Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

СӨЗ БАШТОО

1-САБАК 

Маектешиңди ойло

Маектешиңди ойло

Принцип: «Сүйүү... өз кызыкчылыгын көздөбөйт» (1 Кор. 13:4, 5).

Иса эмне кылган?

1. ВИДЕОНУ көр же Жакан 4:6—9-аяттарды оку. Анан төмөнкү суроолор жөнүндө ойлон:

  1.   а. Иса аял менен сүйлөшкөнгө чейин эмнеге көңүл бурган?

  2.  б. Ал: «Ичкенге суу берчи»,— деген. Ушинтип сөз баштаганы эмне үчүн натыйжалуу болгон?

Исадан эмнени үйрөнө алабыз?

2. Кишини кызыктырган темада сөз баштасак, маегибиз жакшы болушу мүмкүн.

Исадан үлгү ал

3. Ийилчээк бол. Өзүң даярдап келген темада эле сүйлөй бербе. Башкаларды учурда эмне ойлондуруп жатса, ошондон сөз башта. Ойлонуп көр:

  1.   а. Жаңылыктарда эмнелер айтылып жатат?

  2.  б. Коңшуларым, кесиптештерим, классташтарым эмне жөнүндө сүйлөшүшөт?

4. Баамчыл бол. Ойлонуп көр:

  1.   а. Сөзгө тарткым келген киши учурда эмне кылып жатат? Ал эмне жөнүндө ойлонуп жатышы мүмкүн?

  2.  б. Кишинин кийиминен, сырткы көрүнүшүнөн же үйүнөн анын дини же маданияты жөнүндө эмнени биле алам?

  3.  в. Азыр сүйлөшкөнгө ылайыктуу учурбу?

5. Ук.

  1.   а. Көп сүйлөгөндөн кач.

  2.  б. Сөзгө конок бер. Ыңгайы келгенде суроо узат.

БУЛ АЯТТАРДЫ ДА КАРА: