Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КАЙРА БАРУУ

8-САБАК

Чыдамдуу бол

Чыдамдуу бол

Принцип: «Сүйүү чыдамкай» (1 Кор. 13:4).

Иса эмне кылган?

1. ВИДЕОНУ көр же Жакан 7:3—5 жана 1 Корунттуктар 15:3, 4, 7-аяттарды оку. Анан төмөнкү суроолор жөнүндө ойлон:

  1.   а. Исанын бир туугандары ал айткан кабарга башында кандай карашкан?

  2.  б. Исанын Жакыпка багынбай жардам бергени эмнеден көрүнүп турат?

Исадан эмнени үйрөнө алабыз?

2. Чыдамдуу болгонубуз маанилүү. Анткени айрымдарга жакшы кабарга кулак какканга, кабыл алганга көбүрөөк убакыт керек.

Исадан үлгү ал

3. Башка ыкманы колдонуп көр. Эгер киши Ыйык Китепти изилдегенге дароо макул болбосо, аны мажбурлаба. Ыңгайы келгенде видеолорду же макалаларды колдонуп, изилдөө кандайча өткөрүлөрүн, жеке ага кандай пайдасы бар экенин түшүнгөнгө жардам бер.

4. Салыштырба. Беш кол тең эмес. Үйүңдөгүлөрдүн бири же кабарды уккан киши Ыйык Китепти изилдегенге көңүлдөнбөшү же болбосо анда жазылган кайсы бир окууга кошулбашы мүмкүн. Мунун себеби жөнүндө ойлонуп көр. Балким, өз дининдеги бир нерсе ал үчүн абдан маанилүүдүр. Аны туугандары же кошуналары кысымга алып жаткан жокпу? Ага айткандарың жөнүндө ойлонгонго, Ыйык Китепте жазылгандардын баалуу экенин түшүнгөнгө убакыт бер.

5. Кабарга кызыккан киши жөнүндө тилен. Жахабадан ал кишиден үмүт үзбөгөнгө, сылыктык менен жардам бере бергенге көмөк көрсөтүшүн сурап тилен. Ошондой эле кыраакылык сура. Бул сага кишинин чындап кызыккан-кызыкпаганын, аны менен андан ары маекти улантыш керекпи, жокпу, аңдаганга жардам берет (1 Кор. 9:26).

БУЛ АЯТТАРДЫ ДА КАРА: