Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

СӨЗ БАШТОО

4-САБАК 

Момун бол

Момун бол

Принцип: «Момундук менен башкаларды өзүңөрдөн жогору көргүлө» (Флп. 2:3).

Пабыл эмне кылган?

1. ВИДЕОНУ көр же Элчилер 26:2, 3-аяттарды оку. Анан төмөнкү суроолор жөнүндө ойлон:

  1.   а. Пабыл Агриппа падышага кайрылганда момун экенин кантип көрсөткөн?

  2.  б. Пабыл көңүлдү өзүнө эмес, Жахабага жана Ыйык Жазмага кантип бурган? (Кара: Элч. 26:22.)

Пабылдан эмнени үйрөнө алабыз?

2. Момун болуп, урмат-сый менен сүйлөсөк, айткандарыбыз жагымдуу болот.

Пабылдан үлгү ал

3. Өйдөсүнбө. Маектешиң «бул баарын билет турбайбы, мен болсо эч нерсе билбейм» деген ойдо калбасын. Урматтап-сыйлаарың сөздөрүңөн байкалып турсун.

4. Айтып жаткан кабарың Ыйык Китептен экени айкын болсун. Кудайдын Сөзүндө жазылгандар адамдардын жүрөгүн козгойт. Аны колдонсок, алардын ишеними эң туура пайдубалга курулат.

5. Жумшак мамиле кыл. «Меники туура» деп өзүңдүкүн жактай бербе. Момун болуп, сабыр сакта. Качан кетип калыш керектигин аңдай бил (Накыл 17:14; Тит 3:2). Жумшак жооп берсең, кийинкиге «эшикти» ачык калтырган болосуң.

БУЛ АЯТТАРДЫ ДА КАРА: