1-ТИРКЕМЕ
Баалуу чындыктар
Иса жүрөгү таза кишилер жакшы кабарды укканда анын чындык экенин түшүнөрүн айткан (Жкн. 10:4, 27). Андыктан башкалар менен сүйлөшкөндө Ыйык Китептеги чындык менен бөлүшкүбүз келет. Ан үчүн: «... Сиз ушул тууралуу уктуңуз беле?» же «... Сиз ушул жөнүндө ойлонуп көрдүңүз беле?» — деп сурасаң болот. Анан тиешелүү аяттарды окуп бер. Ыйык Китепте жазылган жөнөкөй эле чындыкты айтканда кишинин жүрөгүнө үрөн сепкен болобуз. Аны Кудай өстүрөт (1 Кор. 3:6, 7).
КЕЛЕЧЕГИБИЗ
-
1. Дүйнөдөгү окуялар жана адамдардын кулк-мүнөзү жакында чоң өзгөрүүлөр болорун көрсөтүп турат (Мт. 24:3, 7, 8; Лк. 21:10, 11; 2 Тим. 3:1—5).
-
2. Жер эч качан жок болбойт (Заб. 104:5; Нас. 1:4).
-
3. Табият калыбына келтирилет (Ыш. 35:1, 2; Аян 11:18).
-
4. Баарынын ден соолугу чың болот (Ыш. 33:24; 35:5, 6).
-
5. Сиз жерде түбөлүк жашай аласыз (Заб. 37:29; Мт. 5:5).
ҮЙ-БҮЛӨ
-
6. Күйөө «аялын өзүн сүйгөндөй сүйүшү» керек (Эф. 5:33; Кол. 3:19).
-
7. Аял күйөөсүн терең урматташы абзел (Эф. 5:33; Кол. 3:18).
-
8. Жубайлар бири-бирине берилгендик сакташы кажет (Мал. 2:16; Мт. 19:4—6, 9; Евр. 13:4).
-
9. Ата-энесин сыйлаган, алардын тилин алган балдар бактылуу өмүр сүрүшөт (Накыл 1:8, 9; Эф. 6:1—3).
NASA, ESA and the Hubble Heritage Team (STScI/AURA)-ESA/Hubble Collaboration. Licensed under CC BY 4.0. Source.
КУДАЙ
-
10. Кудайдын ысымы бар (Заб. 83:18; Жер. 10:10).
-
11. Кудай бизге өзүнүн Сөзүн берген (2 Тим. 3:16, 17; 2 Пет. 1:20, 21).
-
12. Кудай адилеттүү, эч кимди бөлбөйт (Мыйз. 10:17; Элч. 10:34, 35).
-
13. Кудай бизге жардам бергиси келет (Заб. 46:1; 145:18, 19).
ТИЛЕНҮҮ
-
14. Кудай андан тиленишибизди каалайт (Заб. 62:8; 65:2; 1 Пет. 5:7).
-
15. Кантип тиленсек болору Ыйык Китепте жазылган (Мт. 6:7—13; Лк. 11:1—4).
-
16. Үзгүлтүксүз тиленишибиз керек (Мт. 7:7, 8; 1 Тес. 5:17).
ИСА
-
17. Иса улуу окутуучу болгон. Анын кеңештери эскирбейт (Мт. 6:14, 15, 34; 7:12).
-
18. Иса биздин күндөрдө эмнелер болорун алдын ала айткан (Мт. 24:3, 7, 8, 14; Лк. 21:10, 11).
-
19. Иса — Кудайдын Уулу (Мт. 16:16; Жкн. 3:16; 1 Жкн. 4:15).
-
20. Иса Кудурети Чексиз Кудай эмес (Жкн. 14:28; 1 Кор. 11:3).
Based on NASA/Visible Earth imagery
КУДАЙДЫН ПАДЫШАЛЫГЫ
-
21. Кудайдын Падышалыгы — Кудай орноткон асмандагы өкмөт (Дан. 2:44; 7:13, 14; Мт. 6:9, 10; Аян 11:15).
-
22. Кудайдын Падышалыгы адамдар түзгөн өкмөттөрдүн ордун басат (Заб. 2:7—9; Дан. 2:44).
-
23. Адамзаттын көйгөйлөрүн бир гана Кудайдын Падышалыгы чече алат (Заб. 37:10, 11; 46:9; Ыш. 65:21—23).
АЗАП-КАЙГЫ
-
24. Азап тартып жатканыбызга Кудай күнөөлүү эмес (Мыйз. 32:4; Жкп. 1:13).
-
25. Бул дүйнөнү Шайтан башкарып жатат (Лк. 4:5, 6; 1 Жкн. 5:19).
-
26. Кыйналып жатканыңарга Кудай кайдыгер карабайт (Заб. 34:17—19; Ыш. 41:10, 13).
-
27. Жакында Кудай азап-кайгыны жоёт (Ыш. 65:17; Аян 21:3, 4).
ӨЛҮМ
-
28. Өлгөн киши эч нерсе сезбейт; тозокто кыйналбайт (Нас. 9:5; Жкн. 11:11—14).
-
29. Өлгөндөр бизге жардам да бере албайт, зыян да келтире албайт (Заб. 146:4; Нас. 9:6, 10).
-
30. Өлгөн жакындарыбыз тирилет (Аюп 14:13—15; Жкн. 5:28, 29; Элч. 24:15).
-
31. «Мындан ары өлүм болбойт» (Аян 21:3, 4; Ыш. 25:8).
ДИН
-
32. Кудайга бардык эле диндер жага бербейт (Жер. 7:11; Мт. 7:13, 14, 21—23).
-
33. Кудай эки жүздүүлүктү жек көрөт (Ыш. 29:13; Мик. 3:11; Мр. 7:6—8).
-
34. Чыныгы динди сүйүү айырмалап турат (Мик. 4:3; Жкн. 13:34, 35).