Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Актыгыңды сактап жаша

Актыгыңды сактап жаша

Актыгыңды сактап жаша

«Мен болсо өзүмдүн тазалыгым [«актыгым», СК] менен жашап жүрөм» (ЗАБУР 25:11).

1, 2. а) Эмне үчүн адамдын актыгына байланышкан суроо Кудайдын эгедерлигине байланышкан маселенин маанилүү бөлүгү болуп саналат? б) Аң-сезимдүү жаратуулар Жахабанын эгедерлигин колдоорун кантип көрсөтө алышат?

ШАЙТАН Эйден багында козголоң чыгарганда Кудайдын өзүнүн бардык жаратууларынын үстүнөн бийлик жүргүзүүгө укуктуу экенине шек туудуруп, бүт ааламга тиешелүү талаш суроону көтөргөн. Кийинчерээк Ибилис адамдардын Кудайга өз пайдасын көздөп гана кызмат кылышарын айтып, дагы бир маселени көтөрүп чыккан (Аюб 1:9—11; 2:4). Ошентип, адамдын өзүнүн актыгын сактай алар-албасы жөнүндөгү суроо Жахабанын ааламдагы эгедерлигине байланышкан маселенин маанилүү бөлүгүн түзүп калган.

2 Кудайдын Эгедер болгондугу анын жаратууларынын актыгын сактаганынан көзкаранды болбосо да, адамдар жана Кудайдын рухий уулдары ошол маселеде кайсы тарапты ээлээрин көрсөтө алышат. Кантип? Актыгын сактоону же сактабоону тандап. Демек, адам жасаган тандоосунун негизинде соттолот.

3. а) Аюб менен Дөөт Жахабанын эмнени текшерип, калыстык кылышын каалашкан? б) Актык жөнүндө кандай суроолор туулат?

3 Аюб бекем ишеним менен: «Мени чындыктын таразасына тартышсын, ошондо Кудай менин айыпсыздыгымды билет»,— деп айткан (Аюб 31:6). Байыркы Ысрайылдын падышасы Дөөт: «Оо, Теңир, мага калыстык кыл, анткени мен күнөөсүз жашадым. Сага таянып, олку-солку болгон жокмун»,— деп тиленип, Жахабадан өзүнүн актыгын текшеришин суранган (Забур 25:1). Биздин да актыгыбызды сактап жашаганыбыз кандай маанилүү! Бирок актык деген эмне жана актыкты сактап жашоо деген эмнени билдирет? Актыгыбызды сактоого эмне жардам берет?

«Актыгым менен жашап жүрөм»

4. Актык деген эмне?

4 Актык деген акниет, кемчиликсиз, адил жана айыпсыз болууну билдирет. Бирок ал туура иштерди кылуу менен эле чектелбейт. Актык — бул адеп-ахлактык бекемдик же чын жүрөктөн Кудайга толук берилгендик. Шайтан Кудайга: «Сен анын денеси менен сөөгүнө колуңду тийгизип көрчү, ал Сени даңктаар бекен?» — деп, Аюбдун ниеттерине шек туудурган (Аюб 2:5). Туура иш-аракеттерден тышкары, актык жүрөктөгү ниеттердин туура болушун талап кылат.

5. Актыкты сактоо жеткилең болушубузду талап кылбаарын эмне көрсөтүп турат?

5 Бирок актыкты сактоо үчүн жеткилең болуу талап кылынбайт. Дөөт падыша жеткилеңсиз болгон жана жашоосунда бир канча жолу олуттуу каталарды кетирген. Ошентсе да Ыйык Китепте анын «таза жүрөк менен жүргөнү» айтылат (1 Падышалар 9:4). Эмне үчүн? Себеби Дөөт Жахабаны жакшы көргөн жана анын жүрөгү Кудайга толук берилген болчу. Ал өзүнүн каталарын даярдуулук менен мойнуна алып, ашкерелөөнү туура кабыл алып, оңолгон. Ооба, Дөөттүн актыгын Жахаба Кудайга чын жүрөгүнөн берилгенинен жана аны сүйгөнүнөн көрүүгө болот (Мыйзам 6:5, 6).

6, 7. Актыгыбызды сактоого эмнелер кирет?

6 Актык Кудайга берилгендик көрсөтүү менен эле чектелбейт. Анын бүт өмүр жолубузга тиешеси бар. Дөөт актыгын сактап «жүргөн». «„Жүрүү“ деген этиштин „өмүр жолу“ же „жашоо мүнөзү“ деген кошумча маанилери да бар»,— деп айтылат бир эмгекте («The New Interpreter’s Bible»). «Күнөөсүз жашагандар» жөнүндө сөз кылып, забурчу: «[Кудайдын] аяндарын сактагандар, Аны чын жүрөгү менен издегендер бактылуу. Алар мыйзамсыз иштерди кылышпайт, алар Анын жолдору менен жүрүшөт»,— деп ырдаган (Забур 118:1—3). Актык Кудайдын эркин аткарууга ар дайым умтулууну жана анын жолунда жүрүүнү талап кылат.

7 Актыгыбызды сактоо үчүн жагымсыз жагдайларда да Кудайга берилгендик көрсөтүшүбүз зарыл. Сыноолорго туруштук бергенибизде, жамандыктарга карабай бекем бойдон калганыбызда же каардуу дүйнөнүн азгырыктарына каршы турганыбызда, актыгыбыз айкын көрүнөт. Ошентип Жахабанын «жүрөгүн кубантабыз», себеби бул анын жаман сүйлөгөнгө жооп кайтарышына өбөлгө түзөт (Накыл сөздөр 27:11). Ошондуктан биз Аюбдукундай чечкиндүүлүк көрсөтүп: «Өлмөйүмчө актыгымдан жазбайм»,— деп ишенимдүү түрдө айта алабыз (Аюб 27:5, СК). 25-забурда актыгыбызды сактап жашоого эмне жардам берери көрсөтүлөт.

«Бөйрөктөрүмдү жана жүрөгүмдү тазала»

8. Дөөттүн Жахабадан өзүнүн бөйрөктөрүн жана жүрөгүн текшеришин суранганынан эмнеге үйрөндүң?

8 «Мени текшерип көр, сынап көр, Теңир. Менин ички дүйнөмдү, жүрөгүмдү эрит бөйрөктөрүмдү жана жүрөгүмдү тазала», «ЖД»]»,— деп тиленген Дөөт (Забур 25:2). Бөйрөктөр дененин тереңинде жайгашкан. Каймана мааниде бөйрөктөр адамдын эң терең ой-сезимдерин символдоштурат. Ал эми каймана жүрөк адамдын бүт ички дүйнөсүн: ниеттерин, сезимдерин жана ой жүгүртүүсүн билдирет. Дөөт Жахабадан аны текшерип көрүшүн суранып тиленгенде, ички ой-сезимдерин кылдат изилдешин өтүнгөн.

9. Жахаба каймана бөйрөктөрүбүздү жана жүрөгүбүздү кантип тазалайт?

9 Дөөт бөйрөктөрүнүн жана жүрөгүнүн тазаланышы жөнүндө суранган. Жахаба биздин ички дүйнөбүздү кантип тазалайт? «Мага акыл берген Теңиримди даңктайм. Атүгүл, түнкүсүн да жүрөгүм мага акыл үйрөтүп турат»,— деп ырдаган Дөөт (Забур 15:7). Бул эмнени билдирет? Кудайдын кеңеши Дөөттүн жандүйнөсүнүн түпкүрүнөн орун алып, анын ой-сезимдерин оңдоп, «акыл үйрөткөн». Кудайдын Сөзү, жердеги өкүлдөрү жана уюму аркылуу берилген кеңештердин үстүнөн ыраазычылык менен ой жүгүртүп, алардын жандүйнөбүздөн терең орун алышына жол берсек, Кудайдын ошол кеңештери биздин да ой-сезимдерибизди оңдойт. Жахабадан бизди ушинтип тазалашын дайыма суранганыбыз актыгыбызды сактоого жардам берет.

«Сенин ырайымың менин көз алдымда»

10. Дөөткө Кудайдын чындыгы менен жүрүүгө эмне жардам берген?

10 Андан ары Дөөт: «Сенин ырайымың менин көз алдымда, ошондуктан мен Сенин чындыгың менен жүрдүм»,— деп жазган (Забур 25:3). Дөөт Кудайдын ырайымдуу экенин жакшы билген жана ошол жөнүндө ыраазычылык менен ой жүгүрткөн. «Менин жаным, Теңирди даңкта, Анын бардык жакшы иштерин унутпа»,— деп ырдаган ал. Кудайдын «жакшы иштеринин» бирин эскерип, Дөөт: «Ыза болгондорго Теңир чындык жана адилеттик көрсөтөт. Ал Өзүнүн жолдорун Мусага, Өзүнүн иштерин Ысрайыл уулдарына көрсөттү»,— деген (Забур 102:2, 6, 7). Сыягы, Дөөт Мусанын күндөрүндө мисирликтердин ысрайылдыктарды ыза кылганы жөнүндө ойлонсо керек. Ошондой болсо, Жахабанын Мусага куткаруу жолдорун көрсөткөнү тууралуу ой жүгүрткөнү Дөөттүн жүрөгүн козгоп, Кудайдын чындыгы менен жүрүүгө ого бетер чечкиндүү болууга түрткү берген болуш керек.

11. Актыгыбызды сактоого эмне жардам бере алат?

11 Кудайдын Сөзүн дайым изилдөө жана окугандарыбыздын үстүнөн ой жүгүртүү бизге да актыгыбызды сактоого жардам берет. Мисалы, Жусуптун Потипардын аялынын адеп-ахлаксыз сунуштарынан качканын эстөө бизге иштеген жерибизден, мектептен же дагы башка жерден ошондой сунуштарды четке кагууга түрткү берери шексиз (Башталыш 39:7—12). Дүйнө бизди өзүнүн байлыгы, атак-даңкы же бийлиги менен азгыргандачы? Андай учурда Мисирдин бүт даңкын четке каккан Мусанын үлгүсүн эстесек болот (Эврейлерге 11:24—26). Аюбдун чыдамдуулугун эсибизде сактоо оору-сыркоого жана кырсык-каргашаларга карабастан Жахабага берилген бойдон калууга дагы көбүрөөк чечкиндүү болушубузга жардам берери шексиз (Жакып 5:11). Куугунтукка дуушар болсокчу? Андайда Даниелдин арстандар жаткан ордо эмне болгонун эстөө кайрат берет! (Даниел 6:16—22).

«Жалганчы адамдар менен бирге отурган жокмун»

12, 13. Кандай адамдардын чөйрөсүнөн алыс болушубуз керек?

12 Актыгын сактоого дагы эмне жардам бергенин айтып, Дөөт: «Жалганчы адамдар менен бирге отурган жокмун, эки жүздүүлөр менен бирге жүргөн жокмун. Кара ниет адамдардын тобун жек көрөм жана ыймансыздар менен да бирге отурбайм»,— деген (Забур 25:4, 5). Дөөт ыймансыздар менен такыр бирге отурган эмес. Ал жаман адамдардын чөйрөсүн жек көргөн.

13 Биз жөнүндө эмне айтууга болот? Телеберүүлөр, видеотасмалар, кинофильмдер, Интернет сайттары же башка каражаттар аркылуу жалганчы адамдар менен бирге отуруудан баш тартабызбы? Өздөрүнүн ким экенин жашырган экижүздүүлөрдөн алыспызбы? Мектептен же иштеген жерибизден кээ бирөөлөр арам максатта биз менен дос болууга аракеттениши мүмкүн. Кудайдын чындыгында жүрбөгөндөр менен жакын мамиледе болууну каалабайбызбы? Ишенимден чегингендер акниет адам болуп көрүнүү менен бизди Жахабага кызмат кылуудан четтеткиси келерин да жашырышы ыктымал. Эгер жыйналышта эки түрдүү жашоо өткөргөндөр болсочу? Алар да өздөрүнүн чыныгы жүзүн жашырышат. Азыр кызмат жардамчысы болуп кызмат кылып жаткан Жейсондун жаш кезинде жыйналышта ошондой достору болгон. Алар жөнүндө ал мындай дейт: «Бир күнү алардын бири мага: „Азыр эмне кылып жатканыбыз маанилүү эмес, анткени жаңы дүйнө келгенде өлүп калган болобуз. Биз эмнеден кур калганыбызды билбей калабыз“,— деп айтты. Мындай сүйлөшүүдөн көзүм умачтай ачыла түштү. Жаңы дүйнө келгенде мен өлүк болгонду каалабайм». Жейсон акылмандык көрсөтүп, алар менен байланышын үзгөн. «Алданбагыла,— деп эскерткен элчи Пабыл,— акылсыз адамдар менен достошкон адам бузулат» (1 Корунттуктарга 15:33). Акылсыз адамдардын чөйрөсүнөн алыс болгонубуз кандай маанилүү!

«Сенин кереметтүү иштериңди жарыя кылам»

14, 15. Жахабанын «курмандык чалынуучу жайын» канткенде айланып чыгабыз?

14 Дөөт андан ары: «Мен өзүмдүн айыпсыздыгым менен колдорумду жууйм, Сенин курмандык чалынуучу жайыңды айланып өтөм, Теңир»,— деп айткан. Кандай максатта? Ал: «Сени даңктайм, Сенин кереметтүү иштериңди жарыя кылам»,— деп түшүндүргөн (Забур 25:6, 7). Дөөт Жахабага сыйынып, ага болгон берилгендигин билдириш үчүн, адеп-ахлактык жактан таза калгысы келген.

15 Жыйын чатырындагы жана кийинчерээк ийбадатканадагы чыныгы сыйынууга байланышкан нерселердин баары «асмандагынын бейнеси менен көлөкөсү» болгон (Эврейлерге 8:5; 9:23). Курмандык чалынуучу жай Ыйса Машайактын адамзатты куткаруу үчүн берген курмандыгын кабыл алууга байланышкан Жахабанын эркин символдоштурган (Эврейлерге 10:5—10). Ошол курмандыкка ишеним көрсөтүү менен биз айыпсыздыгыбыз менен колубузду жууп, Жахабанын «курмандык чалынуучу жайын» айланып чыгабыз (Жакан 3:16—18).

16. Кудайдын кереметтүү иштерин башкаларга жарыялоо бизге кандай пайда алып келет?

16 Төлөнгөн кундун аркасында эмнелерге ээ болгонубузду ойлогондо, жүрөгүбүз Жахабага жана анын жалгыз өзү жараткан Уулуна болгон ыраазычылыкка толбойбу? Ошондуктан, келгиле, жүрөгүбүздөгү ыраазылык сезими менен Кудайдын кереметтүү иштерин башкаларга жарыялайлы. Ал иштерге адамдын Эйден багында жаратылганынан баштап Кудайдын жаңы дүйнөсүндө баары толук калыбына келтириле турган убакка чейинки иштер кирет (Башталыш 2:7; Элчилер 3:21). Падышалык жөнүндө кабар айтуу жана шакирт даярдоо иши бизди кандай гана коргойт! (Матай 24:14; 28:19, 20). Ал иш менен алек болуу келечекке болгон үмүтүбүздү бекем, Кудайдын убадаларына болгон ишенимибизди күчтүү жана Жахаба менен адамдарга болгон сүйүүбүздү ысык сактоого жардам берет.

«Сенин үйүңдү сүйдүм»

17, 18. Жолугушууларыбызга карата кандай маанайда болушубуз керек?

17 Курмандык чалынуучу жайы бар жыйын чатыры Ысрайылда Жахабага сыйынуунун борбору болгон. Ал жерди жакшы көрөрүн Дөөт: «Теңирим! Мен Сенин үйүңдү жана Сенин даңкың турган жерди сүйдүм»,— деп билдирген (Забур 25:8).

18 Биз Жахаба жөнүндө билим алган жерлерде чогулууну жакшы көрөбүзбү? Үзгүлтүксүз рухий насаат берилген ар бир Падышалык залы чыныгы сыйынуунун борбору болуп саналат. Андан тышкары, жыл сайын облустук, райондук жана бир күндүк атайын жыйындар болуп турат. Мындай жолугушууларда Жахабанын «мыйзамдары» талкууланат. Эгерде «аларды абдан сүйүүгө» үйрөнсөк, анда жолугушууларга катышууга, программаны кунт коюп угууга умтулабыз (Забур 118:167). Биздин жыргалчылыгыбызга кызыкдар жана актыгыбызды сактоого жардам берүүгө даяр ишенимдештерибиз менен бирге болуу кандай гана жан сергитет! (Эврейлерге 10:24, 25).

«Өмүрүмдү... кыйратпа»

19. Дөөт кандай күнөөлөрдөн алыс болгусу келген?

19 Кудайдын чындыгынан четтеп кетүүнүн кесепети кандай болорун жакшы билгендиктен Дөөт: «Менин жанымды күнөөкөрлөр менен бирге, өмүрүмдү кан ичкичтер менен бирге кыйратпа. Алардын колдорунда кыянаттык, алардын оң колу парага толгон»,— деп Кудайга жалбарган (Забур 25:9, 10). Дөөт бузуку, паракор адамдардын арасында болууну каалаган эмес.

20, 21. Кудайды сүйбөгөндөрдүн жолуна эмнеден улам түшүп калышыбыз мүмкүн?

20 Бүгүн дүйнө адеп-ахлаксыз иштерге толгон. Телекөрсөтүүлөр, журналдар жана фильмдер бузуку жүрүм-турумга үндөйт (Галаттыктарга 5:19). Кээ бирөөлөр көп учурда адеп-ахлаксыз иштерге алып баруучу порнографиянын торуна түшүп калышат. Мындай таасирлерге, айрыкча, жаштар алдырышат. Айрым өлкөлөрдө кыз-жигиттин жолугушуусу кадимки нерсе болуп саналат, ошондуктан өспүрүмдөргө кимдир бирөө менен жолугушуңар керек деген ой таңууланат. Көптөгөн жаштар үйлөнүүгө жашы жете электе эле кимдир бирөөгө карата махабат сезимин өрчүтүп алышат. Акыры жыныстык каалоолорун канааттандыруу үчүн, адеп-ахлаксыз иштерге, атүгүл бузуктук кылганга чейин барышат.

21 Жаман таасирлерге чоңдор да алдырат. Адамдын бизнес жүргүзүүдөгү чынчыл эместиги жана чечим чыгаруудагы өзүмчүлдүгү анын актыгынан айрылганын көрсөтүп турат. Дүйнөнүн жолдору менен жүрүү бизди Жахабадан алыстаткандан башка эч пайда алып келбейт. Ошондуктан «жамандыкты жек көрүп, жакшылыкты сүйөлү» жана мындан ары да актыгыбызды сактап жашайлы (Амос 5:15).

«Куткар мени, мага ырайым кыл»

22—24. а) 25-забурдун акыркы сөздөрүндө бекемдээрлик кандай ой айтылат? б) Кийинки макалада кайсы тузак жөнүндө сөз жүрөт?

22 Дөөт тиленүүсүнүн аягында мындай деген: «Мен болсо өзүмдүн тазалыгым актыгым», СК] менен жашап жүрөм, куткар мени, мага ырайым кыл. Менин бутум түз жолдо турат. Жыйындарда Теңирди даңктайм» (Забур 25:11, 12). Дөөттүн актыгын сактоого болгон чечкиндүүлүгү куткаруу жөнүндөгү жалынычы менен байланыштырылат. Кандай бекемдээрлик ой! Актыгыбызды сактап жашоого чечкиндүү болсок, Жахаба бизге күнөөкөр болгонубузга карабай жардам берет.

23 Эмесе, жашоо мүнөзүбүздөн Кудайдын эгедерлигин турмушубуздун бардык тармактарында урматтап, жогору баалай турганыбыз көрүнүп турсун. Ар бирибиз Жахабадан жүрөгүбүздүн түпкүрүндөгү ой-сезимдерибизди текшеришин жана тазалашын сурансак болот. Кудайдын Сөзүн тырышчаактык менен изилдесек, анын чындыгы дайыма көз алдыбызда болот. Андыктан, келгиле, жаман чөйрөлөрдөн алыс болуп, Жахабаны анын эли чогулган жерлерде даңктайлы. Ошондой эле Падышалык жөнүндө кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине ынталуу катышып, дүйнөгө Кудай менен болгон баалуу мамилебизге коркунуч туудурушуна эч качан жол бербейли. Актыгыбызды сактап жашоо үчүн колубуздан келгендин баарын кылсак, Жахабанын бизге ырайым кыларына шектенбесек болот.

24 Актыгыбызды жашообуздун бардык тармактарында сакташыбыз керек болгондуктан, биз бир өтө коркунучтуу тузактан — ичкиликти кыянат пайдалануудан — сак болууга тийишпиз. Бул кийинки макалада талкууланат.

Эсиңердеби?

• Эмне үчүн аң-сезимдүү жаратуулар өздөрүнүн актыгын сактаган-сактабаганынын негизинде адилет соттолот?

• Актык деген эмне жана актыкты сактап жашоо деген эмнени билдирет?

• Актыгыбызды сактап жашоого эмне жардам берет?

• Актыгыбызды сактоо үчүн кандай коркунучтардан сак болушубуз керек?

[Изилдөө суроолору]

[24-беттеги сүрөт]

Жахабадан жүрөгүңдүн түпкүрүндөгү ойлорду текшеришин дайыма суранасыңбы?

Жахабанын ырайымдуулук иштери «көз алдыңдабы»?

[25-беттеги сүрөт]

Сыноо учурунда актыгыбызды сактаганыбыз Жахабанын жүрөгүн кубантат.