Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба — таанып-билишибизге татыктуу Кудай

Жахаба — таанып-билишибизге татыктуу Кудай

Жахаба — таанып-билишибизге татыктуу Кудай

СИЛЕР жашоодогу кандайдыр бир маанилүү нерседен кур калып жатышыңар мүмкүнбү? Кудай жөнүндөгү түшүнүгүңөр тайкы болсо, анда кур калып жатканыңар шексиз. Эмне үчүн? Анткени, миллиондогон адамдар аңдашкандай, Ыйык Китептин Кудайы менен жакыныраак таанышуу көп жактардан пайдалуу. Аны таанып билүүдөн азыр эле эмес, келечекте да пайда ала беребиз.

Ыйык Китептин Автору — Жахаба Кудай — адамдардын аны таанып-билишин каалайт. Забурчу: «Бир гана Сенин ысымың Жахаба экенин, жер үстүндөгү Эң Жогорку Кудай Сен экениңди билишсин»,— деп жазган. Ал жөнүндө билүү биздин эле пайдабызга экенин Кудай түшүнөт. Ал: «Сени пайдалуу нерсеге үйрөткөн... Кудай-Теңириң Менмин»,— дейт. Эң Жогорку Кудай Жахабаны билүүнүн бизге кандай пайдасы бар? (Забур 82:19; Ышайа 48:17).

Кудай менен жакыныраак таанышып, биз күнүмдүк жашоодогу кыйынчылыктарды чечүүгө жардам алабыз, келечекке карата бекем үмүткө ээ болобуз жана жан-дүйнөбүзгө бейкуттук табабыз. Мындан сырткары, дүйнө жүзүндөгү адамдардын тынчын алган эң маанилүү суроолорго башкача карай баштайбыз. Ал эмне болгон суроолор?

Жашоонун маңызы барбы?

Таң каларлык техникалык жетишкендиктерге карабай, адамдар өздөрүнө баягы эле маанилүү суроолорду берип келишет: «Эмне үчүн жашап жатам? Кайда баратам? Жашоонун маңызы эмнеде?» Эгер адам бул суроолорго канааттандырарлык жооп албаса, жашоосунун чыныгы маңызы болбойт. Бул кемтикти сезген адамдар көппү? 1990-жылдын аягында Германияда жүргүзүлгөн сурамжылоодо суралгандардын тең жарымы көп учурда же кээде жашоонун маңызы жоктой сезилерин билдиришкен. Балким, силер жашаган жерде да жагдай ушундайдыр.

Эгер адам жашоонун маңызын көрө албаса, келечекке максат коюуга негиз таба албайт. Көптөр ал кемтикти майлуу мансапка же байлыкка умтулуп толуктоого аракеттенишет. Бирок көөдөндөгү боштук толбой кала берет. Жашоонун маңызсыздыгы ушунчалык кендирди кескендиктен, кээ бирөөлөр жанынан түңүлүшөт. «Интернэшнл геральд трибюн» гезитинин билдирүүсүнө ылайык, «чириген бай, келечеги кең» үй-бүлөдө өсүп чоңойгон бир татынакай аял да ошондой сезимдердин туткуну болгон. Эң сонун шарттарда жашаганына карабастан, ал жалгызсырап, жашоосун маңызсыз деп эсептечү. Акыры көп өлчөмдөгү уйку дарысын ичип алып, өмүрүн кыйган. Силер да жалгызсыраганынан кайгылуу өлүмгө дуушар болгон адамдарды билсеңер керек.

Адамдардын илим жашоонун бардык сырларын ача алат деп ырастаганын уккан белеңер? Германияда чыгуучу «Вохе» жумалыгында: «Илим канчалык так болбосун, рухий маселелерге келгенде алсыздык кылат. Эволюциялык теория чийки көрүнөт, атүгүл кванттык физика өзүнүн алдын ала айтууга болбогон бардык флуктуациялары менен да адамга эч кандай жубатуу жана коопсуздук бере албайт»,— деп белгиленет. Албетте, илимий ачылыштар жашоонун ар кандай көрүнүштөрүн сүрөттөп, анын уланышына өбөлгө түзгөн табигый айланмаларды жана процесстерди түшүндүрүү менен көп пайда алып келди. Бирок илим биздин эмне үчүн жашап жатканыбызды жана келечекте бизди эмне күтүп турганын айта албайт. Эгер илимге эле таяна турган болсок, жашоонун маңызына байланышкан суроолорубуз жоопсуз калат. Натыйжада, «Зюддойче цайтунг» гезитинде айтылгандай, «бардык жерде жетекчиликке болгон муктаждык» өсүүдө.

Эң мыкты жетекчиликти Жараткандан бөлөк дагы ким бере алмак? Адамдарды жерге башында Кудай жайгаштыргандыктан, ал биздин эмне үчүн жашап жатканыбызды, албетте, билет. Ыйык Китепте Жахабанын адамдарды жерди толтурууга, ага кам көрүүгө жана ага бийлик кылууга жаратканы айтылат. Алар бардык иш-аракеттеринде Кудайдын адилеттүүлүк, акылмандык, сүйүү сыяктуу сапаттарын чагылдырып турушу керек эле. Жахабанын адамдарды кандай максат менен жаратканын билсек, биз эмне үчүн жашап жатканыбызды түшүнөбүз (Башталыш 1:26—28).

Эмне кылууга болот?

«Эмне үчүн жашап жатам? Кайда баратам? Жашоонун маңызы эмнеде?» деген суроолорго мурун канааттандырарлык жооп таппаган болсоңор, эмне кылуу керек? Ыйык Китеп Жахаба менен жакыныраак таанышууну кеңеш кылат. Ыйса: «Ал түбөлүк өмүр — жалгыз чыныгы Кудай Сени жана Өзүң жиберген Ыйса Машайакты таанып билүү»,— деген. Ошондой эле Ыйык Китеп Кудайга жагарлык сапаттарды, өзгөчө, сүйүүнү өрчүтүп, жакындап келаткан Кудайдын Мессиялык Падышалыгынын башкаруусу алдында өмүр сүрүүнү максат кылууга үндөйт. Ошондо жашооңор маңызга толуп, келечекке карата эң сонун, бекем үмүткө ээ болосуңар. Андан сырткары, буга чейин тынчсыздандырып келген эң маанилүү суроолоруңарга жооп табат болушуңар керек (Жакан 17:3; Насаатчы 12:13).

Ал суроолорго жооп алуу адамга кандай таасир этет? Буга Ханс жакшы жооп бере алат *. Ал мурун Кудайга жалпы жонунан эле ишенчү, бирок андай ишеними жашоосуна таасир тийгизчү эмес. Ханс наркотик кабыл алчу, сойкулар менен жүрчү, майда кылмыштарды жасачу жана мотоциклдерге кызыкчу. «Бирок жашоом маңызсыз эле, жашоодон чыныгы канааттануу алчу эмесмин»,— дейт ал. Ханс жыйырма бештерге чыгып калганда Ыйык Китепти кылдат окуу менен Кудайды өз алдынча таанып-билүүнү чечет. Жахаба менен жакыныраак таанышып, жашоонун маңызы эмнеде экенин түшүнгөн соң, жашоо образын өзгөртүп, Жахабанын Күбөсү катары чөмүлдүрүлгөн. Анын толук убакытта кызмат кылганына он жылдын жүзү болду. Ал: «Жахабага кызмат кылуу — жашоодогу эң сонун нерсе. Муну эч бир нерсеге салыштырып болбойт. Жахабаны билүү жашоомду маңызга толтурду»,— дейт оюн жашырбай.

Албетте, көптөгөн адамдарды жашоонун маңызы жөнүндөгү эле суроо тынчсыздандырбайт. Дүйнөдөгү жагдай-шарттардын барган сайын начарлап баратканына байланыштуу дагы бир маанилүү суроо аларды тынчсыздандырууда.

Эмнеге мындай болду?

