Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жетектөөчү Кеңештин каты

Жетектөөчү Кеңештин каты

Жетектөөчү Кеңештин каты

Сүйүктүү бир туугандар!

Кудайды жана адамдарды сүйгөнүбүз Ыйык Китептеги: «Баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла. Аларды... чөмүлдүргүлө»,— деген чакырыкка ылайык иш кылганга түрткү берет (Мт. 28:19, 20; Мр. 12:28—31). Башкаларды чын жүрөктөн сүйсөк, көптү кыла алабыз. Мындай сүйүү «түбөлүк өмүргө карата туура көз карашта болгондордун» жүрөгүн козгобой койбойт (Элч. 13:48).

Мурда кызматта айта турган сөздөрүбүздү жаттаганга жана адабият калтырганга басым жасачубуз. Эми маектешүү чеберчилигин арттырууну көздөшүбүз керек. Биз башкаларды кызыктырган темада сүйлөшүп, аларды жакшы көрөрүбүздү ушинтип көрсөткүбүз келет. Ан үчүн ийилчээк болуп, маектешибизди эмне тынчсыздандырары, эмне кызыктырары жөнүндө ойлонгонубуз маанилүү. Ушундай кылганга бул китепче кандайча жардам берет?

12 сабактан турган бул китепчеде адамдарды сүйөрүбүздү көрсөткөнгө, шакирт даярдаганга зарыл болгон сапаттар каралат. Ар бир сабак Ыйык Китептеги бир окуяга негизделет. Ал окуяны карап жатканда Исанын же 1-кылымдагы башка жарчынын кайсы бир сапатты кызматта кантип көрсөткөнүнө токтолобуз. Максатыбыз — айта турган сөзүбүздү жаттоо эмес, башкаларды жакшы көрөрүбүздү көрсөтүүнүн жолдорун издөө. Карала турган ар бир сапат кызматыбыздын бардык тармактарында керек. Ошондуктан аларды, өзгөчө, сөз баштаганда, кызыккан кишиге кайра барганда же изилдөө өткөрүп жатканда кантип көрсөтүшүбүз керектигин билебиз.

Ар бир сабакты карап жатканда анда талкууланган сапатты өзүңөр жашаган жактагы адамдар менен сүйлөшкөндө кантип көрсөтсөңөр болору жөнүндө жакшылап ойлонгула. Жахабага жана башкаларга болгон сүйүүңөрдү тереңдеткенге умтулгула. Максатыңарга жеткенге, шакирт даярдаганга, кабар айтуудагы кайсы бир ыкма эмес, ушундай сүйүү жардам берет.

Силер менен ийиндеш кызмат кылып жатканыбызды чоң сыймык деп эсептейбиз (Сеп. 3:9). Мындан ары да башкаларды сүйүп, шакирт даярдай бергиле. Жахаба аракетиңерге батасын мол төгө берсин!

Бир туугандарыңар,

Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши