Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ШАКИРТ ДАЯРДОО

10-САБАК

Чечкиндүү бол

Чечкиндүү бол

Принцип: «Биз силерге Кудайдын жакшы кабарын айтып эле койбостон, жаныбызды да берүүгө даяр элек» (1 Тес. 2:8).

Иса эмне кылган?

1. ВИДЕОНУ көр же Жакан 3:1, 2-аяттарды оку. Анан төмөнкү суроолор жөнүндө ойлон:

  1.   а. Никедим Исага эмне үчүн түн жамынып барган деп ойлойсуң? (Кара: Жкн. 12:42, 43.)

  2.  б. Иса шакирт даярдаганга чечкиндүү экенин кантип көрсөткөн?

Исадан эмнени үйрөнө алабыз?

2. Биз башкаларды жакшы көргөндүктөн аларга Исанын шакирти болгонго жардам берүүгө чечкиндүүбүз.

Исадан үлгү ал

3. Изилдеп жаткан кишиге ылайыктуу убакта жана ылайыктуу жерде изилдегиле. Ага жуманын кайсы бир күнү же белгилүү бир убакыт ыңгайлуу болушу мүмкүн. Ага кайсы жерде изилдеген көбүрөөк ыңгайлуу: жумушунанбы, үйүнөнбү же эл көп жерденби? Мүмкүн болушунча ылайыкташканга аракет кыл.

4. Изилдөөнү үзгүлтүккө учуратпа. Эгер изилдөөнү болжошкон күнү өткөрө албай калсаң, «болбой калды» дебей, минтип ойлонуп көр:

  1.   а. Изилдөөнү ошол жуманын башка күнү өткөрө аламбы?

  2.  б. Телефон же видеобайланыш менен өткөрө аламбы?

  3.  в. Башка жарчыдан өткөрүп коюшун сурана аламбы?

5. Оң маанай сактаганга жардам сурап тилен. Изилдеп жаткан киши кээде изилдөөнү үзгүлтүккө учуратышы же окугандарын жашоосунда дароо колдонбошу мүмкүн. Жахабадан багынбаганга күч сурап тилен (Флп. 2:13). Ал кишинин көп жакшы сапаттары болушу ыктымал. «Ошолорго көңүл топтоюн» деп да тилен.

БУЛ АЯТТАРДЫ ДА КАРА: