Мазмунун көрсөтүү

Ал жашоонун маңызын тапкан

Ал жашоонун маңызын тапкан

Падышалыктын жарчылары кабарлайт

Ал жашоонун маңызын тапкан

ИСА ПАЙГАМБАР өзүнүн койлорун жакшы билерин айткан (Жакан 10:14). Жүрөгү таза, тынчтык менен адилдикти сүйгөн киши анын жолун жолдоп, жашоонун маңызын таба алат. Муну Бельгияда жашаган бир аялдын окуясы ырастап турат. Анда аны өз оозунан угалы.

«Жахабанын Күбөлөрү эшигимди тыкылдатып келгенде, көңүлүм катуу чөгүп, атүгүл өмүрүмдү кыйсамбы деп ойлонуп жүргөн кезим болчу. Мага алардын азыркы ыймансыз дүйнөдөгү кыйынчылыктардын баары жакында жок болот деп айтышканы жакты. Бирок аны Кудай ишке ашырат дегенине кошулгум келген жок. Анткени чиркөөдөгүлөрдүн эки жүздүүлүгүнөн улам иренжип, сегиз жыл мурун эле ал жакка барбай калгам. Жахабанын Күбөлөрүнүн айткандарынан чындыктын шыңгыр эткен дабышы угулгансыды. Андан тышкары, Кудайсыз жашоо оор болорун түшүндүм.

Тилекке каршы, алар бир нече жолу келип кеткенден кийин, байланыш үзүлүп калды. Мен ошол кезде бактысыз болчумун. Күнүнө эки пачкадан тамеки чекчүмүн, ал эле эмес, баңгизатка өтүп кеткем. Жакында эле каза болуп калган чоң атам менен байланышкым келип, спиритизм менен алектене баштадым. Анын кесепетинде түнкүсүн жалгыз калганымда, жиндер кол салып, аябай корко баштадым. Бул бир нече айга созулду. Күн сайын кечинде жалгыз каларымды ойлогондо эле коркунуч баса баштачу.

Бир күнү сейилдегени чыгып, адаттагы эмес, башка жолго түштүм. Кетип баратып курулуп жаткан бир чоң имаратты көрүп калдым. Көп кишилердин иштеп жатканын көрүп, аябай таң калдым. Жакыныраак барып карасам, Жахабанын Күбөлөрү Падышалык залын куруп жатышыптыр. Ошондо алардын үйүмө келип жүргөнүн эстедим. Анан дүйнө жүзүндөгү адамдардын баары ушулардай болсо, жашоо укмуш сонун болмок болуш керек деп ойлондум.

Алардын кайрадан үйүмө келип турушун каалап, ошол жерде иштеп жаткандардын айрымдары менен сүйлөштүм. Бул тууралуу Кудайга айтып тиленип жаттым. Анан он күндөн кийин баягы биринчи жолу келген Жахабанын Күбөсү кайрадан үйүмө келди. Ал мага Ыйык Китепти изилдегенди улантууну сунуш кылганда, сүйүнүп эле макул болдум. Ошол эле күнү ал мени Падышалык залындагы жыйналышка чакырды. Барып, көргөн көзүмө ишене алган жокмун! Бири-бирин жакшы көргөн, бактылуу адамдарды көптөн бери издеп келаткам. Акыры, аларды таптым!

Ошондон тартып жыйналышты такыр калтырган жокмун. Үч жумадай өткөндөн кийин эле тамекини таштап, ошол жаман адатыман арылдым. Астрология жөнүндөгү китептеримди жок кылдым, жиндер менен байланышы бар музыкадан да арылдым. Ошондон кийин жиндер мурункудай кол салбай калды. Жашоомду Жахабанын Ыйык Китептеги нормаларына ылайык өзгөртүп, үч ай өткөндөн кийин эле жакшы кабар айтуу ишине катыша баштадым. Алты ай өткөн соң чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болдум. Чөмүлгөндөн эки күндөн кийин көмөкчү пионердик кызматка кириштим.

Мага кылган бардык жакшылыктары үчүн Жахабага миң мертебе ыраазымын! Акыры, жашоонун маңызын таптым. Ооба, Жахабанын ысымы — бекем мунара. Мен ал жакка качып кирип, коопсуз баш маана таптым (Накыл сөздөр 18:10). Ошондой эле Забур 84:10до жазылган сөздөрдүн калетсиз экенине ынандым. Ал жерде забурчу: „Сенин короолоруңдагы бир күн миң күндөн артык. Ыймансыздардын чатырларында жашагандан көрө, Кудайдын үйүнүн босогосунда турганым жакшы“,— деген».

Жүрөгү жумшак, момун болгондуктан, бул аял жашоонун маңызын тапкан. Ушу сыяктуу эле, Жахабаны издеген жүрөгү таза кишилердин бардыгы жашоонун маңызын таба алат.