Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Региондук жыйынга катышкандар үчүн маалымат

Региондук жыйынга катышкандар үчүн маалымат

ТЕСКӨӨЧҮЛӨР. Тескөөчүлөр силерге жардам берүү үчүн дайындалат. Алардын автотурукка, кирип-чыгууга, орун алууга жана башка нерселерге байланыштуу көрсөтмөлөрүнө ылайык иш кылышыңарды өтүнөбүз.

ЧӨМҮЛҮҮ. Эгер башка көрсөтмө берилбесе, чөмүлө тургандар сахнанын бет маңдайындагы орундарга отурат. Чөмүлө тургандар ишемби күнү аларга арналган баяндама башталганга чейин ошол орундарга отурууга тийиш. Ар бири ылайыктуу, адептүү кийим, сүлгү ала келиши зарыл.

ТАРТУУ. Жыйын жагымдуу өтүшү үчүн жана Кудай менен болгон мамилебиз бекемделиши үчүн, орундардын жетиштүү болушуна, үн күчөткүч системасынын, видео жабдыктарынын болушуна жана башка тейлөө кызматтары жакшы иштешине кам көрүлдү. Албетте, булардын баарына көп каражат жумшалат. Андыктан силердин тартууңар ошондой чыгымдарды жабууга жана бүткүл дүйнөлүк ишти колдоого сарпталат. Ыңгайлуу болушу үчүн, сыртында так-даана жазуусу бар кутулар ар кайсы жерлерге коюлган. Ошентсе да силерди, мүмкүн болсо, donate.pr418.com сайтына кирип, онлайн тартуу кылууга чакырабыз. Биз силердин тартууңарды жогору баалайбыз. Падышалыктын ишин марттык менен колдоп жатканыңар үчүн Жетектөөчү Кеңеш силерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.

БИРИНЧИ ЖАРДАМ. Бул бөлүм күтүлбөгөн жагдайларда гана жардам көрсөтөрүн унутпагыла.

ЖОГОЛГОН ЖАНА ТАБЫЛГАН БУЮМДАР. Табылган буюмдардын баарын жоголгон жана табылган буюмдар бөлүмүнө алып баруу зарыл. Бир нерсе жоготуп алсаңар, ошол бөлүмгө кайрылгыла. Адашып калган балдарды да ошол бөлүмгө алып баруу керек. Бирок ашыкча стресске кабылбаш үчүн балдарыңарга көз салып, жаныңарда алып жүргүлө.

ОРУН АЛУУ. Орун алууда башкаларды да ойлошуңарды суранабыз. Жакын туугандарыңарга, бир үйдө чогуу жашагандарга, бир машине менен келгендерге, силер менен Ыйык Китепти изилдеп жаткандарга гана орун алууга болот. Ашыкча орундарды ээлебеш үчүн отургучтарга буюмдарыңарды койбошуңарды суранабыз.

ЫКТЫЯРДУУ ЖАРДАМЧЫЛАР. Жыйынга байланыштуу иштерге жардам берүүнү кааласаңар, маалымат бөлүмүнө жана ыктыярдуу жардамчылар бөлүмүнө кайрылгыла.

Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши тарабынан уюштурулду

© 2024 Watch Tower Bible and Tract Society of Pennsylvania