Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бүт жүрөгүң менен Жахабага таян

Бүт жүрөгүң менен Жахабага таян

Бүт жүрөгүң менен Жахабага таян

«Атыңды билгендер Сага таянат» (Забур 9:11, «Мукаддас»).

1, 2. Адамдар коопсуздук издеп таянган нерселердин айрымдары кайсылар?

ЖЫРГАЛЧЫЛЫГЫБЫЗГА көп жактан коркунуч туулуп жаткан азыркы убакта кимдир бирөөдөн же бир нерседен коопсуздук издөө табигый нерсе. Кээ бирөөлөр акчаң көп болсо келечегиңден кооптонбойсуң деп ойлошот, бирок, чындыгында, акчага таянуу опурталдуу. «Байлыгына ишенген адам кулайт»,— деп айтылат Ыйык Китепте (Накыл сөздөр 11:28). Башкалар бийлик жетекчилеринен үмүттөнүшөт, бирок эң мыкты жетекчилер да жаңылышат. Андан тышкары, акыр-түбү алар да өлөт. Ыйык Китепте: «Төрөлөргө, адам баласына үмүттөнбөгүлө, алар куткара алышпайт»,— деген сөздөр акылмандык менен айтылган (Забур 145:3). Кудайдан шыктандырылган бул сөздөр өз күчүбүзгө таянбашыбыз керектигине карата да эскертүү болуп саналат. Биз дагы «адам баласы» элебиз.

2 Ышайа пайгамбар Ысрайылдын эл башчыларын «жалгандын баш паанасына» таянышканы үчүн сынга алган (Ышайа 28:15—17). Коопсуздук издеп, алар коңшулаш элдер менен саясый келишимдерди түзүшкөн. Мындай келишимдер ишенүүгө татыксыз, жалган болчу. Ошо сыяктуу эле, бүгүн көптөгөн диний жетекчилер саясый жетекчилер менен алака-мамилелерди түзүп жатышат. Бирок алардын да келишимдери «жалган» болуп чыгат (Аян 17:16, 17). Алар камсыз кылган коопсуздук узакка созулбайт.

Жашыя менен Калептин үлгүсү

3, 4. Жашыя менен Калеп алып келген кабар берки он тыңчынын кабарынан эмнеси менен айырмаланган?

3 Анда коопсуздукту кайдан издешибиз керек? Мусанын убагындагы Жашыя менен Калеп издеген булактан. Ысрайыл эли Мисирден бошотулганынан көп өтпөй Канаанга, Убадаланган жерге, кирүүгө даяр турган. Эл арасынан жер чалып келүүгө он эки киши жөнөтүлгөндө, алар 40 күн дегенде кайтып келип, ал жер жөнүндө айтып беришкен. Канаанда Ысрайылды ийгилик коштой турганын алардын экөө гана — Жашыя менен Калеп — айткан. Калганы жердин сонун экенин ырастаганы менен: «Ал жерде жашаган эл күчтүү экен, шаарлары да өтө чоң, чеп менен курчалган экен... Жок, биз ал жердин элдерине каршы бара албайбыз, анткени алар бизден алда канча күчтүү экен»,— дешкен (Сандар 13:28, 29, 32).

4 Ысрайылдыктар он тыңчынын сөзүнө ишенип, коркушканынан Мусага наалып чыгышкан. Акырында Жашыя менен Калеп алоолонгон сезимдер менен: «Биз карап чыккан жер абдан сонун жер. Эгерде Теңир бизге ырайым кыла турган болсо, анда бизди ал жерге Өзү алып барат. Ошол сүт менен бал аккан жерди бизге берет. Бирок Теңирге каршы чыкпагыла, ал жердин элинен коркпогула»,— деп айтышкан (Сандар 14:6—9). Бирок ысрайылдыктар аларды укпай коюшкан. Натыйжада аларга Убадаланган жерге ошол убакта кирүүгө жол берилген эмес.

5. Жашыя менен Калеп эмне үчүн жакшы кабар айтып келишкен?

5 Эмне үчүн Жашыя менен Калеп жакшы кабар айтып келишсе, он тыңчы жаман кабар айтып келген? Он эки тыңчы тең күчтүү шаарларды, отурукташкан элдерди көргөн эле. Ошондой эле ал жерди жеңип алууга Ысрайылдын күчү жетпей турганын билдирген он тыңчынын сөзүндө да калет жок болчу. Душмандарынын күчтүү экенин Жашыя менен Калеп деле билчү. Бирок он тыңчы жагдайга адамдык көз караш менен карашкан. Ал эми Жашыя менен Калеп Жахабага таянышкан. Алар анын Мисирде, Кызыл деңизде жана Синай тоосунун этегинде көрсөткөн кудуреттүү иштерин өз көздөрү менен көрүшкөн. Айта кетчү нерсе, ондогон жылдар кийинчерээк ошол окуялар жөнүндөгү кабардын өзү эле Жериходогу Рахапка Жахабанын эли үчүн өз өмүрүн тобокелге салууга түрткү берген! (Жашыя 2:1—24; 6:22—25). Жахабанын иштерин өз көздөрү менен көргөн Жашыя жана Калеп Кудайдын өзүнүн эли үчүн андан ары да согушарына шектенишкен эмес. Алардын ишеничи кырк жылдан кийин, ысрайылдыктардын жаңы мууну Жашыянын жетекчилиги астында Канаанга кирип барып, ал жерди басып алганда акталган.

Эмне үчүн Жахабага толук таянышыбыз керек?

6. Эмне себептен бүгүн Ыйсанын жолдоочулары кысымга алынып жатышат жана алар кимге таянышы керек?

6 Ушул «оор күндөрдө» биз, ысрайылдыктарга окшоп, өзүбүздөн күчтүүрөөк душмандар менен беттешип жатабыз (2 Тиметейге 3:1). Биз моралдык, рухий жана айрым учурларда денелик жактан да кысымга алынып жатабыз. Ал кысымдарга өз күчүбүз менен туруштук бере албайбыз, анткени алар табияттан тышкаркы булактан, Шайтан Ибилистен, келет (Эфестиктерге 6:12; 1 Жакан 5:19). Анда кимден жардам күтсөк болот? Байыркы убакта бир ишенимдүү кызматчы Жахабага тиленип жатып: «Атыңды билгендер Сага таянат»,— деп айткан (Забур 9:11, «Мукаддас»). Эгер Жахабаны чындап билсек жана анын ысмынын маанисин түшүнсөк, биз ага, Жашыя менен Калепке окшоп, бекем таянабыз (Жакан 17:3).

7, 8. а) Кандайча жаратылган нерселер бизди Жахабага таянууга үндөйт? б) Кандайча Ыйык Китеп бизге Жахабага таянууга түрткү берет?

7 Эмнеге Жахабага таянышыбыз керек? Жашыя менен Калептин Жахабага таянганынын бир себеби — алар анын керемет иштерин өз көздөрү менен көрүшкөн. Аларды биз да көрүп жатабыз. Мисалы, Жахаба жараткан нерселерге, өз ичине миллиарддаган галактикаларды камтыган ааламга назар салсаңар. Жахабанын көзөмөлү алдындагы физикалык эбегейсиз зор күчтөр анын чын эле кудурети күчтүү Кудай экенин көрсөтүп турат. Ааламдагы кереметтер тууралуу ойлонгондо, биз Аюбдун Жахаба жөнүндөгү: «Ким Ага каршы сөз айта алат? „Сен эмне кылып жатасың?“ — деп, Ага ким айта алат?» — деген сөздөрүнө кошулбай коё албайбыз (Аюб 9:12). Чын эле, эгер Жахаба биз тарапта болсо, ааламда биз корко турган эч ким болбошу керек (Римдиктерге 8:31).

8 Ошондой эле Жахабанын Сөзүн, Ыйык Китепти, мисалга алалы. Кудайдын акылмандыгынын бул түгөнгүс казынасы бизге жаман адаттарды жеңүүгө жана жашообузду Жахабанын эркине ылайык келтирүүгө зор жардам берип келет (Эврейлерге 4:12). Ыйык Китеп аркылуу биз Кудайдын аты Жахаба экенин билип, анын маанисин түшүндүк (Чыгуу 3:14). Ошону менен бирге, Жахаба өзүнүн ой-ниеттерин ишке ашыруу үчүн, ким болгусу келсе ошол — мээримдүү Ата, адилеттүү Сот, жеңүүчү Аскер — боло аларын билдик. Ошондой эле биз анын сөзүнүн дайыма ишке ашарын көрүп жатабыз. Кудайдын Сөзүн окуганыбызда, забурчуга окшоп: «Мен Сенин сөзүңө ишенем»,— деп айткыбыз келет (Забур 118:42; Ышайа 40:8).

9. Кундун караштырылганы жана Ыйсанын тирилүүсү кандайча Жахабага дагы да көбүрөөк таянышыбызга өбөлгө түзөт?

9 Куткаруу курмандыгы Жахабага таянууга дагы бир негиз болуп саналат (Матай 20:28). Кудайдын биз үчүн өз Уулун кун катарында өлүүгө жибергени кандай сонун! Кун эбегейсиз зор күчкө ээ. Анын негизинде өкүнгөн жана Жахабага чын жүрөктөн кайрылган бардык адамдардын күнөөлөрү кечирилет (Жакан 3:16; Эврейлерге 6:10; 1 Жакан 4:16, 19). Кундун төлөнүшү Ыйсанын тирилүүсүн да камтыган. Жүздөгөн күбөлөр менен тастыкталган бул керемет Жахабага таянууга андан бетер орчундуу негиз болуп саналат. Ал биздин үмүтүбүздүн сөзсүз ишке ашарын тастыктап турат (Элчилер 17:31; Римдиктерге 5:5; 1 Корунттуктарга 15:3—8).

10. Жеке турмушубузда Жахабага таянууга кандай себептер бар?

10 Биз эмне үчүн Жахабага толугу менен таяна аларыбыздын жана таянышыбыз керектигинин айрым гана себептерин карап чыктык. Дагы көп себептери бар; кээ бирлери жеке турмушубузга байланышкан. Мисалы, мезгил-мезгили менен ар бирибиздин башыбызга оорчулук түшөт. Ошондо Жахабанын жетекчилигин издеп, биз ал жетекчиликтин канчалык пайдалуу экенин көрөбүз (Жакып 1:5—8). Жахабага күндөлүк жашообузда таянып, мунун жакшы натыйжаларын канчалык көп көрсөк, ага ошончолук бекем таянабыз.

Дөөт Жахабага таянган

11. Дөөт кандай кыйынчылыктарга карабай Жахабага таянган?

11 Жахабага таянгандардын бири — байыркы Ысрайылда жашаган Дөөт. Ал аны өлтүргүсү келген Шабул падышанын жана Ысрайылды басып алууга аракеттенген пелиштиликтердин күчтүү аскеринин опузасына дуушар болгон. Буга карабастан, ал аман калып, атүгүл аларды жеңип чыккан. Кантип? Муну Дөөт өзү мындайча түшүндүрөт: «Теңир — менин жарыгым, менин куткаруучум: кимден коркмок элем? Теңир — менин өмүрүмдүн күчү: кимден үрөйүм учмак эле?» (Забур 26:1). Жахабага таянсак, биз да ошондой ийгиликтүү болобуз.

12, 13. Душмандар өздөрүнүн тилин бизге каршы курал катары колдонгондо да Жахабага таянышыбыз керектигин Дөөт кантип көрсөткөн?

12 Бир жолу Дөөт: «Кудай, сыйынуумду ук. Өмүрүмдү душмандын коркутуусунан сакта! Мени бузукулардын арам ойлорунан, зулумдардын козголоңунан жашырып кой. Алар тилдерин кылычтай курчутуп, заар сөздөрүн жебедей тартып турушат. Күнөөсүздү жашыруун атып өлтүрүшөт»,— деп тиленген (Забур 63:2—5). Дөөткө бул сөздөрдү жазууга эмне түрткү бергенин биз так билбейбиз. Бирок бүгүн каршылаштардын өз «тилдерин курчутуп», сүйлөө жөндөмдүүлүгүн согуш куралы катары колдонуп жатышканы жашыруун эмес. Алар сөздөрдү оозеки жана жазуу түрүндө жалаа жабуунун «жебелери» катары колдонуп, күнөөсүз Ыйсанын жолдоочуларын «атышууда». Эгер Жахабага бекем таянсак, бул кандай натыйжа берет?

13 Дөөт андан ары мындай дейт: «Кудай аларды жебе менен кыйратат. Алар күтүлбөгөн жерден өлүшөт. Алар өздөрүнүн тили менен өздөрүн кыйратышат... Ал эми адил адам болсо Теңирден кубаныч алат, Ага таянат» (Забур 63:8—11). Ооба, душмандар бизге каршы тилдерин курчутуп жатса да, акырында алар «өздөрүнүн тили менен өздөрүн кыйратышат». Жахаба акыр-аягы ишти жакшы нукка бурат да, ага таянгандар кубаныч алышат.

Хиския Кудайга куру бекер таянган эмес

14. а) Хиския Жахабага кандай кооптуу абалда таянган? б) Хиския ашурлуктардын калп сөздөрүнө ишенбей турганын кантип көрсөткөн?

14 Хиския падыша да Жахабага куру бекер таянбагандардын бири. Хискиянын тушунда ашурлуктардын кубаттуу аскери Иерусалимге коркунуч туудуруп турган. Бул аскер көп элдерди жеңип алган эле. Атүгүл Жүйүт шаарлары да багындырылып, жалгыз Иерусалим калган болчу жана Санхейрип ал шаарды да багынтып аларын айтып мактанган. Рабсак аркылуу ал Мисирге таянуу каргашалуу экенин айттырган — мунусунда калет жок эле. Бирок андан кийин: «„Иерусалим Ашур падышасынын колуна салып берилбейт“,— деп ойлоп, үмүт кылган Кудайың сени алдабасын»,— деген (Ышайа 37:10). Бирок Хиския Жахабанын аны алдабасын билген. Ошондуктан ага тиленип: «Кудай-Теңирибиз, эми бизди анын [Ашурдун] колунан куткар. Ошондо, Теңир, жер жүзүндөгү бүт падышачылыктардын Кудайы бир гана Сен экениңди билишет»,— деп айткан (Ышайа 37:20). Жахаба Хискиянын тиленүүсүн уккан. Натыйжада бир түндүн ичинде бир периште ашурлуктардын 185 000 жоокерин кырып салган. Иерусалим аман калган, а Санхейрип Жүйүт жерине экинчи кайрылып келген эмес. Бул окуя жөнүндө уккандардын баары Жахабанын улуулугун таанып-билишкен.

15. Бул оомалуу-төкмөлүү дүйнөдө башыбызга түшүшү мүмкүн болгон ар кандай оор абалга эмненин жардамы менен гана даяр болобуз?

15 Бүгүн биз да, Хискияга окшоп, согушка катышып жатабыз. Биздин согуш — рухий согуш. Рухий аскерлер катары биз аман калуунун ыкмаларын үйрөнүшүбүз керек. Ошондой эле кол салууларды алдын ала көрө билип, алардын мизин кайтарууга даяр болушубуз зарыл (Эфестиктерге 6:11, 12, 17). Бул оомалуу-төкмөлүү дүйнөдө абал заматта өзгөрүп кетиши мүмкүн. Күтүүсүз жерден элдер дүрбөлөңгө түшүшү ыктымал. Диний чыдамдуулук көрсөтүп келген өлкөлөр чыдамсыздык көрсөтүп калышы этимал. Биз, Хискияга окшоп, Жахабага бекем таянууга үйрөнсөк гана, башыбызга эмне түшпөсүн, баарына даяр болобуз.

Жахабага таянуу деген эмнени билдирет?

16, 17. Жахабага таянарыбызды кантип көрсөтөбүз?

16 Жахабага таянуу сөз жүзүндө эле көрсөтүлбөйт. Кудайга жүрөгүбүз менен, ишибиз менен таянышыбыз керек. Жахабага таянсак, биз анын Сөзү Ыйык Китепке толугу менен ишенебиз. Аны күнүгө окуйбуз, окуганыбыздын үстүнөн ой жүгүртөбүз жана анын жашообузду жетектешине жол беребиз (Забур 118:105). Жахабага таянуу ыйык рухтун күчүнө ишенүүнү да камтыйт. Ыйык рухтун жардамы менен биз Жахабага жагарлык жемиш өстүрө алабыз жана дилибизге сиңген жаман адаттарды жеңе алабыз (1 Корунттуктарга 6:11; Галаттыктарга 5:22—24). Алсак, ыйык рухтун жардамы менен көптөр тамекиден же баңгизаттан баш тарта алышкан. Башкалар адеп-ахлаксыз жашоосун өзгөрткөн. Ооба, Жахабага таянсак, биз өзүбүздүн эмес, анын күчүнө таянып иш кылабыз (Эфестиктерге 3:14—18).

17 Андан тышкары, Жахабага таянуу ал ишеним арткан адамдарга ишеним көрсөтүүнү билдирет. Мисалы, Жахаба Падышалыктын жердеги кызыкчылыктарына кам көрүүгө «ишенимдүү жана акылдуу кулду» койгон (Матай 24:45—47). Биз андан көз карандысыз болууга аракеттенбейбиз жана алардын Кудайдан дайындалганын четке какпайбыз, анткени Жахабанын бекиткен тартибине ишенич артабыз. Ошондой эле жергиликтүү жыйналыштарда кызмат кылган аксакалдар, элчи Пабыл билдиргендей, ыйык рух менен дайындалат (Элчилер 20:28). Биз Жахабага таянарыбызды жыйналыш аксакалдары менен кызматташуу менен да көрсөтөбүз (Эврейлерге 13:17).

Пабылдан үлгү алгыла

18. Ыйсанын жолдоочулары бүгүн Пабылдын үлгүсүн кантип жолдошот жана эмнелерге таянышпайт?

18 Элчи Пабыл, бизге окшоп, Кудайга кылган кызматында көп кысымга дуушар болгон. Анын убагында чыныгы дин бийлик башындагыларга жамандалып турган жана Пабыл кээде ошол туура эмес түшүнүктөрдү оңдоого же кабар айтуу ишин мыйзам менен бекитүүгө кам көргөн (Элчилер 28:19—22; Филипиликтерге 1:7). Бүгүн Ыйсанын жолдоочулары анын үлгүсүн жолдошот. Каерде болбосун, биз ар кандай жолдорду колдонуп, башкаларга өзүбүздүн жүргүзүп жаткан ишибиз менен таанышууга жардам беребиз. Ошондой эле биз жакшы кабарды коргоо жана мыйзамдуу түрдө бекитүү багытында иш жүргүзөбүз. Бирок биз мындай иш-аракеттерге бүт бойдон таянбайбыз, анткени ийгилик же ийгиликсиздик сот иштеринде жеңишке ээ болуудан же коомчулуктун жакшы ой-пикирлеринен көз каранды эмес экенин түшүнөбүз. Тескерисинче, Жахабага таянабыз. Биз анын байыркы Ысрайылды: «Силердин күчүңөр тынчтыкта жана үмүттө»,— деп бекемдегенин эсибизден чыгарбайбыз (Ышайа 30:15).

19. Куугунтукка кабылганда кандайча бир туугандарыбыздын Жахабага таянганы куру бекер болгон эмес?

19 Биздин доордо кээде Чыгыш жана Батыш Европада, Азиянын жана Африканын айрым бөлүктөрүндө, Түштүк жана Түндүк Америка өлкөлөрүндө ишибизге тыюу салынып же чектөө коюлуп келген. Бул Жахабага куру бекер таянганыбызды билдиреби? Жок. Кээде өзү туура көргөндүктөн катуу куугунтукка жол берип келсе да, Жахаба куугунтукка дуушар болгондорду сүйүүсү менен бекемдеп турган. Куугунтуктарга чыдап, Ыйсанын көп жолдоочулары ишеним жана Кудайга таянуу жагынан сонун абройго ээ болушкан.

20. Биз расмий түрдө камсыз кылынган эркиндиктен пайдаланып жатсак да, эмнелерге эч качан барбайбыз?

20 Ошол эле учурда көп сандаган өлкөлөр бизди расмий түрдө тааныйт жана кээде маалымат каражаттары биз жөнүндө жакшы маалыматтарды берет. Бул үчүн биз ыраазыбыз жана бул да Жахабанын ой-ниетинин ишке ашышына шарт түзөрүн билебиз. Анын батасы менен биз көбүрөөк эркиндикти, жеке кызыкчылыктарыбызды көздөө үчүн эмес, Жахабага ачык жана толук кызмат кылуу үчүн колдонобуз. Бирок биз бийликтердин алдында жакшы абройго ээ болуу үчүн эле, бейтараптуулугубузга каршы иш кылууга, кабар айтуу ишибизди же Жахабага кылган кызматыбызды кандайдыр башка жолдор менен басаңдатууга эч качан барбайбыз. Биз Мессиялык Падышалыктын букараларыбыз жана толугу менен Жахабанын эгедерлиги тараптабыз. Биз бул түзүлүшкө эмес, жаңы дүйнөгө үмүттөнөбүз. Ал жаңы заманда Мессиялык Падышалык бүт жер жүзүн башкарган жалгыз өкмөт болот. Ал өкмөткө эч кандай бомбалар, ракеталар, атүгүл ядролук кол салуулар коркунуч туудурбайт же аны асмандан атып түшүрө албайт. Ал жеңилгис жана ал аркылуу Жахабанын ой-ниеттери ишке ашат (Даниел 2:44; Эврейлерге 12:28; Аян 6:2).

21. Биз кандай жол менен жүрүүгө чечкиндүүбүз?

21 Пабыл: «Биз болсо жок болуу үчүн артка кетенчиктегендерден эмеспиз, тескерисинче, жаныбыздын куткарылышы үчүн ишенгендерденбиз»,— дейт (Эврейлерге 10:39). Келгиле анда, Жахабага акырына чейин ишенимдүү кызмат кылалы. Ага азыр да, келечекте да толук таянууга бизде көп себептер бар (Забур 36:3; 124:1).

Эмнелерге үйрөндүңөр?

• Эмне үчүн Жашыя менен Калеп жакшы кабар менен кайтып келишкен?

• Жахабага толук таянууга кандай себептер бар?

• Жахабага таянуу деген эмнени билдирет?

• Жахабага таянуу менен биз кандай позицияда турууга чечкиндүүбүз?

[Изилдөө суроолору]

[25-беттеги сүрөт]

Эмне үчүн Жашыя менен Калеп жакшы кабар алып келишкен?

[26-беттеги сүрөт]

Аалам бизди Жахабага таянууга үндөйт.

[28-беттеги сүрөт]

Жахабага таянуу ал ишенич арткан адамдарга ишеним көрсөтүүнү билдирет.