Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

СӨЗ БАШТОО

2-САБАК 

Маекти табигый улант

Маекти табигый улант

Принцип: «Өз убагында айтылган сөз кандай жакшы!» (Накыл 15:23).

Филип эмне кылган?

1. ВИДЕОНУ көр же Элчилер 8:30, 31-аяттарды оку. Анан төмөнкү суроолор жөнүндө ойлон:

  1.   а. Филип кантип сөз баштаган?

  2.  б. Анын ушинтип сөз баштаганы жана жаңы чындыкты ушинтип ачып бергени эмне үчүн туура болгон?

Филиптен эмнени үйрөнө алабыз?

2. Эгер маек табигый уланса, биз менен сүйлөшүп жаткан киши өзүн эркин сезип, айткан кабарыбызды жакшыраак угушу мүмкүн.

Филиптен үлгү ал

3. Баамчыл бол. Кишинин турган турпатынан, жаңсоолорунан, жүзүнөн көп нерсени билсе болот. Ал сени менен сүйлөшкүсү келип жатабы, жокпу, билиш үчүн: «Сиз... уктуңуз беле?» — деп сурап, Ыйык Китептен кайсы бир ойду айтып көрөттүрсүң. Сүйлөшкүсү келбеген кишини мажбурлаба.

4. Сабырдуу бол. Дароо эле Ыйык Китеп жөнүндө сүйлөшүшүм керек деп ойлобо. Маек табигый жол менен уланышы үчүн, ылайыктуу учурду күт. Кээде кийинки жолукканга чейин күтүүгө туура келиши мүмкүн.

5. Ылайыкташа бил. Сен «Ыйык Китептен бул ойду айтам» деп даярданып барышың мүмкүн. Бирок маектешиң сөздү таптакыр башка жакка бурушу ыктымал. Андайда ал сөз кылган теманы улап, ошого ылайыктуу ой менен бөлүшкөнгө даяр бол.

БУЛ АЯТТАРДЫ ДА КАРА: