Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билимди өзүн өзү башкара билүү менен толуктагыла

Билимди өзүн өзү башкара билүү менен толуктагыла

Билимди өзүн өзү башкара билүү менен толуктагыла

«Билимди өзүн өзү башкара билүү менен... толуктагыла» (2 Петир 1:5—8, «ЖД»).

1. Адамдардын көптөгөн көйгөйлөрүнүн себеби эмнеде?

КОШМО ШТАТТАРДА баңгизатка каршы жүргүзүлгөн ири өнөктүктөрдүн биринде жаштар баңгизатка «жок» деп айтууга чакырылган. Эгерде адамдардын баары баңгизат колдонууга эле эмес, ичимдикти кыянат пайдаланууга, жашоосун акылсыздык же адеп-ахлаксыздык менен өткөрүүгө, чынчыл эместик менен иш алып барууга жана «дене кумарларына» да каршы чыкса, дүйнөдөгү жагдай такыр башкача болмок! (Римдиктерге 13:14, «ЖД»). Бирок «жок» деп айтуу дайыма эле оңойго тура бербесин ким танат?!

2. а) Ыйык китептик кайсы мисалдар «жок» деп айтуу тээ мурунтан эле адамдар үчүн кыйын болгонун көрсөтүп турат? б) Бул мисалдар бизге эмне кылууга түрткү бериши керек?

2 Жеткилеңсиз адамдарга өзүн өзү башкара билүү оңой болбогондуктан, биз алсыздыктарыбызды жеңе билүүгө үйрөнүүгө кызыкдар болушубуз керек. Ыйык Китепте Кудайга кызмат кылууга умтулган, бирок кээде «жок» деп айтууга алсыз болгон адамдар тууралуу айтылат. Мисалы, Дөөттүн Бат-Шеба менен ойноштук кылганын эстесеңер. Бул күнөө эки бейкүнөө өмүрдүн кыйылышына — ойноштуктан төрөлгөн баланын жана Бат-Шебанын күйөөсүнүн өлүмүнө — алып келген (2 Шемуел 11:1—27; 12:15—18). Же болбосо, элчи Пабылды алалы. Ал: «Мен өзүм каалаган жакшылыкты эмес, өзүм каалабаган жамандыкты кылам»,— деп мойнуна алган (Римдиктерге 7:19). Силер да кээде өзүңөрдү ушу сыяктуу сезип кыйналасыңарбы? Пабыл андан ары мындай деген: «Рухум менен Кудайдын мыйзамынан ырахат алып жатам. Бирок дене мүчөлөрүмдө башка мыйзам бар экенин көрүп жатам. Бул да менин акылым кабыл алган мыйзамга каршы турат жана ал мени дене мүчөлөрүм баш ийбеген күнөөнүн мыйзамына туткун кылып жатат. Мен бир байкуш адаммын! Өлүмгө дуушар кыла турган ушул денеден мени ким куткарат?» (Римдиктерге 7:22—24). Ыйык китептик мисалдар бизге өзүн өзү башкара билүү сапатын өрчүтүү үчүн жүргүзгөн күрөшүбүздө эч багынбоого жардам бере алат.

Өзүн өзү башкара билүүгө үйрөнүү зарыл

3. Өзүн өзү башкара билүүнү өрчүтүү жеңилирээк деп ойлоо эмне үчүн туура эмес экенин түшүндүргүлө.

3 Туура эмес иштерди четке кагууну да камтыган өзүн өзү башкара билүү сапаты 2 Петир 1:5—7-аяттарда («ЖД») ишеним, изгилик, билим, чыдамкайлык, Кудайга берилгендик, биртуугандык сүйүү жана сүйүү сапаттарынын катарында айтылып өтөт. Бул жагымдуу сапаттардын эч бирине төрөлгөндөн эле тартып ээ болбойбуз. Аларды өрчүтүш керек. Ал сапаттарды тийиштүү деңгээлде чагылдыруу үчүн, чечкиндүүлүк жана күч-аракет талап кылынат. Анда өзүн өзү башкара билүүнү өрчүтүү жеңилирээк деп ойлоо туурабы?

4. Эмне үчүн көптөр өзүн өзү башкара билүү жагынан аларда баары жайында деп эсептешет жана бул эмненин белгиси?

4 Миллиондогон адамдар өзүн өзү башкара билүү жагынан аларда баары жайында деп эсептешет. Алар билбестиктен же билип туруп эле өздөрүнүн жеткилеңсиз денесинин эркине моюн сунуп, мунун өздөрүнө же башкаларга тие турган кесепетин ойлобой, өздөрү каалагандай жашашат (Жүйүт 10). Адамдардын «жок» дей албаганы жана антүүнү деги эле каалабаганы мурдагыга караганда азыр көбүрөөк байкалууда. Бул — чындап «акыркы убакта» жашап жатканыбыздын белгиси. Пабыл биздин мезгил тууралуу: «Оор күндөрдүн келерин бил. Анткени адамдар өзүн өзү сүйүүчү, акчаны сүйүүчү, бой көтөргөн, менменсинген, заар тилдүү... өзүн өзү кармай албаган [болушат]»,— деп алдын ала айткан (2 Тиметейге 3:1—3).

5. Эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрү өзүн өзү башкара билүү сапатын чагылдырууга кызыгышат жана кайсы кеңеш дагы деле күчүндө?

5 Жахабанын Күбөлөрү өзүн өзү башкара билүү оңой-олтоң эмес экенин жакшы билишет. Пабылга окшоп, алар өздөрүнүн ичинде күрөш жүрүп жатканын сезишет. Бир чети, алар Кудайдын нормаларына ылайык жашап, ага жагууну каалашса, бир чети, өздөрүнүн жеткилеңсиз денеси аларды жаман жолго түртүп турат. Ошол себептен алар бул күрөштө канткенде жеңүүчү боло алышарына мурунтан эле кызыгып келишкен. 1916-жылы колуңардагы журналдын алгачкы сандарынын биринде «өзүбүздү, ойлорубузду, оозубузду жана жүрүм-турумубузду башкара билүүнүн жолу» жөнүндө айтылып, Филипиликтерге 4:8ди эске тутуу сунуш кылынган болчу. Бул аятта берилген Кудайдын кеңеши 2000 жылдай мурун айтылса да жана ага ылайык жашоо ошо кездегиге же 1916-жылдагыга караганда азыр кыйыныраак болсо да, дагы деле күчүндө. Ошондуктан Ыйсанын жолдоочулары дүйнөнүн кумарларына «жок» деп айтууга аракеттенишет жана муну менен алар өздөрүнүн Жаратканына «ооба» дешерин түшүнүшөт.

6. Өзүн өзү башкара билүү сапатын өрчүтүүдө эмне үчүн көңүлүбүздү чөктүрбөшүбүз керек?

6 Өзүн өзү башкара билүү Галаттыктарга 5:22, 23-аяттарда «[ыйык] рухтун жемишинин» курамына кирген сапат катары айтылып өтөт. Аны «сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамдуулук, ак көңүлдүк, боорукердик, ишенимдүүлүк, момундук» менен бирге чагылдырсак, өзүбүзгө зор пайда алабыз. Бул бизге, Петир айткандай, Кудайга кылган кызматыбызда «демилгесиз же жемишсиз» калбоого жардам берет (2 Петир 1:8, «ЖД»). Бирок эгерде ал сапаттарды ойдогудай тез убакыттын ичинде жана толук деңгээлде өрчүтө албай жатсак, көңүлүбүздү чөктүрбөшүбүз же өзүбүздү айыптабашыбыз керек. Мектептен кээ бир окуучулар башкаларына караганда сабакты бат өздөштүрөрүн же жумуштан бир адам экинчисине салыштырмалуу ишти аткарууга тезирээк үйрөнөрүн байкаган чыгарсыңар. Ошо сыяктуу эле, Ыйсанын айрым жолдоочулары Кудайга жаккан сапаттарды башкаларына караганда тез өрчүтүшөт. Ошондуктан эң маанилүүсү — ал сапаттарды мүмкүн болушунча жакшы өрчүткөнгө умтула берүү. Ан үчүн Жахабанын өзүнүн Сөзү жана жыйналыш аркылуу берип жаткан жардамын толук пайдалануу зарыл. Алга илгерилөөгө чечкиндүү күч-аракеттерди жумшаганыбыз максатыбызга жеткире турган ылдамдыгыбызга караганда алда канча маанилүү.

