Мазмунун көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Жахабанын Күбөлөрү дарыланууда кандын майда курамдык бөлүктөрүн колдонушабы?

Бул суроонун жообу, негизинен, «Күзөт мунарасы» журналынын 2000-жылдын 15-июндагы санынан алынды.

Жахабанын Күбөлөрү кан куйдуруудан баш тартышат. Биз Кудайдын канга байланыштуу мыйзамына бекем карманабыз. Анын мыйзамы болсо адамдардын дайыма өзгөрүп турган көз карашына ылайыкташа бербейт. Бирок акыркы учурларда кандан негизги төрт зат, ал эми төрт заттан курамдык бөлүктөр (фракцялар) алынууда. Ошол себептен Кудайдын кызматчыларына кандын курамдык бөлүктөрүн колдонгонго болобу же жокпу деген суроо туулат. Буга байланыштуу чечим чыгарууда Кудайдын кызматчысы дарылануунун пайдасын жана кесепетин эске алуу менен эле чектелбейт. Ал бул туурасында Ыйык Китепте эмне делери жана чыгарган чечими Кудуреттүү Кудай менен болгон мамилесине кандай таасир этери жөнүндө ойлонушу керек.

Ыйык Китепте кандын колдонулушу жөнүндө так-айкын айтылган. Бизге туура чечим чыгарганга Ыйык Китепте жазылгандарды, ошондой эле тарыхый жана медициналык маалыматтарды карап чыгуу жардам берет.

Жахаба Кудай Нух пайгамбарга канды ыйык тутуу керектигин айткан (Башталыш 9:3, 4). Кийинчерээк Кудай ысрайыл элине берген мыйзамында кандын ыйык экенин баса белгилеген. Ал: «Эгерде ысрайыл элинен кимдир бирөө же... келгин кандайдыр бир кан жесе, мен ал кишиге каарымды төгөм»,— деген. Кудайдын ушул мыйзамына баш ийбеген ысрайылдык киши башкаларга терс таасир этмек. Ошондуктан Кудай «аны элинин арасынан жок кыларын» айткан (Лебилер 17:10). Ал эми бир нече кылым өткөндөн кийин Иерусалимдеги жолугушууда элчилер менен аксакалдар: «Канды колдонуудан... качкыла»,— деген көрсөтмө беришкен. Бул бузуктук кылуу жана бурканга табынуу сыяктуу эле маселе болгон (Элчилер 15:28, 29).

Машаяктын 1-кылымдагы жолдоочулары үчүн «канды колдонуудан... качуу» деген эмнени билдирген? Алар канды ичишкен эмес. Ошондой эле каны агызылбаган малдын этин жана уюган канды жешкен эмес. Мындан тышкары, кан кошулган колбаса сыяктуу тамактардан баш тартышкан. Анткени ушунун баары Кудайдын мыйзамын бузгандыкка жатмак (1 Шемуел 14:32, 33).

Байыркы учурда көптөр канды ичкендин же жегендин эч кандай деле жаман жери жок деп эсептешкен. Муну 2-кылымдын аягында 3-кылымдын башында жашаган Тертуллиан деген жазуучунун айткандарынан биле алабыз. Ал Машаяктын жолдоочулары кан ичет же жейт деген жалган жалааны төгүнгө чыгарыш үчүн ошол мезгилдеги айрым уруулардын бири-бири менен келишим түзгөндө кан ичишкенин жазган. Ошондой эле ал «гладиатордук кармаштарда өлгөндөрдүн канын ичүү талма оорусунан айыктырат деп ишенип, канды суудай ичкен кишилер» жөнүндө да жазган.

Машаяктын жолдоочулары ушундай иштердин (айрым римдиктер кан ичүү ден соолукка пайдалуу деп эсептешсе да) туура эмес экенин билишкен. Тертуллиан алардын «керек болсо малдын канын да тамакка кошпой турганын» айткан. Римдиктер Машаяктын чыныгы жолдоочуларынын берилгендигин сынаш үчүн атайлап эле аларга кан кошулган тамак беришчү. Тертуллиан: «Өзүңөр ойлонуп көрсөңөр, [Машаяктын жолдоочулары] атүгүл малдын канын жегенге караманча каршы болуп жатышса, анда кантип эле адамдын канын ичишсин?» — деп кошумчалаган.

Бүгүнкү күндө айрымдар эгер доктур айтып жатса, Кудурети Чексиз Кудайдын канга байланыштуу мыйзамдарын буза берсе болот деп ойлошот. Албетте, Жахабанын Күбөлөрү өмүрүн сактап калгысы келет. Бирок ошол эле учурда Жахабанын бул мыйзамын эч качан бузушпайт. Учурда медицина жаатындагы жетишкендиктерди эске алганда, Кудайдын кан жөнүндөгү мыйзамына канткенде баш ие алабыз?

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин кан куюу кеңири жайылган. Бирок ошол учурда Жахабанын Күбөлөрү мунун Кудайдын мыйзамына каршы келерин айкын түшүнүшкөн. Биз азыр деле ошентип эсептейбиз. Андан бери медицинада канды колдонууга байланыштуу көп нерселер өзгөрдү. Учурда бейтаптарга накта кан эмес, андан алынган төрт негизги затты куюшат. Аларга 1) эритроциттер, 2) лейкоциттер, 3) тромбоциттер жана 4) плазма (кан сары суусу) кирет. Бейтаптын абалына жараша доктур эритроциттерди, лейкоциттерди, тромбоциттерди же плазманы куюуну сунуш кылышы мүмкүн. Кан негизги төрт затка бөлүнгөндүктөн, бир эле доза канды бир нече бейтапка куюу мүмкүн болуп калды. Бирок Жахабанын Күбөлөрү накта канды же андан алынган төрт заттын бирин куйдуруу Кудайдын мыйзамына каршы келерин жакшы билишет. Баса белгилей кетчү нерсе, бул мыйзамга карманганы аларды гепатит, ЖИКС сыяктуу кан аркылуу жуга турган дарттардан сактап келет.

Кандан төрт негизги заттан тышкары, майда курамдык бөлүктөр да алынгандыктан, аларды колдонууга байланыштуу мындай суроо туулат: ал курамдык бөлүктөр кандайча колдонулат жана Кудайдын кызматчылары аларды колдонууга макул болор-болбосун чечип жатканда эмнени эске алышы керек?

Кандын курамы абдан татаал келет. Мисалга плазманы алалы. Ал 90 пайызы суудан турса да, өз ичине көптөгөн гормондорду, органикалык эмес туздарды, ферменттерди жана минералдар менен кант сыяктуу азык заттарды камтыйт. Ошондой эле плазмада альбумин, кан уютуучу фактор сыяктуу белоктор жана оорулар менен күрөшө турган антителолор бар. Доктурлар плазмадан бөлүнүп алынган көптөгөн белокторду колдонушат. Алсак, кан уютуучу фактор VIII кандын көп агышы менен мүнөздөлгөн гемофилия оорусу менен ооругандарды дарылоодо колдонулат. Же кайсы бир ооруга чалдыккан кишини дарылоодо доктурлар ошол ооруга каршы иммунитети бар кишинин плазмасынан алынган гамма-глобулинди колдонушу мүмкүн. Медицинада плазмадан алынган башка белоктор да колдонулат. Бирок жогорудагы мисалдан көрүнүп тургандай, канды түзгөн негизги заттын биринен (плазмадан) эле ар кандай фракциялар алынышы мүмкүн *.

Плазмадан ар кандай курамдык бөлүктөр алынгандай эле, канды түзгөн негизги үч заттан да (эритроциттерден, лейкоциттерден жана тромбоциттерден) майда бөлүктөр алынат. Маселен, эритроциттерден жугуштуу ооруларды жана ракты дарылоодо колдонулган интерферондор менен интерлейкиндер алынышы ыктымал. Тромбоциттерден болсо жарааттын тез бүтүшүнө өбөлгө түзгөн заттар алынат. Ооба, акыркы учурда кандан алынган майда бөлүктөр кошулган жаңы дарылар чыгарылууда. Алар кандан алынган майда курамдык бөлүктөрдү камтыгандыктан, бейтапка канды түзгөн негизги заттарды куюу зарыл болбой калат. Кудайдын кызматчылары дарыланууда кандын курамдык бөлүктөрүн колдонушу керекпи? Биз бул суроого жооп бере албайбыз. Ыйык Китепте бул жөнүндө майда-чүйдөсүнө чейин айтылбайт. Андыктан Кудайдын кызматчысы абийирин эске алып чечим чыгарышы керек.

Кээ бирлер кандан алынган нерселердин баарынан (атүгүл оору менен күрөшүүгө жардам берген курамдык бөлүктөрдөн) баш тартышат. Алар Кудайдын «канды колдонуудан... качкыла» деген буйругун ушундайча түшүнүшөт. Анткени бул мыйзамга ылайык, ысрайылдыктардан жаныбарлардын канын «жерге... төгүп салуу» талап кылынган деп ой жүгүртүшөт (Мыйзам 12:22—24). Бул аяттарда жазылгандардын кандын курамдык бөлүктөрүнө кандай тиешеси бар? Гамма-глобулинди, кан уютуучу факторлорду жана башка ушу сыяктуу нерселерди алыш үчүн канды чогултуу, аны иштетүү талап кылынат. Ошол себептен Машаяктын айрым жолдоочулары накта канды же андан алынган негизги заттарды куйдуруудан баш тарткандай эле, гамма-глобулин, кан уютуучу факторлор сыяктуу заттардан да баш тартышат. Алар кылдат ойлонуп, абийиринин негизинде ушундай чечим чыгаргандыктан, көз карашын сыйлашыбыз керек.

Кудайдын айрым кызматчылары болсо башкача чечим чыгарышат. Албетте, алар деле накта канды, эритроциттерди, лейкоциттерди, тромбоциттерди жана плазманы куйдурушпайт. Бирок доктурлардын аларды канды түзгөн негизги төрт заттан алынган курамдык бөлүктөр менен дарылашына макул болушу мүмкүн. Ошондой болгон күндө да, алардын чечими бири-бириникинен айырмаланышы ыктымал. Мисалы, кимдир бирөө гамма-глобулинди сайдырганга макул болушу мүмкүн, бирок эритроциттер менен лейкоциттерден алынган курамдык бөлүктөр камтылган дарыларды сайдыргандан баш тартышы же баш тартпашы этимал. Анда Кудайдын айрым кызматчылары дарыланууда кандын курамдык бөлүктөрүн колдонор-колдонбосун эмненин негизинде чечиши мүмкүн?

«Күзөт мунарасы» журналынын 1990-жылдын 1-июнунда чыккан санындагы «Окурмандардын суроолорунда» кызыктуу ой жазылган. Ал жерде кош бойлуу аялдын канындагы плазмада камтылган белоктор (курамдык бөлүктөр) жатында жаткан түйүлдүктүн кан айлануу системасына өтөрү айтылган. Ушундайча энеден балага иммунитет пайда кыла турган иммундук глобулиндер өтөт. Түйүлдүктүн организминдеги эритроциттердин жашоо мөөнөтү аяктаган соң, алардын кычкылтек ташыган бөлүгү кайра иштетилет. Алардын айрымдары билирубинге айланып, кайрадан эненин организмине өтөт. Эненин организми болсо аларды жок кылат. Кандын курамдык бөлүктөрү бир организмден экинчисине ушундай табигый жол менен өткөндүктөн, Машаяктын айрым жолдоочулары плазмадан же клеткадан алынган курамдык бөлүктөрдү дарыланууда колдонууга макул болушу мүмкүн.

Буга байланыштуу ар кимдин көз карашы жана чечими ар кандай болгону бул маселенин анча олуттуу эмес экенин билдиреби? Жок. Бул аябай олуттуу. Ошентсе да анын чечилиши жөнөкөй эле. Жогорудан билгенибиздей, Жахабанын Күбөлөрү накта канды да, андан алынган төрт затты да куйдурушпайт. Ыйык Китепте алардын «буркандарга багышталган нерселерди, канды колдонуудан жана бузуктук кылуудан качышы» керектиги айтылган (Элчилер 15:29). Ал эми канды түзгөн негизги төрт заттан алынган курамдык бөлүктөргө келгенде Машаяктын ар бир жолдоочусу кылдат ойлонуп, тиленгенден кийин абийирине жетектелип чечимди өзү чыгарышы керек.

Көптөр батыраак жеңилдеп калууну көздөп, кесепети жаман болорун билсе да, дарылануунун бардык түрүнө макул боло беришет. Кан куйдуруу жөнүндө да ушинтип айтууга болот. Жахабанын Күбөлөрү дарыланууга тең салмактуу карашат. Алар ден соолуктан да маанилүү нерсе бар экенин билишет. Ошол эле учурда сапаттуу дарыланууну каалашат. Ошон үчүн дарылануунун кайсы бир түрүнүн пайдасын да, кесепетин да эске алышат. Айрыкча, кандан алынган заттар колдонулганда өмүр берген Кудайдын мыйзамдары жөнүндө жана аны менен болгон мамилеси тууралуу кылдат ойлонушат (Забур 36:9).

Алар забурчунун төмөнкү сөздөрүнө толук кошулушат. Ал мындай деген: «Жахаба Кудай — күн жана калкан. Ал ырайым кылат, даңкка бөлөйт. Жахаба кынтыксыз жүргөндөрдү жакшылыктан кем кылбайт. Оо,.. Жахаба, сага таянган адам бактылуу» (Забур 84:11, 12).

[Шилтеме]

^ 13-абз. Дары чыгарган фирмалар кан колдонулбай жасалган ар кандай дарыларды чыгарууда. Мурун бейтаптарды дарылоодо кандын курамдык бөлүктөрү колдонулуп келсе, азыр алардын ордуна ушул дарылар колдонулушу мүмкүн.

[Сүрөт]

ДОКТУРГА БЕРЧҮ СУРООЛОР

Эгер операцияда же дарыланууда кан колдонулушу мүмкүн болсо, минтип сурап көр:

Операцияга катыша тургандардын баары менин Жахабанын Күбөсү болгондуктан, кандай жагдай болбосун, кан (накта канды, эритроциттерди, лейкоциттерди, тромбоциттерди же плазманы) куйдурбай турганымды билишеби?

Эгер плазмадан, эритроциттерден же лейкоциттерден же тромбоциттерден алынышы мүмкүн болгон дарылар колдонула турган болсо, минтип сурап көр:

Бул дары канды түзгөн төрт негизги заттын биринен алынганбы? Эгер ошондой болсо, анын курамын айтып бере аласызбы?

Кандан алынган бул дары канча өлчөмдө жана кандай жол менен колдонулат?

Эгер абийирим ушул курамдык бөлүктү колдонууга жол берсе, кандай кесепеттери болушу мүмкүн?

Эгер абийирим жол бербесе, дарылануунун дагы кандай жолдору бар?

Бул жөнүндө жакшылап ойлонуп көрүп, качан жообун айтсам болот?