Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

СӨЗ БАШТОО

5-САБАК 

Сылык бол

Сылык бол

Принцип: «Сөзүңөр дайыма жагымдуу, туз менен татытылгандай болсун» (Кол. 4:6).

Пабыл эмне кылган?

1. ВИДЕОНУ көр же Элчилер 17:22, 23-аяттарды оку. Анан төмөнкү суроолор жөнүндө ойлон:

  1.   а. Пабыл афиндиктердин жалган кудайларга сыйынарын көргөндө кандай сезимде болгон? (Кара: Элч. 17:16.)

  2.  б. Ал афиндиктерге сылыктык менен кантип кабар айткан?

Пабылдан эмнени үйрөнө алабыз?

2. Айта турган сөздөрүбүздү кылдат тандасак жана качан, кантип айтарыбызга маани берсек, адамдар жакшы угушу мүмкүн.

Пабылдан үлгү ал

3. Сөздөрдү кылдат танда. Мисалы, Ыйык Китеп тууралуу таптакыр билбегендер менен сүйлөшүп жатканда «Ыйык Китеп» же «Иса» деген сөздөрдү башкачараак сөздөр менен беришиң керек болоттур.

4. Маектешиңдин оюн оңдогонго шашпа. Ага оюн эркин айтканга мүмкүнчүлүк бер. Эгер Ыйык Китепте жазылгандарга каршы келген бир нерсе айтса, талашпа (Жкп. 1:19). Кунт коюп уксаң, анын эмнеге ишенерин жана ага эмне себептен ишенерин түшүнө аласың (Накыл 20:5).

5. Мүмкүн болгондо айткандарына кошулуп, макта. Ал өзүнүн динин туура деп эсептеши мүмкүн. Башында талаш жаратпаган, экөөңөр тең туура деп эсептеген нерселерди сөз кыл. Анан акырындык менен Ыйык Китепте жазылгандарды түшүнгөнгө жардам бер.

БУЛ АЯТТАРДЫ ДА КАРА: