Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Бул жерди... аралап чык»

«Бул жерди... аралап чык»

«Бул жерди... аралап чык»

«Бул жерди узун-туурасынан аралап чык» (БАШТАЛЫШ 13:17).

1. Кудай Ыбрайымга кандай кызыктуу көрсөтмө берген?

КЭЭ БИРӨӨЛӨР дем алыш күндөрү машине менен жаратылышка чыгып эс алууну жакшы көрүшөт. Башкалары дене булчуңдарын жазуу үчүн жана жаратылышка жайбаракат суктануу үчүн велосипед тээп эс алышат. Дагы бирөөлөр айлана-чөйрө менен таанышып, табияттын кооздугунан ырахат алуу үчүн жөө жүргөндү жактырышат. Мындай саякаттар, адатта, кыска эле убакытка созулат. Бирок Кудай Ыбрайымга: «Тургун да, мына бул жерди узун-туурасынан аралап чык, анткени Мен аны сага берем»,— деп айтканда, анын кандай сезимде болгонун элестетсең! (Башталыш 13:17).

2. Мисирден чыккандан кийин Ыбрайым каякка барган?

2 Жогорудагы сөздөрдүн контекстине көңүл бурсаң. Ыбрайым аялы жана башкалар менен Мисирде убактылуу жашап турган. Башталыш китебинин 13-бабында айтылгандай, алар Мисирден чыгып, малдарын «Негепке» («БМК») көчүрүшкөн. Андан кийин Ыбрайым «Бейтелди көздөй жүрүп отурган». Өзүнүн жана тууганы Лоттун малчыларынын ортосунда талаш-тартыш чыгып, эки бөлөк жайыт таппаса болбой турганы айкын көрүнгөндө, Ыбрайым кеңпейилдик менен Лотко жерди биринчи болуп тандап алууга мүмкүнчүлүк берген. Лот «Иордандын бүт тегерек-четин», «Теңирдин багындай» жапжашыл өрөөндү, тандап, кийинчерээк Содомдо жашап калган. Кудай Ыбрайымга: «Азыркы турган ордуңдан түндүккө, түштүккө, чыгышка жана батышка көз чаптырып кара»,— деп айткан. Сыягы, Бейтелдин жанындагы бийик жерден Ыбрайым ал аймактын ар тарабын көрө алган. Бирок алдыда аны андан да көп нерсе күтүп турган. Кудай Ыбрайымды ал жерди «аралап чыгууга» жана анын табияты, аймактары менен таанышууга чакырган.

3. Ыбрайым басып өткөн жерлерди элестетүү эмне үчүн оңой эмес?

3 Ыбрайым Хебронго жеткенге чейин Убадаланган жерди канчалык аралап чыкпасын, аны көбүбүзгө караганда жакшыраак билгендиги талашсыз. Бул билдирүүдө айтылып өткөн Негеп, Бейтел, Иордандын тегерек-чети, Содом жана Хеброн деген жерлер тууралуу ойлонуп көрсөң. Бул жерлердин каерде жайгашканын элестете аласыңбы? Көптөр үчүн бул оңой эмес, себеби Жахабанын кызматчыларынын ичинен Ыйык Китепте айтылган жерлерди узун-туурасынан аралап чыккандар саналуу эле. Ошентсе да ыйык китептик жерлер жөнүндө билүүгө чындап кызыкдар болушубуз керек. Эмне үчүн?

4, 5. а) Накыл сөздөр 18:15ти кандайча ыйык китептик жерлер жөнүндөгү билимге карата колдонууга болот жана мында акылдуулук эмне үчүн зарыл? б) Сепания 2-бапта эмнелер тууралуу айтылат?

