Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

58-БӨЛҮМ

Жахабага болгон берилгендигиңден жазба!

Жахабага болгон берилгендигиңден жазба!

Машаяктын чыныгы жолдоочулары эч кимдин жана эч нерсенин алардын Жахабага кылган кызматын токтотушуна эч качан жол бербейт. Сенин да ушундай кыларыңан такыр шектенбейбиз. Жахаба сенин берилгендигиңди баалайт. (Оку: 1 Жылнаама 28:9.) Берилгендигиң кандай жагдайларда сыналышы мүмкүн? Андайда багынбаганга эмне жардам берет?

1. Жахабага болгон берилгендигибиз башкалардын айынан кантип сыналышы мүмкүн?

Айрымдар Жахабага кылган кызматыбызды токтотконго аракет кылышат. Алар кимдер? Кудайга кызмат кылбай калгандардын кээ бирлери ишенимибизди кыйратыш үчүн Жахабанын уюму жөнүндө жалган сөздөрдү айтышат. Алар — чындыктан четтегендер. Айрым диний жетекчилер да биз жөнүндө жалган маалымат таратышат. Анткени алар коркунучту баамдабагандарды чындыктан четтетүүнү көздөшөт. Каршылаштарыбыздын кимиси менен болбосун, талкуу жүргүзгөнүбүз, алардын китептерин же интернеттеги блогдорун окуганыбыз, сайттарына киргенибиз же видеолорун көргөнүбүз кооптуу. Жахабага берилгендик менен кызмат кылгандардын ынтасын суутканга аракет кылгандар жөнүндө Иса: «Аларды жайына койгула. Алар — сокур жол көрсөтүүчүлөр. Сокурду сокур жетелесе, экөө тең аңга түшөт»,— деген (Матай 15:14).

Эгер тааныштарыбыздын бири мындан ары Жахабанын Күбөсү болбой эле коюуну чечсечи? Жакындарыбыздын бири ушундай кылса, бул жүрөгүбүздү оорутат. Ал: «Же мени, же Жахабаны танда»,— деп шарт коюшу мүмкүн. Бирок биз биринчи кезекте Жахабага берилгендик сактоого чечкиндүү болушубуз керек (Матай 10:37). Ошондуктан Жахабанын андайлар менен мамилелешпегиле деген буйругуна баш иебиз. (Оку: 1 Корунттуктар 5:11.)

2. Чыгарган чечимдерибизден улам кандайча Жахабага болгон берилгендигибиз сыналышы мүмкүн?

Жахабага болгон сүйүүбүз жалган дин менен такыр байланышпаганга түрткү берет. Ошондуктан жумушубуз, биз таандык болгон кайсы бир уюм же кылган ишибиз жалган дин менен байланышта болбошу керек. Жахаба: «Элим,.. [Улуу Бабылдан] чык»,— деп эскертет (Аян 18:2, 4).

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Кимдир бирөөнүн Жахабага болгон берилгендигиңди солгундатышына жол бербеш үчүн эмне кылсаң болот? Улуу Бабылдан чыгып, Жахабага болгон берилгендигиңди кантип көрсөтө аласың? Ушулар тууралуу бил.

3. Жалган окутуучулардан сак бол

Эгер кимдир бирөөнүн Жахабанын уюму жөнүндө жаман нерселерди айтып жатканын угуп калсак, эмне кылышыбыз керек? Окугула: Накыл сөздөр 14:15. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Эмне үчүн ар бир сөзгө эле ишене бергенден сак болушубуз керек?

Окугула: 2 Жакан 10. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Чындыктан четтегендерге кандай мамиле кылышыбыз керек?

  • Чындыктан четтегендер менен түзмө-түз мамилелешпесек да, кандайча алардын ой толгоолорунун таасирине алдырып коюшубуз мүмкүн?

  • Жахабага жана анын уюмуна каршы айтылган сөздөрдү уксак, Жахаба кандай сезимде болот деп ойлойсуң?

