Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

57-БӨЛҮМ

Олуттуу күнөө кетирип алсаң, эмне кылсаң болот?

Олуттуу күнөө кетирип алсаң, эмне кылсаң болот?

Жахабаны абдан жакшы көрүп, анын жүрөгүн оорута турган иштерди кылбаганга бүт күчүңдү жумшасаң да, кээде ката кетирип алышың мүмкүн. Бирок кээ бир каталар абдан олуттуу болот (1 Корунттуктар 6:9, 10). Эгер олуттуу күнөө кетирип алсаң, бир нерсени унутпа: Жахаба сени жаман көрүп калбайт; ал кечиргенге жана жардам бергенге даяр.

1. Жахаба бизди кечириши үчүн, эмне кылышыбыз керек?

Жахабаны сүйгөндөр олуттуу күнөө кылып алганын түшүнгөндө аябай кайгырышат. Бирок аларды Жахабанын өз элине берген: «Күнөөлөрүңөр ачык кызыл болсо, кардай агартылат»,— деген убадасы жубатат (Ышая 1:18). Эгер чын жүрөктөн өкүнсөк, Жахаба бизди толугу менен кечирет. Өкүнүп жатканыбызды кантип көрсөтөбүз? Чындап өкүнсөк, жаман иш кылганыбызды токтотуп, Жахабадан кечирим сурап жалбарабыз. Анан оюбузду оңдогонго же күнөөгө түрткөн жаман адаттарыбыздан арылганга, ошондой эле Жахабанын талаптарына ылайык жашаганга бүт күчүбүздү жумшайбыз. (Оку: Ышая 55:6, 7.)

2. Күнөө кетиргенибизде, Жахаба аксакалдар аркылуу кантип жардам берет?

Олуттуу күнөө кетирип алганда, Жахаба айткандай, «жыйналыштын аксакалдарын чакырышыбыз» керек. (Оку: Жакып 5:14, 15.) Аксакалдар Жахабаны жана анын койлорун жакшы көрүшөт. Алар бизге Жахаба менен болгон мамилебизди калыбына келтиргенге жардам бере алышат. Анткени муну кантип кылышты жакшы билишет (Галатиялыктар 6:1).

Олуттуу күнөө кетирип алганыбызда, аксакалдар кантип жардам беришет? Эки же үч аксакал Ыйык Китептеги кеңештерди колдонуп, бизди оңдоп-түзөйт. Ошондой эле күнөөнү кайра кайталап албашыбыз үчүн, иш жүзүндө колдонорлук кеңештерди беришет. Рухий жактан сакайганга чейин, жыйналыштагы кайсы бир иштерге катышканга чектөөлөрдү коюшу мүмкүн. Аксакалдар жыйналышты терс таасирден коргош үчүн олуттуу күнөө кетирип, бирок өкүнбөгөндөрдү жыйналыштан чыгарышат.

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Олуттуу күнөө кылып алганыбызда, Жахаба кантип жардам берет? Бул үчүн ага ыраазычылыгыңды кантип арттырсаң болот? Ушулар жөнүндө көбүрөөк бил.

3. Күнөөнү моюнга алуу — сакаюунун жолу

Кандай күнөө кетирбейли, бул Жахабанын жүрөгүн оорутат. Андыктан ага күнөөбүздү ачык айтышыбыз керек. Окугула: Забур 32:1—5. Анан төмөнкү суроону талкуулагыла:

  • Күнөөбүздү жашырганга аракет кылгандын ордуна, аны Жахабага ачык айтып, моюнга алганыбыз эмне үчүн туура болот?

Күнөөбүздү Жахабанын алдында моюнга алгандан сырткары, аксакалдарга жардам издеп кайрылсак, кадимкидей жеңилдеп калабыз. ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроону талкуулагыла.

  • Видеодогу Кэнонго аксакалдар Жахабага кайтып келгенге кантип жардам беришкен?

Аксакалдарга баарын чынчылдык менен ачык айтышыбыз керек. Алар бизге жардам беришет. Окугула: Жакып 5:16. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Аксакалдарга баарын ачык айтсак, аларга бизге жардам берүү кандайча жеңил болот?

Күнөөлөрүңдү моюнга алып, аксакалдарга баарын ачык айт жана мээримдүү Жахабанын жардамын кабыл ал

4. Жыйналыштан чыгаруунун пайдасы

Эгер олуттуу күнөө кылган киши Жахабанын принциптерине ылайык жашагандан баш тартса, жыйналыштан чыгарылат. Биз аны менен мамилелешпейбиз, атүгүл сүйлөшпөйбүз. Окугула: 1 Корунттуктар 5:6, 11; 2 Жакан 9—11. Анан төмөнкү суроону талкуулагыла:

  • Ачыткы бүт камырды ачыткандай эле, өкүнбөгөн күнөөкөр менен мамилелешүү жыйналышка кандай таасир этет?

Жыйналыштан чыгарылгандардын көбү убакыттын өтүшү менен жыйналышка кайтып келишкен. Эмне үчүн? Бул чара аларга катуу тийгени менен, туура эмес иш кылганын түшүнгөнгө жардам берген (Забур 141:5). ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроону талкуулагыла.

  • Видеодогу Соняга жыйналыштан чыгарылганы кандайча жардам берген?

Кимдир бирөө жыйналыштан чыгарылганда кандайча...

  • Жахабанын ысмы урматталат?

  • Жахабанын адилеттүү, мээримдүү экени көрүнөт?

5. Жахаба өкүнгөндөрдү кечирет

Исанын бир мисалы күнөө кетирген киши өкүнгөндө, Жахаба кандай сезимде болорун түшүнгөнгө жардам берет. Окугула: Лука 15:1—7. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Мындан Жахаба жөнүндө эмнени билдиң?

Окугула: Жезекиел 33:11. Анан төмөнкү суроону талкуулагыла:

  • Чындап өкүнгөнүбүздү көрсөтүш үчүн эмне кылышыбыз керек?

Жахаба, камкор койчу сыяктуу, өзүнүн койлоруна назиктик менен кам көрөт

АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Аксакалдарга күнөө кылганымды айтсам, мени жыйналыштан чыгарып салышат деп корком».

  • Эгер кимдир бирөө сага ушинтип айтса, эмне дейт элең?

НЕГИЗГИ ОЙ

Олуттуу күнөө кетирип алсак, бирок чын жүрөктөн өкүнүп, жаман иш кылганыбызды токтотсок, Жахаба бизди кечирет.

Кайталоо

  • Эмне үчүн Жахабанын алдында күнөөлөрүбүздү моюнга алышыбыз керек?

  • Күнөөлөрүбүз кечирилиши үчүн, эмне кылышыбыз зарыл?

  • Олуттуу күнөө кетирип алсак, эмне үчүн аксакалдарга жардам сурап кайрылганыбыз маанилүү?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

Бир киши Жахабанын Ышая 1:18де айтылгандай чексиз ырайымдуу экенин кантип түшүнгөн?

«Жахабанын ырайымдуу экенине эч качан шектенбегиле» (5:02)

Жахабанын Күбөсү эмес бирөөгө жыйналыштан чыгаруу деген эмне экенин кантип түшүндүрүп берет элең?

«Силер Жахабанын Күбөсү болбой калгандардан оолактап каласыңарбы?» (jw.org/ky сайтындагы макала)

Чындык жолунан кетип калган бир киши Жахаба аны кайрып алгысы келип жатканын кантип түшүнгөн? Бул жөнүндө «Жахабага кайрылып келүүнү чечтим» деген өмүр баяндан окуп көр.

«Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат» («Күзөт мунарасы», 1-апрель, 2012)