Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Даярмынбы?

Даярмынбы?

Жыйналыш менен кабар айтканга даярмынбы?

Төмөнкүлөрдү кылсаң, чөмүлө элек жарчы болгонго даяр болушуң мүмкүн:

  • Ыйык Китепти үзгүлтүксүз окуп-изилдөө, дайыма тиленүү, жыйналышты калтырбоо.

  • Окуп-билгендериңе ишенүү, аларды баалоо жана башкаларга айтууну каалоо.

  • Жахабаны сүйүү жана аны сүйгөндөр менен жакын дос болуу.

  • Саясат менен же жалган дин менен байланышы бар уюмдардан чыгуу.

  • Жахабанын мыйзам-принциптерине ылайык жашоо жана анын Күбөсү болууну каалоо.

Эгер жыйналыш менен кабар айтканга даярмын деп ойлоп жатсаң, сени окуткан киши аксакалдар менен сүйлөшүп көрүшүңө кам көрөт. Аксакалдар сага чөмүлө элек жарчы болуш үчүн эмне кылсаң болорун түшүндүрүп беришет.

Чөмүлгөнгө даярмынбы?

Төмөнкүлөрдү кылсаң, чөмүлгөнгө даяр болушуң мүмкүн:

  • Чөмүлө элек жарчы болуу.

  • Кабар айтуу ишине колуңдан келишинче дайыма катышуу.

  • «Ишенимдүү жана акылдуу кулду» колдоп, жетекчилигине баш ийүү (Матай 24:45—47).

  • Тиленүү аркылуу өзүңдү Жахабага арноо жана ага түбөлүккө кызмат кылууну каалоо.

Эгер чөмүлгөнгө даярмын деп ойлосоң, сени окуткан киши аксакалдар менен сүйлөшүп көрүшүңө кам көрөт. Аксакалдар сага чөмүлүш үчүн эмне кылсаң болорун түшүндүрүп беришет.