4 Кудайдын Сөзүндө: «Акылдуу адамдын жүрөгү билимге жетет, акылдуу адамдардын кулагы билимди издейт»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 18:15). Көп нерселер жөнүндө билим алууга болот, бирок Жахаба Кудай жана анын иштери жөнүндөгү так билим баарынан маанилүү. Ыйык Китепти окуу менен ошондой билимге ээ болорубуз талашсыз (2 Тиметейге 3:16). Бирок билим эле эмес, акылдуулук да маанилүү. Акылдуулук — бул бир нерсенин маани-маңызын, ич ара байланышын түшүнүү жөндөмдүүлүгү. Андай жөндөм бизге Ыйык Китепте айтылган жерлер жөнүндө окуганда зарыл. Мисалы, Мисирдин каякта экенин көбүбүз эле билебиз, бирок Ыбрайымдын Мисирден чыгып, Негепке, кийинчерээк Бейтелге, анан Хебронго барганы тууралуу билдирүүнү канчалык түшүнөбүз? Ошол жерлердин бири-бири менен кандай байланышканын билесиңби?

5 Же болбосо, Ыйык Жазмадан Сепания китебинин 2-бабын окуганда шаарлардын, элдердин жана жерлердин аттарын кездештиресиң. Аза, Ашкелон, Азот, Экрон, Содом жана Нинеби, ошондой эле Канаан, Маап, Амон жана Ашур — булардын баары тууралуу ушу бапта айтылат. Кудайдын пайгамбарлыгынын аткарылышына катышы бар адамдар жашаган ошол жерлерди канчалык жакшы элестете аласың?

6. Ыйсанын айрым жолдоочулары карталарды эмне үчүн баалашат? (Кутучаны кара.)

6 Ыйык Китепте сөз кылынган жерлер түшүрүлгөн карталар Кудай Сөзүн изилдегендер үчүн аябай эле пайдалуу. Алар карталарга жөн эле кызыккандыктан эмес, аларды колдонуу менен өздөрүнүн Кудай Сөзү жөнүндөгү билимин арттыра алышарын түшүнгөндүктөн кайрылышат. Ошондой эле карталар аларга тереңирээк түшүнүк алууга жана өздөрүнө белгилүү фактылардын башка маалыматтар менен кандай байланышы бар экенин көрүүгө жардам берет. Айрым мисалдарды карап чыгуунун аркасында сен да Жахабага болгон ыраазычылыгыңды тереңдетип, анын Сөзүндөгү билдирүүлөрдү жакшыраак түшүнө аласың. (14-беттеги кутучаны кара.)

Аралыктарды билүүнүн аркасында түшүнүк кеңейет

7, 8. а) Азада Шимшон кандай таң калыштуу нерсе кылган? б) Кайсы маалыматтан улам Шимшондун эрдиги ого бетер айкын көрүнөт? в) Шимшон жөнүндөгү билдирүүнү түшүнүү эмнеси менен пайдалуу?

7 Башкаруучулар 16:2ден Шимшондун Азага (Газага) келгени тууралуу окуйбуз. Азыр Газа деген аталыш жаңылыктардан көп айтылат, андыктан Шимшондун каякка келгенин бир аз элестете алаттырсың. Ал Жер ортолук деңиздин жээгинде жайгашкан пелиштиликтердин жерине барган [11]. Эми Башкаруучулар 16:3кө көңүл бурсаң: «Шимшон... түн жарымына чейин жатып, түн ортосунда туруп, дарбазаны кашектери менен кошо чыгарып, кулпусу менен көтөрүп жонуна салды да, Хебронго кетчү жолдогу тоого алып чыгып кетти».

8 Аза сыяктуу чептүү шаардын дарбазалары кашектери менен ары чоң, ары оор болгону шексиз. Аларды көтөрүү үчүн эмне деген күч керек! Ошентсе да Шимшон көтөрө алган, бирок аларды каякка алып барган жана кандай жол менен жүрүп отурган? Аза болжол менен деңиз деңгээлиндеги жээктен орун алган [15]. Хеброн болсо андан чыгышта, деңиз деңгээлинен 900 метр бийиктикте жайгашкан. Анда Шимшон кандай гана өр жолду басып өткөн! Биз «Хебронго кетчү жолдогу тоонун» каерде жайгашканын так билбейбиз, бирок шаардын өзү Азадан 60 километрдей алыс турат. Анын үстүнө, ага барыш үчүн жогору көтөрүлүш керек! Шимшондун кандай аралыкты басып өткөнүн билүү анын эрдигине жаңыча кароого жардам бербейби? Андан тышкары, Шимшондун мындай иштерди эмне үчүн кыла алганын эстесең — «анын үстүнө Теңирдин Руху түшкөн» (Башкаруучулар 14:6, 19; 15:14). Бүгүн Ыйсанын жолдоочулары катары биз Кудайдын рухунун бизге табияттан тышкаркы күч берерин күтпөйбүз. Бирок ошол эле күчтүү рух бизге маанилүү рухий маселелерди түшүнүүгө жана «ички дүйнөбүздү бекемдөөгө» жардам берет (1 Корунттуктарга 2:10—16; 13:8; Эфестиктерге 3:16; Колостуктарга 1:9, 10). Ырас, Шимшон жөнүндөгү билдирүүнү жакшы түшүнүү менен Кудайдын рухунун бизге жардам бере аларына ынанабыз.

9, 10. а) Гидондун мидиандыктардын үстүнөн жеңишке жетиши кандай күч-аракеттер менен коштолгон? б) Билдирүүдөгү жер-суулардын жайгашуусун билүү кандайча анын маанисин ого бетер ачып берет?

9 Аралыктарды билүү түшүнүгүбүздү кеңейтерин Гидондун мидиандыктарды жеңгени тууралуу билдирүүдөн да көрүүгө болот. Ыйык Китепти окугандардын көбү башкаруучу Гидондун өзүнүн 300 адамы менен Аморе адырынын жанындагы Изрейел түздүгүнө жайланышкан мидиандыктардын, амалыктыктардын жана башкалардын бириккен аскерин, 135 000 жоокерди, талкалаганын билишет [18]. Гидондун кишилери сурнайларын тартып, шамдарын жашырып турган кумураларын талкалап: «Теңир үчүн, Гидон үчүн!» — деп кыйкырышкан. Ошондо душмандар дүрбөлөңгө түшүп, коркуп, бири-бирин кыра башташкан (Башкаруучулар 6:33; 7:1—22). Ошол окуянын баары түн ичинде кыска эле убакытта болгонбу? Башкаруучулар китебинин 7, 8-баптарынан андан ары эмне болгонун биле аласың. Ал жерден Гидондун чабуулду күчөткөнүн көрөсүң. Аталып өткөн көп жерлердин айрымдары бүгүн кайсы шаарлар экенин айтуу мүмкүн эмес, ошондуктан алар ыйык китептик карталардан кездешпеши ыктымал. Ошентсе да бир тобу аныкталгандыктан, Гидон душманды каякка чейин кууп барып талкалаганын биле алабыз.

10 Гидон союздук күчтөрдүн калдыгын Бейт-Ашиттин жанына, анан түштүктү көздөй Иордан дарыясынын жанындагы Абел-Мекелага чейин кууп барган (Башкаруучулар 7:22—25). Билдирүүдө: «Гидон Иорданга келди. Дарыядан өзү да, аны менен болгон үч жүз адамы да өттү. Душманды кууп, алар аябай алсырап калышкан эле [«чарчап калышкан, бирок кууганын токтотушкан эмес», «ЖД»]»,— деп айтылат. Дарыянын ар жагынан ысрайылдыктар душмандарды түштүктү көздөй Сукотко жана Жабок суусунун жанындагы Пенуелге, анан тоолуу Жокпеяга (азыркы Иорданиянын Амман шаарына жакын) чейин кууп барышкан. Ошентип, алар 80 километрдей аралыкты басып өтүшкөн. Гидон мидиандык эки падышаны колго түшүрүп, өлтүрүп, өзүнүн шаарына, салгылаш башталган жердин жанындагы Опрага, кайтып келген (Башкаруучулар 8:4—12, 21—27). Булардан көрүнүп тургандай, Гидондун эрдиги бир нече мүнөткө сурнай тартып, шам кармап кыйкырып коюу менен эле чектелген эмес. Ошондой эле жогорудагы маалыматтын ишеними күчтүү адамдар жөнүндө айтылган: «Гидон [жана башкалар] жөнүндө айтууга убакыт да жетпейт... алсыраганда, бекемделишкен, согушта тайманбас болушкан»,— деген сөздөрдү кандай таасирдүү кыларын ойлоп көрсөң (Эврейлерге 11:32—34). Ыйсанын жолдоочулары да чарчашат, бирок Кудайдын эркин аткарууну токтотпогонубуз маанилүү эмеспи? (2 Корунттуктарга 4:1, 16; Галаттыктарга 6:9).

