Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

54-БӨЛҮМ

«Ишенимдүү жана акылдуу кулдун» аткарган милдети

«Ишенимдүү жана акылдуу кулдун» аткарган милдети

Иса — жыйналыштын башчысы (Эфестиктер 5:23). Бүгүнкү күндө ал асмандан өзүнүн жердеги жолдоочуларын «ишенимдүү жана акылдуу кул» аркылуу жетектеп жатат. (Оку: Матай 24:45). Иса ошол «кулду» өзү дайындап, чечим чыгарганга бийлик берген. Ошентсе да ал кул Исага баш ийип, анын бир туугандарына кызмат кылат. «Ишенимдүү жана акылдуу кул» деген ким? Ал бизге кандайча кам көрүп жатат?

1. «Ишенимдүү жана акылдуу кул» деген ким?

Жахаба элин дайыма кайсы бир кишини же эркектерден турган чакан топту колдонуп жетектеп келген (Малаки 2:7; Еврейлер 1:1). Иса өлгөндөн кийин, Иерусалимдеги элчилер менен аксакалдар жетекчиликти колго алышкан (Элчилер 15:2). Бүгүнкү күндө да Жахабанын элин аксакалдардан турган чакан топ жетектейт. Ал Жетектөөчү Кеңеш деп аталат жана бизди рухий тамак менен камсыз кылып, кабар айтуу ишин көзөмөлдөйт. Ошол чакан топ — «[Иса] дайындаган ишенимдүү жана акылдуу кул» (Матай 24:45б). Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрүнүн баары — Машаяктын ыйык рух менен майланган жолдоочулары. Алар жердеги жашоосу аяктагандан кийин Иса менен асман Падышалыгында бийлик жүргүзө турган убакты чыдамсыздык менен күтүп жатышат.

2. Ишенимдүү жана акылдуу кул бизди кандай рухий тамак менен камсыз кылып жатат?

Иса ишенимдүү кулдун «[ишенимдештерине] өз убагында тамак берип турарын» айткан (Матай 24:45а). Кадимки тамак кубат берип, ден соолугубузду чыңдайт. Ошол сыяктуу эле, рухий тамак — Ыйык Китептеги акыл-насааттар — Кудайга берилгендик сактаганга жана Иса тапшырган ишти аткарганга күч берет (1 Тиметей 4:6). Биз рухий тамакты жыйналыштар, райондук, региондук жыйындар жана Ыйык Китепке негизделген адабияттар, видеолор аркылуу алабыз. Алар бизге Жахабанын эркин түшүнүп, аны менен болгон достугубузду бекемдегенге жардам берет.

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Эмне үчүн «ишенимдүү жана акылдуу кулга», Жетектөөчү Кеңешке, муктаж экенибиз жөнүндө бил.

Жетектөөчү Кеңеш бүткүл дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрүнө рухий тамак берип, жетектеп жатат. Ошондой эле иш жүзүндө да жардам көрсөтүүдө

3. Жахабанын эли мыкты уюшулган

Исанын көзөмөлү алдында Жетектөөчү Кеңеш Жахабанын Күбөлөрүнүн ишин уюштурууда. Иса биринчи кылымдагы жолдоочуларын да ушундай эле жол менен жетектеген. ВИДЕОНУ көргүлө.

Окугула: 1 Корунттуктар 14:33, 40. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Бул аяттардан Жахаба өз элинин уюшкандыкта иш алып барышын каалаары кандайча көрүнүп турат?

4. Ишенимдүү кул кабар айтуу ишин уюштурууда

Кабар айтуу Машаяктын алгачкы жолдоочулары аткарган эң маанилүү иш болгон. Окугула: Элчилер 8:14, 25. Анан төмөнкү суроолорду талкуулагыла:

  • 1-кылымда кабар айтуу ишин кимдер жетектеген?

  • Башка элчилер көрсөтмө бергенде, Петир менен Жакан эмне кылган?

Кабар айтуу иши — Жетектөөчү Кеңеш уюштуруп жаткан эң маанилүү иш. ВИДЕОНУ көргүлө.

Иса кабар айтуу ишинин канчалык маанилүү экенин баса белгилеген. Окугула: Марк 13:10. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Жетектөөчү Кеңеш кабар айтуу ишин эмне үчүн аябай маанилүү деп эсептейт?

  • Дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлүп жаткан ушул ишти «ишенимдүү жана акылдуу кулдун» уюштурушуна эмне үчүн муктажбыз?

5. Ишенимдүү кул бизди жетектөөдө

Жетектөөчү Кеңеш Машаяктын дүйнө жүзүндөгү жолдоочуларын жетектөөдө. Ал кандай көрсөтмө беришти кайдан билет? Буга байланыштуу 1-кылымдагы жетектөөчү кеңештин үлгүсүн карап көрөлү. Окугула: Элчилер 15:1, 2. Анан төмөнкү суроолорду талкуулагыла:

  • 1-кылымда Машаяктын жолдоочуларынын арасында кандай маселе көтөрүлгөн?

  • Ал маселени чечиш үчүн Пабыл, Барнаба жана башкалар кимге кайрылышкан?

Окугула: Элчилер 15:12—18, 23—29. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • 1-кылымдагы жетектөөчү кеңеш бул маселеге байланыштуу Кудай кандай көрсөтмө берерин билиш үчүн чечим чыгарганга чейин эмне кылган? (12, 15, 28-аяттарды кара.)

Окугула: Элчилер 15:30, 31; 16:4, 5. Анан төмөнкү суроолорду талкуулагыла:

  • Машаяктын 1-кылымдагы жолдоочулары жетектөөчү кеңештин көрсөтмөсүн кандай кабыл алышкан?

  • Жахаба алардын тил алчаактыгына кантип батасын берген?

Окугула: 2 Тиметей 3:16; Жакып 1:5. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Бүгүнкү күндөгү Жетектөөчү Кеңеш чечим чыгарып жатканда жетекчиликти каяктан издейт?

АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Эгер силер Жетектөөчү Кеңешке баш ийсеңер, анда адамдардын эле жолун жолдойт турбайсыңарбы».

  • Жетектөөчү Кеңешти Иса жетектээрине сени эмне ынандырат?

НЕГИЗГИ ОЙ

Жетектөөчү Кеңеш — Машаяк дайындаган «ишенимдүү жана акылдуу кул». Ишенимдүү кул Машаяктын бүткүл дүйнө жүзүндөгү жолдоочуларын жетектеп, рухий тамак менен камсыз кылат.

Кайталоо

  • «Ишенимдүү жана акылдуу кулду» ким дайындаган?

  • Жетектөөчү Кеңеш бизге кантип кам көрүп жатат?

  • Жетектөөчү Кеңештин «ишенимдүү жана акылдуу кул» экенине ишенесиңби?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

Жетектөөчү Кеңештин өз ишин кантип аткарары жөнүндө окуп көр.

«Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши деген эмне?» (jw.org/ky сайтындагы макала)

Жетектөөчү Кеңеш рухий тамактын так маалыматка негизделишине кантип кам көрөт?

«Так маалымат камтылган адабияттар» (17:18)

Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү Иса тапшырган ишке кандай карашат?

«Зор сыймык» (7:04)

Жыйналыштарыбыз жана жыйындарыбыз Жахабанын ишенимдүү кулду жетектеп жатканын кандайча далилдеп турат?

«Жахаба өз элине билим берүүдө» (9:39)