Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

3-ТИРКЕМЕ

«Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген адабият менен изилдөөнү кантип өткөрсө болот?

«Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген адабият менен изилдөөнү кантип өткөрсө болот?

«Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген адабиятты даярдаш үчүн ишенимдештерибиз көп тиленип, көп изилдөө жүргүзүшкөн. Адабияттын пайдасы толук тийиши үчүн, изилдөө өткөрүп жатканда төмөнкү ыкманы колдонуп көр:

Изилдөөгө чейин

  1. 1. Кылдат даярдан. Изилдеп жаткан кишинин муктаждыктары, жагдай-шарты, эмнеге ишенери жөнүндө ойлон. Ага кайсы ойлорду түшүнүү же колдонуу кыйын болушу мүмкүн? «Көбүрөөк бил» деген бөлүктөгү материал ага кандайча жардам бериши ыктымал? Ушулар тууралуу ой калча. Зарыл болсо, изилдөө маалында «Көбүрөөк бил» деген бөлүктөгү ойлорду колдон.

Изилдеп жатканда

  1. 2. Изилдеп жаткан киши каршы болбосо, башында жана аягында чогуу тиленгиле.

  2. 3. Көп сүйлөгөндөн кач. Берилген материалга көңүл топтоп, ага оюн айтканга мүмкүнчүлүк бер.

  3. 4. Жаңы бөлүктү баштап жатканда ошол бөлүктүн негизги оюн окугула. Анан бөлүктөгү бир нече бөлүмдүн темаларына токтолгула.

  4. 5. Бир бөлүктү толугу менен бүткөндөн кийин аягындагы суроолорду колдонуп кайталагыла. Бул изилдеп жаткан кишиге негизги чындыктарды эстеп калганга жардам берет.

  5. 6. Ар бир бөлүмдү изилдеп жатканда...

    1. а. Абзацтарды окугула

    2. б. «Окугула» деп берилген аяттардын баарын окугула

    3. в. Зарыл болсо, келтирилген башка аяттарды да окугула

    4. г. «Көргүлө» деп берилген видеолордун баарын көргүлө (мүмкүн болсо)

    5. д. Изилдеп жаткан кишиге ар бир суроону бер

    6. е. «Тереңирээк каз» деген бөлүктөгү сүрөттөргө көңүлүн буруп, оюн сура

    7. ё. Кандай ийгиликтерди кылып жатканына баа бериш үчүн «Максат» деген кутучаны колдон. Аны жөнөкөй максат койгонго, башка максаттарды да койгонго үндө

    8. ж. Даярданып жатканда «Көбүрөөк бил» деген бөлүктөгү кайсы макала же видео өзгөчө жакканын сура

    9. з. Бир бөлүмдү бир өткөнгө аракет кыл

Изилдөөдөн кийин

  1. 7. Изилдеп жаткан киши жөнүндө ойлоно бер. Жахабадан ага ийгилик кылганга жардам беришин сурап тилен. Ошондой эле, ага көмөк көрсөтө алышың үчүн, акылмандык сура.