4. Ишенимдешиң күнөө кетиргенде, Жахабага болгон берилгендигиңен жазба

Эгерде жыйналыштан кимдир бирөөнүн олуттуу күнөө кылганын билип калсак, эмне кылышыбыз керек? Кудайдын байыркы Ысрайылга берген Мыйзамындагы бир принципти карап көрөлү. Окугула: Лебилер 5:1.

Бул аятта айтылгандай, кимдир бирөөнүн олуттуу күнөө кетиргенин билип калсак, аксакалдарга айтышыбыз керек. Бирок ага чейин күнөө кылган кишинин өзүн аксакалдарга барганга, күнөөсүн мойнуна алганга үндөгөнүбүз боорукердикке жатат. Эгер ал барбай койсо, өзүбүз аксакалдарга барып, билгенибиздин баарын айтып беришибиз керек. Ошондойчо Жахабага болгон берилгендигибизди көрсөтөбүз. Ушундай иш-аракеттерди кылсак, кандайча төмөнкүлөргө карата туруктуу сүйүү көрсөткөн болобуз?

  • Жахаба Кудайга

  • Күнөө кылган кишиге

  • Жыйналыштагыларга

Эгер ишенимдешиң кооптуу жагдайга кабылса, жардам бер!

5. Улуу Бабылдан алыс бол

Окугула: Лука 4:8; Аян 18:4, 5. Анан бул суроолорго жооп бер:

  • Дагы деле жалган диндин каадаларына аралашып жаткан жокмунбу?

  • Башка дин менен байланышы бар кайсы бир уюмдун мүчөсү эмесминби?

  • Жумушум жалган динди кандайдыр бир жол менен болсо да колдобойбу?

  • Жашоомдо жалган дин менен болгон байланышымды үзүш керек болгон кандайдыр бир тармактар барбы?

  • Эгер ушул суроолордун кайсы бирине «ооба» деп жооп берсем, эмнелерди өзгөртүшүм керек?

Бардык жагдайда абийириң жемелебегидей жана Жахабага болгон берилгендигиң көрүнүп тургудай чечим чыгар.

Эгер кайсы бир дин өткөрүп жаткан кайрымдуулук ишине тартуу кылууну суранышса, эмне кылат элең?

АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Чындыкты коргой алыш үчүн чындыктан четтегендердин Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө эмнелерди айтып жатышканын билишим керек».

  • Ушундай кылган акылдуулукка жатабы? Эмне үчүн?

НЕГИЗГИ ОЙ

Жахабага берилгендик сакташ үчүн андан баш тартып кеткендер менен мамилелешкенден качышыбыз керек. Ошондой эле жалган динден толугу менен чыгышыбыз зарыл.

Кайталоо

  • Эмне үчүн чындыктан четтегендердин ой толгоолору камтылган нерселерди көрбөшүбүз, окубашыбыз, укпашыбыз керек?

  • Чындык жолун таштап кеткендерге кандай мамиле кылышыбыз керек?

  • Канткенде жалган динден чыккыла деген эскертүүгө баш ийген болобуз?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

Жахабанын Күбөлөрү тууралуу жалган сөз таратылганда эмне кылсаң болору жөнүндө окуп көр.

«Сенде жетиштүү далил барбы?» («Күзөт мунарасы», август, 2018)

Улуу Бабылды колдогон уюмдарды жана иш-аракеттерди кантип аныктасаң болот?

«„Акыркы күндөрдүн“ соңунда кызмат менен алек бололу!» («Күзөт мунарасы», октябрь, 2019, 16—18-абзацтар)

Каршылаштардын айрымдары ишенимибизди солгундатыш үчүн кандай аракеттерди кылып келет?

«Алданып калбагыла» (9:32)

Синтоизм динин туткан бир дин кызматчы жалган дин менен болгон байланышын кантип үзгөн? Бул тууралуу «Бала чагыман эле Кудайды издеп келгем» деген өмүр баяндан окуп көр.

«Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат» («Күзөт мунарасы», 1-июль, 2011)