Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ШАКИРТ ДАЯРДОО

12-САБАК

Эр жүрөк бол

Эр жүрөк бол

Принцип: «Май менен жыпарзат жүрөктү кубантат, жан-дили менен кеңеш берген дос да ошондой» (Накыл 27:9).

Иса эмне кылган?

1. ВИДЕОНУ көр же Марк 10:17—22-аяттарды оку. Анан төмөнкү суроолор жөнүндө ойлон:

  1.   а. Иса жаш башкаруучунун кандай жакшы сапаттарын байкаган?

  2.  б. Ага кеңеш бериш үчүн Исага эмне үчүн сүйүү да, эр жүрөктүк да керек болгон?

Исадан эмнени үйрөнө алабыз?

2. Ыйык Китепти изилдеп жаткан кишини жакшы көрсөк да, ал рухий жактан ийгилик кылышы үчүн, өзгөртүшү керек болгон жактарын ачык айтышыбыз керек.

Исадан үлгү ал

3. Изилдеп жаткан кишиге максаттарды койгонго, аларга жеткенге жардам бер.

  1.   а. «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген адабияттын ар бир бөлүмүндөгү «Максат» деген бөлүктү натыйжалуу колдон.

  2.  б. Кыска жана узак убакыттын ичинде жете турган максаттарга умтулуш үчүн кандай кадамдарды жасашы керектигин түшүнгөнгө көмөк кыл.

  3.  в. Ийгиликтери үчүн чын жүрөктөн мактап тур.

4. Ийгилик кылганга эмнелер тоскоол болуп жатканын аныктап, аларды жеңгенге жардам бер.

  1.   а. Минтип ойлонуп көр:

    • Эгер ал чөмүлгөнгө умтулбай жатса, аны эмне кармап жатат?

    • Мен ага кантип жардам бере алам?

  2.  б. Эмне кылышы керектиги жөнүндө жумшак, бирок ачык сүйлөшүш үчүн Кудайдан эр жүрөк болгонго жардам беришин сурап тилен.

5. Ийгилик кылбаса, изилдөөнү токтот.

  1.   а. Изилдеп жаткан киши ийгилик кылып жатабы, жокпу, аныкташ үчүн минтип ойлонуп көр:

    • Окуп-билгендерин жашоосунда колдонуп жатабы?

    • Жыйналышка барабы? Башкаларга кабар айтабы?

    • Көптөн бери изилдеп келатса, Жахабанын Күбөсү болгусу келеби?

  2.  б. Эгер изилдеп жаткан киши ийгилик кылгысы келбесе...

    • Ага эмне тоскоол болуп жатканы жөнүндө ойлонгонго түрткү бер.

    • Изилдөөнү эмне үчүн токтотуш керектигин сылыктык менен түшүндүр.

    • Изилдөөнү кайра уланткысы келсе, эмнелерди кылышы керектигин айт.