Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйсанын кереметтери алар эмнени ачып берет?

Ыйсанын кереметтери алар эмнени ачып берет?

Ыйсанын кереметтери алар эмнени ачып берет?

ЫЙЫК КИТЕПТИН түпнускасында Ыйса Машайактын жердеги жашоосу тууралуу билдирүүлөрдө «керемет» деген маанини туюнткан сөз бир да жолу колдонулбаганын билип таң калаттырсыңар. Кээде «керемет» деп которулган байыркы грек сөзү (ди́намис) түзмө-түз «күч» дегенди билдирет (Лука 8:46). Аны «жөндөмдүүлүк» же «зор иштер» деп которсо болот (Матай 11:20; 25:15, «ЖД»). Бир окумуштуунун айтымына караганда, бул сөз «аткарылган зор ишти жана негизинен, анын аткарылышына өбөлгө түзгөн күчтү көрсөтүп турат. Басым Кудайдын иш-аракеттүү күчүнө коюлат».

Башка грек сөзү (те́рас) адатта, «жышаан» же «таң калтырган нерсе» деп которулат (Жакан 4:48; Элчилер 2:19). Бул сөз кайсы бир иштин ага күбө болгондорго тийгизген таасирин баса белгилейт. Ыйсанын жасаган зор иштерине анын шакирттери менен эл таң калган учурлар көп болгон (Марк 2:12; 4:41; 6:51; Лука 9:43).

Ыйсанын кереметине байланыштуу колдонулган үчүнчү грек сөзү (сими́он) «белги» дегенди билдирет. Окумуштуу Роберт Деффинбауг жазгандай, ал сөз «эң биринчиден кереметтин маанисине көңүл бурдурат». Роберт: «Белги — бул Эге Ыйса тууралуу кандайдыр бир чындыкты кабарлаган нерсе»,— деп кошумчалайт.

Көзбоёмочулукпу же Кудайдын күчүнүн көрсөтүлүшүбү?

Ыйык Китепте Ыйсанын кереметтери элдин көңүлүн ачууга багытталган фокус же көзбоёмочулук катары сүрөттөлбөйт. Анын кереметтери «Кудайдын улуу күчүн» көрсөтүп турчу. Буга Ыйсанын бир баладан жинди кууп чыгарганы жөнүндөгү билдирүүнү мисал кылсак болот (Лука 9:37—43). «Күч-кубаты зор» деп сыпатталган Кудуреттүү Кудай ушундай зор иштерди кыла албайбы? (Ышайа 40:26). Албетте, кыла алат!

Инжилдерде Ыйса жасаган кереметтердин 35ке жакыны тууралуу баяндалат. Бирок анын бардыгы биригип канча керемет жасаганы так айтылбайт. Маселен, Матай 14:14тө: «Ыйса чогулган көп элди көрдү. Аларга боору ооруп, оорулууларын айыктырды»,— деп жазылган. Ал ошондо канча адамды айыктырганы кеп кылынбайт.

Андай зор иштери анын Кудайдын Уулу, убадаланган Мессия экени жөнүндө айткандарын ырастаган. Жазмада Ыйсанын кереметтерди Кудай берген күч аркылуу кылганы айкын көрсөтүлөт. Элчи Петир Ыйса тууралуу: «Кудай Ал аркылуу силердин араңарда кудуреттүү иштерди, кереметтерди жана жышаандарды көрсөтүү менен силерге күбөлөндүргөн Эркек»,— деген (Элчилер 2:22). Башка бир учурда: «Кудай... Ыйсаны Ыйык Рухка жана күчкө кандайча толтурганын, Ошол Ыйса эл аралап, жакшы иштерди жасап, шайтандын бийлиги астында кыйналып жүргөндөрдүн бардыгын айыктырганын билесиңер. Анткени Кудай Аны менен болчу»,— деп айткан (Элчилер 10:37, 38).

Ыйсанын кереметтери айткан кабары менен тыгыз байланышта болгон. Марк 1:21—27-аяттарда анын окутуусуна жана бир кереметине эл кандай жооп кайтаргандыгы көрсөтүлгөн. Марк 1:22де адамдардын «Анын окутуусуна таң калганы» айтылат, ал эми 27-аятка ылайык, ал жинди кууп чыгарганда, бардыгынын «үрөйлөрү учкан». Ыйсанын зор иштери да, окуулары да анын убадаланган Мессия экенин далилдеп турган.

Ыйса өзүн Мессиямын деп атап эле койгон эмес: анын Мессия экенин сөздөрү менен иштери эле эмес, Кудай берген күч аркылуу жасаган кереметтери да көрсөтүп турган. Ал өзүнүн ролу менен бийлигине байланыштуу суроо пайда болгондо, тайманбастык менен: «Менде [Чөмүлдүрүүчү] Жакандын күбөлөндүрүүсүнөн чоң күбөлөндүрүү бар. Себеби Атамдын Мага тапшырган иштери — Менин кылып жаткан бул иштерим Мени Атам жибергендигин күбөлөндүрөт»,— деген (Жакан 5:36).

Кереметтердин чынында эле болгонун көрсөткөн далилдер

Ыйсанын чындап эле кереметтерди жасаганына эмне үчүн ишенүүгө болот? Буга байланыштуу бир нече тарыхый далилдерди карап көрөлү.

Зор иштерди жасаганда Ыйса көңүлдү эч качан өзүнө бурдурган эмес. Ал ар бир керемет Кудайга даңк алып келгидей кылган. Маселен, сокур кишини айыктырардан мурда анын «Кудайдын иштери көрсөтүлүш үчүн» сакайтыларын баса белгилеген (Жакан 9:1—3; 11:1—4).

Көзбоёмочу менен сыйкырчылардан жана ишеним аркылуу айыктыргандардан айырмаланып, Ыйса эч качан көзбоочулукту, сыйкырлоону колдонгон эмес, оюн-зоок уюштуруп же сезимге таасир тийгизерлик иш-аракеттерди жасаган эмес. Ал кызматында ырым-жырымга жол берген эмес, ошондой эле «касиеттүү» деп эсептелген буюмдарды да колдонгон эмес. Мисалы, анын эки сокур кишини көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурдурбай айыктырганын эстеп көрөлү. Инжилде: «Боор ооруган Ыйса алардын көздөрүнө колун тийгизди. Ошол замат алардын көздөрү көрүп калды. Анан алар Ыйсанын артынан ээрчип жөнөштү»,— деп айтылат (Матай 20:29—34). Мында эч кандай ырым-жырым, каада-салт же оюн-зоок аткарылган эмес. Ыйса кереметтерди ачык, көбүнчө калың элдин алдында жасаган. Ага атайын жарык да, секиче да, кандайдыр бир буюм да керек болгон эмес. Ал эми азыркы керемет делген иштер тууралуу сөз кылсак, көпчүлүк учурда аларды документ түрүндө ырастоого мүмкүн эмес (Марк 5:24—29; Лука 7:11—15).

Айрым учурларда Ыйса кереметтеринен пайда алган адамдардын ишеними бар экенин белгилеп өткөн. Бирок адамдын ишениминин жетишсиздиги Ыйсага керемет жасоого тоскоолдук кылган эмес. Галилеядагы Капернаум шаарында жүргөндө ага «жин оорусуна чалдыккан көп кишини алып келишкен. Ал Өз сөзү менен жиндерди кууп чыгарып, бардык оорулууларды айыктырган» (Матай 8:16).

Ыйса кереметтерди адамдардын кызыгуусун эмес, муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жасаган (Марк 10:46—52; Лука 23:8). Андан сырткары, ал кереметтерди эч качан жеке кызыкчылыгы үчүн жасаган эмес (Матай 4:2—4; 10:8).

Инжилдердеги билдирүүлөр тууралуу эмне айтууга болот?

Ыйсанын керемет жасаганын көрсөткөн далилдер төрт Инжилде биз үчүн сакталып келди. Анын чындап эле кереметтерди жасаган-жасабаганын аныктоодо ошол билдирүүлөргө таянууга болобу? Албетте.

Буга чейин айтылгандай, Ыйса кереметтерин ачык, көп элдин көз алдында жасаган. Биринчи Инжилдер ошол окуяларды көргөн адамдардын көзү тирүү кезинде жазылган. Аларды жазгандардын чынчылдыгы тууралуу «Кереметтер жана тирилүү» деген китепте: «Инжилди жазгандарды динди үгүттөө максатында тарыхый чындыкты кереметтер жөнүндөгү аңгемелер менен ырайымсыз түрдө көмүшкөн деп айыптоо адилетсиздик болмок. [...] Алар чынчыл жазуучулардан болууга аракет кылышкан»,— деп айтылат («The Miracles and the Resurrection»).

Ыйсанын жолдоочуларына каршы чыккан жүйүттөр Инжилдерде жазылган зор иштердин жасалганын танышчу эмес. Алар кереметтердин кайсы күч аркылуу жасалганына шек туудурушкан (Марк 3:22—26). Кийинки мезгилдердеги сынчылар да Ыйсанын кереметтерин четке кага алышкан эмес. Анын кереметтери тууралуу билдирүүлөрдү б.з. I жана II кылымдарына таандык тарыхый эмгектерден табууга болот. Инжилдердеги Ыйсанын кереметтери тууралуу билдирүүлөрдүн ишенүүгө татыктуу экенине шектенбөөгө толук негиздер бар экени айкын болуп турат.

Кереметтерди жасаган адам

Ыйсанын кереметтери тууралуу талкуулоодо алардын ишенүүгө татыктуу экенин көрсөткөн далилдер менен эле чектелүү туура эмес болор эле. Ыйсанын зор иштери жазылган Инжилдердин аркасында аябай боорукер, башкалардын жыргалчылыгына чындап кызыкдар адам менен тааныша алабыз.

Мисалы, Ыйсага кайрылып: «Эгерде Сен кааласаң, мени айыктыра аласың»,— деп жалбарган пес оорулуу адам жөнүндөгү билдирүүнү алып көрөлү. Ыйса «боор ооруп, ага колун тийгизди да: „Каалайм, айык!“ — деди». Ошол замат ал адам айыгат (Марк 1:40—42). Ошентип, Ыйса Кудай берген күч аркылуу керемет жасоого түрткү берген боорукердик сезимин көрсөткөн.

Ыйса Наин шаарынын жанынан сөөк койгону бараткан адамдарга жолукканда эмне болгон? Өлгөн бала жесир аялдын жалгыз уулу болчу. Аялга боору ооруп Ыйса: «Ыйлаба!» — дейт. Анан баласын тирилтет (Лука 7:11—15).

Керемет жасап адамдарга жардам берүүдө Ыйсанын боорукердикке, аёо сезимине жетектелгенин билүү соороторлук. Бирок мындай кереметтер жөн гана тарыхый фактылар эмес. Эврейлерге 13:8де: «Ыйса Машайак кечээ кандай болсо, бүгүн да ошондой жана түбөлүккө ошол бойдон калат»,— деп жазылат. Ал азыр асманда бийлик кылууда. Кудай берген күч аркылуу Ыйса жерде жүргөндө жасаган иштерден алда канча зор иштерди жасоого даяр жана аны кылууга кудуреттүү. Жакында Ыйса ошол күчтү тил алчаак адамзатты айыктыруу үчүн колдонот. Жахабанын Күбөлөрү ушундай эң сонун үмүт тууралуу көбүрөөк билишиңерге кубаныч менен жардам берет.

[5-беттеги сүрөт]

Ыйсанын кереметтери «Кудайдын улуу күчүн» көрсөткөн.

[7-беттеги сүрөт]

Ыйса күчтүү сезимдерди чагылдырган.