Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ишенимдүү да, акылдуу да болгон «кул»

Ишенимдүү да, акылдуу да болгон «кул»

Ишенимдүү да, акылдуу да болгон «кул»

«Кулдардын [«үйүндөгүлөрдүн», «ЖД»] тамагын өз убагында берип турсун деп, кожоюн дайындаган ишенимдүү жана акылдуу кул ким?» (МАТАЙ 24:45).

1, 2. Рухий жактан дайыма тамактануу эмне үчүн бүгүн өтө зарыл?

БИЗДИН ЗАМАНДЫН 33-жылы 11-нисанда, шейшемби күнү, түштөн кийин Ыйсанын шакирттери ага бүгүн биз үчүн терең мааниге ээ болгон суроону беришкен. Алар: «Сенин келер убактыңды жана дүйнөнүн акыры келип калганын кандай белгилер аркылуу билсе болот?» — деп сурашкан. Жооп иретинде Ыйса укмуштай пайгамбарчылыкты айткан. Ал согуш, ачарчылык, жертитирөө жана оору өкүм сүргөн коогалаңдуу мезгил жөнүндө сөз кылган. Бирок бул «кыйынчылыктардын башталышы гана» болмок. Жагдай андан да начарламак. Кандай гана үрөй учурарлык келечек! (Матай 24:3, 7, 8, 15—22; Лука 21:10, 11).

2 1914-жылдан бери Ыйсанын пайгамбарлыгында айтылгандардын көбү аткарылды. «Кыйынчылыктар» адамзатты бүт бойдон чулгап алды. Бирок Ыйсанын чыныгы жолдоочуларына коркуунун зарылдыгы жок. Ыйса аларга берекелүү рухий тамак берип колдоп турарын убадалаган. Ал азыр асманда. Анда жерде жашаган биздин рухий тамак менен камсыз болушубузга кантип кам көрүп жатат?

3. «Өз убагында» тамактанып турушубузга Ыйса кандай чара көргөн?

3 Бул суроонун жообун Ыйсанын өз сөздөрүнөн табабыз. Өзүнүн улуу пайгамбарлыгын айтып жатып ал: «Кулдардын [«үйүндөгүлөрдүн», «ЖД»] тамагын өз убагында берип турсун деп, кожоюн дайындаган ишенимдүү жана акылдуу кул ким?» — деп сураган. Анан: «Кожоюну кайтып келгенде, иштеп жаткан кул бактылуу. Силерге чындыкты айтып коёюн, кожоюн өзүнүн бүт мал-мүлкүн [«мүлкүн», «Мукаддас»] ал кулга ишенип тапшырат»,— деп айткан (Матай 24:45—47). Ооба, рухий тамак берип турууга дайындалган «кул» ишенимдүү да, акылдуу да болмок. Ал кул жеке адамбы же биринин ордуна бири келген адамдарбы, же дагы башка нерсеби? Ишенимдүү кул абдан зарыл рухий тамак берип жаткандыктан, ал суроонун жообу бизди кызыктырбай койбойт.

Жеке адамбы же топпу?

4. «Ишенимдүү жана акылдуу кул» бир адамды билдириши мүмкүн эмес экенин кайдан билебиз?

4 «Ишенимдүү жана акылдуу кул» бир адамды билдириши мүмкүн эмес. Эмнеге? Себеби кул рухий тамакты I кылымда эле бере баштаган жана Ыйсанын сөздөрүнө ылайык, аны 1914-жылы Кожоюну келгенде да бере бермек. Анда бул бир адамдын 1 900 жылдай ишенимдүү кызмат кылуусун талап кылмак. Матушал да анчалык узак жашаган эмес! (Башталыш 5:27).

5. «Ишенимдүү жана акылдуу кул» деген сөз айкашы эмне үчүн Ыйсанын ар бир жолдоочусуна тиешелүү эмес экенин түшүндүргүлө.

5 Анда «ишенимдүү жана акылдуу» кул деген сөз айкашы жалпы мааниде Ыйсанын ар бир жолдоочусуна тиешелүү болушу мүмкүнбү? Ырас, Ыйсанын бардык жолдоочулары ишенимдүү да, акылдуу да болушу керек, бирок «ишенимдүү жана акылдуу кул» жөнүндө сөз кылганда Ыйса андан да көбүрөөк нерсени билдирген. Биз муну кайдан билебиз? Анткени ал «кожоюну кайтып келгенде» кулга «бүт мүлкүн ишенип тапшырарын» айткан. Кандайча бардык нерсе — Эгенин «бүт мүлкү» — Ыйсанын ар бир жолдоочусуна тапшырылышы мүмкүн эле? Албетте, бул мүмкүн эмес!

6. Кандайча ысрайыл эли Кудайдын «кызматчысы» же «кулу» катары кызмат кылышы керек эле?

6 Демек, мындан төмөнкүдөй жалгыз жүйөлүү тыянак чыгарууга болот: Ыйса «ишенимдүү жана акылдуу кул» деп өзүнүн жолдоочуларынан турган топ тууралуу айткан. Мындай болушу мүмкүнбү? Ооба. Ыйсадан жети жүз жыл мурун Жахаба бүт ысрайыл элин «күбөлөрүм» жана «кулум [«мен тандаган кызматчым», «ЖД»]» деп атаган (Ышайа 43:10). Ысрайыл элине кирген ар бир адам Мусанын мыйзамы берилген б.з.ч. 1513-жылдан тартып б.з. 33-жылындагы Элүүнчү күн майрамына чейин ошол кызматчы тобуна кирген. Ысрайылдыктардын көбү мамлекетти башкаруу иштерине же элди рухий жактан азыктандыруу программасын ишке ашырууга түздөн-түз катышкан эмес. Жахаба андай иштерди падышаларга, башкаруучуларга, пайгамбарларга, ыйык кызмат кылуучуларга жана лебилерге тапшырган. Ошентсе да бүтүндөй ысрайыл эли Жахабанын эгедерлигинин өкүлү болууга жана анын даңкын башка элдерге жарыялоого тийиш эле. Ысрайылдыктардын ар бири Жахабанын күбөсү болушу керек болгон (Мыйзам 26:19; Ышайа 43:21; Малахия 2:7; Римдиктерге 3:1, 2).

«Кызматчы» четке кагылган

7. Байыркы ысрайыл эли Кудайдын «кызматчысы» болуу артыкчылыгынан эмнеге ажыраган?

7 Ысрайыл эли бир нече кылым мурун Кудайдын «кызматчысы» болгондуктан, Ыйса сөз кылган кул да ошол элди билдиреби? Жок, анткени байыркы Ысрайыл, тилекке каршы, ишенимдүү да, акылдуу да болбой калган. Ошондуктан Пабыл Жахабанын ысрайылдыктар жөнүндө айткан сөздөрүн кайталап: «Силердин айыңардан бутпарастардын арасында Кудайдын ысымына тил тийип жатат»,— деген (Римдиктерге 2:24). Ооба, ысрайыл эли Ыйсаны четке кагуу менен өздөрүнүн узакка созулган баш ийбестигинин чегине жетишкен; ошондо Жахаба аларды четке каккан (Матай 21:42, 43).

8. Ысрайылдын ордуна башка «кызматчы» качан жана кантип дайындалган?

8 «Кызматчынын», Ысрайылдын, бул ишенимсиздиги Кудайга ишенимдүү бойдон калган адамдардын рухий тамактан түбөлүк ажырай турганын билдирген эмес. Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында, Ыйса тирилгенден 50 күн өткөндөн кийин, Иерусалимдеги үстүнкү бөлмөгө чогулган 120 шакиртке ыйык рух түшкөн. Ошондо жаңы эл туулган. Арийне, ал элдин туулгандыгы тууралуу анын мүчөлөрү Иерусалимдин тургундарына эржүрөктүк менен «Кудайдын улуу иштери жөнүндө» айта баштаганда жарыяланган (Элчилер 2:11). Ошентип, ошол жаңы эл, рухий эл, Жахабанын даңкын элдерге жар салып, өз убагында тамак бере турган «кызматчы» болуп калган (1 Петир 2:9). Кийинчерээк ал орундуу түрдө «Кудайдын Ысрайылы» деп аталган (Галаттыктарга 6:16).

9. а) «Ишенимдүү жана акылдуу кулду» кимдер түзөт? б) «Үйүндөгүлөр» деген кимдер?

9 «Кудайдын Ысрайылынын» ар бир мүчөсү — Кудайга арналган, чөмүлтүлгөн жана ыйык рух менен майланып, асманда жашоо үмүтүнө ээ болгон Ыйсанын жолдоочусу. Демек, б.з.ч. 1513-жылдан б.з. 33-жылындагы Элүүнчү күн майрамына чейинки мезгилде жашаган ысрайылдыктардын ар бири Ыйсанын жолдоочуларына чейинки кызматчы топтун мүчөсү болгондой эле, «ишенимдүү жана акылдуу кул» деген сөз айкашы б.з. 33-жылынан азыркы убакка чейинки мезгилде жерде бир топту түзүп келген ошол майланган рухий элдин бардык мүчөлөрүнө тиешелүү. Анда кулдан рухий тамак алган «үйүндөгүлөр» кимдер? Б.з. I кылымында Ыйсанын ар бир жолдоочусу асманда жашоо үмүтүнө ээ болгон. Демек, үйүндөгүлөр да Ыйсанын майланган жолдоочуларынан болгон, бирок алар топту эмес, өз-өзүнчө адамдарды билдирген. Баары, анын ичинде жыйналышта жоопкерчиликтүү иштерди аткаргандар да кулдан келген рухий тамакка муктаж болгон (1 Корунттуктарга 12:12, 19—27; Эврейлерге 5:11—13; 2 Петир 3:15, 16).

«Ар бирине өзүнчө иш»

10, 11. Кул тобунун ар бир мүчөсүнө бирдей иш тапшырылбаганын кайдан билебиз?

10 «Кудайдын Ысрайылын» билдирген ишенимдүү жана акылдуу кул тобуна белгилүү бир жалпы тапшырма берилгени менен, анын ар бир мүчөсү өзүнчө да иш аткарат. Муну Ыйсанын Марк 13:34тө жазылган сөздөрү тастыктап турат. Ал: «Бул жолго чыгарда үй-жайын калтырып, кулдарына бийлик берип, ар бирине өзүнчө иш тапшырган, дарбаза кайтаруучуга болсо сак болууну буйруган үй ээсине окшош»,— деп айткан. Демек, кул тобунун ар бир мүчөсүнө Ыйсанын жердеги мүлкүн көбөйтүү тапшырмасы берилген. Алар бул тапшырманы өзүнүн шык-жөндөмүнө жана мүмкүнчүлүктөрүнө жараша аткарат (Матай 25:14, 15).

11 Андан тышкары, элчи Петир өзүнүн убагындагы майланган ишенимдештерине: «Ар бириңер Кудайдан алган жөндөмдүүлүгүңөр менен бири-бириңерге кызмат кылгыла. Кудайдын ырайымы менен берилген көп түрдүү жөндөмдүүлүктөрдү жакшы үй башкаруучулары катары колдонгула»,— деп айткан (1 Петир 4:10). Ошондуктан ал майлангандар Кудай берген жөндөмдүүлүктөрүн колдонуп бири-бирине кызмат кылуу жоопкерчилигине ээ болгон. Ошондой эле Петирдин сөздөрү Ыйсанын бардык жолдоочуларынын бирдей жөндөмдүүлүктөргө, жоопкерчиликтерге же артыкчылыктарга ээ эмес экенин көрсөтүп турат. Ошентсе да кул тобунун ар бир мүчөсү кандайдыр бир жол менен рухий элдин өсүшүнө салым кошо алган. Кантип?

12. Кул тобунун ар бир мүчөсү (эркек болобу, аял болобу) кулдун өсүшүнө кантип салым кошкон?

12 Биринчиден, алардын ар бири Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды таратып, Жахабанын күбөсү болууга тийиш эле (Ышайа 43:10—12; Матай 24:14). Асманга кетеринин алдында Ыйса ишенимдүү шакирттеринин баарына (эркектерге да, аялдарга да) окутуучу болууну буйруган. Ал мындай деген: «Баргыла да, бардык элдерди Мага шакирт кылгыла. Аларды Ата, Уул жана Ыйык Рухтун атынан сууга чөмүлдүргүлө. Силерге буйругандарымдын бардыгын аткарууну аларга үйрөткүлө. Бул дүйнөнүн акырына чейин, бардык убакта Мен силер менен болом» (Матай 28:19, 20).

13. Майлангандардын баары кандай артыкчылыкка ээ болгон?

13 Жаңы шакирттер табылганда, аларды Ыйса өз шакирттерине буйругандын бардыгын аткарууга жакшылап үйрөтүү керек болчу. Чындыкты кабыл алгандар убакыттын өтүшү менен башкаларды окутууга жарактуу боло алышкан. Кул тобунун көп элдерден чыккан болочок мүчөлөрүнө берекелүү рухий тамак берилген. Ыйсанын майланган жолдоочуларынын баары (аял, эркек дебей) шакирт даярдоо тапшырмасын аткарууга катышкан (Элчилер 2:17, 18). Бул иш кул өзүнүн ишин биринчи жолу баштаган убактан тартып ушул түзүлүштүн акырына чейин улантылууга тийиш болгон.

14. Жыйналышты окутуу артыкчылыгы кимдерге гана берилген жана майланган ишенимдүү аялдар буга кандай карашкан?

14 Жаңы чөмүлтүлгөн майлангандар кулдун курамына кирип, башында кимден окубасын, Ыйык Китептин талаптарына ылайык аксакал болуп кызмат кылууга дайындалган жыйналыш мүчөлөрүнөн андан ары да таалим-насаат ала беришкен (1 Тиметейге 3:1—7; Титке 1:6—9). Ошентип, дайындалган ал эркектер рухий элдин өсүшүнө өзгөчө салым кошуу артыкчылыгына ээ болушкан. Ыйсаны жолдогон ишенимдүү майланган аялдар жыйналышты окутууга эркектер гана дайындалганына нааразы болушкан эмес (1 Корунттуктарга 14:34, 35). Тескерисинче, алар жыйналыштын эркек мүчөлөрүнүн күжүрмөн эмгегинен пайда алып, аялдарга ыйгарылган артыкчылыктар үчүн, анын ичинде башкаларга жакшы кабарды жеткирүү артыкчылыгы үчүн ыраазы болушкан. Бүгүнкү майланган ынталуу аял биртуугандар да дайындалган аксакалдардын майлангандардан болгон-болбогонуна карабай ошондой момундук рухун чагылдырышат.

15. I кылымда негизги рухий тамак кайсы булактардан келген жана аны таратууну кимдер жетектеген?

15 Биринчи кылымда негизги рухий тамак жетекчилик жүргүзгөн элчилердин жана башка шакирттердин каттары аркылуу берилген. Алар жазган каттар, айрыкча, 27 китептен турган Грек Жазмаларындагы каттар бир жыйналыштан экинчи жыйналышка өтүп, жергиликтүү аксакалдардын окутуусуна негиз болгону шексиз. Ошентип, кулдун өкүлдөрү Ыйсанын чыныгы жолдоочуларына берекелүү рухий тамакты ишенимдүүлүк менен таратышкан. I кылымда кул тобу өзүнө берилген тапшырманы ишенимдүү аткарган.

«Кул» 19 кылым өткөн соң

16, 17. 1914-жылга чейин кул тобу өзүнө берилген тапшырманы аткарууда кантип ишенимдүүлүк көрсөткөн?

16 Биздин мезгил жөнүндө эмне айтууга болот? Ыйса, 1914-жылы өзүнүн катышуусу башталганда, ишенимдүүлүк менен өз маалында тамак таратып жаткан майланган жолдоочуларынын тобун тапканбы? Ооба. Бул топ сонун жемиш берип жаткандыктан айкын таанылган (Матай 7:20). Убакыттын өтүшү менен анын чын эле ишенимдүү кул экени бышыкталган.

17 Ыйса кайтып келген убакта ыйык китептик чындыкты 5 000дей «үйүндөгүлөр» таратып жаткан. Жумушчулар аз болгон, бирок кул тобу жакшы кабарды таратуунун бир канча алдыңкы ыкмаларын колдонгон (Матай 9:38). Мисалы, ыйык китептик темадагы макалалардын 2 000ге жакын гезитке жарыяланышына чара көрүлгөн. Ошентип, Кудай Сөзүндөгү чындык бир эле убакта он миңдеген окурмандарга жеткен. Андан тышкары, түстүү слайддар менен жылып туруучу сүрөттөрдөн турган сегиз сааттык программа даярдалган. Бул жаңы ыкманын жардамы менен жаратуу мезгилинен Ыйсанын миң жылдык башкаруусунун аягына чейинки окуяларды баяндаган ыйык китептик кабар үч континенттеги тогуз миллиондон ашык адамга жеткен. Ошондой эле адабияттар да колдонулган. Маселен, 1914-жылы колуңардагы журнал 50 000дей нускада чыкчу.

18. Ыйса кулга бүт мүлкүн качан ишенип тапшырган жана эмне үчүн?

18 Ооба, Кожоюн кайтып келгенде үйүндөгүлөрүн чын дилден азыктандырып жана жакшы кабарды таратып жаткан ишенимдүү кулду тапкан. Эми ал кулду андан да көбүрөөк жоопкерчиликтер күтүп турган. Ыйса: «Силерге чындыкты айтып коёюн, кожоюн өзүнүн бүт мал-мүлкүн [«мүлкүн», «Мукаддас»] ал кулга ишенип тапшырат»,— деп айткан (Матай 24:47). Кул сыноо учурунан өткөндөн кийин, Ыйса ага ошондой ишеним арткан. Бирок «ишенимдүү жана акылдуу кулга» эмне үчүн көбүрөөк жоопкерчиликтер берилген? Себеби Кожоюндун мүлкү көбөйүп калган болчу. 1914-жылы Ыйсага падышачылык берилген.

19. «Эбегейсиз көп адамдардын» рухий муктаждыктарына кандай кам көрүлгөнүн түшүндүргүлө.

19 Жаңыдан падышалык бийликке келген Кожоюн өзүнүн ишенимдүү кулуна ишенип тапшырган мүлк эмнени билдирет? Ал — жерде Ыйсага таандык болгон рухий нерселердин баары. Мисалы, Машайак 1914-жылы такка отургандан жыйырма жыл өткөндөн кийин, «башка койлордун» тобуна кирген «эбегейсиз көп адамдардын» кимдер экени аныкталган (Аян 7:9; Жакан 10:16). Алар — «Кудайдын Ысрайылынын» майланган мүчөлөрү эмес, а жерде жашоого үмүтү бар жана майлангандар сыяктуу эле, Жахабаны сүйүп, ага кызмат кылууну каалаган чын ыкластуу эркек-аялдар. Чындыгында, алар «ишенимдүү жана акылдуу кулга»: «Биз сени менен барабыз, анткени Кудай силер менен экенин уктук»,— деп айтышкан (Захария 8:23). Ыйсанын жаңы эле чөмүлтүлгөн бул жолдоочулары майланган кулдун мүчөлөрү азыктанган берекелүү рухий тамак менен эле азыктанышкан жана бул эки топ ошондон бери бир рухий дасторкондон тамактанып келишет. «Эбегейсиз көп адамдар» үчүн бул кандай зор бата!

20. Эгенин мүлкүн көбөйтүүдө «эбегейсиз көп адамдар» кандай роль ойношот?

20 «Эбегейсиз көп адамдар» жакшы кабарды таратуу үчүн майланган кул тобуна кубаныч менен кошулган. Алардын кабар айтуусу менен Кожоюндун жердеги мүлкү көбөйүп, «ишенимдүү жана акылдуу кулдун» жоопкерчиликтери ого бетер арбыган. Чындыкты издегендердин саны өскөн сайын, ыйык китептик адабияттарга болгон муктаждыкты канааттандыруу үчүн, чоңураак басмаканаларды куруу зарылдыгы туулган. Көп өлкөлөрдө Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалдары ачылган. Миссионерлер «бүт дүйнө жүзүнө» жөнөтүлгөн (Элчилер 1:8). Кудайды даңктагандардын катары 1914-жылы беш миңдей майлангандан турса, бүгүн алты миллиондон ашты жана алардын көбү «эбегейсиз көп адамдардын» тобуна кирет. Ооба, Падыша 1914-жылы такка отургандан бери, анын мүлкү бир канча эсе көбөйдү!

21. Кийинки макалада кайсы эки үлгү-насаат аңгеме талкууланат?

21 Мунун баары кулдун ишенимдүү да, акылдуу да экенин көрсөтүп турат. Ыйса «ишенимдүү жана акылдуу кул» жөнүндө сөз кылгандан кийин эле бул сапаттарды баса белгилеген эки үлгү-насаат аңгеме айткан: бири акылдуу жана акылсыз кыздар жөнүндө, экинчиси таланттар жөнүндө (Матай 25:1—30). Бүйрүбүздү кызыткан ал үлгү-насаат аңгемелер биз үчүн кандай мааниге ээ? Бул суроо кийинки макалада каралат.

Кандай деп ойлойсуңар?

• «Ишенимдүү жана акылдуу кулду» кимдер түзөт?

• «Үйүндөгүлөр» кимдер?

• Эгенин бүт мүлкү ишенимдүү кулга качан ишенип тапшырылган жана эмне үчүн ошол убакта?

• Акыркы он жылдыктарда Эгенин мүлкүн көбөйтүүгө кимдер жардам берип келүүдө жана кантип?

[Изилдөө суроолору]