СӨЗ БАШТОО
6-САБАК
Кайратыңан жазба
Принцип: «Кудайдын жакшы кабарын... жарыялаш үчүн Кудайыбыздын жардамы менен кайраттанганбыз» (1 Тес. 2:2).
Иса эмне кылган?
1. ВИДЕОНУ көр же Лука 19:1—7-аяттарды оку. Анан төмөнкү суроолор жөнүндө ойлон:
Исадан эмнени үйрөнө алабыз?
2. Падышалык жөнүндөгү кабарды баарына айтканга кайраттуулук керек.
Исадан үлгү ал
3. Жахабага таян. Кудай ыйык руху аркылуу Исага кабар айтканга күч берген. Ал сага да кайрат берет (Мт. 10:19, 20; Лк. 4:18). Балким, кимдир бирөөгө кабар айткандан коркушуң мүмкүн. Жахабадан ошол кишиге кабар айтканга кайрат беришин сурап тилен (Элч. 4:29).
4. Бейкалыс пикирден кач. Кимдир бирөөнүн сырткы көрүнүшү, бай же кедей болгону, коомдо ээлеген абалы, өткөргөн жашоосу, дини бизди «ал кишиге кабар айтсамбы же айтпай эле койсомбу» деп ойлондурушу мүмкүн. Бирок төмөнкүлөрдү унутпа:
5. Кайраттуу, ошол эле учурда сылык жана сак бол (Мт. 10:16). Талашып-тартышпа. Киши уккусу келбесе же жагдай курчуп бараткандай сезилсе, маекти сылыктык менен бүтүр (Накыл 17:14).