Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү


Ыйык Китепте жазылгандарды жакшыраак түшүнүш үчүн эмне кылсаң болот?

Ыйык Китепте жазылгандарды жакшыраак түшүнүш үчүн эмне кылсаң болот?

Жахабанын Күбөлөрүнөн жардам сура. Бул китепчени берген кишиден Ыйык Китепти түшүнгөнгө жардам беришин сура же jw.org/ky сайтындагы купонду толтур.

КИРИШ БӨЛҮГҮ

Ар бир абзацты, жоон тамгалар менен жазылган суроолорду (А) жана негизги ойлор баса белгиленген аяттарды (Б) оку. Айрым аяттардын алдында «оку» деп жазылганына көңүл бур.

ОРТОҢКУ БӨЛҮГҮ

«Тереңирээк каз» деген жерде жазылгандар (В) андан ары эмнелер талкууланарын көрсөтүп турат. Бөлүмчөлөрдө (Г) негизги ойлор камтылат. Аяттарды окуп, суроолорго жооп берип, видеолорду көр (Д).

Сүрөттөргө, алардын астында жазылгандарга (Е) көңүл бур. «Айрымдар мындай дейт» деген жерди (Ё) окуп, ошентип айткандарга эмне деп жооп берериңди ойлон.

АКЫРКЫ БӨЛҮГҮ

Талкууланган ойлор «Негизги ой» жана «Кайталоо» деген бөлүктөрдө (Ж) корутундуланат. Бөлүмдү изилдеп бүткөн күндү жазып кой. «Максат» (З) деген жерде эмнелерге умтулсаң болору жазылат. «Көбүрөөк бил» (И) деген бөлүктө кошумча маалымат берилет. Эгер кааласаң, аларды окусаң же көрсөң болот.

Ыйык Китептен аяттарды кантип тапса болот?

(А) Ыйык Китептеги китептин аталышы, (Б) бөлүмдүн номуру, (В) аят же аяттар. Мисалы, Забур 37:2 деген Забур китебинин 37-бөлүмүнүн 2-аятын билдирет.