Мазмунун көрсөтүү

Ар бир жагдай үчүн ыйык китептик мыйзам керекпи?

Ар бир жагдай үчүн ыйык китептик мыйзам керекпи?

Ар бир жагдай үчүн ыйык китептик мыйзам керекпи?

КИЧИНЕКЕЙ кезиңерде ата-энеңер «тигиндей кыл же мындай кыл» деп көп жолу айткан чыгар. Чоңойгон сайын алардын силерге жакшылык каалагандыктан ошенткенин түшүнүп, аларга ыраазы болгонуңарга шек жок. Чоң киши болуп, көп нерсени өз алдыңарча кылып калсаңар да, балким, дагы деле алар үйрөткөн айрым эрежелерге карманып жатсаңар керек.

Асмандагы Атабыз Жахаба өзүнүн Сөзү, Ыйык Китеп, аркылуу көптөгөн так-айкын көрсөтмөлөрдү берип келет. Мисал үчүн, ал бурканга сыйынууга, бузуктукка, ойноштукка, уурулукка тыюу салат (Чыгуу 20:1—17; Элчилер 15:28, 29). Биз рухий жактан өсүп, «бардык жагынан жетилген» сайын, Жахабанын мыйзамдарды бизди чектеш үчүн эмес, жакшы көргөндүктөн бергенин түшүнүп, ага ыраазы боло баштайбыз (Эфестиктер 4:15; Ышая 48:17, 18; 54:13).

Бирок Ыйык Китепте ар бир жагдай үчүн так көрсөтмө жок. Ошон үчүн айрымдар «кандай кааласам, ошондой кылсам болот» деп ойлошот. Алар: «Эгер Кудай зарыл деп эсептесе, сөзсүз мыйзам бермек»,— дешет.

Ушинтип ойлогондор көбүнчө туура эмес чечим чыгарып, кийин бармагын тиштеп калышат. Алар Ыйык Китепте так мыйзамдар эле эмес, Кудайга эмне жагар-жакпасы да жазылганын аңдай беришпейт. Ыйык Китепти изилдегенде биз Жахабанын көз карашы боюнча эмне туура, эмне туура эмес экенин билебиз. Бул болсо абийирибизди тарбиялаганга, туура чечим чыгарганга жардам берет. Мунун аркасында Жахабаны кубантабыз, өзүбүз да бактылуу болобуз (Эфестиктер 5:1).

Мыкты үлгү калтырган байыркы убактагы инсандар

Ыйык Китепте Жахабанын байыркы учурдагы кызматчылары жөнүндө билдирүүлөр көп. Кайсы бир жагдайга байланыштуу так-айкын көрсөтмө жок болсо да, алар Жахабага жаккандай иш кылып, аны кубантышкан. Анда Жусуптун үлгүсүнө токтолуп көрөлү. Потипардын аялы аны ойноштук кылганга азгырганда, андай ишке баруунун туура эмес экенин көрсөткөн мыйзам жок болчу. Ошондой болсо да, Жусуп ойноштуктун туура эмес экенин жана «Кудайга каршы күнөө» болуп каларын түшүнгөн (Башталыш 39:9). Ал Жахабанын Адам ата менен Обо энеге жубайлар бири-бирине берилгендик сакташы керектигин айтканын билсе керек (Башталыш 2:24).

Дагы бир инсандын үлгүсүнө токтололу. Элчилер 16:3төн Пабылдын Тиметейди өзү менен кошо миссионердик сапарга алып чыгардын алдында аны сүннөткө отургузганын билебиз. 4-аяттан болсо алардын ошондон кийин шаарларды кыдырып, бир туугандарга «Иерусалимдеги элчилер менен аксакалдар чыгарган чечимдерди, айтып жүрүшкөнүн» окуйбуз. Ал чечимдердин биринде Машаяктын жолдоочуларынан сүннөткө отургузулуу талап кылынбай калганы айтылган (Элчилер 15:5, 6, 28, 29). Анда Пабыл эмне үчүн Тиметейди сүннөткө отургузган? Анткени «ошол жердеги жүйүттөрдүн» «баары анын [Тиметейдин] атасынын грек болгонун билишчү». Пабыл эч кимдин мүдүрүлүшүн каалаган эмес. Ал Машаяктын жолдоочулары «Кудайдын алдында [өздөрүн] бардык адамдардын абийирине үлгү болгудай алып жүрүшүнө» олуттуу маани берген (2 Корунттуктар 4:2; 1 Корунттуктар 9:19—23).

Мындай иш кылуу Пабыл менен Тиметейге мүнөздүү болгон. Мисалы, Римдиктер 14:15, 20, 21де жана 1 Корунттуктар 8:9—13; 10:23—33-аяттарда жазылгандардан Пабылдын башкалардын Кудай менен болгон мамилесине чындап кызыкдар болгонун билсе болот. Ал башкаларды мүдүрүлтпөш үчүн туура эмес деп эсептелбеген иштерден да баш тартканга даяр болгон. Ал эми Тиметей жөнүндө ал мындай деп жазган: «Аныкындай маанайга ээ болгон жана силерге чын жүрөктөн кам көрө турган башка эч кимим жок. Башкалардын баары Машаяк Исага жакканды эмес, өздөрүнө жакканды көздөшөт. Ал эми Тиметейдин өзүн кандай кызматчы катары көрсөткөнүн, атасына жардам берген балага окшоп, жакшы кабар таратууда мени менен бирге кулдай кызмат кылганын билесиңер» (Филипиликтер 2:20—22). Ооба, Пабыл менен Тиметей биз үчүн мыкты үлгү калтырышкан! Так-айкын көрсөтмө жок учурларда алар өздөрүнө жакканды кылбай, Жахаба менен анын Уулу Исаны туурашкан. Тагыраак айтканда, чыгарган чечимдери башкалардын Кудайга кылган кызматына кандай таасир этерин эске алышкан.

Эми Иса жөнүндө сүйлөшөлү. Ал бизге эң мыкты үлгү калтырган. Тоодо айткан насаатында Жахабанын мыйзамдарына баш ийип койгондон да көптү кылышыбыз керектигин түшүндүргөн. Биз Жахабанын кайсы бир мыйзамды эмне үчүн бергени жөнүндө ой жүгүртүшүбүз керек. Натыйжада ошол сыяктуу жагдайларда туура чечим чыгара алабыз (Матай 5:21, 22, 27, 28). Иса да, Пабыл да, Тиметей да, Жусуп да кайсы бир жагдайга байланыштуу айкын көрсөтмө жок болгон учурларда өзүбүз каалагандай кылсак болот деп ойлошкон эмес. Алар Иса айткан эң маанилүү эки осуятка карманып жашап, бардык нерсеге карата Кудайдыкындай көз карашта болгонго аракет кылышкан. Иса болсо Кудайды жана жакыныңды сүй деген осуят берген (Матай 22:36—40).

Бүгүнкү күндөгү Кудайдын кызматчылары

Ыйык Китепти эмне кылышыбыз керектиги ийне-жибине чейин жазылган юридикалык документтей көрбөшүбүз керек. Кандайдыр бир так-айкын көрсөтмө жок болгон учурларда Жахабанын көз карашына ылайык келген чечимдерди чыгарсак, ал аябай кубанат. Башкача айтканда, ар бир жагдай үчүн Ыйык Китептен мыйзам издей бербей, «Жахабанын эркин таанып-биле бергенге» аракет кылсак болот (Эфестиктер 5:17; Римдиктер 12:2). Мындай кылганыбыз эмне үчүн Жахабага жагат? Анткени бул «укугум бар» деп өзүбүзгө жакканды кылбай, ага жакканды кылгыбыз келерин көрсөтөт. Ошондой эле бул анын сүйүүсүнө ыраазы экенибизди жана аны туурап, башкаларга да сүйүү көрсөткүбүз келерин айгинелейт (Накыл сөздөр 23:15; 27:11). Мындан тышкары, Ыйык Жазмадан Жахабанын эмне кылышыбызды каалаарын биле берсек, аны менен болгон мамилебиз бекем болот жана ден соолугубузга да жакшы таасир этет.

Анда келгиле, кантип туура чечим чыгарсак болоруна токтололу.

Көңүл ачуу

Кайсы бир ырчынын ырларын угуп көрсөмбү деп ойлонуп жаткан жаш бир тууганыбызды мисалга алалы. Ага анын ырларынын музыкасы жагып калат. Бирок ал ырларда жаман сөздөр жана адеп-ахлаксыздык камтыларын байкайт. Ошондой эле анын музыкасы кишини ызырынып, зордук-зомбулук кылууга үндөөрүн түшүнөт. Ал жаш бир тууганыбыз Жахабаны жакшы көргөндүктөн анын көз карашын жана сезимдерин эске алат. Бул жагынан ал Жахабанын эркин кантип таанып-биле алат?

Галатиялыктарга жазган катында элчи Пабыл күнөөкөр дененин иштери менен Кудайдын рухунун жемишине кирген сапаттарды санап өткөн. Кудайдын рухунун жемишине сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамкайлык, боорукердик, жакшылык, ишеним, жумшактык, өзүн өзү кармай билүү деген сапаттардын кирерин билет болушуң керек. Ал эми дененин иштерине эмнелер кирет? Пабыл бул жөнүндө мындай деп жазган: «Күнөөгө баткан дененин иштери болсо белгилүү: алар — бузуктук, ыпыластык, уятсыз жүрүм-турум, бурканга табынуучулук, спиритизмге аралашуу, касташуу, чыр-чатак, көрө албастык, ачууга алдыруу, араздашуу, бөлүнүүчүлүк, сектачылык, ичи тарлык, аракечтик, жосунсуз той-тамашалар жана башка ушу сыяктуу нерселер. Буларга байланыштуу силерге, мурун эскерткенимдей эле, дагы эскертем: мындай иштерди кылып жүргөндөр Кудайдын Падышалыгын мурасташпайт» (Галатиялыктар 5:19—23).

Пабыл санап өткөн иштердин «жана башка ушу сыяктуу нерселер» деген сөздөр менен аяктаганына көңүл бурсаң. Ал дененин иштерине кирген жаман нерселердин баарын айткан эмес. Андыктан кимдир бирөөнүн: «Пабыл айтпаган иштерди кыла берсем болот. Ыйык Китепте буга тыюу салынбайт»,— деп айтканы туура эмес болуп калмак. Анын ордуна, баарыбыз тең акыл жөндөмүбүздү колдонуп, кайсы бир иштердин «жана башка ушу сыяктуу нерселерге» кирер-кирбесин аныкташыбыз керек. Пабыл айткан тизмеде жок, бирок «ушу сыяктуу» иштерди атайылап кыла бергендер Кудайдын Падышалыгы төгө турган баталарды алышпайт.

Андыктан Жахаба эмнелерди туура эмес деп эсептээрин аныктай билгенибиз маанилүү. Мындай кылуу оорбу? Доктур сага: «Мөмө-жемишти, жашылчаны көбүрөөк же. Ал эми таттуу-паттууну, бал муздакты жана башка ушул сыяктуу нерселерди жебе»,— деди деп коёлу. Ошондо сага таттуу токочтун ушул эки нерсенин кайсынысына кирерин аныктоо кыйынга турат беле? Эми кайрадан рухтун жемиши менен дененин иштери жөнүндө ойлонуп көрөлү. Жогоруда сөз болгон ырчынын ырлары ушу экөөнүн кайсынысына кирип калат деп ойлойсуң? Анын ырларында Кудайдын рухунун жемишине кирген сүйүү, жакшылык, өзүн-өзү кармай билүү деген сыяктуу сапаттардын бири да жок. Мисалдагы жаш бир тууганга андай музыканын Жахабага жагар-жакпасын аныктаганга так-айкын мыйзамдын кереги жок. Ушул эле принцип китеп-журналдарга, кинолорго, телеберүүлөргө, видеооюндарына, веб-сайттарга жана башка ушул сыяктуу нерселерге да тиешелүү.

Сырткы көрүнүш

Ыйык Китепте кийимге, сырткы көрүнүшкө байланыштуу да принциптер бар. Алар Машаяктын жолдоочуларына адептүү кийингенге жардам берет. Ошол принциптерге кармансак, өзүбүзгө эмес, Жахабага жакканды кылып, аны жакшы көрөрүбүздү далилдейбиз. Жогорудан билгенибиздей, Жахаба кайсы бир маселеге карата так-айкын көрсөтмөлөрдү бере бербейт. Бирок бул анын кызматчылары менен иши жок экенин билдирбейт. Кийимдин стили ар кайсы жерде ар кандай жана маал-маалы менен өзгөрүп да турат. Бирок Жахабанын эли кайсы жерде жашабасын, дайыма ал берген принциптерге карманышы керек.

Мисалы, 1 Тиметей 2:9, 10до мындай делет: «Ошо сыяктуу эле, аялдар өздөрүн өзгөчө өрүлгөн чачы, алтын, бермет же абдан кымбат кийим менен эмес, тыкан кийим менен, уят-сыйыттуулук жана акыл-эстүүлүк менен, Кудайга сыйынарын ырастаган аялдарга мүнөздүү жакшы иштер менен жасалгалашсын». Демек, Машаяктын жолун жолдогон аялдар жана эркектер өздөрү жашаган жердеги элдин көз карашын эске алып, адептүү кийиниши керек. Бул аябай маанилүү, анткени кийген кийимибиз адамдардын Ыйык Китептеги кабарга кулак кагар-какпасына таасир этиши мүмкүн (2 Корунттуктар 6:3). Машаяктын үлгүлүү жолдоочусу өзүнүн укуктарын же кызыкчылыктарын көздөбөйт. Ал эч кимдин мүдүрүлүшүнө себеп болгусу келбейт. Ошондой эле башкалардын анын сырткы көрүнүшүнө алаксыбай, жакшы кабарга кулак төшөшүн каалайт (Матай 18:6; Филипиликтер 1:10).

Кудайдын кызматчысынын кайсы бир кийими башкаларды мүдүрүлтүшү же жакшы кабардан алаксытышы мүмкүн. Андайда ал эмне кылса болот? Элчи Пабылды туурап, алардын рухий жыргалчылыгын көздөшү жана зарыл өзгөрүүлөрдү жасашы керек. Пабыл: «Мен Машаяктан үлгү алгандай, силер да менден үлгү алгыла»,— деген (1 Корунттуктар 11:1). Иса тууралуу болсо: «Машаяк да өзүнө гана жакканды кылган эмес»,— деп жазган. Муну менен Пабыл Кудайдын кызматчыларына мындай дегиси келген: «Биз, күчтүүлөр, ишеними алсыздардын алсыз жактарын көтөрүшүбүз керек. Өзүбүзгө гана жакканды кылбай, ар бирибиз жакыныбызга жакканды кылып, бекемдеш үчүн анын пайдасын көздөйлү» (Римдиктер 15:1—3).

Акылыбызды «курчуталы»

Так-айкын көрсөтмө жок болгон жагдайларда Жахабага жаккандай чечим чыгарыш үчүн канткенде акылыбызды «курчута» алабыз? Эгер Ыйык Китепти күнүгө окусак, үзгүлтүксүз изилдесек, окугандарыбыз жөнүндө ой жүгүртсөк, акылыбызды «курчуткан» болобуз. Бирок бул тез эле боло койбойт. Буга убакыт керек. Рухий өсүш, ымыркайдын чоңоюп-өсүшү сыяктуу эле, акырындап болот жана дароо байкала бербейт. Андыктан чыдамдуулук талап кылынат. Эгер рухий жактан өсүп, жакшырып жатканыбыз дароо эле байкалбаса, көңүлүбүздү чөгөрбөшүбүз керек. Ошол эле учурда бул убакыт өтө берсе эле, акылыбыз өзүнөн өзү «курчуй» берет дегенди билдирбейт. Биз ошол убакытты туура пайдаланып, жогоруда айтылгандай, Кудайдын Сөзүн дайыма окуп-изилдешибиз керек. Ошондой эле анда жазылгандарды жашообузда колдонгонго бүт күчүбүздү жумшашыбыз кажет (Еврейлер 5:14).

Ыйык Китептеги мыйзамдарды аткарыш керек болгондо Кудайга баш иер-ийбесибиз сыналат. Ал эми принциптерге карманыш керек болгондо рухийлигибиздин деңгээли жана Кудайга канчалык жаккыбыз келери сыналат. Рухий жактан өскөн сайын, Жахабадан жана анын Уулунан үлгү алганга көбүрөөк маани бере баштайбыз. Натыйжада кандайдыр бир чечим чыгарарда Жахабанын көз карашын эске алганга дилгир болуп калабыз. Анын көз карашы болсо Ыйык Китепте жазылган. Кандай иш кылбайлы, асмандагы Атабыздын жүрөгүн кубантсак, өзүбүздүн да кубанычыбыз арта берет.

[Сүрөт]

Кийимдин стили ар кайсы жерде ар кандай. Бирок биз кийим тандоодо Ыйык Китептеги принциптерге жетектелишибиз керек