Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

60-БӨЛҮМ

Ийгилик кыла бер!

Ийгилик кыла бер!

Ыйык Китепти изилдеп жатып Жахаба жөнүндө көп нерсени билдиң. Мунун аркасында ага болгон сүйүүң тереңдеп, балким, өзүңдү ага арнап, чөмүлгөндүрсүң. Эгер андай кыла элек болсоң, жакында чөмүлөм деп максат коюп жатсаң керек. Бирок чөмүлгөндөн кийин да ийгилик кыла беришиң зарыл. Жахаба менен болгон мамилеңди түбөлүккө чыңдай берсең болот. Кантип?

1. Эмне үчүн Жахаба менен болгон достугуңду бекемдей беришиң керек?

Жахаба менен болгон достугубузду бекемдей бергенге баарыбыз тең көп күч жумшашыбыз керек. Эмне үчүн? Анткени андан «эч качан четтеп» кеткибиз келбейт (Еврейлер 2:1). Жахабага ишенимдүү кызмат кыла бергенге эмне жардам берет? Кабар айтуу ишине үзгүлтүксүз катышып, Кудайыбызга толук кандуу кызмат кылуунун жолдорун издей бергенибиз жакшы. (Оку: Филипиликтер 3:16.) Ага кызмат кылуу — жашоодогу эң мыкты жол (Забур 84:10).

2. Дагы эмне кыла беришиң зарыл?

Ыйык Китепти бул адабияттын жардамы менен изилдеп бүтсөң да, Машаяктын жолун андан ары да жолдой бергениң маанилүү. Кудайдын Сөзүндө «жаңы табиятты кийишибиз» керектиги айтылат (Эфестиктер 4:23, 24). Ыйык Китепти изилдегениңди улантып, жыйналышка катыша берсең, Жахаба жана анын сапаттары жөнүндө дагы көп жаңы нерселерди билесиң. Жахабанын сапаттарын жашооңдо дагы жакшыраак чагылдыруунун жолдорун издеп, аны кубантыш үчүн зарыл өзгөрүүлөрдү кыла бер.

3. Жахаба сага ийгилик кылганга кантип жардам берет?

Ыйык Китепте: «Кудай силерди аягына чейин өзү үйрөтүп, бекем, күчтүү кылат»,— деп айтылган (1 Петир 5:10). Баарыбыз эле туура эмес иш кылууга азгырылабыз. Бирок Жахаба туруштук бергенге күч берет (Забур 139:23, 24). Ал сага ишенимдүү кызмат кыла бергенге каалоо да, күч да берерин убада кылган. (Оку: Филипиликтер 2:13.)

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Мындан ары да ийгилик кыла бергенге эмне жардам берет? Бул үчүн Жахабадан кандай бата аласың? Ушулар тууралуу бил.

4. Эң жакшы Досуң менен сүйлөшүп, айткандарын уга бер

Тиленүү жана Ыйык Китепти изилдөө сага Жахаба менен дос болгонго жардам берди. Ушул нерселер аны менен барган сайын ынак боло бергенге кантип жардам берет?

Окугула: Забур 62:8. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Жахаба менен болгон достугуңду чыңдаш үчүн тиленүүңдү дагы кантип маңыздуураак кылсаң болот?

Окугула: Забур 1:2. Анан төмөнкү суроону талкуулагыла:

  • Жахаба менен болгон достугуңду чыңдаш үчүн Ыйык Китепти кантип көбүрөөк пайда алгыдай кылып окусаң болот?

Өздүк изилдөөңдүн сапатын кантип жакшыртсаң болот? Муну билиш үчүн ВИДЕОНУ көргүлө. Анан төмөнкү суроолорду талкуулагыла.

  • Видеодогу кеңештердин кайсынысын колдонгуң келет?

  • Кайсы темаларды изилдеп көргүң келет?

5. Рухий максаттарды кой

Жахабага кызмат кылууда максаттарды койгонуң андан ары да ийгилик кыла бергенге жардам берет. ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроону талкуулагыла.

  • Видеодогу Камерунга рухий максаттарды койгону кандай пайда алып келген?

Баарыбыз эле кабар айтыш үчүн башка өлкөгө көчүп бара албайбыз. Ошентсе да жете ала турган максаттарды койсок болот. Окугула: Накыл сөздөр 21:5. Анан төмөнкүлөргө байланыштуу кандай максаттарды койгуң келери жөнүндө ойлонуп көр:

  • жыйналыш

  • кабар айтуу иши

Аятта камтылган принцип максаттарыңа жеткенге кандайча жардам берет?

Кандай максаттарды койсоң болот?

  • Тиленүүңдүн сапатын жакшыртуу.

  • Ыйык Китепти толугу менен окуп чыгуу.

  • Жыйналыштагылардын баары менен жакыныраак таанышуу.

  • Ыйык китептик изилдөө баштоо жана өткөрүү.

  • Көмөкчү же үзгүлтүксүз пионер болуу.

  • Ага/инилердин бири болсоң, кызмат жардамчысы болууга умтулуу.

6. Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!

Окугула: Забур 22:26. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Азыр жана түбөлүккө рахаттанып өмүр сүрүш үчүн эмне кылсаң болот?

НЕГИЗГИ ОЙ

Жахаба менен болгон достугуңду бекемдеп, рухий максаттарга умтула бер. Ошондо түбөлүккө рахаттанып өмүр сүрөсүң!

Кайталоо

  • Жахаба сага ишенимдүү кызмат кылганга жардам берерине эмне үчүн шектенбесең болот?

  • Жахаба менен болгон достугуңду кантип чыңдай аласың?

  • Рухий максаттарың ийгилик кыла бергенге кандайча жардам берет?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

Жахаба кайсынысын көбүрөөк баалайт: берилгендигибизди далилдеш үчүн бир эле жолу өзгөчө бир иш кылып койгонубуздубу же ага өмүр бою ишенимдүү болгонубуздубу?

«Ыбрайымдай ишенимдүү болгула» (9:20)

Жахабанын ишенимдүү кызматчылары да кубанычын жоготуп алышы мүмкүн. Кайрадан кубанычка ээ болуш үчүн эмне кылса болот?

«Изилдеп, ой жүгүрткөндүн аркасында кайрадан кубанычка ээ болдум» (5:25)

Кудайдын жетилген кызматчысы болуу эмне үчүн маанилүү? Сен канткенде ошондой кызматчы боло аласың?

«Жетилгендикке умтулгула, себеби Жахабанын улуу күнү жакын» («Күзөт мунарасы», 15-май, 2009)