Адамдардын ой жүгүртүүсү менен маанайын билүүгө жардам

11. Ысрайылдыктар Кадешке жеткенге чейин жана андан кийин кандай сапар чегишкен?

11 Кээ бирөөлөр ыйык китептик карталарга кайсы бир жерлерди табуу үчүн кайрылышат, бирок карталар адамдардын ой жүгүртүүсүн билүүгө да жардам берет дей ойлойсуңбу? Мисалга Синай тоосунан Убадаланган жерди карай сапар тарткан ысрайылдыктарды алалы. Алар кээ бир жерлерден токтоп отуруп, акыры Кадешке (же Кадеш-Барнейиге) жетишкен [9]. Мыйзам 1:2де ошол сапардын 11 күнгө, 270 километрдей аралыкка созулганы көрсөтүлөт. Ал жерден Муса 12 тыңчыны Убадаланган жерге жөнөткөн (Сандар 10:12, 33; 11:34, 35; 12:16; 13:1—3, 25, 26). Тыңчылар түндүктү көздөй Негеп аркылуу бет алышып, болжолу, Бейер-Шебаны, анан Хебронду басып өтүшкөн да, Убадаланган жердин түндүк чегараларына чейин барышкан (Сандар 13:21—24). Он тыңчынын жаман кабарына ишенүүнүн кесепетинде ысрайылдыктар чөлдү 40 жыл бою айланып жүрүшкөн (Сандар 14:1—34). Мындан алардын ишеними жана Жахабага таянууга болгон даярдуулугу жөнүндө эмне билүүгө болот? (Мыйзам 1:19—33; Забур 77:22, 32—43; Жүйүт 5).

12. Ысрайылдыктардын ишеними тууралуу кандай тыянакка келсек болот жана эмне үчүн бул ойлонорлук нерсе?

12 Буга географиялык өңүттөн карап көрсөң. Эгерде ысрайылдыктар ишеним көрсөтүп, Жашыя менен Калептин кеңешин угушса, Убадаланган жерге жетиш үчүн узак сапар чегишмек беле? Кадеш Бейир-Лакай-Ройиден (мурун Ыскак менен Ребека жашаган жерден) 16 километрдей алыстыкта жайгашкан эле [7]. Ал жерден Убадаланган жердин түштүк чеги деп эсептелген Бейер-Шебага чейин 95 километрден азыраак жол болчу (Башталыш 24:62; 25:11; 2 Шемуел 3:10). Мисирден Синай тоосуна келип, анан Кадешке чейин 270 километр жол жүргөндөн кийин ысрайыл эли Убадаланган жердин босогосунда тургандай эле болгон. Биз да убадаланган Бейиш жердин босогосунда турабыз. Мындан кандай сабак алсак болот? Элчи Пабыл ысрайылдыктардын жагдайын эске салып: «Ошондуктан ошол бейпил жайга кирүүгө аракеттенели. Эч ким аларга окшоп тил албастык кылып жыгылбасын»,— деген кеңеш берген (Эврейлерге 3:16—4:11).

13, 14. а) Гибондуктар кандай жагдайда чечкиндүү кадам жасашкан? б) Гибондуктардын маанайы эмнеден көрүнүп турат жана мындан эмнеге үйрөнсөк болот?

