Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ШАКИРТ ДАЯРДОО

11-САБАК

Жөнөкөй сүйлө

Жөнөкөй сүйлө

Принцип: «Түшүнүксүз сүйлөсөңөр, эмне деп жатканыңарды башкалар кантип билет?» (1 Кор. 14:9).

Иса эмне кылган?

1. ВИДЕОНУ көр же Матай 6:25—27-аяттарды оку. Анан төмөнкү суроолор жөнүндө ойлон:

  1.   а. Иса Жахабанын камкор экенин кантип көрсөткөн?

  2.  б. Ал канаттуулар жөнүндө көптү билсе да, кайсы жөнөкөй нерсеге көңүл бурган? Бул эмне үчүн натыйжалуу болгон?

Исадан эмнени үйрөнө алабыз?

2. Жөнөкөй окутсак, угуучулар айткандарыбызды эстеп калат жана жүрөгү козголот.

Исадан үлгү ал

3. Өтө көп сүйлөбө. Каралып жаткан темага байланыштуу билгендериңдин баарын айткандын ордуна, изилдеп жаткан адабияттагы материалга көңүл топто. Суроо бергенден кийин сабырдуулук менен жообун күт. Эгер ал жообун билбесе же Ыйык Китепке каршы келген ойду айтса, ой жүгүрткөнгө жардам бериш үчүн кошумча суроолорду бер. Ал негизги ойду түшүнгөндөн кийин, кийинки ойго өтө бер.

4. Мурун билгендери менен жаңы билгендеринин ортосундагы байланышты көргөнгө жардам бер. Мисалы, тирилүү жөнүндө талкуулаардан мурун ал буга чейин билгендерди, өлгөндөрдүн абалын, кыскача кайталап кететтирсиң.

5. Мисалдарды кылдат танда. Мисал келтирерден мурун минтип ойлон:

  1.   а. Мисал жөнөкөйбү?

  2.  б. Изилдеп жаткан киши аны оңой эле түшүнөбү?

  3.  в. Ушул мисалды келтирсем, ал мисалды эле эмес, негизги ойду да эстеп калабы?

БУЛ АЯТТАРДЫ ДА КАРА: