Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КАЙРА БАРУУ

9-САБАК 

Түшүнө бил

Түшүнө бил

Принцип: «Кубангандар менен кубангыла, ыйлагандар менен ыйлагыла» (Рим. 12:15).

Иса эмне кылган?

1. ВИДЕОНУ көр же Марк 6:30—34-аяттарды оку. Анан төмөнкү суроолор жөнүндө ойлон:

  1.   а. Иса менен элчилери эмне үчүн «өздөрүнчө болгусу» келген?

  2.  б. Исага элди окутканга эмне түрткү берген?

Исадан эмнени үйрөнө алабыз?

2. Башкаларды түшүнө билгенибиз аларга кабар айтып эле койбой, жардам бергенге да түрткү берет.

Исадан үлгү ал

3. Кунт коюп ук. Кишиге ой-сезимдерин айтканга мүмкүнчүлүк бер. Сөзүн бөлбө. Сезимдерине, тынчсыздандырган ойлоруна, каршы пикирине маани бербей койбо. Кулак түрүп уксаң, айткандарына кызыкдар экениңди көрсөтөсүң.

4. Кызыккан киши жөнүндө ойлон. Эмне жөнүндө сүйлөшкөнүңөрдү эске алып, төмөнкү суроолор жөнүндө ойлонуп көр:

  1.   а. Ал Ыйык Китептеги чындыкты укканга эмне үчүн муктаж?

  2.  б. Ыйык Китепти изилдегени жашоосунун жакшырышына жана келечегине кандай таасир этет?

5. Керектүү ойлорду айт. Ыйык Китепти изилдесе, суроолоруна жооп аларын жана керектүү кеңештерди таба аларын мүмкүн болушунча эртерээк түшүндүрүп бер.

БУЛ АЯТТАРДЫ ДА КАРА: