Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Ал силерге жакындайт»

«Ал силерге жакындайт»

«Ал силерге жакындайт»

«[Кудай] ар бирибизге жакын» (Элчилер 17:27).

1, 2. а) Асмандагы жылдыздарды караганда, бизде Жаратканга байланыштуу кандай суроо туулушу мүмкүн? б) Ыйык Китеп бизди Жахабанын көз алдында адамдар болбогон бир нерсе эмес экенине кантип ынандырат?

ТҮНКҮСҮН ачык асмандагы жылдыздарды карап суктанган учурларыңар болду беле? Сансыз жылдыздар жана чексиз мейкиндик сестенүү сезимин туудурат. Ушул учу-кыйыры жок Ааламда биздин Жер кипкичинекей так сыяктуу эле. Бул «жер үстүндөгү Эң Жогорку Кудай» болгон Жараткандын эң эле бийик абалды ээлегендиктен, бизден өтө алыс турарын жана адамдар менен иши жоктугун же аны таанып-билүү мүмкүн эмес экенин билдиреби? (Забур 82:19).

2 Ыйык Китеп бизди Жахабанын көз алдында адамдар көңүл бурууга татыбаган жаратуулар эмес экенине ынандырат. Тескерисинче, Кудайдын Сөзү: «Ал ар бирибизге жакын»,— деген сөздөр менен бизди Аны издөөгө үндөйт (Элчилер 17:27; 1 Жылнаама 28:9). Ооба, эгер биз Кудайга жакындоого кадамдарды жасасак, ал биздин күч-аракеттерибизге жооп кайтарат. Кантип? Бул суроого 2003-жыл үчүн тандалып алынган жылдык аяттагы: «Ал силерге жакындайт»,— деген көңүл жылытарлык сөздөр жооп берет (Жакып 4:8). Келгиле, Жахабанын ага жакындап жаткандарга төгүп жаткан укмуш баталарынын кээ бирлерин талдап көрөлү.

Жахаба өзү тартуулаган белек

3. Жахаба ага жакындагандарга кандай белек берет?

3 Биринчиден, Жахабанын кызматчылары анын өз эли үчүн сактап келген кымбат баалуу белегине ээ. Бул дүйнө сунуш кылган эч кандай бийлик, байлык, билим андай белек тартуулай албайт. Аны Жахаба ага жакындагандарга гана берет. Ал эмне болгон белек? Кудайдын Сөзүндө: «Эгерде сен билимди издесең, акылга кайрылсаң, аны күмүштү издегендей издесең, аны кенчтей издеп тапсаң, анда Теңирден коркуу деген эмне экенин түшүнөсүң, Кудай жөнүндө билесиң [«билим табасың», ЖД]. Анткени акылмандыкты Теңир берет»,— деп жооп берилет (Накыл сөздөр 2:3—6). Элестетсеңер, жеткилеңсиз адамдар «Кудай жөнүндөгү билимди» таба алышат! Ал белек — Кудай Сөзүндөгү билим — «кенчке» салыштырылат. Эмне үчүн?

4, 5. «Кудай жөнүндөгү билимди» эмне үчүн «кенчке» салыштырууга болот? Мисал менен түшүндүргүлө.

4 Баарынан мурда, Кудай жөнүндөгү билим баа жеткис кенч. Ал билимдин аркасы менен биз эң баалуу баталарга ээ болобуз. Алардын бири — түбөлүк өмүргө болгон үмүт (Жакан 17:3). Бирок Кудай тууралуу билим жашообузду азыртан эле байытып жатат. Мисалы, Кудайдын Сөзүн кылдат изилдөөнүн натыйжасында биз «Кудайдын ысмы ким?» (Забур 82:19), «Өлгөндөр чындыгында кандай абалда болушат?» (Насаатчы 9:5, 10), «Кудайдын жерге жана адамзатка байланыштуу кандай ой-ниети бар?» (Ышайа 45:18) деген сыяктуу маанилүү суроолорго жооп алдык. Ошондой эле Ыйык Китептеги акылман кеңештерди колдонуп жашоо жашоонун эң сонун жолу экенин билдик (Ышайа 30:20, 21; 48:17, 18). Ошентип, Кудайдын Сөзүндөгү ишеничтүү жетекчилик бизге турмуш түйшүктөрүн жеңүүгө жана чыныгы бакыт менен канааттануу алып келерлик өмүр жолу менен жүрүүгө жардам берет. Андан да маанилүүсү, Ыйык Жазманы изилдөө менен биз Жахабанын укмуштай сапаттарын таанып-билип, ага жакындай алдык. «Кудай жөнүндөгү билимдин» негизинде Жахаба менен түзүлгөн жакын мамиледен баалуу дагы эмне бар?

5 Кудай жөнүндөгү билимдин «кенчке» салыштырылганынын дагы бир себеби бар. Көптөгөн кенчтердей эле, андай билим бул дүйнөдө салыштырмалуу сейрек кездешет. Жердеги алты миллиард тургундун ичинен орто эсеп менен Жахабанын алты миллион сыйынуучусу, мындайча айтканда, 1000 адамдын 1и «Кудай жөнүндөгү билимди» тапты. Кудайдын Сөзүндөгү чындыкты билүү кандай зор артыкчылык экенин түшүнүү үчүн, «Адам өлгөндө эмне болот?» деген бир эле суроону мисалга алып көрөлү. Ыйык Жазмадан биз жандын өлөрүн жана өлгөндөрдүн аң-сезими жок экенин билебиз (Жезекиел 18:4). Бирок адамдын ичинде адам өлгөндөн кийин да жашай бере турган кандайдыр бир нерсе бар деген жалган ишеним дүйнө жүзүндөгү диндердин көбүндө кабыл алынган. Бул окуу христиан дүйнөсүнө кирген диндердин негизги окуусу болуп саналат. Ал буддизм, индуизм, ислам, жайнизм, иудаизм, синтоизм, сикхизм жана даосизм диндеринде да негизги окуулардан болуп эсептелет. Ойлоп көрсөңөр, бир эле жалган окуу миллиарддаган адамдарды адаштырып келүүдө!

6, 7. а) «Кудай жөнүндөгү билимди» кимдер гана таба алышат? б) Көптөгөн «даанышмандар менен акылмандардын» акылына жукпаган рухий чындыктарды Жахаба бизге бата катары берип жатканын кайсы мисал көрсөтүп турат?

6 Эмне себептен «Кудай жөнүндөгү билимди» көп адамдар тапкан жок? Себеби Кудай Сөзүн анын жардамысыз эч ким толук түшүнө албайт. Бул билимдин белек экенин эстен чыгарбайлы. Жахаба аны Ыйык Китепти момундук менен чын ыкластан изилдегиси келгендерге гана берет. Мындай адамдар «адам ою боюнча акылдуу» болбошу мүмкүн (1 Корунттуктарга 1:26, «Инжил»). Алардын арасынан көптөрү, дүйнөнүн көз карашы боюнча, «окубаган, жөнөкөй адамдар» деп эсептелиши да ыктымал (Элчилер 4:13). Бирок бул маанилүү эмес. Жахаба бизге «Кудай жөнүндөгү билимди» жүрөгүбүздөгү сапаттарды көрүп тартуу кылат.

7 Мисал алып көрөлү. Христиан дүйнөсүндөгү көп окумуштуулар Ыйык Китепке карата эчендеген комментарийлерди жазып чыгарышууда. Мындай маалымдама эмгектерде эврей жана грек сөздөрүнүн тарыхый фонуна, маанисине жана башка көп нерселерге түшүндүрмө берилет. Ушулардын баарын билген бул окумуштуулар чындыгында «Кудай жөнүндөгү билимди» табыштыбы? Алар Ыйык Китептин темасын — Жахабанын эгедерлигинин асман Падышалыгы аркылуу акталышын — айкын түшүнүшөбү? Жахаба Кудайдын Троицанын бир бөлүгү эмес экенин билишеби? Алардан айырмаланып, биздин бул суроолорго байланыштуу так түшүнүгүбүз бар. Эмнеликтен? Анткени Жахаба көптөгөн «даанышмандар менен акылмандардын» акылына жукпаган рухий чындыктарды бизге бата катары берип жатат (Матай 11:25). Жахаба ага жакындагандарга кандай гана батасын берүүдө!

«Теңир Өзүн сүйгөндөрдүн баарын сактайт»

8, 9. а) Дөөт Жахабага жакын адамдардын дагы кандай батага ээ экенин айткан? б) Ыйсанын чыныгы жолдоочулары Кудайдын коргоосуна эмне үчүн муктаж?

8 Жахабага жакын адамдар дагы бир батага — Кудайдын коргоосуна — ээ. Башынан көп кыйынчылыктарды өткөргөн забурчу Дөөт: «Теңир Өзүн чакыргандардын бардыгына жакын, Өзүн чындык менен чакыргандардын бардыгына жакын. Ал Өзүнөн корккондордун тилегин аткарат, алардын муң-зарын угат, аларды куткарат. Теңир Өзүн сүйгөндөрдүн баарын сактайт» (Забур 144:18—20). Ооба, Жахаба аны сүйгөндөргө жакын, ошондуктан алардын муң-зарына тез жооп берет.

9 Кудайдын коргоосуна биз эмне үчүн муктажбыз? Азыркы «оор күндөрдүн» кесепетин сезгенден тышкары, Ыйсанын чыныгы жолдоочулары Жахабанын башкы Каршылашы Шайтан Ибилистин өзгөчө бутасы болушууда (2 Тиметейге 3:1). Бул митаам душман бизди «жутуп жиберүүгө» чечкиндүү жүрөт (1 Петир 5:8). Шайтан бизди куугунтуктайт, кысат, азгырат. Ошондой эле ал адамдардан өзүнүн пайдасына колдоно аларлык акыл жана жүрөк маанайын издейт. Анын максаты — ишенимибизди алсыратуу жана рухийлигибизди кыйратуу (Аян 12:12, 17). Биздин душманыбыз ушундай күчтүү болсо да, «Теңир Өзүн сүйгөндөрдүн баарын сактайт». Муну билүү бизге дем-кубат бербейби?

10. а) Жахаба өзүнүн элин кантип коргойт? б) Коргоонун кайсы түрү эң маанилүү жана эмне үчүн?

10 Бирок Жахаба өзүнүн элин кантип коргойт? Анын коргоо жөнүндөгү убадасы бул түзүлүштө кыйынчылыктарга кабылбай турганыбызды же анын биз үчүн керемет көрсөтүүгө милдеттүү экенин билдирбейт. Ошентсе да Жахаба кызматчылары түзгөн уюмун түз мааниде коргойт. Ал Ибилиске чыныгы сыйынуучулардын тобун жер бетинен жылас кылып салууга эч качан жол бербейт! (2 Петир 2:9). Кудай бизди, баарынан мурда, рухий жактан коргойт. Ал бизди сыноолорго туруштук берип, аны менен болгон мамилебизди сакташыбыз үчүн зарыл болгон нерселер менен камсыз кылат. Негизи, рухий коргоо — коргоонун эң маанилүү түрү. Эмнеге? Анткени Жахаба менен жакшы мамиледе болсок, бизге эч нерсе, кала берсе, өлүм да узак мөөнөттүү зыян келтире албайт (Матай 10:28).

11. Жахаба өзүнүн элин рухий жактан коргоо үчүн эмнелерди караштырып келет?

11 Жахаба ага жакындагандарды рухий жактан коргоо үчүн көп нерселерди караштырып келет. Ар кандай сыноолорду көтөрө алышыбыз үчүн, ал бизге өзүнүн Сөзү Ыйык Китеп аркылуу акылмандык берип жатат (Жакып 1:2—5). Ыйык Жазмадагы пайдалуу кеңештерди колдонуу бизди коргойт. Андан тышкары, Жахаба «Өзүнөн сурагандарга Ыйык Рухту берет» (Лука 11:13). Анын руху Ааламдагы эң кубаттуу күч болгондуктан, анын бизге бардык сыноолорду же азгырыктарды ийгиликтүү жеңүүгө жардам бере алары шексиз. Ошондой эле Жахаба Ыйса аркылуу «адам түрүндөгү белектерди» берип жатат (Эфестиктерге 4:8, ЖД). Рухий жактан дасыккан бул эркектер ишенимдештерине жардам берүүдө Жахабанын зор боорукердигин чагылдырууга умтулушат (Жакып 5:14, 15).

12, 13. а) Жахаба бизди рухий тамак менен өз убагында кайсы жолдор аркылуу камсыз кылып жатат? б) Жахабанын рухий жыргалчылыгыбызга кам көрүп жатканы силерде кандай сезимдерди пайда кылат?

12 Жахаба бизди коргоо үчүн дагы бир нерсеге — рухий тамактын өз убагында берилип турушуна — кам көрүүдө (Матай 24:45). «Күзөт мунарасы» жана «Ойгонгула!» журналдары сыяктуу адабияттар, ошондой эле жолугушуулар жана жыйындар аркылуу Жахаба бизди керектүү маалымат менен өз учурунда камсыз кылып жатат. Жыйналыш жолугушуусунан же жыйындан кайсы бир ойдун жүрөгүңөргө таасир калтырып, силерди бекемдегенин же сооротконун эстей аласыңарбы? Жогоруда айтылып өткөн журналдарыбыздагы кайсы бир макаланы окуганыңарда, ал макаланын силер үчүн жазылгандай сезилген учурларыңар болду беле?

13 Ындыныбыздын өчкөнүн колдонууга Шайтан ар дайым даяр турат . Мезгил-мезгили менен ар бирибиздин эле көңүлүбүз чөгөт. Шайтан көңүл чөккөндүктүн көпкө созулушу бизди күч-кайраттан ажыратарын, жадагалса чабуулга туруштук бере албагыдай кыла ала турганын жакшы билет (Накыл сөздөр 24:10). Шайтан ындынды өчүргөн сезимдерди өз пайдасына колдонууга аракеттенгендиктен, биз жардамга муктажбыз. «Күзөт мунарасы» жана «Ойгонгула!» журналдарына кээде көңүл чөгөттүк менен күрөшүүгө жардам бере турган макалалар басылып чыгат. Ушундай макалалардын бири жөнүндө бир ишенимдешибиз: «Ал макаланы мен дээрлик күнүгө окуйм жана ар бир окуган сайын көзүмө жаш келет. Көңүлүм чөккөндө окуш үчүн, аны дайыма керебетимдин жанында сактайм. Ушу сыяктуу макалаларды окуганымда, Жахабанын мени калканч колдору кучактап тургандай эле сезилет»,— деп жазган *. Бизди рухий тамак менен өз убагында камсыз кылып жатканы үчүн Жахабага ыраазы эмеспизби? Кудайдын биздин рухий жыргалчылыгыбызга кам көрүүсү анын бизге жакын экендигине жана бизди өзүнүн коргоосу астында алып жүргөнүнө далил экенин унутпайлы.

«Тиленүүнүн Угуучусуна» кайрылуу мүмкүнчүлүгү

14, 15. а) Жахаба ага жакын адамдарга кандай жекече бата берүүдө? б) Жахабага тиленүү менен эркин кайрыла алганыбыз эмне себептен зор артыкчылык болуп саналат?

14 Адамдар кызматынан көтөрүлүп, бийликке ээ болгондон кийин көп учурда кол астындагылар үчүн кол жеткис болуп калышарын байкадыңар беле? Ал эми Жахаба Кудай жөнүндө эмне айтууга болот? Адамдардын ага багытталган кайрылууларына кайдыгер карагыдай ал өтө эле алыспы? Таптакыр андай эмес! Тиленүү белеги — Жахабанын ага жакын болгондорго тартуулаган дагы бир батасы. «Тиленүүнүн Угуучусуна» эркин кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу, чынында эле, зор артыкчылык (Забур 65:2, ЖД [64:3]). Эмне үчүн?

15 Мисал менен түшүндүрө турган болсок, бир чоң корпорациянын башчысынын көп жоопкерчиликтери бар дейли. Ал кайсы маселелерди өзү чечерин, а кайсыларын башкаларга табыштаарын аныктайт. Ошо сыяктуу, Ааламдын Эгедер Башкаруучусунун кайсы маселелерди өзү чечерин жана кайсыларын табыштай турганын аныктоого акысы бар. Жахабанын өзүнүн сүйүктүү Уулу Ыйсага эмнелерди тапшырганын карап көрөлү. Уулуна Кудай «сот жүргүзүү бийлигин» берген (Жакан 5:27). Ага периштелер «багындырылган» (1 Петир 3:22). Ыйса өзүнүн жердеги шакирттерин жетектей алышы үчүн, ага Жахабанын кубаттуу ыйык руху берилген (Жакан 15:26; 16:7). Ошондуктан ал: «Асмандагы жана жер үстүндөгү бардык бийлик Мага берилди»,— деп айта алган (Матай 28:18). Бирок Жахаба биздин тиленүүлөрүбүздү жеке өзү угууну туура көрөт. Ошо себептен Ыйык Китеп бизге Ыйса аркылуу Жахабага гана тиленүүгө көрсөтмө берет (Забур 68:14; Жакан 14:6, 13).

16. Жахабанын биздин тиленүүлөрүбүздү чындап эле угарына эмне үчүн толук ишенсек болот?

16 Жахаба биздин тиленүүлөрүбүздү чындап эле угабы? Эгер ал тиленүүлөрүбүзгө кайдыгер болсо, анда бизди «туруктуулук менен тиленүүгө» же түйшүктөрүбүздү ага тапшырууга үндөмөк эмес (Римдиктерге 12:12, СК; Забур 54:23; 1 Петир 5:7). Ыйык Китеп жазылган убактарда жашаган ишенимдүү кызматчылар Жахабанын тиленүүнү угарына шектенишкен эмес (1 Жакан 5:14). Ошондуктан забурчу Дөөт: «[Жахаба] менин үнүмдү угат»,— деген (Забур 54:18). Жахабанын бизге жакын экенине, ар бир оюбузду жана тынчсыздануубузду угууга даяр экенине толук ишенүүгө бизде да орчундуу негиз бар.

Жахаба өзүнүн кызматчыларына сыйлык берет

17, 18. а) Жахаба аң-сезимдүү жаратууларынын ишенимдүү кызматына карата кандай сезимде? б) Накыл сөздөр 19:17де ырайымдуу иштерибиздин Жахабанын көз жыздымында калбасы кандайча көрсөтүлгөнүн түшүндүргүлө.

17 Жахабанын Ааламдын Эгедери болушу адамдардын Кудай үчүн бир нерсе кылууга макул болушунан же кылуудан баш тартышынан көз каранды эмес. Ошентсе да Жахаба ыраазы болууну жакшы көрөт. Ал өзүнүн аң-сезимдүү жаратууларынын ишенимдүү кызматын абдан жогору баалайт (Забур 146:11). Демек, Жахабага жакын адамдар дагы бир артыкчылыкка ээ — ал өзүнүн кызматчыларына сыйлык берет (Эврейлерге 11:6).

18 Жахаба өзүнүн кызматчыларынын кылып жаткандарын баалары Ыйык Китепте айкын көрсөтүлгөн. Мисалы, анда: «Жакырларга жакшылык кылган адам Теңирге насыя берет, жакшылыгы үчүн Теңир ага тиешелүүсүн берет»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 19:17). Жахабанын жакырларга жасаган ырайымдуу мамилеси Мусанын мыйзамында чагылдырылган (Лебилер 14:21; 19:15). Биз Жахабанын ырайымын туурап жакырларга мамиле кылганыбызда, ал кандай сезимде болот? Жакырга акысына эч нерсе күтпөй бир нерсе берсек, Жахаба муну Өзүнө берилген насыя катары көрөт. Жахаба ал карызды өзүнүн жактыруусу жана баталары менен кайрып берүүнү убадалайт (Накыл сөздөр 10:22; Матай 6:3, 4; Лука 14:12—14). Ооба, муктаж болгон ишенимдештерибизге боор ооруганыбыз Жахабанын жүрөгүн кубантат. Ырайымдуу иштерибиз асмандагы Атабыздын көз жаздымында калбасын билгендиктен, ага кандай гана ыраазыбыз! (Матай 5:7).

19. а) Эмне үчүн кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишинде кылып жаткандарыбызды Жахабанын бааларына толук ишенсек болот? б) Падышалыгын колдоо максатында жасаган иш-аракеттерибиз үчүн кандай сыйлык алабыз?

19 Жахаба, өзгөчө, Падышалыктын кызыкчылыктары үчүн кылган иштерибизди баалайт. Жахабага жакындаган сайын, убактыбызды, күч-кубатыбыз менен каражаттарыбызды Падышалык тууралуу кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине мүмкүн болушунча көбүрөөк жумшоону каалай турганыбыз турган иш (Матай 28:19, 20). Кээде өзүбүзгө көп деле эч нерсе кылбаганыбыздай сезилиши мүмкүн. Жадагалса жеткилеңсиз жүрөгүбүз кылган аракеттерибизди Жахабанын жактырарына шек санатышы ыктымал (1 Жакан 3:19, 20). Бирок Жахаба биздин сүйүү менен чын жүрөгүбүздөн берген — канчалык кичинекей болбосун — ар бир белегибизди баалайт (Марк 12:41—44). Ыйык Китеп: «Кудай адилетсиз эмес, Ал силердин эмгегиңерди жана Анын ысымы үчүн... көрсөткөн сүйүүңөрдү... унутпайт»,— деп ынандырат (Эврейлерге 6:10). Ооба, Жахаба Падышалыгын колдоо аракетинде жасаган кенедей иш-аракеттерибизди унутпайт да, сыйлыксыз калтырбайт. Азыр алып жаткан мол рухий баталардан сырткары, биз Жахаба берешендик менен колун ачып, ага жакын болгондордун баарынын туура каалоолорун канааттандыра турган жаңы замандагы жашоону күтөбүз! (Забур 144:16; 2 Петир 3:13).

20. 2003-жыл бою жылдык аятты канткенде эске сактай алабыз жана кандай натыйжа менен?

20 Келгиле, 2003-жыл бою өзүбүздүн асмандагы Атабызга жакындоого дайым аракет жасап жаткан-жатпаганыбызды текшерип туралы. Жакындоого аракет жасап жүрсөк, анын бизге убада кылгандай мамиле кыларына толук ишенсек болот. Анткени Кудай «жалган сүйлөбөйт» (Титке 1:2). Силер Ага жакындасаңар, ал силерге жакындайт (Жакып 4:8). Кандай натыйжа менен? Азыр мол баталарды алабыз дагы түбөлүккө Жахабага жакындай берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз!

[Шилтемелер]

^ 13-абз. Бул ой-пикир «Күзөт мунарасынын» 2000-жылдын 1-майындагы санынын 28—31-беттерине жарык көргөн «Жахаба биздин жүрөгүбүздөн чоң» деген макалага (ор.) карата айтылган.

Эсиңердеби?

• Өзүнө жакындагандарга Жахаба кандай белек берет?

• Өз элин рухий жактан коргоо үчүн Жахаба кандай чараларды көрөт?

• Эмне себептен Жахабага тиленүү аркылуу эркин кайрылуу мүмкүнчүлүгү эбегейсиз артыкчылык болуп саналат?

• Жахабанын аң-сезимдүү жаратууларынын ишенимдүү кызматын баалай турганы Ыйык Китепте кандайча көрсөтүлөт?

[Изилдөө суроолору]

[15-беттеги сүрөт]

Жахаба батасын берип, рухий чындыктарды түшүнүүгө мүмкүндүкберди.

[17-беттеги сүрөт]

Жахаба рухий жактан коргойт.