маанилүү иштерге убактыбыз калбай калышы мүмкүн. Ыйык Китеп бизди «убакытты пайдалана билгенге» үндөйт. (Оку: Эфестиктер 5:15, 16.)

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Көңүл ачууга байланыштуу туура чечим чыгарганга эмне жардам берери жөнүндө көбүрөөк бил.

3. Көңүл ачуунун терс таасир эте турган түрлөрүнөн алыс бол

Кантип көңүл ачарыбызга эмне үчүн олуттуу маани беришибиз керек? ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроолорду талкуулагыла:

  • Байыркы убактагы гладиатордук оюндар бүгүнкү күндөгү көңүл ачуунун айрым түрлөрүнө кандайча окшош?

  • Видеодогу Дэнни көңүл ачууга байланыштуу эмнени түшүндү?

Окугула: Римдиктер 12:9. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Бул аят көңүл ачуунун туура түрүн тандаганга кандайча жардам берет?

Жахаба эмнелерди жек көрөт? Окугула: Накыл сөздөр 6:16, 17; Галатиялыктар 5:19—21. Ар бир аятты окугандан кийин төмөнкү суроону талкуулагыла:

  • Бул аятта жазылгандардын кайсылары бүгүнкү күндөгү көңүл ачууларда кеңири кездешет?

 Көңүл ачууну туура тандаганга жардам берген суроолор

Ойлонуп көр:

  • Кандай? Көңүл ачуунун бул түрүндө Жахаба жек көргөн нерселер жокпу?

  • Канча? Ал маанилүү иштерге кетчү убактымды уурдап албайбы?

  • Ким менен? Жахабаны сүйбөгөндөр менен дайыма байланышып, жакын болуп кетпейминби?

Кооптуу жерден мүмкүн болушунча алыс болгон жакшы. Анын сыңарындай, бизге зыянын тийгизип коюшу мүмкүн болгон көңүл ачуунун түрүнөн алыс болгонубуз маанилүү

4. Убактыңды туура колдон

ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроону талкуулагыла:

  • Видеодогу ишенимдешибиз ыпылас нерселерди көрбөсө да, бош убактысын кантип өткөргөнү ага кандай таасир эткен?

Окугула: Филипиликтер 1:10. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Бул аят көңүл ачууга канча убакыт короторубузду чечкенге кантип жардам берет?

5. Көңүл ачууну туура танда

Көңүл ачуунун кээ бир түрлөрү Жахабага жакпаса да, ага жаккан жана бизге кубаныч тартуулай турган нерселер көп. Окугула: Насаатчы 8:15; Филипиликтер 4:8. Анан төмөнкү суроону талкуулагыла:

  • Сага Кудайга жаккан көңүл ачуунун кайсы түрлөрү жагат?

Жакшы көңүл ачып, кубаныч ала аласың

АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Зордук-зомбулук, адеп-ахлаксыздык же спиритизм камтылган көңүл ачуунун эч кандай жаман жери жок. Аларды кылбасам болду да».

  • Сен аларга эмне дейт элең?

НЕГИЗГИ ОЙ

Жахаба көңүл ачуунун түрлөрүн туура тандап, жакшы эс алышыбызды каалайт.

Кайталоо

  • Машаяктын жолдоочулары көңүл ачуунун кандай түрлөрүнөн качышы керек?

  • Көңүл ачууга канча убакыт коротуп жатканыбызга эмне үчүн маани беришибиз кажет?

  • Сен эмне үчүн көңүл ачуунун Жахабага жаккан түрлөрүн тандагың келет?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

Көңүл ачууга байланыштуу туура чечим чыгарганга эмне жардам берет?

«Кудайга жаккыдай эс алып жатасыңбы?» («Күзөт мунарасы», 15-октябрь, 2011)

«Улутчул болбой калдым» деген өмүр баяндан бир кишиге өзгөргөнгө эмне түрткү бергенин окуп көр.

«Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат» («Күзөт мунарасы», 1-июль, 2010)

Бир аял эмне үчүн жиндер менен байланышы бар кинону көрбөй эле коюуну чечкен?

«Көңүл ачуунун спиритизм менен байланышы бар түрүнөн оолак болгула» (2:02)