Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын мыйзамынан ырахат алып жатасыңбы?

Жахабанын мыйзамынан ырахат алып жатасыңбы?

Жахабанын мыйзамынан ырахат алып жатасыңбы?

«Адам бактылуу... [эгер] анын эрки Кудайдын мыйзамында [болсо]» (ЗАБУР 1:1, 2).

1. Биз, Жахабанын кызматчылары, эмне үчүн бактылуубуз?

ЖАХАБА бизге, өзүнүн берилген кызматчыларына, дайыма колдоо көрсөтүп, батасын берип келет. Көптөгөн сыноолорго дуушар болуп келатканыбыз чын. Анткен менен биз чындап бактылуубуз. Себеби биз «бактылуу Кудайга» кызмат кылып жатабыз жана анын ыйык рухунун таасири менен жүрөгүбүз кубанычка толуп турат (1 Тиметейге 1:11, «ЖД»; Галаттыктарга 5:22). Кубаныч — бул адамдын өзүн бактылуу сезген абалы. Андай сезим жакшы бир нерсени күтүүдөн же ага ээ болуудан улам пайда болот. Асмандагы Атабыздын бизге эң жакшы нерселерди берип жатканы шексиз (Жакып 1:17). Ошондуктан эмне үчүн өзүбүздү бактылуу сезерибиз түшүнүктүү!

2. Кайсы забурларды талкуулайбыз?

2 Забур кетебинде бакытка өзгөчө көңүл бурулат. Бул анын 1- жана 2-баптарынан көрүнүп турат. Ыйса Машайактын алгачкы жолдоочулары экинчи забурду Ысрайыл падышасы Дөөт жазган деп эсептешкен (Элчилер 4:25, 26). Биринчи забурду жазган аты аталбаган адам Кудайдан шыктандырылган ырын: «Ыймансыздардын кеңешине барбаган... адам бактылуу»,— деген сөздөр менен баштайт (Забур 1:1). Ушул жана эмки макаладан 1- жана 2-забурлар кубанышыбызга кандай негиз берерин көрөбүз.

Бакыттын ачкычы

3. Забур 1:1ге ылайык, ыймандуу адам эмне үчүн бактылуу?

3 Биринчи забурда ыймандуу адамдын эмне үчүн бактылуу экени түшүндүрүлөт. Анын айрым себептерин көрсөтүп забурчу: «Ыймансыздардын кеңешине барбаган, күнөөкөрлөрдүн жолунда турбаган, бузулгандардын [«шылдыңдагандардын», «ЖД»] жыйынында отурбаган адам бактылуу»,— деп ырдайт (Забур 1:1).

4. Захария менен Элизабет кайсы жагынан жакшы үлгү калтырышкан?

4 Чындап бактылуу болуу үчүн, Жахабанын адил талаптарын аткарышыбыз керек. Чөмүлдүрүүчү Жакандын ата-энеси болуу артыкчылыгына ээ болгон Захария менен Элизабет «Теңирдин осуяттары менен көрсөтмөлөрүн так аткарып, Кудай алдында адил жашаган» адамдардан болушкан (Лука 1:5, 6). Биз да алардай болсок жана «ыймансыздардын кеңешине баруудан» чечкиндүүлүк менен баш тартсак, бактылуу болобуз.

5. «Күнөөкөрлөрдүн жолуна» түшпөөгө эмне жардам берет?

5 Ыймансыз адамдардын көзкараштарын четке каксак, «күнөөкөрлөрдүн жолунда турбайбыз». Биз алар чогулган жерлерге — адамдар адеп-ахлаксыз жол менен көңүл ачкан же жаман жагынан атагы чыккан жайларга — дегеле барбайбыз. Алардын ыймансыз жүрүм-турумун тууроо азгырыгы пайда болсочу? Анда келгиле, элчи Пабылдын: «Ишенбегендер менен бирге бир моюнтурукту кийбегиле. Себеби адилдик менен мыйзамсыздыктын ортосунда кандай жалпылык бар? Жарык менен караңгылыктын ортосунда кандай жалпылык бар?» — деген сөздөрүнө ылайык иш кылуу үчүн, Кудайдан жардам сурап тиленели (2 Корунттуктарга 6:14). Эгер Кудайга таянсак жана «жүрөгүбүз таза» болсо, күнөөкөрлөрдүн көзкарашын, жашоо мүнөзүн четке кагабыз жана таза ой-ниетке, каалоого, ошондой эле «чыныгы ишенимге» ээ болобуз (Матай 5:8; 1 Тиметейге 1:5).

6. Шылдыңдоочулардан эмне үчүн сак болушубуз керек?

6 Жахабага жагууну кааласак, эч качан шылдыңдагандардын «жыйынында отурбашыбыз» керек. Айрымдар Кудайдын мыйзамы боюнча жашагандарды шылдыңга алышат. Ал эми азыркы «акыркы күндөрдө» мурда Кудай жолунда жүрүп, кийин ишенимден чегингендер аларды өзгөчө жек көрүү менен шылдыңдашат. Элчи Петир ишенимдештерине: «Сүйүктүү бир туугандар... Баарынан мурда, акыркы күндөрү өздөрүнүн дене кумарлары боюнча иш кылган шылдыңчылдар келерин билип койгула. Ошондо алар: „Анын келем деген убадасы кана? Анткени ата-бабаларыбыздын көзү өткөндөн бери, дүйнө жаратылгандан бери бардыгы ошол эле бойдон“,— деп айтышат»,— деп эскерткен (2 Петир 3:1—4). Эгер андай адамдардын жыйынында эч качан «отурбасак», алардын башына түшө турган каргашадан кача алабыз (Накыл сөздөр 1:22—27).

7. Забур 1:1деги сөздөргө эмне үчүн олуттуу карашыбыз керек?

7 Биринчи забурдагы сөздөргө кулак какпасак, Жазманы изилдөөнүн аркасында ээ болгон рухийлигибизден айрылып калышыбыз мүмкүн. Андай учурда абалыбыз барган сайын начарлай берет: алгач ыймансыздардын айткандарына кошула баштасак, бара-бара алар менен үзгүлтүксүз пикирлешүүгө өтүшүбүз ыктымал. Убакыттын өтүшү менен ишенимден чегинген шылдыңдоочу болуп кетишибиз мүмкүн. Күнөөкөрлөр менен достошуу Жахаба Кудайга жакпаган рухту өрчүтүп, аны менен болгон мамилебизди бузушу ыктымал (1 Корунттуктарга 15:33; Жакып 4:4). Биз менен эч качан мындай болбосун!

8. Акылыбызды рухий нерселерге бурууга эмне жардам берет?

8 Тиленүү акылыбызды рухий нерселерге бурууга жана ыймансыздар менен достошуудан качууга жардам берет. Элчи Пабыл: «Эч нерсе тууралуу кам санабагыла, ар дайым сыйынганда жана жалынганда, каалооңорду ыраазычылык билдирүү менен Кудайга айткыла. Ошондо Кудайдын акыл жеткис тынчтыгы силердин жүрөгүңөрдү жана ойлоруңарды Ыйса Машайак аркылуу сактайт»,— деп жазган. Ошондой эле ал «эмне чындык, эмне туура, эмне адилеттүү, эмне таза болсо, эмне сыпайгерчиликке жатса, эмне мактоого арзырлык болсо», ошол жөнүндө ойлонууга чакырган (Филипиликтерге 4:6—8). Келгиле, ар дайым Пабылдын кеңешине ылайык иш кылалы жана эч качан ыймансыздардын жолуна түшпөйлү.

9. Туура эмес иштерден качсак да, бардык адамдарга жардам берүүгө кантип аракет кылабыз?

9 Туура эмес иштерди четке каксак да, Рим башкаруучусу Феликске «адилеттик, өзүн өзү тыюу жана келечектеги сот тууралуу» айткан элчи Пабылды туурап, адамдарга сылыктык менен кабар айтабыз (Элчилер 24:24, 25; Колостуктарга 4:6). Падышалык тууралуу жакшы кабарды бардык адамдарга сылыктык менен айтабыз. «Түбөлүк өмүргө карата туура маанайда болгондор» чындык сөзүн кабыл алып, Кудайдын мыйзамынан ырахат алышарына ишенебиз (Элчилер 13:48, «ЖД»).

Ал Жахабанын мыйзамынан ырахат алат

10. Жекече изилдөөдө окугандарыбыздын акылыбыз менен жүрөгүбүзгө зор таасир этишине эмне өбөлгө түзөт?

10 Забурчу бактылуу адам тууралуу сөзүн: «Анын эрки Кудайдын мыйзамында, Анын мыйзамы тууралуу ал күнү-түнү ойлонот»,— деп улайт (Забур 1:2). Биз Кудайдын кызматчыларыбыз жана биздин эркибиз Жахабанын мыйзамында, башкача айтканда, биз анын мыйзамынан ырахат алабыз. «Ойлонуу» деп которулган сөз «акырын үн чыгара окуу» дегенди да туюнтушу мүмкүн, андыктан жекече изилдөө жүргүзүүдө жана ой жүгүртүүдө үнүбүздү акырын чыгарып окусак болот. Ыйык Жазманы ушинтип окусак, окугандарыбыз акылыбыз менен жүрөгүбүзгө зор таасир этет.

11. Ыйык Китепти эмне үчүн «күнү-түнү» окуу зарыл?

11 «Ишенимдүү жана акылдуу кул» бизди Ыйык Китепти күнүгө окууга үндөп келет (Матай 24:45). Жахабанын адамзатка арнаган кабары менен жакшыраак таанышууну каалагандыктан биз Ыйык Китепти «күнү-түнү» окуйбуз, ооба, кээде аны тигил же бул себептерден улам уйкубуз качканда түн ичинде да окуй алабыз. Элчи Петир бизди: «Жаңы төрөлгөн балдар катары рухий таза сүттү сүйгүлө. Ал аркылуу өсүп, куткарылууга жеткиле»,— деп чакырат (1 Петир 2:1, 2). Кудай Сөзүн күнүгө окуудан жана түндө анын ой-ниеттери тууралуу ойлонуудан ырахат аласыңбы? Забурчу ырахат алган (Забур 62:7).

12. Жахабанын мыйзамынан ырахат алсак, эмне кылабыз?

12 Түбөлүк бактылуу болушубуз Кудайдын мыйзамын аткаруудан ырахат алар-албасыбыздан көзкаранды. Кудайдын мыйзамы жеткилең жана адилет, аны сактоо чоң сыйлыкка жеткирет (Забур 18:8—12). Шакирт Жакып: «Жеткилең мыйзамга, эркиндиктин мыйзамына дитин коюп, ошол мыйзам боюнча жашаган адам унутчаак угуучу эмес, аткаруучу болуп, өз иш-аракетинен бакыт табат»,— деп жазган (Жакып 1:25). Эгер Жахабанын мыйзамынан чындап эле ырахат алсак, рухий нерселер тууралуу ойлонбой бир да күндү өткөрбөйбүз. Натыйжада, «Кудайдын улуу сырларын» билүүгө жана биринчи кезекте Падышалыкты издөөгө болгон каалообуз артат (1 Корунттуктарга 2:10—13; Матай 6:33).

Ал дарактай болот

13—15. Кандай мааниде биз суу боюна отургузулган дарактай боло алабыз?

13 Ыймандуу адамды андан ары сүрөттөп забурчу: «Ал суу боюна отургузулган, мөмөсүн өз маалында берген, жалбырагы соолубаган дарактай [«дарак сыяктуу», СК] болот. Ал эмне иш кылбасын, бардык ишинде ийгиликке жетишет»,— дейт (Забур 1:3). Биз, Жахабанын кызматчылары, башка жеткилеңсиз адамдардай эле жашоодо кыйынчылыктарга дуушар болобуз (Аюб 14:1). Куугунтукталышыбыз же дагы башка жол менен ишенимибиз сыналышы мүмкүн (Матай 5:10—12). Мындайда, оорулуу эмес дарак катуу шамалга туруштук бергендей эле, биз да Кудайдын жардамы менен кыйынчылыктарды көтөрө алабыз.

14 Суу боюна отургузулган дарак ысыкта же кургакчылыкта куурабайт. Эгерде Кудайдан корккон адамдардан болсок, чексиз күчтүн Булагынан, Жахаба Кудайдан, күч-кубат ала беребиз. Кудайдан жардам издеген Пабыл мындай деген: «Мага күч-кубат бергендин аркасы менен колуман баары келет» (Филипиликтерге 4:13, «ЖД»). Бизди Жахабанын ыйык руху жетектеп, бекемдеп келет, андыктан «соолубайбыз», жемишсиз же рухий жактан өлүк абалда болбойбуз. Кудайга кызмат кылууда ийгиликтүү болуп, анын рухунун жемишин чагылдырабыз (Жеремия 17:7, 8; Галаттыктарга 5:22, 23).

15 Забурчу «сыяктуу» деген маанини туюнткан эврей сөзүн колдонуу менен жалпылыгы бар эки башка нерсени салыштырган. Адамдар даракка окшош эмес, бирок суу боюна отургузулган жалбырагы жыш дарак забурчуга Жахабанын мыйзамынан ырахат алгандардын рухий жактан гүлдөгөнүн эске салса керек. Эгер Кудайдын мыйзамын сүйсөк, күндөрүбүз дарактын күндөрүндөй болот. Ооба, атүгүл түбөлүк жашайбыз (Жакан 17:3).

16. Кандай мааниде эмне иш кылбайлы ийгиликке жетебиз жана эмне үчүн?

16 Туура жолдо жүрсөк, Жахаба сыноолорго жана кыйынчылыктарга чыдашыбызга жардам берет. Кудайга кызмат кылуудан кубаныч алып, жемиш апкелебиз (Матай 13:23; Лука 8:15). Кандай иш кылбайлы, ийгиликке жетебиз, анткени эң негизги максатыбыз — Жахабанын эркин аткаруу. Анын ой-ниеттери ар дайым ийгиликтүү ишке ашат жана биз анын мыйзамдарын сүйөбүз, ошондуктан рухий жактан ийгиликке жетүүдөбүз (Башталыш 39:23; Жашыя 1:7, 8; Ышайа 55:11). Атүгүл кыйынчылыктарга кабылганыбызда да ушундай болот (Забур 111:1—3; 3 Жакан 2).

Ыймансыздар гүлдөп жаткандай көрүнөт

17, 18. а) Забурчу ыймансыздарды эмнеге салыштырган? б) Ыймансыздар байып жатышканы менен, эмне үчүн аларда эч кандай келечек жок?

17 Ыймансыздардын келечеги ыймандуулардыкынан кандай гана айырмаланат! Ыймансыздар материалдык жактан гүлдөп жаткандай көрүнүшү мүмкүн, бирок рухий жактан алар жакыр. Бул забурчунун андан аркы сөздөрүнөн айкын көрүнүп турат, ал: «Ыймансыздар мындай эмес, алар шамал сапырган топурактай [«топондой», «Мукаддас»]. Ошондуктан ыймансыздар сотто туруштук бере алышпайт, ошондой эле күнөөкөрлөр адилеттүүлөрдүн жыйынында отура алышпайт»,— дейт (Забур 1:4, 5). Забурчунун: «Ыймансыздар мындай эмес»,— дегенине көңүл бурсаңар. Муну менен алардын жемиштүү, көпкө жашаган дарактарга салыштырылган ыймандуу адамдардай эмес экенин айткысы келген.

18 Ыймансыздар байып жатышканы менен, аларда эч кандай келечек жок (Забур 36:16; 72:3, 12). Алар Ыйсанын мурас бөлүштүрүүгө байланыштуу суроого жооп берүүдө айткан көрсөтмөлүү мисалындагы акылсыз бай адамдай. Ыйса угуучуларына: «Абайлагыла, дүнүйөкордуктан сак болгула! Анткени адамдын өмүрү байлыгынын көптүгүнө көз каранды эмес»,— деген. Бул ойду түшүндүрүү үчүн Ыйса мол түшүм алгандыктан кампаларын бузуп, түшүмүн жана бардык байлыгын сактоо үчүн чоңураак кампа салууну чечкен бай адам тууралуу көрсөтмөлүү мисал айтат. Бай адам андан соң ичип-жеп, көңүл ачууну ойлойт. Бирок Кудай ага: «Акылсыз, ушул түнү жаның алынат. Ал эми сенин жыйып койгондоруң кимге калат?» — дейт. Айткан оюн баса белгилеп Ыйса: «Өзү үчүн байлык жыйнаган, бирок Кудайдын байлыгы менен байыбаган адамга ушундай болот»,— деп айтат (Лука 12:13—21).

19, 20. а) Байыркы убактарда эгинди кантип бастырып, сапырышканын айтып бергиле. б) Ыймансыздар эмне үчүн топонго салыштырылат?

19 Ыймансыздар «Кудайдын байлыгы менен», башкача айтканда, Кудайдын алдында байышкан эмес. Алардын абалы ушунчалык туруксуз болгондуктан, алар топонго — эгинди бастыргандан калган майдаланган сабактар менен башка калдыктарга — салыштырылат. Байыркы убактарда жыйналган эгинди бастыруу үчүн, адатта, бийик жерде жайгашкан кырманга алып барышчу. Аны бастырыш үчүн жана дандан топонду бөлүү үчүн түбүндө курч таштары же темирден жасалган курч бычактары бар жана жаныбарлар айланткан шайманды колдонушчу. Анан эгинди майдаланган сабактары жана башка нерселер менен бирге күрөк менен көккө сапырышчу (Ышайа 30:24). Натыйжада дан — өзүнчө, саман өзүнчө түшүп, топон болсо учуп кетчү (Рут 3:2). Андан кийин данды ээлеп, таш менен башка нерселерден тазалашып, сактап коюшчу же бастырышчу (Лука 22:31). Топон болсо таптакыр жок болчу.

20 Дан жерге түшүп, сакталып коюлгандай, ыймандуулар аман калышат, ал эми ыймансыздар, топон учуп кеткендей эле, жок кылынат. Мыйзамсыздардын жакында биротоло жок болоруна кубанычтабыз. Алар жок кылынгандан кийин, Жахабанын мыйзамын аткаруудан ырахат алган адамдар мол баталарга ээ болушат. Акыр аягында тил алчаак адамдар Кудайдын белегин, түбөлүк өмүр, алышат (Матай 25:34—46; Римдиктерге 6:23).

«Адилеттүүлөрдүн жолу» баталар менен коштолот

21. «Теңир адилеттүүлөрдүн жолун билет» дегенди кандай түшүнүүгө болот?

21 Биринчи забур: «Теңир адилеттүүлөрдүн жолун билет, ал эми ыймансыздардын жолу жок болот»,— деген сөздөр менен аяктайт (Забур 1:6). «Теңир адилеттүүлөрдүн жолун билет» дегенди кандай түшүнүүгө болот? Эгер адил жолдо жүрсөк, бир нерседен такыр шектенбесек болот: асмандагы Атабыз такыбаа жашоо өткөрүп жатканыбызды билет жана бизди кызматчылары катары жактырат. Биз болсо өз кезегинде Кудайдын чындап кам көрөрүнө ишенип бардык түйшүктөрүбүздү ага тапшыра алабыз жана тапшырышыбыз керек (Жезекиел 34:11; 1 Петир 5:6, 7).

22, 23. Ыймансыздар жана ыймандуулар эмне болушат?

22 «Адилеттүүлөрдүн жолу» түбөлүккө калат, ал эми оңолгус ыймансыздардын үстүнөн Жахаба сот жүргүзүп, аларды жок кылат. Ыймансыздар менен кошо алардын «жолу», башкача айтканда, жашоо мүнөзү да жок болот. Дөөттүн: «Бир аз убакыт өткөндөн кийин ыймансыз жок болот, анын ордун карап, таппай каласың. Ал эми момундар болсо жерди мураска алышат да, тынч турмушка ыракаттанышат. Адил адамдар жерди мурастап, анда түбөлүккө жашашат»,— деген сөздөрү аткарыларына толук ишенсек болот (Забур 36:10, 11, 29).

23 Бир да ыймансыз адам болбогон жер бетиндеги бейиште жашоого татыктуу болсок, кандай гана кубанабыз! Ал убакта момундар менен ыймандуулар Жахабанын мыйзамынан ар дайым ырахат алып, чыныгы тынчтыкта жашашат. Бирок ага чейин Жахабанын «эрки» аткарылышы керек (Забур 2:7а). Эмки макала Кудайдын «эрки» эмнеде экенин жана анын биз менен жалпы адамзат үчүн кандай мааниси бар экенин көрүүгө жардам берет.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Эмне үчүн ыймандуу адам бактылуу?

• Жахабанын мыйзамынан ырахат алып жатканыбыз эмнеден көрүнөт?

• Кандай мааниде адам суу боюна отургузулган дарактай боло алат?

• Ыймандуулардын жолу ыймансыздардыкынан эмнеси менен айырмаланат?

[Изилдөө суроолору]

[9-беттеги сүрөт]

Тиленүү ыймансыздар менен достошуудан качууга жардам берет.

[10-беттеги сүрөт]

Эмнеге ыймандуу адам даракка салыштырылат?