Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын «эрки» аткарылбай калбайт

Жахабанын «эрки» аткарылбай калбайт

Жахабанын «эрки» аткарылбай калбайт

«Өзүмдүн эркимди алдын ала кабарлайм: Теңир Мага мындай деди: „Сен Менин Уулумсуң... Менден сурасаң, Мен сага элдерди мураска берем“» (ЗАБУР 2:7, 8).

1. Кудай менен адамдардын ой-ниетинин ортосунда кандай айырма бар?

ЖАХАБА КУДАЙДЫН жерге жана адамдарга байланыштуу ой-ниети бар. Адамдардын өзүлөрүнүн да ой-ниети бар. Бирок Кудайдын ой-ниети менен адамдардыкы бири-биринен кандай гана айырмаланат! Буга таң калууга себеп деле жок, анткени Кудай өзү: «Асман жерден канчалык бийик болсо, Менин жолдорум силердин жолдоруңардан ошончолук бийик, Менин ойлорум силердин ойлоруңардан бийик»,—дейт. Жахабанын ой-ниети сөзсүз аткарылат, себеби ал: «Анткени жамгыр менен кар асмандан түшөт, асманга кайтпайт. Бирок жерди сугарат, аны өндүргөнгө жана өстүргөнгө жөндөмдүү кылат, ошондо ал үрөн сепкен адамга үрөн, жей турган адамга нан берет. Ошол сымал Менин оозумдан чыккан сөз да кайра Өзүмө бекер кайрылып келбейт, бирок Мен эмнени кааласам, ошону аткарат, Мен аны эмнеге жиберсем, ошону жүзөгө ашырат»,— деп айтат (Ышайа 55:9—11).

2, 3. Экинчи забурдан эмне айкын көрүнүп турат жана буга байланыштуу кандай суроолор туулат?

2 Кудайдын Мессиялык Падышага байланыштуу ой-ниетинин сөзсүз аткарылары экинчи забурдан айкын көрүнүп турат. Ал забурду жазган Дөөт элдер дүрбөлөңгө түшө турган убак тууралуу Кудайдын шыктандыруусу менен алдын ала айткан. Алардын башкаруучулары Жахаба Кудайга жана анын Майланганына каршы чыгышат. Бирок Дөөт: «Өзүмдүн эркимди алдын ала кабарлайм: Теңир мага мындай деди: „Сен Менин Уулумсуң... Менден сурасаң, Мен Сага элдерди мураска берем, бүт жерди энчиңе берем“»,— деп да жазган (Забур 2:7, 8).

3 Жахабанын «эрки» элдер үчүн эмнени билдирет? Анын жалпы адамзатка кандай байланышы бар? Экинчи забурда айтылган окуялар аларды окуган жана Кудайдан корккон адамдар үчүн эмнени билдирет?

Элдер дүрбөлөңгө түшүүдө

4. Забур 2:1, 2деги негизги ойлорду кыскача кантип айтып берет элеңер?

4 Элдердин жана алардын башкаруучуларынын иш-аракетин сүрөттөөсүн забурчу мындай деген сөздөр менен баштайт: «Элдер эмне үчүн дүрбөлөңгө түшүп жатышат, уруулар эмне үчүн ишке ашпай турган нерсени ойлоп жатышат? Жер жүзүнүн падышалары каршы чыгып жатышат, төрөлөр да чогулуп, Теңирге каршы жана Анын Майланганына каршы кеңешип жатышат» (Забур 2:1, 2) *.

5, 6. Уруулар ишке ашпай турган кайсы «нерсени ойлоп жатышат»?

5 Азыркы убактагы уруулар ишке ашпай турган кайсы «нерсени ойлоп жатышат»? Кудайдын Майланганын —Мессияны же Машайакты — кабыл алуунун ордуна, элдер өздөрүнүн бийлигин түбөлүккө орнотууну «ойлоп жатышат». Экинчи забурдагы бул сөздөр б.з. I кылымында жүйүттөр менен Рим башкаруучулары биригип Кудай Падышалыкка дайындаган Ыйса Машайакты өлтүрүшкөндө аткарылган. Бирок бул сөздөр 1914-жылы Ыйса падыша болуп такка отургандан тартып чоң масштабда аткарыла баштаган. Ошондон бери Кудай такка отургузган Падышаны бир да мамлекет кабыл албай келет.

6 Забурчунун: «Уруулар эмне үчүн ишке ашпай турган нерсени ойлоп жатышат?» — деген суроосу эмнени билдирет? Бул элдердин ой-ниети куру убаракерчилик экенин жана ийгиликсиз болорун билдирет. Алар дүйнөгө тынчтык жана биримдик орното алышпайт. Ошого карабастан Кудайдын бийлигине баш ийбей жатышат. Алар өз ара биригип Эң Жогоркуга жана анын Майланганына каршы чыгышууда. Кандай гана акылсыздык!

Жахабанын жеңүүчү Падышасы

7. Ыйсанын алгачкы жолдоочулары Забур 2:1, 2деги сөздөрдү тиленүүлөрүндө кантип колдонушкан?

7 Ыйсанын алгачкы жолдоочулары Забур 2:1, 2деги сөздөрдү Ыйсага карата колдонушкан. Ишеними үчүн куугунтукталышканда алар: «Асманды, жерди, деңизди жана алардын ичинде эмне болсо, ошонун баарын жараткан Эгедер Кудай [Жахаба]! Сен Ыйык Рух аркылуу атабыз Дөөттүн — Өзүңдүн кулуңдун оозу аркылуу: „Бутпарастар эмне үчүн каарданып жатышат? Элдер эмне үчүн ишке ашпай турган жаман ойлорду ойлоп жатышат? Дүйнөнүн падышалары каршы көтөрүлүштү, төрөлөр Теңирге жана Анын Машайагына каршы чогулушту“,— деп айткансың. Чын эле, бул шаарда Ирод [Антипа] менен Понтий Пилат бутпарастар менен, Ысрайыл эли менен бирге Өзүң майлаган ыйык Уулуң Ыйсага каршы чогулушту»,— деп тиленишкен (Элчилер 4:24—27; Лука 23:1—12) *. Ооба, I кылымда башкаруучулар менен элдер Кудайдын майланган кызматчысына, Ыйсага, каршы чыгышкан. Бирок бул забурдагы пайгамбарлык жүздөгөн жылдардан кийин дагы бир жолу аткарылышы керек эле.

8. Забур 2:3төгү сөздөр азыркы убактагы элдердин үстүнөн кандайча аткарылууда?

8 Байыркы Ысрайылда Дөөт сыяктуу адамдар падышалык кылган мезгилдерде бутпарас элдер башкаруучулары менен бирге Кудайга жана анын тактыда отурган падышасына каршы чыгышчу. Азырчы? Азыркы убакта элдер Жахабанын талаптарына жана Мессияга баш ийүүнү каалашпайт. Ошондуктан алар пайгамбарлыкта: «Алардын чынжырларын үзүп таштайбыз, алардын бизге салган кишендерин түшүрүп таштайбыз»,— деп айтып жаткан адамдар катары сүрөттөлөт (Забур 2:3). Башкаруучулар да, элдер да Кудай менен анын Майланганы койгон бардык чектөөлөрдү четке кагышууда. Алардын «чынжырларды үзүүгө» жана «салынган кишендерди түшүрүүгө» кылган бардык аракеттери, албетте, куру бекер болуп чыгат.

Жахаба аларды маскара кылууда

9, 10. Жахаба элдерди эмне үчүн маскара кылат?

9 Башкаруучулардын көзкарандысыздыкка жетүү максатында кылып жаткан аракеттери Жахабаны такыр тынчсыздандырбайт. Экинчи забурда андан ары: «Аларга Асманда Жашоочу күлөт, аларды Теңир маскара кылат»,— деп айтылат (Забур 2:4). Жахаба өзүнүн ой-ниетин ал башкаруучулар жоктой эле, тоскоолдуксуз аткарып келет. Кудай аларды текебердиги үчүн шылдыңдоодо. Мейли, алар пландаштырып жаткан ой-ниеттери менен мактана беришсин. Бирок акыры Жахабанын алдында маскара болушат. Алардын куру каршылыгы Жахабанын күлкүсүн келтирет.

10 Дөөт башка забурларда да Кудайга каршы адамдар жана элдер тууралуу: «Сен, Теңир, кудуреттин Кудайысың, Ысрайылдын Кудайысың, бардык элдерди жазалоого аттан, ыймансыз жана кыянат иш кылгандардын бирин да аяба. Кечинде алар кайрадан келишет, иттердей улуп, шаарды тегеренип жүрүшөт. Мына, алар өздөрүнүн оозу менен жаман сөздөрдү кусуп жатышат. Алардын оозундагы кылычтары: „Ким укмак эле?“ — деп ойлошот. Бирок Сен, Теңир, аларды күлкү кыласың, ал элдердин баарын уят кыласың»,— деп ырдаган (Забур 58:6—9). Жахаба өзүнө каршы чыгып жаткан акылсыз элдердин мактанганына жана алардын андан кийинки баш аламандыгына күлөт.

11. Адамдар Кудайдын ой-ниетине каршы чыгууга аракеттенишкенде эмне болот?

11 Экинчи забурдагы сөздөр Жахабанын кандай жагдайды болбосун чече аларына болгон ишенимибизди бекемдейт. Ал өзүнүн ой-ниетин ар дайым ишке ашырарына жана берилген кызматчыларын эч качан калтырбаарына толук ишенсек болот (Забур 93:14). Элдер Жахабанын ой-ниетине каршы чыгууга аракеттенишкенде эмне болот? Экинчи забурга ылайык, Кудай аларга «ачуусу» менен сүйлөйт, анын сөздөрү күндүн катуу күркүрөгүндөй жаңырат. Андан сырткары, ал катуу урган чагылгандай болгон «Өзүнүн жаалы менен аларды дүрбөлөңгө түшүрөт» (Забур 2:5).

Кудай Падышаны койду

12. Забур 2:6да кайсы такты тууралуу айтылат?

12 Жахабанын забурчу аркылуу андан ары айткан сөздөрү элдерди, албетте, тынчсыздандырууда. Кудай: «Мен Өзүмдүн Падышамды ыйык тоом Сиондо майлагам [«койдум», «ЖД»]»,—дейт (Забур 2:6). Сион Иерусалимдеги бийик жер болчу, ал жерде Дөөт бүтүндөй Ысрайылга падыша болуп коюлган. Бирок айтылуу Падыша ал шаардагы же дагы кайсы бир бийик жердеги тактыга отурбайт. Жахаба Ыйса Машайакты Мессиялык Падыша кылып асмандагы Сион тоосуна койгон (Аян 14:1).

13. Жахаба Уулу менен кандай келишим түзгөн?

13 Мессиялык Падышанын өзү: «Өзүмдүн эркимди [Уулу менен Падышалык келишимин түзгөн Жахабанын эркин] алдын ала кабарлайм: Теңир Мага мындай деди: „Сен Менин Уулумсуң. Мен бүгүн Сенин атаң болдум“»,— деп айтат (Забур 2:7). Машайак элчилерине: «Мен сыноого кабылган учурларда силер жанымда болдуңар. Атам мени менен келишим түзгөндөй, мен да силер менен Падышалык келишимин түзөм»,— деп айтканда ошол Падышалык келишими тууралуу сөз кылган (Лука 22:28, 29, «ЖД»).

14. Ыйса падыша болууга толук укуктуу деп эмне үчүн айтууга болот?

14 Ыйса чөмүлтүлгөндө, Жахаба аны, Забур 2:7де алдын ала айтылгандай, Уулум деп жарыялаган жана муну Ыйсаны рухий жашоого тирилтүү менен далилдеген (Марк 1:9—11; Римдиктерге 1:4; Эврейлерге 1:5; 5:5). Ооба, Кудайдын жалгыз өзү жараткан Уулу — асман Падышалыгынын Падышасы (Жакан 3:16). Ыйса Дөөт падышанын тукумунан чыккандыктан падыша болууга толук укуктуу (2 Шемуел 7:4—17; Матай 1:6, 16). Экинчи забурга ылайык, Кудай Уулуна: «Менден сурасаң, Мен Сага элдерди мураска берем, бүт жерди энчиңе берем»,— дейт (Забур 2:8).

15. Эмне үчүн Ыйса Кудайдан элдерди энчиге беришин сурайт?

15 Падыша — Кудайдын Уулу — бийлик жагынан Жахабадан кийинки эле абалды ээлейт. Ыйса Жахабага болгон берилгендиги менен ишенимдүүлүгүн далилдеген. Андан сырткары, ал — Кудайдын тун Уулу, демек, мураскор. Ыйса Машайак, «көрүнбөс Кудайдын бейнеси, эч нерсе жаратыла электе эле... бар болгон» (Колостуктарга 1:15). Ал Кудайдан «элдерди мураска... бүт жерди энчисине беришин» сураса, Кудай сөзсүз берет. Ыйса муну адамдарды абдан сүйгөндүктөн жана Атасынын жер менен адамзатка байланыштуу ой-ниетин аткарууну аябай каалагандыктан сурайт (Накыл сөздөр 8:30, 31).

Жахабанын элдерге каршы «эрки»

16, 17. Забур 2:9га ылайык, элдерди эмне күтүүдө?

16 Экинчи забур Ыйса Машайактын көзгө көрүнбөгөн катышуусунун убагында аткарылып жаткандыктан, элдерди эмне күтүүдө? Жакында Падыша Кудайдын төмөнкү эркин аткарат: «Аларды [элдерди] темир таяк менен талкалайсың, аларды карапачынын идишиндей сындырасың» (Забур 2:9).

17 Байыркы убакта падышанын темир таягы падышалык бийликти символдоштурган. Айрым таяктар, экинчи забурда айтылгандай, темирден жасалчу. Бул жерде Машайак Падышанын элдерди опоңой эле талкалаары каймана тил менен айтылган. Темир таяктын күчтүү соккусу чопо идиштин таш-талканын чыгарат.

18, 19. Кудайдын ырайымына ээ болуу үчүн жердеги падышалар эмне кылышы керек?

18 Элдердин башкаруучуларынын бул талкаланууну карап туруудан башка эч айласы жокпу? Бар, анткени забурчу аларды: «Ошондуктан, падышалар, акылыңарга келгиле. Жер жүзүнүн башкаруучулары, үйрөнгүлө!» — деп чакырат (Забур 2:10). Падышалар үйрөнүүгө, акылына келүүгө чакырылууда. Алар өздөрүнүн пландары адамзаттын жыргалчылыгы үчүн Кудайдын Падышалыгы кыла тургандарга салыштырмалуу эч нерсеге татыбаарын түшүнүшү зарыл.

19 Кудайдын ырайымына ээ болуу үчүн ал падышалар иш-аракеттерин өзгөртүшү керек. Алар: «Теңирге коркунуч менен кызмат кылгыла, титирөө менен кубангыла»,— деп үндөлөт (Забур 2:11). Ушул чакырыкка ылайык иш кылышса, эмне болмок? Дүрбөлөңгө түшпөй, Мессиялык Падышанын алар үчүн даярдаган нерселерине кубанышмак. Жердеги башкаруучулар өздөрүнө мүнөздүү кекирейгендик менен бойкөтөрүүчүлүктөн арылышы керек. Алар токтоосуз түрдө өзгөрүлүп, Жахабанын эгедерлиги талашсыз түрдө жогору экенин жана Мессиялык Падышанын жеңилгис күчкө ээ экенин моюндарына алышы зарыл.

«Уулун өпкүлө»

20, 21. «Уулун өпкүлө» деген сөздөр эмнени билдирет?

20 Эми забурчу башкаруучуларга ырайымдуулук чагылдырылган чакырык менен кайрылууда. Алардын, каршы болгондон көрө: «Уулун сыйлагыла [«өпкүлө», «ЖД»], болбосо Ал [Жахаба Кудай] каарданат, бара жаткан жолуңарда өлүп каласыңар, анткени жакында Анын каары кайнайт»,— деген кеңешке ылайык иш кылышканы дурус (Забур 2:12а). Жахаба Кудайдын эркине ылайык иш кылуу зарыл. Ал өзүнүн Уулун тактыга отургузганда, элдердин башкаруучулары «ишке ашпай турган нерсени ойлоону» токтотушу керек эле. Алар токтоосуз түрдө Падышаны кабыл алып, ага толугу менен баш ийиши керек болчу.

21 «Уулун өпкүлө» деген сөздөр эмнени билдирет? Забур жазылган убактарда өбүү достуктун белгиси болгон; өбүү менен келген конокторго да меймандостук көрсөтүлгөн. Мындан сырткары, өбүү ишенимдүүлүк менен берилгендиктин белгиси болгон (1 Шемуел 10:1). Экинчи забурдагы «Уулун өпкүлө» деген сөздөр менен Жахаба элдерге өзүнүн Уулун майланган Падыша катары тосуп алууга буйрук берип жатат.

22. Элдердин башкаруучулары кандай эскертүүгө кулак кагышы керек?

22 Кудай тандаган Падышага баш ийүүнү каалабагандар Жахабага акарат келтирип жатышат. Алар Жахабанын эгедерлигине каршы чыгып, анын эң жакшы башкаруучу тандай аларына шек туудурушууда. Элдердин башкаруучулары өздөрүнүн пландарын ишке ашырууга аракеттенип жатышканда, аларга Кудайдын каары капысынан төгүлөт. «Жакында Анын каары» тез жана сөзсүз түрдө «кайнайт». Элдердин башкаруучулары бул эскертүүнү ыраазылык менен кабыл алып, ага жараша иш-аракет кылышы зарыл. Ошондо аман калышат.

23. Адамдардын эмне кылууга дагы эле убактысы бар?

23 Бул көркөм жазылган забур: «Ага [Жахабага] таянгандардын баары бактылуу»,— деген сөздөр менен аяктайт (Забур 2:12б). Адамдардын коопсуз тарапка өтүүгө дагы эле убактылары бар. Бул элдердин ишке ашпас пландарын колдоп жаткан башкаруучуларга да тиешелүү. Алар Падышалыкка баш ийип, Жахабадан башмаана таба алышат. Мындай иш-аракетти алар Мессиялык Падышалык өзүнө каршы элдердин бардыгын кыйраткыча кылышы зарыл.

24. Канткенде азыркы дүрбөлөңдүү дүйнөдө да бактылуу боло алабыз?

24 Жазманы ынтызарлык менен изилдеп, андагы насааттарды жашообузда колдонсок, азыркы дүрбөлөңдүү дүйнөдө да бактылуу боло алабыз. Ыйык китептик кеңештерди колдонуу үй-бүлөдөгү мамилелерди жакшыртып, бул дүйнөгө мүнөздүү көптөгөн тынчсыздануулар менен кыйынчылыктардан арылтат. Жазмада берилген жетекчиликке баш ийсек, Жаратканга жагарлык иш кылып жатканыбызга ынана алабыз. Ааламдын Эгедеринен бөлөк эч ким «азыркы жана келечектеги жашоо» үчүн кепилдик бере албайт. «Келечектеги жашоо» Кудай жерди Падышалыктын башкаруусун четке каккандардан тазалагандан кийин болот (1 Тиметейге 4:8).

25. Жахабанын «эрки» сөзсүз аткарыла тургандыктан келечектен эмнелерди күтсөк болот?

25 Жахабанын «эрки» аткарылбай калбайт. Ал — биздин Жаратканыбыз жана адамзат үчүн баарынан эмне жакшы экенин билет. Кудай ой-ниетин ишке ашырып, тил алчаак адамдарды өзүнүн сүйүктүү Уулунун Падышалыгы астында тынчтык, канааттануу жана бейкуттук менен камсыз кылат. Даниел пайгамбар биздин күндөр тууралуу: «Ошол падышалыктардын убагында асмандагы Кудай түбөлүк кыйрабай турган бир падышалыкты орнотот... Ал бүт падышалыктарды кыйратат, талкалайт, өзү болсо түбөлүк турат»,— деп жазган (Даниел 2:44). Азыр Кудайдын «Уулун өбүүнүн» жана Эгедер Жахабага кызмат кылуунун убагы!

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Кудайдын «Майланганы» алгач — Дөөт падыша, а «жер жүзүнүн падышалары» ага аскерлери менен каршы чыккан пелиштиликтердин башкаруучулары болгон.

^ 7-абз. Грек Жазмаларынын башка аяттары да Ыйсанын экинчи забурда айтылган Кудайдын Майланганы болгонун көрсөтөт. Муну Забур 2:7ни Элчилер 13:32, 33 менен жана Эврейлерге 1:5; 5:5 менен салыштырып көрүүгө болот. Забур 2:9 жана Аян 2:27ни да карагыла.

Кандай жооп берет элеңер?

• Уруулар «ишке ашпай турган» кайсы «нерсени ойлоп жатышат»?

• Жахаба элдерди эмне үчүн маскара кылууда?

• Жахабанын элдерге байланыштуу «эрки» кандай?

• «Уулун өпкүлө» деген сөздөр эмнени билдирет?

[Изилдөө суроолору]

[15-беттеги сүрөт]

Башкаруучулар ысрайыл элине кошулуп Ыйса Машайакка каршы чыгышкан.

[16-беттеги сүрөт]

Машайак асмандагы Сион тоосуна Мессиялык Падыша болуп коюлду.