13 Гибондуктар жөнүндөгү билдирүүдөн алардын башкача маанайда болгонун, Кудайдын эркин аткаруу үчүн ага таянышканын көрүүгө болот. Жашыя ысрайылдыктарды Иордан дарыясы аркылуу Кудай Ыбрайымдын үй-бүлөсүнө убадалаган жерге алып келгенден кийин, алар канаандыктарды кууп чыгууга тийиш болгон (Мыйзам 7:1—3). Анын ичине гибондуктар да кирген. Ысрайылдыктар Жерихо менен Айды каратып алып, Гилгалдын жанына жайланышкан. Гибондуктар каргышка калган канаандыктардай болуп өлүүнү каалашпагандыктан Гилгалдагы Жашыяга өкүлдөрүн жөнөтүшкөн. Алар Ысрайыл уулдары менен тынчтык келишимин түзүү үчүн өздөрүн Канаан жеринин сыртынан келгендей кылып көрсөтүшкөн.

14 Ошол өкүлдөр: «Сенин кулдарың Кудай-Теңирдин атынан эң алыскы жерден келишти»,— деп айтышкан (Жашыя 9:3—9). Кийимдерине жана буткийимдерине караганда алар алыстан келгендей көрүнгөн, бирок чынында Гибон Гилгалдан 30 километрдей эле алыс турган [19]. Алардын сөзүнө ишенип, Жашыя жана эл башчылары Гибон жана ага коңшу шаарлар менен тынчтык келишимин түзүшкөн. Гибондуктардын амалы аман калуунун эле чарасы болгонбу? Жок, алар Ысрайылдын Кудайынын ырайымына ээ болууну каалашкан. Жахаба гибондуктарга ырайым көрсөткөндүктөн, алар «жамаатка жана Кудайдын курмандык чалынуучу жайына отун жаргыч, суу ташыгыч» болуп калышкан (Жашыя 9:11—27). Гибондуктар Жахабага кызмат кылууда анча маанилүү эместей көрүнгөн иштерди аткарууга даяр болушкан. Балким, алардын айрымдары Бабылдан кайтып келип, ийбадаткананы кайра курууга катышкан нетиниликтердин арасында болушкан (Эзра 2:1, 2, 43—54; 8:20). Биз Кудай менен тынчтыкта болууга умтулуп жана ага кызмат кылууда анча маанилүү эместей көрүнгөн тапшырмаларды да аткарууга даяр болуп, гибондуктардын маанайын чагылдыра алабыз.

Жанаябастык рухуна ээ бол

15. Грек Жазмаларын окуганда эмне үчүн географияга кызыгышыбыз керек?

15 Географиялык аталыштар Грек Жазмаларында, Ыйса менен элчи Пабылдын саякаттары жана кызматы жөнүндөгү билдирүүлөрдө да көп кездешет (Марк 1:38; 7:24, 31; 10:1; Лука 8:1; 13:22; 2 Корунттуктарга 11:25, 26). Төмөндөгү билдирүүлөрдү окуп, айрым адамдардын кандай жолдорду басып өткөнүн элестетүүгө аракеттенип көр.

16. Ыйсанын Бероядагы жолдоочулары Пабылды баалашарын кантип көрсөтүшкөн?

16 Экинчи миссионердик саякатында (картада сыя сызык менен көрсөтүлгөн) Пабыл Филипиге (азыр Грециянын курамында) келген [33]. Элчи ал жерден жакшы кабарды күбөлөндүргөн, камакка алынган, анан бошотулгандан кийин Тесалоникага барган (Элчилер 16:6—17:1). Жүйүттөр дүрбөлөң көтөргөндө, тесалоникалык биртуугандар Пабылды 65 километрдей алыстыкта жайгашкан Берояга жөнөтүп жиберишкен. Пабыл Берояда ийгиликтүү кызмат кылган, бирок жүйүттөр келип, элди ага каршы козгогон. Ошондуктан «бир туугандар Пабылды шашылыш түрдө деңиз тарапка жөнөтүшкөн» жана «Пабылды узаткандар аны Афин шаарына чейин узатып барышкан» (Элчилер 17:5—15). Кыязы, чындыкты жаңы тааныгандардын кээ бирлери Эгей деңизине чейин 40 километр басып барууга, андан соң жолкиресин төлөп кеме менен 500 километрдей аралыкты басып өтүүгө даяр болушкан көрүнөт. Мындай сапар кооптуу болушу мүмкүн эле, бирок ал биртуугандар бардык коркунучтарга даяр болуп, Кудайдын ошол кыдыруучу өкүлү менен көбүрөөк убакыт өткөрүшкөн.

17. Милет менен Эфестин ортосундагы аралыктын канча экенин билүү менен эмнени жакшыраак түшүнө алабыз?

17 Үчүнчү саякатында (картада жашыл сызык менен көрсөтүлгөн) Пабыл Милет портуна келген. Ал аерге 50 километрдей алыстыктагы Эфестен жыйналыш аксакалдарын чакырткан. Ошол аксакалдардын өз иштерин таштап, Пабылга жөнөшкөнүн элестетсең. Алар жолдо баратып алдыдагы жолугушуу жөнүндө кубаныч менен сүйлөшүп келген болуш керек. Пабыл менен жолугушуп, анын тиленүүсүн уккандан кийин «бардыгы аябай ыйлап, Пабылды мойнунан кучактап өпкүлөшкөн». Андан кийин аны Иерусалимге бара турган «кемеге чейин узатып барышкан» (Элчилер 20:14—38). Кайра Эфеске кайтып баратканда алар көп нерсе жөнүндө ойлонуп, көп нерсе жөнүндө сүйлөшкөн чыгар. Насааттап, бекемдей ала турган кыдыруучу көзөмөлчү менен болуу үчүн алардын ошончо жол жүрүп, Пабылга сүйүү жана урмат-сый көрсөткөнү сени таасирленткен жокпу? Мындан жашооңдо колдонорлук жана ой жүгүртүүгө азык болорлук нерселерди көрүп жатасыңбы?

Ал жер менен таанышып, алдыда эмне күтүп турганын бил

18. Ыйык Китептен кайсы бир жер тууралуу окуганда эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

18 Жогорудагы мисалдардан Кудай ысрайылдыктарга берген жер менен таанышуунун пайдасын жана Ыйык Китептин көп билдирүүлөрүндө ал жерге чоң маани берилгенин көрдүк. Ал эми анын тегерегиндеги жерлер тууралуу көбүрөөк билүү ойөрүшүбүздү кеңейтүүгө жардам берет. Айрыкча, Убадаланган жер жөнүндө билимибизди жана түшүнүгүбүздү өстүрүүдө ысрайылдыктарга «сүт менен бал аккан жерге» ээ болуу үчүн кандай негизги талап коюлганын эсибизден чыгарбашыбыз керек. Алар Жахабадан коркууга жана анын осуяттарын аткарууга тийиш болушкан (Мыйзам 6:1, 2; 27:3).

19. Мындан ары да көңүлүбүздү кайсы эки бейишке бура беришибиз абзел?

19 Биз да бүгүн Жахабадан коркуп, анын жолдоруна бекем карманышыбыз зарыл. Ошондо дүйнө жүзүндөгү Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышында өкүм сүрүп жаткан рухий бейишти көркүнө чыгарууга өбөлгө түзөбүз. Бара-бара анын өзгөчөлүктөрү менен баталарын дагы көбүрөөк баамдай беребиз. Ошондой эле алдыда бизди андан да көп нерселер күтүп турганын билебиз. Жашыя ысрайылдыктарды Иордандын аркы бетине, түшүмдүү, эң сонун жерге алып өткөн. Азыр бизде түзмө-түз Бейишти, жер соорусун, бек ишеним менен күтүүгө толук негиз бар.

Эсиңердеби?

• Ыйык Китепте айтылган жерлер тууралуу билимибизди жана түшүнүгүбүздү эмне үчүн кеңейтишибиз керек?

• Макалада талкууланган географиялык кошумча маалыматтардын кайсынысы сен үчүн жаңы жана өзгөчө кызыктуу болду?

• Кээ бир окуяларга байланыштуу географиялык маалыматтар менен көбүрөөк таанышуунун аркасында өзүңө кандай пайда алдың?

[Изилдөө суроолору]

[14-беттеги кутуча]

«„Жер соорусун“ карагылачы»

Жахабанын Күбөлөрү 2003—2004-жылдары болуп өткөн облустук жыйындарда «„Жер соорусун“ карагылачы» деген китепчени алууга кубанычта болушкан. Орто эсеп менен 80 тилде чыккан бул жаңы адабиятта түстүү карталар менен схемалар берилген. Аларга Ыйык Китепте кеп кылынган жерлер, айрыкча, Убадаланган жердин ар кайсы мезгилдеги көрүнүштөрү түшүрүлгөн.

Ушул макалада айрым карталарга шилтеме берилип, атластагы беттердин номуру [15] деген сыяктуу кара жазуу менен көрсөтүлдү. Сенде ал китепче бар болсо, анын Кудай Сөзү тууралуу билимиңди жана түшүнүгүңдү өстүрүүгө жардам бере ала турган өзгөчөлүктөрү менен таанышып чыгууга убакыт бөл.

1) Атластын көптөгөн карталары кайсы бир символдорду же шарттуу белгилерди түшүндүрүп берген тексттерди же кутучаларды камтыйт [18]. 2) Карталардын көбүндө кайсы бир жердин аянтын же жолдун аралыгын билүүгө көмөк болорлук масштаб миля жана километр менен берилген [26]. 3) Адатта, жебе түндүктү көрсөтүп, багытты билүүгө жардам берет [19]. 4) Карталарда бийиктик деңгээлдери көбүнесе ар кандай түс менен берилген [12]. 5) Карталардын чекелеринде шаарлардын же жер-суулардын каерде жайгашканын табууга жардам берерлик тамгалар жана сандар болушу мүмкүн [23]. 6) Жерлердин аталыштары берилген эки беттүү көрсөткүчтөн [34, 35] беттин номуру кара шрифт менен берилгенин, ал эми кайсы жерде жайгашканы Д2 деген сыяктуу белгилер менен туюнтулганын көрүүгө болот. Бул өзгөчөлүктөрдү бир нече жолу колдонгондон кийин, алардын Ыйык Китеп тууралуу билимиңди жана түшүнүгүңдү тереңдетүүгө кандай зор жардам бергенин көрүп таң калышың ыктымал.

[16, 17-беттеги карта]

ТАБИЯТ ЗОНАЛАРЫ

А. Улуу деңиздин жээги

Б. Иордандын батышындагы түздүктөр

1. Ашыр түздүгү

2. Дордун (Напат-Дордун) жээк тилкеси

3. Шарон жайыты

4. Пелишти түздүгү

5. Борбордук чыгыш-батыш өрөөн

а. Мегидо түздүгү

б. Изрейел түздүгү

В. Иордандын батышындагы тоолор

1. Галилея тоолору

2. Кармел тоолору

3. Самария тоолору

4. Шепела (адырлар)

5. Жүйүт тайпак тоосу

6. Жүйүт чөлү

7. Негеп

8. Паран чөлү

Г. Араба (ойдуң)

1. Хула көлүнүн бассейни

2. Галилея деңизинин аймагы

3. Иордан өрөөнү

4. Туздуу деңиз (Жансыз деңиз)

5. Араба (Туздуу деңиздин түштүгү)

Д. Тоолор/Иордандын чыгышындагы бөксө тоолор

1. Башан

2. Гилат

3. Амон менен Маап

4. Эдом бөксө тоосу

Е. Лебанон тоолору

[16, 17-беттердеги карта]

Абел-Мекела

Сукот

Жокпея

Бейтел

Гилгал

Гибон

Иерусалим

Хеброн

Аза

Бейер-Шеба

Содом?

Кадеш

[15-беттеги сүрөт]

ХАНААН

Мегидо

ГИЛАТ

Хермон тоосу

Филипи

Амфипол

Бероя

Афин

Корунт

Неапол

Тесалоника

САМАФРАК

Троас

Эфес

Милет

РОДОС