Кырсык торуганда көп учурда адамдын оюн: «Эмнеге мындай болду?» — деген суроо ээлейт. Кырсыкка эмоциялык жактан туруштук бере алгыдай болуш үчүн, жогорудагы суроого туура жооп алуу өтө маанилүү. Эгер адам канааттандырарлык жооп албаса, азап тартып, катаалданып кетиши да ыктымал. Мисалга Бруни менен болгон окуяны алалы.

«Бир нече жыл мурун чүрпөм чарчап калган,— дейт Бруни, орто жаштардагы эне.— Мен Кудайга ишенчүмүн, андыктан жубатуу издеп жергиликтүү дин кызматчыга кайрылгам. Ал мага Сюзанды Кудай асманга алып кеткенин жана азыр анын периште экенин айтты. Кызым каза болгондо жер астын-үстүн болуп кеткендей сезилди. Ал аз келгенсип, Сюзанды алып кеткени үчүн Кудайды да жек көрүп калдым». Брунинин азап-кайгысы бир канча жылга созулган. Ал сөзүн мындайча улайт: «Кийин Жахабанын Күбөлөрүнүн бири мага Ыйык Китептен Кудайды жек көрүүгө негиз жок экенин көрсөттү. Жахаба Сюзанды асманга алып кетпептир жана ал периште болуп калбаптыр. Ал эми анын оорусу адамзаттын жеткилеңсиздигинин кесепети экен. Сюзан Кудайдын тирилтишин күтүп, өлүм уйкусунда уктап жатат. Мен ошондой эле адамдардын жердеги бейиште түбөлүк өмүр сүрүүгө жаратылганын жана жакында Кудайдын бул ниети ишке ашарын билдим. Жахабанын чынында кандай Кудай экенин биле баштаганда, ага ого бетер жакындадым, күйүтүм да акырындан басаңдай берди» (Забур 36:29; Элчилер 24:15; Римдиктерге 5:12).

Миллиондогон адамдар ар кандай каргашалардан: жеке турмушундагы кайгылуу окуялардан, согуштан, ачарчылыктан жана табигый кырсыктардан улам жапа чегүүдө. Бруни Ыйык Китептен каргашалар үчүн Жахаба күнөөлүү эмес экенин, ал эч качан адамдардын азап-кайгыга батышын каалабагандыгын жана жакында жамандыкты жок кыларын билүүдөн жубатуу алган. Азыркы учурдагы мыйзамсыздыктын көбөйүшү — биздин бул түзүлүштүн «акыркы күндөрүндө» жашап жатканыбыздын белгиси. Баарыбыз чыдамсыздык менен күтүп жаткан укмуштай өзгөрүүлөрдүн ишке ашышына абдан аз калды (2 Тиметейге 3:1—5; Матай 24:7, 8).

Кудайды таанып-билүү

Ханс менен Бруни Кудайды жалпы жонунан эле билишчү. Ошентсе да алар Кудайга ишенишчү. Ал эми Жахаба жөнүндө так билим алуу үчүн убакыт бөлүшкөндө, жумшаган күч-аракеттеринин акыбети кайткан. Алар биздин убактагы эң маанилүү суроолорго ачык-так жооп алышкан. Бул алардын жан-дүйнөсүнө бейкуттук алып келип, келечекке карата бекем үмүт тартуулаган. Мындай бейкуттукка жана үмүткө Жахабанын миллиондогон башка кызматчылары да ээ.

Жахабаны таанып-билүү анын ким экени жана бизге койгон талаптары жөнүндө айтылган Ыйык Китепти кылдат изилдөөдөн башталат. Кудай Сөзүн кылдат изилдегендер биринчи кылымда да болгон. Тарыхчы жана врач Лука Грециядагы Бероя шаарындагы жүйүттөрдөн турган жыйналыштын мүчөлөрү жөнүндө «Кудайдын сөзүн [Пабыл менен Сыластан] чын жүрөктөн кабыл алышканын жана: „Чын эле ушундайбы?“ — дешип, күн сайын Ыйык Жазууну изилдешкенин» жазган (Элчилер 17:10, 11).

Ыйсанын биринчи кылымдагы жолдоочулары да жыйналыштарга чогулуп турушкан (Элчилер 2:41, 42, 46; 1 Корунттуктарга 1:1, 2; Галаттыктарга 1:1, 2; 2 Тесалоникалыктарга 1:1). Азыр да ошондой. Адамдардын Жахабага жакындашына жана ага кубаныч менен кызмат кылышына жардам бериш үчүн, Жахабанын Күбөлөрү жыйналыш жолугушууларына чогулуп турушат. Жергиликтүү Күбөлөр менен пикир алышуу башка жагынан да пайдалуу. Адамдар барган сайын сыйынган Кудайын көбүрөөк чагылдыра башташкандыктан, Жахабанын Күбөлөрү Жахабаныкындай сапаттарды (чектелүү деңгээлде болсо да) чагылдырышат. Андыктан Жахабанын Күбөлөрү менен пикирлешүү аны жакшыраак билүүгө жардам берет (Эврейлерге 10:24, 25).

Силерге Кудайды таанып-билүү үчүн көп күч-аракет жумшаш керектей сезилген жокпу? Күч-аракеттин талап кылынары талашсыз. Бирок силер башка нерселерге умтулганда да ушундай күч-аракеттерди жумшабайсыңарбы? Белгилүү спортсмендер машыгууга эмне деген күч-аракеттерди сарптай турганын ойлоп көргүлөчү. Маселен, ийгиликке жетиш үчүн, эл аралык мелдештин катышуучусунан эмне талап кылынары тууралуу олимпиада оюндарында алтын медалды жеңип алган француз лыжачы Жан-Клод Кили мындай деген: «Машыгууну олимпиялык оюндун болоруна 10 жыл калганда баштоо керек жана жеңишти жылдан жылга пландаштыруу, ал тууралуу күн сайын ойлонуу зарыл... Бул — бир жылга, 365 күнгө, созулган акыл жана күч эмгеги». Ушунча убакыттын жана күч-аракеттин баары10 эле мүнөткө созулушу мүмкүн болгон мелдешке катышуу үчүн сарпталат! А Жахабаны таанып-билүү менен канчалык көп нерселерге жетүүгө болот.

Күндөн күнгө тыгыз мамиле өрчүтүү

Жашоодогу эң маанилүү нерседен ким эле кур калгысы келсин? Эч ким. Ошондуктан, эгер жашооңордун чыныгы маңызы жоктой сезилсе же кырсык-каргашалардын эмне үчүн болуп жатканын билүүгө ынтызар болсоңор, Ыйык Китептин Кудайы Жахабаны таанып-билүүгө чечкиндүү киришкиле. Аны менен таанышуу жашооңорду жакшы жакка өзгөртө алат жана мунун пайдасы түбөлүккө созулат.

Жахабаны таанып-билүүбүздү качандыр бир убакта токтотобузбу? Ага көптөгөн жылдардан бери кызмат кылып келаткандар ал жөнүндө билгендерине жана улам жаңы нерселерди билип атышканына дагы эле таң калышууда. Таанып-билүүнүн мындай процесси бизге бакыт тартуулап, бизди ага мурункудан да көбүрөөк жакындатат. Ошондуктан: «Оо, Кудайдын акылы кандай терең, Анын билими кандай жеткилең! Анын чечимдери акыл жеткис, Анын жолдору изилденгис! Теңирдин акылын түшүнгөн адам барбы? Же Ага кеңешчи болгон адам барбы?» — деп айткан элчи Пабылдын ойлоруна биз да ортоктошпуз (Римдиктерге 11:33, 34).

[Шилтемелер]

^ 12-абз. Ысымдар өзгөртүлүп берилди.

[5-беттеги кошумча]

Адамдар өздөрүнө баягы эле маанилүү суроолорду берип келишүүдө: «Эмне үчүн жашап жатам? Кайда баратам? Жашоонун маңызы эмнеде?»

[6-беттеги кошумча]

«Жахабанын чынында кандай Кудай экенин биле баштаганымда, агаого бетер жакындадым».

[7-беттеги сүрөт]

«Жахабага кызмат кылуу — жашоодогу эң сонун нерсе. Муну эч бир нерсеге салыштырып болбойт. Жахабаны билүү жашоомду маңызга толтурду».