Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

СӨЗ БАШТОО

3-САБАК 

Боорукердик көрсөт

Боорукердик көрсөт

Принцип: «Сүйүү... боорукер» (1 Кор. 13:4).

Иса эмне кылган?

1. ВИДЕОНУ көр же Жакан 9:1—7-аяттарды оку. Анан төмөнкү суроолор жөнүндө ойлон:

  1.   а. Иса биринчи эмне кылган: сокур кишини айыктырганбы же ага жакшы кабар айтканбы? (Кара: Жкн. 9:35—38.)

  2.  б. Ал Исаны эмне үчүн уккусу келген деп ойлойсуң?

Исадан эмнени үйрөнө алабыз?

2. Эгер маектешибиз анын камын ойлоп жатканыбызды сезсе, айткандарыбызды жакшыраак угушу мүмкүн.

Исадан үлгү ал

3. Сүйлөшүп жаткан кишинин сезимдерин түшүнгөнгө аракет кыл.

  1.   а. «Ал эмнени ойлоп сарсанаа болуп жатышы мүмкүн? Ал эмнеге муктаж болушу, ага эмне жагымдуу болушу ыктымал?» — деп ойлонуп көр. Бул сага чын жүрөктөн боорукердик көрсөткөнгө жардам берет.

  2.  б. Кишини кунт коюп угуп, ал үчүн маанилүү болгон нерселерге кызыкдар экениңди көрсөт. Эгер кайсы бир нерсеге карата сезимдерин же кандайдыр бир көйгөйдү айтса, сөздү башка жакка бурба.

4. Жумшак, урмат-сый менен сүйлө. Кишиге бооруң ооруп, чындап жардам бергиң келип жатканы үнүңөн байкалат. Сөздөрүңө жана үнүңдүн тонуна өзгөчө маани бер. Катуу тие турган сөздөрдү айткандан кач.

5. Жардам бер. Ыңгайы келсе, кандайдыр бир жолдор менен жардам бергенге мүмкүнчүлүк изде. Жакшылык кылсаң, ал укканга ийкемдүү болуп калат.

БУЛ АЯТТАРДЫ ДА КАРА: