Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эсте сактай турган күн

Эсте сактай турган күн

Эсте сактай турган күн

АЛ КҮН адамзаттын келечегин ага түбөлүк пайда алып келгидей кылып түп-тамыры менен өзгөрттү. Тарыхтагы башка эч бир күн адам баласынын келечегине мындай таасир эткен эмес. Ал күнү Ыйса жерге эмнелерди орундатканы келсе, ошолордун баарын аткарып бүткөн. Кыйноо мамысында кадалып турганда, акыркы жолу дем алып, анан катуу үн менен: «Аткарылды!» — деген (Жакан 19:30). Ыйса жерге кандай максат менен келген эле?

Ыйык Китепте: «Адам Уулу... Өзүнө кызмат кылдыруу үчүн эмес, тескерисинче, Өзү кызмат кылуу үчүн, Өз жанын берип, көптөрдү куткаруу үчүн келген»,— деп айтылат (Матай 20:28). Ыйса жанын, башкача айтканда, өз өмүрүн адамдардын тукум кууп өткөн күнөө менен өлүмдөн арылышы үчүн берген. Ооба, «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун берген. Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берген» (Жакан 3:16). Ыйсанын курмандыгы кандай гана баалуу!

Ыйсанын өлгөн күнүн эсте сактоо зарыл экендигинин дагы бир себеби ал күнү Кудай Уулу элчилерине ишенимдүүлүгүн сактоого жардам берерлик баалуу акыл-насааттарды айткан. Анын акыркы сөздөрү элчилерине зор таасир тийгизсе керек! Ал эмне болгон акыл-насааттар эле? Ошол акыл-насааттардан эмнеге үйрөнсөк болот? Бул суроолор кийинки макалада талкууланат.