7. Өзүн өзү башкара билүүнүн маанилүүлүгүн эмне көрсөтүп турат?

7 Рухтун жемиши болгон сапаттардын катарында өзүн өзү башкара билүү акыркы болуп турганы анын башка сапаттарга караганда анча маанилүү эмес экенин билдирбейт. Тескерисинче, өзүн өзү башкара билүү сапатын жеткилең чагылдыра алсак, «күнөөкөр табияттын иштеринин» баарынан оолак боло алмакпыз. Тилекке каршы, жеткилеңсиз адамдар «ойноштук кылуу, нике бузуу, ыпыластык, адепсиздик, бутка табынуу, сыйкырчылык кылуу, касташуу, чыр-чатак, көрө албастык, ачуулануу, уруш-талаш, келишпестик, жалган окутуу» сыяктуу «күнөөкөр табияттын иштерине» жакын (Галаттыктарга 5:19, 20). Ошондуктан андай терс көрүнүштөрдү жүрөгүбүздөн да, акылыбыздан да жок кылууга чечкиндүү болуп, ар дайым күрөшө беришибиз керек.

Кээ бирөөлөргө айрыкча күч-аракет жумшоого туура келет

8. Кайсы себептерден улам өзүн өзү башкара билүү айрымдар үчүн өзгөчө кыйынга турат?

8 Ыйсанын айрым жолдоочулары үчүн өзүн өзү башкара билүү сапатын чагылдыруу өзгөчө кыйынга турат. Эмне үчүн? Буга адамдын тарбиясы же басып өткөн өмүр жолу себеп болушу мүмкүн. Эгер өзүн өзү башкара билүү сапатын өрчүтүү жана чагылдыруу биз үчүн анчалык деле кыйындай көрүнбөсө, бул, албетте, кубанычтуу. Бирок биз ал сапатты көрсөтө албай кыйналгандарга — атүгүл ошонун айынан биз да жабыр тартсак да — түшүнүү жана боор ооруу менен мамиле кылышыбыз керек. Баарыбыз тең жеткилеңсиз болгондуктан, өзүбүздү башкалардан адил эсептөөгө кимибизде негиз бар? (Римдиктерге 3:23; Эфестиктерге 4:2).

9. Айрымдар кандай алсыздыктар менен күрөшүп келет жана андай алсыздыктардан качан биротоло арылабыз?

9 Мисал үчүн, тамекини же баңгизатты таштаган айрым ишенимдештерибиздин кээде ал заттарды дагы эле эңсей берерин билет чыгарбыз. Кээ бирөөлөр үчүн болсо, тамакты же спирт ичимдиктерин чеги менен ичүү кыйынга турат. Башкалар үчүн тилин ооздуктоо оңой эмес, ошондуктан алар сөзүнөн көп жаңылышат. Мындай кемчиликтерди жеңүү үчүн, өзүн өзү башкара билүүнү өрчүтүүгө талыкпай умтулуу зарыл. Эмне себептен? Жакып 3:2де: «Баарыбыз көп жаңылабыз. Оозунан жаңылбаган адам — бүт денесин ооздуктай алган жеткилең адам»,— деп реалдуу айтылган. Дагы бирөөлөр кумар ойноону самашат. Башкалары өзүн өзү кармай билүү жагынан кыйналышат. Ушул же ушу сыяктуу алсыздыктарды жеңе билүүгө үйрөнүү үчүн убакыт талап кылынышы мүмкүн. Жакшы натыйжаларга азыртан эле жете алсак да, туура эмес каалоолор түп-тамыры менен жеткилеңдикке жеткенибизде гана жок болот. Ал эми азыр өзүбүздү башкара билүүгө умтулганыбыз мурункудай күнөөгө батып жашабоого жардам берет. Келгиле, бул тынымсыз күрөш биротоло токтогуча багынбоого бири-бирибизге көмөктөшөлү (Элчилер 14:21, 22).

10. а) Эмнеге айрымдар үчүн жыныстык мамилелерге байланыштуу маселелерде өзүн өзү башкара билүү өзгөчө оор? б) Бир ишенимдешибиз кандай чоң өзгөрүү жасаган? (10-беттеги кутучаны карагыла.)

10 Айрымдар үчүн өзүн өзү башкара билүү сапатын жыныстык мамилелерге байланыштуу маселелерде чагылдыруу кыйынга турат. Негизи, Жахаба Кудай адамдарды жыныстык муктаждык менен жараткан. Бирок кээ бирөөлөр үчүн жыныстык мамилелерге карата Кудайдын нормаларына ылайык тең салмактуу көзкарашта болуу өзгөчө оор. Алардын жыныстык каалоолорунун айрыкча күчтүү болгону бул кыйынчылыкты ого бетер күчөтүшү мүмкүн. Биз секске баш-оту менен берилген, дене кумарын ар кандай жолдор менен күчөтүүгө умтулган дүйнөдө жашап жатабыз. Бул, жок дегенде, бир канча убак аралыгында никеге турбай Кудайга көбүрөөк кызмат кылгысы келген Ыйсанын жолдоочуларына кыйынчылык туудурушу ыктымал (1 Корунттуктарга 7:32, 33, 37, 38, «ЖД»). Ошондуктан, Ыйык Жазманын «кумарлангандан көрө үйлөнгөн жакшы» деген көрсөтмөсү боюнча, алар үйлөнүүнү, никеге турууну чечиши мүмкүн. Ошол эле учурда алар Ыйык Китептин кеңешине ылайык, «Теңирге ишенген адам» менен гана баш кошууга чечкиндүү (1 Корунттуктарга 7:9, 39). Алардын адил принциптерге карманууга кызыкдар болгону Жахабаны кубантары шексиз. Рухий биртуугандары да адеп-ахлактыктын бийик нормаларын жана ишенимдүүлүгүн сактаган ушундай чыныгы кызматчылар менен пикирдеш экенине кубанышат.

11. Үй-бүлө курууну каалап, бирок тилегине жетпей жүргөн биртууганга кантип жардам бере алабыз?

11 Ылайыктуу түгөй табылбай жатсачы? Үй-бүлө курууну каалап, бирок тилегине жетпей жүргөн адамдын кандай кайгы-капа тартарын элестетсеңер! Ал досторунун үйлүү-жайлуу болуп, кайсы бир деңгээлде бакытка бөлөнгөнүн көрүп, өзүнүн дагеле өмүрлүк жолдош издеп жүргөнүн ойлойт. Андай жагдайда кээ бирөөлөр мастурбация деген таза эмес адат менен күрөшүп жүрүшү мүмкүн. Кандай болбосун, Ыйсанын эч бир жолдоочусу адеп-ахлактык тазалыгын сактоо үчүн күрөшүп жаткан бирөөнүн көңүлүн оорутуп алгысы келбейт. «Качан үй-бүлө курасың?» деген сыяктуу ойлонбой берген суроолорубуз ага катуу тийиши ыктымал. Андай суроолорду жаман ой менен бербесек да, тилибизди ооздуктап, өзүн өзү башкара билүү сапатын чагылдырганыбыз дурус! (Забур 38:2). Адеп-ахлактык тазалыгын сактап жүргөн бойдок ишенимдештерибиз чын ыкластуу мактообузга татыйт. Көңүл оорутарлык нерсе айткандан көрө, аларды кубаттандырууга умтулганыбыз абзел. Мисалы, рухий жактан жетилген биртуугандардын чакан тобу чайга же өз ара пайдалуу пикирлешүүгө чогулганда, бойдокторду да чакырууга аракеттенсек болот.

Өзүн өзү башкара билүүнүн никедеги ролу

12. Эмне үчүн никеде тургандар да өзүн өзү башкара билүүгө муктаж?

12 Никеде туруунун өзү жыныстык мамилелерде өзүн өзү башкара билүүнүн зарылдыгын жоюп салбайт. Маселен, күйөөсү менен аялынын жыныстык муктаждыктары бири-бириникинен кыйла айырмаланышы мүмкүн. Же бирөөсүнүн денсоолугу кээде жыныстык катнаштарды кыйындатышы же жадагалса аларга жол бербеши ыктымал. Балким, башынан өткөн нерселерден улам жубайлардын бирине: «Күйөөсү аялына карата, аялы күйөөсүнө карата жубайлык милдетин аткарсын»,— деген көрсөтмөгө баш ийүү кыйынга тураттыр. Мындай жагдайда берки жубай өзүн өзү башкара билүүгө көбүрөөк муктаж болушу мүмкүн. Бирок Пабылдын никелүү ишенимдештерине: «Өз ара макулдашкандан кийин, орозо тутуу жана сыйынуу үчүн гана бири-бириңерден убактылуу алыс болгула. Андан кийин кайрадан бирге болгула, өзүңөрдү кармай албаганыңардан пайдаланып, шайтан азгырып кетпесин»,— деп сүйүү менен берген кеңешин экөө тең унутпашы керек (1 Корунттуктарга 7:3, 5).

13. Өздөрүн башкара билүү үчүн күрөшүп жаткандарга кантип жардам бере алабыз?

13 Жубайлардын экөө тең ушул эң бир купуя мамилелеринде өздөрүн башкара билүүгө үйрөнө алышса, анда бул кубанычтуу. Ошол эле учурда алардын ушундай кыйынчылык менен дагы деле күрөшүп келаткан ишенимдештерине түшүнүү менен мамиле кылганы зарыл. Рухий биртуугандарыбыз өзүн өзү башкара билүү жана туура эмес каалоолорду жеңүү жагынан кадамдарды жасай алышы үчүн, биз Жахабадан аларга кыраакылык, кайраттуулук жана чечкиндүүлүк беришин өтүнүп тиленүүнү унутпашыбыз керек (Филипиликтерге 4:6, 7).

Бири-бирибизге жардам бере берели

14. Эмне үчүн ишенимдештерибизге боор ооруу, түшүнүү менен мамиле кылышыбыз керек?

14 Өзүн өзү башкара билүү бизге кайсы бир жактан кыйынчылык туудурбаса, анда ошол жактан күрөшүп келаткан ишенимдештерибизди түшүнүү кээде кыйын болушу мүмкүн. Бирок адамдар табиятынан ар кандай болот: кээ бирөөлөрү сезимдерге оңой алдырат, башкалары кармана билет. Айрымдарга өздөрүн башкаруу салыштырмалуу оңой, бул аларга чоң деле кыйынчылык туудурбайт. Башкалар үчүн кыйыныраак. Бирок күрөшүп жаткан биртуугандын жаман адам эмес экенин унутпайлы. Ишенимдештерибиз биздин түшүнүү, боор ооруу менен мамиле кылышыбызга муктаж. Ыйсанын Матай 5:7де жазылган сөздөрү айкындап тургандай, өзүн өзү башкара билүү сапатын өрчүтүүгө аракеттенип жаткандарга ырайым көрсөткөнүбүз өзүбүздүн бактылуу болушубузга өбөлгө түзөт.

15. Өзүн өзү башкара билүүгө карата колдонгондо, Забур 129:3төгү сөздөр эмне үчүн жубатарлык десек болот?

15 Кайсы бир учурда өзүн өзү башкара албай калган биртууганыбыз тууралуу эч качан жаман ойдо болгубуз келбейт. Жахабанын ал сапатты бир жолу көрсөтө албай калганыбызды көргөндөн сырткары, көп жолу көрсөткөнүбүздү (муну ишенимдештерибиз байкабаган күндө да) көрөрүн билүү бизди кандай гана бекемдейт! Забур 129:3төгү: «Теңирим, эгерде Сен мыйзамсыздыктын баарын эсиңе ала берсең, Теңирим, анда ким туруштук бере алат?» — деген сөздөрдү эсибизде сактоо бизге зор жубатуу берет.

