Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

2 Корунттуктарга 6:14тө Пабыл кимдерди «ишенбегендер» деп атаган?

Ыйык Жазмадан, 2 Корунттуктарга 6:14төн, биз: «Ишенбегендер менен бирге бир моюнтурукту кийбегиле»,— дегенди окуйбуз. Бул аяттын алдындагы аяттарды караганда Пабылдын жыйналыштын мүчөлөрүнөн башка адамдарды айтып жатканы айкын болот. Ал «ишенбеген» жана «ишенбегендер» деген сөздөрдү колдонгон ыйык китептик башка аяттар да ушул ойду ырастайт.

Мисалы, ал Ыйсанын жолдоочуларынын «кудайсыздардын» же, Ыйык Китептин башка котормолорунда айтылгандай, ишенбегендердин алдына соттошууга барганын туура көрбөгөнүн жазган (1 Корунттуктарга 6:6). Бул аятта ишенбегендер деп Корунттагы сот кызматкерлери аталган. Экинчи катында Пабыл Шайтандын «ишенбегендердин акылын караңгыланып койгонун» айткан. Ооба, ишенбегендердин акылын жакшы кабарды өткөрбөгөн жабуу чүмкөгөндөй. Себеби алар Жахабага кызмат кылууну каалашпайт. Эгер Кудайга кайрылышса, Пабыл айткандай, ал жабуу алынып салынмак (2 Корунттуктарга 3:16; 4:4).

Ишенбегендердин кээси мыйзамсыз иштерди жасап, буркандарга сыйынат (2 Корунттуктарга 6:15, 16). Ошол эле учурда баары эле Жахабанын кызматчыларына каршылык көрсөтө беришпейт. Айрымдары кайра чындыкка кызыгат. Алардын ичинде чындыктагы аялы же күйөөсү менен бактылуу жашап жаткандары да көп (1 Корунттуктарга 7:12—14; 10:27; 14:22—25; 1 Петир 3:1, 2). Анткен менен Пабыл «ишенбегендер» деген сөздү бир беткей, жогоруда белгиленгендей, «Теңирге ишенгендерден» турган жыйналыштын мүчөсү эместерге карата колдонгон (Элчилер 2:41; 5:14; 8:12, 13).

2 Корунттуктарга 6:14төгү принцип Ыйсанын жолдоочуларына жашоонун бардык тармагында баалуу жетекчилик берет, ошондой эле өмүрлүк жолдош издеп жаткан Ыйсанын жолдоочуларына кеңеш берүүдө даанышман насаат катары көп колдонулат (Матай 19:4—6). Кудайдын арналып, чөмүлтүлгөн кызматчылары ишенбегендердин арасынан никелик жар издебеши менен акылмандык көрсөтүшөт. Анткени Кудайга ишенгендер менен ишенбегендердин баалаган нерселери, көзкараштары жана жашоодогу максаттары таптакыр ар башка.

Ал эми Ыйык Китепти изилдеп, жыйналыштарга катышып жаткандар тууралуу эмне десек болот? Чөмүлтүлбөгөн жарчылар тууралуучу? Алар ишенбегендерге киреби? Жок. Жакшы кабарды кабыл алып, чөмүлтүлүүгө чечкиндүү кадам жасап жаткан адамдарды ишенбегендер деп атоого болбойт (Римдиктерге 10:10; 2 Корунттуктарга 4:13). Мисалы, Корнелий чөмүлтүлө элегинде эле «Кудайга сыйынган такыбаа адам» деп аталган (Элчилер 10:2).

Анда Ыйсанын чөмүлтүлгөн жолдоочусунун чөмүлтүлбөгөн жарчыга карата махабат сезимин өрчүтүп, аны менен баш кошууга умтулушу эстүүлүк болобу? Пабылдын 2 Корунттуктарга 6:14төгү кеңешин дал ушундай учурга карата айтылган деп ырастоого болбосо да, андай умтулууну эстүүлүк дешке болбойт. Эмне үчүн? Анткени чындыктагы жесир аялдарга Пабыл: «Каалаган адамына турмушка чыкса болот, бирок Теңирге ишенген адамга гана»,— деп айкын кеңеш берген (1 Корунттуктарга 7:39). Ошол кеңешке ылайык, Ыйсанын чөмүлтүлгөн жолдоочулары «Теңирге ишенген адамдардын» арасынан гана түгөй издөөгө үндөлөт.

«Теңирге ишенген» жана «Теңир жолунда жүргөн» деген сөз айкаштары кандай маани камтыйт? Пабыл «Теңир жолунда» жүргөндөрдү Римдиктерге 16:8—10-аяттарда жана Колостуктарга 4:7де «биз менен бирге кызмат кылган», «Машайак жолунда сыноодон өткөн», «сүйүктүү бир тууганыбыз», «ишенимдүү кызматчы жана Теңир жолунда эмгектеш» деп да атаган.

Адам качан «Теңир жолундагы эмгектеш» болот? Өзүнөн баш тартып, Кудайга кызмат кылууга киришкенде. Ыйса: «Ким Мени ээрчигиси келсе, ал өз жанынан кечип койсун жана өз айкаш жыгачын алып, Менин артымдан ээрчисин»,— деп түшүндүргөн (Матай 16:24). Өзүн Кудайга арнаган адам Ыйсанын жолун жолдоп, Кудайдын эркине толук баш иет. Анан чөмүлтүлүп, Жахаба Кудайдын жактыруусуна ээ болгон кызматчысы болуп дайындалат *. Ошондуктан «Теңирге ишенген адам» менен баш кошуу деген ишенимге ээ экени, ошондой эле «Кудайдын жана... Ыйса Машайактын» чөмүлтүлгөн «кулу» экени айкын көрүнгөн адам менен баш кошууну билдирет (Жакып 1:1).

Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп, рухий жактан жакшы ийгиликтерди жасап жаткандар мактоого татыйт. Анткен менен алар али Жахабага арналып, ар кандай курмандыктарга барууга даяр болуп, ага кызмат кылууга кирише элек. Азырынча ошого керектүү өзгөрүүлөрдү жасап жатышат. Үй-бүлө куруу өңдүү олуттуу кадам жасаардан мурун, алар жашоосунда эң маанилүү кадам жасоого — Ыйсанын арналган, чөмүлтүлгөн жолдоочусу болууга — тийиш.

Ал эми Ыйсанын жолдоочусунун Ыйык Китепти изилдөөдө ийгилик жасаганы байкалган кимдир бирөө менен чөмүлтүлгөндөн кийин үйлөнөбүз деген максатта сүйлөшкөнгө умтулушу эстүүлүккө жатабы? Жок. Себеби Ыйык Китепти изилдеп жаткан адамда, эгер ал чөмүлтүлгөн жарчынын аны менен баш кошкусу келип жатканын, бирок ал чөмүлтүлгөндөн кийин гана баш кошорун билсе, натуура ой-максаттар пайда болушу мүмкүн.

Чөмүлтүлбөгөн жарчы болгон адам көпчүлүк учурда узакка созбой эле чөмүлтүлөт. Ошондуктан Теңирге ишенген адам менен гана баш кошуу жөнүндөгү кеңеш акылга сыйбас кеңеш эмес. А эгер, айталы, турмуш курууга жашы жетип калган, чындыктагы үй-бүлөдө өскөн, жыйналыштын иштерине жигердүүлүк менен катышып, бир нече жылдан бери чөмүлтүлбөгөн жарчы болуп жүргөн адам тууралуу эмне дешке болот? Ага жашоосун Жахабага арноого эмне тоскоолдук кылып жатат? Эмне себептен алга кадам жасабайт? Аны шектендирген нерселер барбы? Андай адамды ишенбеген деп атоого болбогону менен, «Кудайга ишенгендерден» деп да айта албайсың.

Пабылдын никеге байланыштуу кеңеши биздин пайдабыз үчүн гана берилген (Ышайа 48:17). Эгер Жахабага арналган эки адам баш кошсо, алардын никеси бекем, рухий пайдубалдуу болот. Себеби экөөнүн жашоодо баалаган нерселери, көздөгөн максаты бир. Бул болсо үй-бүлөнүн бактылуу болушуна чоң өбөлгө түзөт. Анын үстүнө, Теңирге ишенген адам менен баш кошкондор Жахабага болгон берилгендигин көрсөтөт. Ошонун аркасында алар түбөлүк бата алышат, себеби «ак ниет адамга», башкача айтканда, берилгендигин сактагандарга Жахаба «ак ниеттик», берилгендик менен мамиле кылат (Забур 17:26).

[Шилтеме]

^ 10-абз. Пабылдын каттары алгач Ыйсанын майланган жолдоочуларына арналган. Алар үчүн «Машайактын кулу» болуу деген Кудайдын уулдары жана Машайактын биртуугандары катары майланууну да билдирет.

[31-беттеги сүрөт]

Берилгендигин сактагандарга Жахаба да берилгендик менен мамиле кылат.