Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Башталыш китебиндеги урунттуу ойлор (1-бөлүк)

Башталыш китебиндеги урунттуу ойлор (1-бөлүк)

Жахабанын Сөзү тирүү

Башталыш китебиндеги урунттуу ойлор (1-бөлүк)

БАШТАЛЫШ китебинде Ааламдын кантип жаралганы, жер бети адамдардын анда жашай алышы үчүн кандайча даярдалгандыгы жана адамдын өзүнүн кантип пайда болгондугу тууралуу баяндалат. Муса бул китепти Синай чөлүндө жүргөндө жазып, б.з.ч. 1513-жылы түзүп бүткөн өңдөнөт.

Башталыш китебинде Топон сууга чейинки дүйнөнүн кандай болгондугу жана ал алааматтан кийин башталган жаңы доордо болуп өткөн окуялар, ошондой эле Жахаба Кудайдын Ыбрайым, Жакып жана Жусуптарга кандай мамиле жасагандыгы жөнүндө айтылат. Бул макалада Башталыш китебинин 1:1—11:9-аяттарындагы, тактап айтканда, Жахаба Ыбрайым пайгамбар менен мамилелеше баштаганга чейин болуп өткөн окуялар жөнүндөгү билдирүүлөрдөгү урунттуу ойлор каралат.

ТОПОН СУУГА ЧЕЙИНКИ ДҮЙНӨ

(Башталыш 1:1—7:24)

Башталыш китебиндеги «эң башында» деген сөздөр көңүлүбүздү миллиарддаган жылдар мурун болуп өткөндөргө бурдурат. Алты жаратуу «күнү» же өзгөчө жаратуу иштери жүргүзүлгөн убак аралыгында болуп өткөн окуялар адам аларды өз көзү менен көрүп, байкоо жүргүзгөндөй кылып баяндалып берилет. Алтынчы күндүн аяк ченинде Кудай адамды жаратат. Адамдар тил албастыгынын айынан Бейиштен айрылышса да, Жахаба үмүтсүз калтырган эмес. Ыйык Китепте жазылган эң биринчи пайгамбарлыкта күнөөнүн кесепеттерин жоюп, Шайтандын башын жанчый турган «тукум» жөнүндө айтылат.

Шайтан ал окуялардан кийинки он алты кылым бою Абыл, Энох жана Нух сыяктуу саналуу эле ишенимдүү адамдардан башкаларынын баарын Кудайдан алыстатып келген. Мисалы, Кабыл өзүнүн адил биртууганы Абылды өлтүрөт. Ал кезде адамдар «[«Жахабанын», «ЖД»] атын чакыра башташкан», сыягы, тийиштүү түрдө урмат көрсөтүү менен эмес. Ошол убакта өкүм сүргөн зордук-зомбулукчул маанайды чагылдырып, Лемек өзүн коргоо максатында бир баланы өлтүрүптүр жана ошонусуна мактанып ыр чыгарган. Ал эми тилазар периштелер аял алышып, алардан зөөкүр дөөлөр төрөлө баштаганда жер бетиндеги абал ого бетер начарлайт. Ушулардын бардыгына карабастан, ишенимдүү Нух кеме курат, замандаштарына Топон суу жүрөрү жөнүндө эскертет жана ал кыйратуучу алааматтан үй-бүлөсү менен амат калат.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

1:16—Чырактар төртүнчү күнү жаратылган болсо, жарык биринчи күнү «пайда болгон» дегенди кандайча түшүнсө болот? Ыйык Китептин түпнускасында биринчи баптын 16-аятында жана 1, 21, 27-аяттарында «жаратты» дегенге карата эки башка эврей сөзү колдонулат. «Асман» чырактар менен бирге биринчи жаратуу күнүнөн алда канча мурун жаратылган болчу. Бирок ал чырактардын жарыгы жер бетине жеткен эмес. Биринчи күнү «жарык пайда болгонунун» себеби чачылып начар тийген жарык булуттардан өтүп жерге түшө баштайт. Анан Жер айлангандыктан, күн менен түн алмаша баштаган (Башталыш 1:1—3, 5). А бирок жарык булактары мурдагыдай эле жер бетинен көрүнчү эмес. Ал эми төртүнчү жаратуу күнүндө байкабай калууга мүмкүн болбогон чоң өзгөрүү болгон: Күн, Ай жана жылдыздар «жерге жарык бере» баштаган (Башталыш 1:17). Демек, Кудай аларды «жаратты» делгени алардын жер бетинен көрүнө баштаганын туюнтат.

3:8—Жахаба Кудай Адам ата менен өзү сүйлөшкөнбү? Ыйык Китептен көрүнүп тургандай, Кудай адамдар менен көп учурда периштелери аркылуу сүйлөшчү (Башталыш 16:7—11; 18:1—3, 22—26; 19:1; Башкаруучулар 2:1—4; 6:11—16, 22; 13:15—22). Кудайдын баарынан жогору турган өкүлү «Сөз» деп аталган жана өзү жалгыз жараткан Уулу болгон (Жакан 1:1). Кудайдын Адам ата жана Обо эне менен ошол «Сөз» аркылуу сүйлөшкөнү толук мүмкүн (Башталыш 1:26—28; 2:16; 3:8—13).

3:17—Жер кандай мааниде каргышка калган жана ал каргыш канчага чейин созулган? Жердин каргышка калышы тикенек менен отоо чөп басып кеткен жерди андан ары иштетүү оңойго турбасын билдирген. Адам атанын урпактары ал каргыштын кесепетин жонтерилери менен сезишкенде, Нухтун атасы Лемек «Жахаба каргаган жерди иштетүүдө жабыркаган кол» жөнүндө айткан (Башталыш 5:29, МАК). Топон суудан кийин Жахаба Нухка жана анын уулдарына батасын берип, жер бетин адамдарга толтурууну буйрук кылган (Башталыш 9:1). Жерге карата айтылган каргыш, сыягы, ошондо күчүн жоготкон окшойт (Башталыш 13:10).

4:15—Жахаба кандайча «Кабылга... белги» койгон? Ыйык Китепте Кабылга түзмө түз кандайдыр бир белги коюлганы же тамга салынганы тууралуу айтылбайт. Ал жышаан же белги, сыягы, башкалар билген жана сактоого тийиш болгон катуу буйрукту билдирген: Кабылды өч алуу максатында өлтүрүүгө тыюу салынган.

4:17—Кабыл аялын каяктан алган? Адам атадан «уул-кыздар төрөлгөн» (Башталыш 5:4). Демек, Кабыл өзүнүн эле карындаштарынын же инилеринин кыздарынын бирине үйлөнгөн көрүнөт. Кийинчерээк Кудай берген Мыйзамда ысрайыл элине биртууганына турмушка чыгууга жана үйлөнүүгө тыюу салынган (Лебилер 18:9).

5:24—Кандай мааниде Кудай Энохту «алып кеткен»? Энох кандайдыр бир өлүм коркунучунда турса керек, бирок Кудай анын душмандарынын колунан өлүшүнө жол берген эмес. Элчи Пабылдын айтымында, «Энох өлүмдү көрбөгөндөй болуп көчүрүлгөн» (Эврейлерге 11:5, «ЖД»). Бул сөздөр Кудайдын Энохту асманга алып кеткенин жана ал пайгамбар жашоосун ошол жерде улантканын билдирбейт. Асманга биринчи болуп Ыйса көтөрүлгөн (Жакан 3:13; Эврейлерге 6:19, 20). «Энох өлүмдү көрбөгөндөй болуп көчүрүлгөн» деген сөздөр төмөнкүнү билдириши мүмкүн: Кудай аны өзгөчө сезимге батыргандан кийин пайгамбарлык көрүнүштү берип, андан соң жашоосун токтотуп койгон. Натыйжада Энох жабыр тарткан эмес, тактап айтканда, душмандарынын колунан «өлгөн жок».

6:6—Жахаба адамды жаратканына кандай мааниде «өкүнгөн»? «Өкүндү» деп которулган эврей сөзү мамиленин же ой-максаттын өзгөрүшүн билдирет. Жахаба жеткилең болгондуктан, адамды жаратып жатканда ката кетириши мүмкүн эмес болчу. А бирок анын Топон сууга чейин жашаган жаман адамдарга карата болгон мамилеси өзгөргөн. Мурун адамдарга Жараткан катары мамиле кылып келген Кудай эми аларды жаман жүрүм-турумдары үчүн жок кылууну чечкен. Кудайдын жаман иштерге берилген адамдар үчүн гана «өкүнгөндүгү» анын айрым адамдарды аман сактап калганынан көрүнүп турат (2 Петир 2:5, 9).

7:2—Эмненин негизинде мал адал же арам болуп бөлүнчү? Мал жеген азыгынын эмес, а Кудайга курмандыкка алып келсе болор-болбосунун негизинде адал же арам болуп бөлүнчү. Топон сууга чейин адамдар эт жечү эмес. Жесе боло турган «адал» жана болбой турган «арам» мал деген түшүнүктөр Мусанын мыйзамы берилгенде пайда болуп, кайра ошол Мыйзам менен кошо жоюлган (Элчилер 10:9—16; Эфестиктер 2:15). Сыягы, Нух Кудайга эмнени курмандыкка алып келсе болорун билген көрүнөт. Кемеден чыгары менен ал «Теңирге курмандык чалынуучу жай куруп, ар кандай адал малдан, ар кандай адал канаттуудан алып келип, курмандык чалынуучу жайдын үстүнө бүтүндөй өрттөлчү курмандык чалган» (Башталыш 8:20).

7:11—Топон суудагы суулар кайдан пайда болгон? Жаратуу иштери жүргүзүлгөн экинчи мезгил аралыгында же «күндө» «мейкиндик», тактап айтканда, Жердин атмосферасы пайда болгондо, суулар «мейкиндиктин астында» да, «мейкиндиктин үстүндө» да бар болчу (Башталыш 1:6, 7). «Мейкиндиктин астындагысы» жер бетинде эбак эле пайда болгон суулар болчу. «Мейкиндиктин үстүндөгү» суулар — «зор туңгуюктун бардык булактарын» билдирген эбегейсиз өлчөмдөгү суулар — Нухтун күндөрүндө жер бетине төгүлгөн.

Биз алчу сабактар:

1:26. Адам баласы Кудайдын бейнеси боюнча жаратылгандыктан, анын касиет-сапаттарын чагылдыра алат. Биз, албетте, Жаратканыбызды туурап, сүйүү, ырайымдуулук, боорукердик, жакшылыкчылдык жана чыдамдуулук сыяктуу сапаттарды чыгылдырышыбыз керек.

2:22—24. Никени Кудай негиздеген. Нике түйүнү бузулбай, дайым ыйык тутулушу керек. Үй-бүлөнүн башчысы — күйөө.

3:1—5, 16—23. Бактылуу болушубуз Жахабанын Эгедер экенин кабыл алышыбыздан көзкаранды.

3:18, 19; 5:5; 6:7; 7:23. Жахабанын айткандары ар дайым аткарылат.

4:3—7. Абыл ишеним көрсөткөн адил адам болгондуктан, Жахаба ал алып келген курмандыкты жактырган (Эврейлерге 11:4). Ал эми Кабылдын иш-аракеттери анын ишениминин аздыгын көрсөткөн. Анын иштери жаман болчу, анткени алар акыр-аягы киши өлтүрүүгө түрткөн ачкөздүк жана жек көрүүчүлүк сапаттарын чагылдырып турган (1 Жакан 3:12). Андан сырткары, ал алып келген курмандыгы жөнүндө үстүртөдөн эле ой жүгүртүп, ага анча деле маани берген эмес көрүнөт. Анда биз Жахабага мактоо курмандыктарын чын жүрөктөн жана туура маанайда алып келишибиз кажет эмеспи?

6:22. Кеме курууга эчендеген жылдар кетсе да, Нух Кудай эмне буйрук кылса, ошону аткарган. Ошондуктан ал үй-бүлөсү менен Топон суудан аман калган. Жахаба бизге өзүнүн Сөзү аркылуу кайрылып, уюму аркылуу жетекчилик берет. Аны угуу жана ага тил алуу өзүбүзгө эле пайда.

7:21—24. Жахаба адил адамдарды жамандар менен кошо жок кылбайт.

АДАМЗАТ ҮЧҮН ЖАҢЫ ДООР БАШТАЛГАН

(Башталыш 8:1—11:9)

Топон сууга чейинки дүйнө жок кылынган соң, адамзат жаңы доордун босогосун аттаган. Адамдарга эт жегенге уруксат берилет, бирок канды жебөөгө буйрук кылынат. Жахаба киши өлтүргөн адам өлүм жазасына тартыларын айтат жана экинчи Топон суу болбой турганын убада кылып асан-үсөн келишимин түзөт. Нухтун үч уулунан бүт адамзат тарайт. Нухтун небереси Нимрот «Жахабага каршы болгон күчтүү мергенчи» («ЖД») болуп чыгат. Адамдар болсо укумдап-тукумдап көбөйүп, жер бетин толтургандын ордуна, өздөрүнүн атагын чыгаруу максатында кийин Бабыл деп аталып калган шаар менен мунара курууну чечет. Бирок бул максаттары ишке ашпай калат, себеби Жахаба тилдерди аралаштырып салат да, аларды бүт жер жүзүнө таратып жиберет.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

8:11—Эгер дарактар Топон сууда жок болуп кеткен болсо, көгүчкөн зайтун жалбырагын кайдан таап келген? Муну эки жол менен түшүндүрсө болот. Зайтун дарагы абдан чыдамкай өсүмдүк болгондуктан, Топон суунун убагында бир нече ай бою суунун астында чирибей тура алган. Суулар тартылгандан кийин, андай дарактар кургак топурактарга тийип, жаңы жалбырактар өсүп чыга алмак. Ошондой эле көгүчкөн Нухка алып келген зайтун дарагынын жалбырагы Топон суудан кийин жаңы өсүп чыккан дарактан да болушу мүмкүн.

9:20—25—Эмне үчүн Нух Канаанга каргыш айткан? Сыягы, Канаан чоң атасы Нухка карата кандайдыр бир бузуку иш жасаган. Канаандын атасы Хам аны көрсө да, баласын токтотуп коймок турсун, болгон окуя тууралуу башкаларга айтып кирген. Бирок Нухтун берки эки уулу, Шем менен Жепет, барып атасынын жылаңач денесин жабышат. Бул үчүн алар бата алышкан. Канаан болсо каргышка калган, ал эми атасы Хам тукумдарынын уятка калышы менен жазаланган.

10:25—Пелектин тушунда жер кандай мааниде «бөлүнгөн»? Пелек биздин заманга чейин 2269—2030-жылдарда жашаган. Анын «тушунда» Жахаба Бабылды кургандардын тилдерин аралаштырып, аларды жер жүзүнө таратып жиберүү менен чоң бөлүнүү кылган (Башталыш 11:9). Мына ушундайча Пелектин убагында «жер [же анын тургундары] бөлүнгөн».

Биз алчу сабактар:

9:1; 11:9. Жахабанын ой-ниеттеринин аткарылышына адамдардын эч бир ой-максаттары менен иш-аракеттери тоскоол боло албайт.

10:1—32. Бешинчи жана онунчу баптарда жазылган (ортолору Топон суу жөнүндөгү билдирүү менен бөлүнгөн) генеалогиялык эки билдирүү адамдардын Адам атадан Нухтун үч уулу аркылуу тараганын көрсөтүп турат. Ассириялыктар (ашурлуктар), халдейлер (калдайлар), эврейлер, сириялыктар жана араб элинин айрым уруулары Шемдин тукумдарына кирет. Эфиопиялыктар, египеттиктер (мисирликтер), канаандыктар, арабдардын жана Африка элдеринин айрым уруулары Хамдан келип чыгышкан. Инди-европалыктар — Жепеттин тукумдары. Адамдарын баары бир атадан тараган жана баары Кудай алдында тең укуктуу болуп төрөлөт (Элчилер 17:26). Муну билүү башка адамдарга карата болгон көзкарашыбызга жана аларга жасаган мамилебизге таасир этиши керек.

Кудайдын Сөзү таасирдүү

Башталыш китебинин биринчи бөлүгүндө адамзаттын алгачкы тарыхы тууралуу башка эч жерден табууга мүмкүн эмес так маалыматтар камтылган. Алардан биз Кудайдын адамды жер бетине кандай максат менен жайгаштырганын билебиз. Ошондой эле Нимрот менен болгон окуядан көрүнүп тургандай, Кудайдын ой-ниеттеринин аткарылышына эч нерсе тоскоол боло албаарын билүү да кандай жубатарлык!

Теократиялык мектепке даярданууда ар бир жумага караштырылган ыйык китептик үзүндүлөрдү окуганыңарда «Ыйык китептик суроолорго жооптор» деп аталган бөлүкчөдөгү материалды карасаңар болот. Бул Жазмадагы айрым оор жерлерди түшүнүүгө жардам берет. Ал эми «Биз алчу сабактар» деген бөлүкчөдөгү ойлор ошол билдирүүлөрдөн эмнелерге үйрөнсө болорун көрсөтөт. Ошондой эле ал жердеги ойлорду кызмат жолугушуусундагы жергиликтүү муктаждыктар деген бөлүгү каралганда да негиз катары алса болот. Ооба, Кудайдын Сөзү чынында эле тирүү жана таасирдүү (Эврейлерге 4:12).