Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

59-БӨЛҮМ

Куугунтукка туруштук бере аласың!

Куугунтукка туруштук бере аласың!

Эртеби, кечпи, Машаяктын жолдоочуларынын баары каршылыкка, атүгүл куугунтукка туш болот. Бирок ошондон улам коркушубуз керекпи?

1. Эмне үчүн куугунтукка даяр болушубуз керек?

Ыйык Китепте: «Машаяк Исанын шакирттери катары Кудайга берилгендигин сактап жашагысы келгендердин баары куугунтукталат»,— делет (2 Тиметей 3:12). Иса Шайтандын дүйнөсүнө таандык болгон эмес. Ошон үчүн куугунтукталган. Биз да бул дүйнөгө таандык эмеспиз. Андыктан бул дүйнөдөгү өкмөттөр менен диний уюмдардын бизди куугунтуктаганына таң калбайбыз деле (Жакан 15:18, 19).

2. Куугунтукка кантип даярдансак болот?

Жахабага болгон ишенимибизди азыртадан бекемдешибиз керек. Андан тиленгенге жана анын Сөзүн окуганга күн сайын убакыт бөл. Жыйналышка дайыма катыш. Мунун баары сага, кандай куугунтук болбосун, атүгүл үйүңдөгүлөрдүн катуу каршылыгына карабай, кайраттуу болуп, туруштук бергенге күч берет. Көп куугунтук жеген элчи Пабыл: «Жахаба — менин жардамчым; мен коркпойм»,— деп жазган (Еврейлер 13:6).

Кайраттуулугубузду чыңдоонун дагы бир жолу — кабар айтуу ишине үзгүлтүксүз катышуу. Мунун аркасында Жахабага таянганга, адамдардан коркпогонго үйрөнөбүз (Накыл сөздөр 29:25). Эмитеден тайманбай кабар айта берсең, өкмөт ишибизди чектеген маалда да кабар айта бергенге даяр болуп каласың (1 Тесалоникалыктар 2:2).

3. Куугунтукка туруштук берүүнүн кандай пайдасы бар?

Албетте, куугунтукталган баарыбызга эле жакпайт. Бирок ага туруштук берсек, ишенимибиз мурункудан да бекемделет. Ошондой эле чыдаганга күчүбүз калбай калгандай сезилгенде Жахабанын жардам бергенин көрүп, ага ого бетер жакындайбыз. (Оку: Жакып 1:2—4.) Кыйналып жатканыбыз Жахабанын жүрөгүн оорутпай койбойт, бирок ал багынбаганыбызды көрүп сүйүнөт. Ыйык Китепте: «Жакшы иш кылганыңар үчүн азап чегип жатсаңар, бул Кудайга жагат»,— делет (1 Петир 2:20). Эгер ишенимдүү бойдон калсак, Жахаба бизге түбөлүк өмүр берет. Жаңы заманда баарыбыз ага сыйынабыз, бизге бут тоскон эч ким болбойт (Матай 24:13).

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Куугунтук учурунда да Жахабага берилгендик сактоо мүмкүн экени жана ал бизге бул үчүн кандай сыйлык берери жөнүндө бил.

4. Үй-бүлөңдүн каршылыгына туруштук бере аласың

Иса үй-бүлөбүздөгүлөрдүн айрымдары Жахабага кызмат кылышыбызды каалабай турганын жакшы билген. Окугула: Матай 10:34—36. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Кимдир бирөө Жахабага кызмат кылууну чечкенде, үйүндөгүлөрү эмне деши же эмне кылышы мүмкүн?

Буга мисал катары ВИДЕОНУ көргүлө. Анан төмөнкү суроону талкуулагыла.

  • Тууганың же досуң Жахабага кызмат кылышыңа тоскоолдук кылса, эмне кыласың?

Окугула: Забур 27:10; Марк 10:29, 30. Ар бир аяттан кийин бул суроону талкуулагыла:

  • Үй-бүлөңдөн кимдир бирөө же досторуң Жахабага кызмат кылышыңа каршы болгондо, бул аятта жазылган убада кандайча жардам бериши мүмкүн?

5. Куугунтукка карабай Жахабага сыйына бер

Башкалар каршылык көрсөткөндө, Жахабага кызмат кылыш үчүн кайраттуу болушубуз керек. ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроону талкуулагыла.

  • Бул видеодогу бир туугандардын үлгүсү кандайча кайратыңа кайрат кошту?

Окугула: Элчилер 5:27—29; Еврейлер 10:24, 25. Ар бир аятты окугандан кийин бул суроону талкуулагыла:

  • Өкмөт кабар айтканга же жыйналыштарды өткөргөнгө тыюу салса да, Жахабага сыйына бергенибиз эмне үчүн маанилүү?

6. Жахаба сага туруктуу болгонго жардам берет

Дүйнөнүн чар тарабындагы Жахабанын Күбөлөрү жаш-кары дебей, куугунтук маалында да Жахабага ишенимдүү кызмат кыла беришкен. Аларга эмне жардам бергенин билиш үчүн ВИДЕОНУ көргүлө. Анан төмөнкү суроону талкуулагыла:

  • Видеодогу ишенимдештерибизге куугунтукка чыдаганга эмне жардам берген?

Окугула: Римдиктер 8:35, 37—39; Филипиликтер 4:13. Ар бир аятты окугандан кийин бул суроону талкуулагыла:

  • Кандай куугунтук болбосун, ага туруштук бере аларыңа бул аят сени кандайча ынандырды?

Окугула: Матай 5:10—12. Анан төмөнкү суроону талкуулагыла:

  • Эмне үчүн куугунтукка кабылганда да бактылуу боло аласың?

Миллиондогон Жахабанын Күбөлөрү куугунтукталса да, ишенимдүү кызмат кылып жатышат. Сен да ошенте аласың!

АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Мен куугунтукка чыдай албайм».

  • Аларга өздөрүн ишенимдүү сезгенге кайсы аяттар жардам бериши мүмкүн?

НЕГИЗГИ ОЙ

Жахаба куугунтукка карабай кызмат кылыш үчүн жумшаган аракетибизди жогору баалайт. Анын колдоосу менен баарын көтөрө алабыз!

Кайталоо

  • Машаяктын жолдоочулары эмне үчүн куугунтукка даяр турушу керек?

  • Куугунтукка даяр болуш үчүн азыртадан эмне кылсаң болот?

  • Ар кандай сыноого карабай Жахабага ишенимдүү кызмат кыла аларыңа эмне үчүн шектенбесең болот?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

Бейтараптуулугун сактаганы үчүн кесилип кеткен жаш ишенимдешибизге Жахаба туруктуу болгонго кантип жардам берген?

«Куугунтукка карабай туруктуу болгула» (2:34)

Бир жубайлар каршылыктарга карабай Жахабага көп жыл бою кантип ишенимдүү кызмат кыла алышкан?

«Жахабага коогалаңдуу мезгилде да кызмат кылдык» (7:11)

Куугунтук маалында кайратыңан жазбаганга эмне жардам берерин окуп көр.

«Куугунтукка азыртадан даярдангыла» («Күзөт мунарасы», июль, 2019)

Үйдөгүлөрдүн каршылыгына кандай карашыбыз керек? Алар менен жакшы мамиледе болуп, ошол эле учурда Жахабага берилген бойдон калыш үчүн эмне кылсак болот?

«Чындык „тынчтык эмес, кылыч алып келет“» («Күзөт мунарасы», октябрь, 2017)