16, 17. а) Өзүн өзү башкара билүүгө байланыштуу Галаттыктарга 6:2, 5-аяттарды кантип колдонсок болот? б) Өзүн өзү башкара билүүгө байланыштуу эмки макалада эмнелер каралат?

16 Жахабанын жактыруусуна ээ болуу үчүн, өзүн өзү башкара билүү сапатын ар бирибиз жекече өрчүтүшүбүз керек, ошол эле учурда рухий биртуугандарыбыздын жардамына да таяна алабыз. Ар ким өзүнө тапшырылган жоопкерчиликтердин жүгүн көтөрүүгө тийиш болсо да, биз бири-бирибизге алсыздыктарыбызды жеңүүгө жардам берүүгө чакырылабыз (Галаттыктарга 6:2, 5). Биз барбаш керек болгон жерлерге барбоого, көрбөш керек болгон нерселерди көрбөөгө же кылбаш керек болгон нерселерди кылбоого жардам берген ата-энебизди, өмүрлүк жарыбызды же досубузду жогору бааласак болот. Анткени алар бизге өзүбүздү башкара билүүгө — «жок» деп айтууга жана ошого жараша иш кылууга — көмөк көрсөтүп жатышат!

17 Ыйсанын көп жолдоочулары өзүн өзү башкара билүүгө карата жогоруда айтылгандарга ылайык жашап жатышса да, дагы көп жактан оңолуу керектигин сезиши ыктымал. Алар өзүн өзү башкара билүүгө мүмкүн болушунча көбүрөөк, жеткилеңсиз адамдардан күтүү акылга сыярлык болгон деңгээлде үйрөнүүнү каалашат. Сен да ушуну каалайсыңбы? Анда рухтун жемишине кирген бул сапатты өрчүтүү үчүн эмне кылууга болот? Ошондой эле кандайча бул Ыйсанын жолдоочусу катары алдыңа койгон узак мөөнөттүү максаттарыңа жетүүгө жардам бере алат? Бул суроолор эмки макалада каралат.

Эсиңердеби?

Эмне себептен өзүн өзү башкара билүү...

• .Ыйсанын жолдоочулары үчүн маанилүү сапат болуп саналат?

• кээ бирөөлөр үчүн өзгөчө оор?

• никеде маанилүү роль ойнойт?

• сапатын өрчүтүүгө бири-бирибизге жардам беришибиз керек?

[Изилдөө суроолору]

[10–беттеги кутуча]

Ал «жок» деп айтууга үйрөнгөн

Германияда жашаган бир Күбө телекоммуникация компаниясында иштечү. Иштеген жеринде ал 30дай сыналгы жана үналгы каналдарынын иштөө сапатын текшерип турууга тийиш эле. Экранда тоскоолдуктар пайда болгондо, ал мунун себебин табуу үчүн программага көңүл бурушу керек болчу. «Тоскоолдуктар ар дайым ылайыксыз учурда: зордук-зомбулук же бузукулук көрсөтүлгөндө пайда боло калгандай сыяктанчу. Ошондой жаман көрүнүштөр мээме сиңип калгандай сезилчү жана бир нече күн, кээде бир нече жума бою оюман кетпей туруп алчу»,— дейт ал. Бул рухийлигине терс таасир тийгизгенин мойнуна алып, ал мындай дейт: «Өзүм мүнөзү чукулураак адаммын, андыктан экрандан көрсөтүлгөн зордук-зомбулуктар өзүмдү башкара билүүгө ого бетер тоскоол болду. Бузукулукту камтыган көрсөтүүлөр болсо аялым экөөбүздүн мамилебизге кесепетин тийгизди. Мага ал таасирлер менен күнүгө күрөшүүгө туура келчү. Ошондуктан, бул күрөштө жеңилип калбашым үчүн, айлыгы азыраак болсо да башка жумуш издөөнү чечтим. Тилегим ишке ашып, көп өтпөй башка жумушка орношо алдым».

[9-беттеги сүрөт]

Ыйык Китепти изилдөө өзүбүздү башкара билүүгө жардам берет.