Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын жардамын кабыл аласыңбы?

Жахабанын жардамын кабыл аласыңбы?

Жахабанын жардамын кабыл аласыңбы?

«Теңир менин жардамчым, ошондуктан мен коркпойм» (Эврейлерге 13:6).

1, 2. Жахабанын жардамын жана жетекчилигин кабыл алганыбыз эмне үчүн маанилүү?

ТООДО жалгыз аяк жол менен баратканыңды элестетсең. Бирок жалгыз эмессиң, сени эң мыкты жолкөрсөткүч коштоп жүрөт. Сенден алда канча тажрыйбалуу жана чыйрак болсо да, ал сабырдуулук менен жаныңда баратат. Ал кээде чалынып кетип жатканыңды байкайт. Сенин коопсуздугуңа кам көрүп, өзгөчө коркунучтуу жерден өтүүгө жардам берүү үчүн сага колун сунат. Анын жардамын четке кагат белең? Албетте, какпайсың! Анткени коопсуздугуң коркунуч астында турат.

2 Ыйсанын жолдоочулары катары биз кыйын жана тар жолдо баратабыз. Ошол жолдо жалгыз басышыбыз керекпи? (Матай 7:14). Жок, Ыйык Китепте көрсөтүлгөндөй, эң мыкты Жолкөрсөткүч, Жахаба Кудай, адамдарга Өзү менен жүрүүгө мүмкүндүк берип келүүдө (Башталыш 5:24; 6:9). Жахаба жанында бараткан кызматчыларына жардам береби? Ал мындай дейт: «Мен сенин Кудай-Теңириңмин. Сени оң колуңдан кармап, сага мындай дейм: „Коркпогун, Мен сага жардам берип жатам“» (Ышайа 41:13). Жогорудагы мисалда айтылган жолкөрсөткүчкө окшоп, Жахаба аны менен жүрүүгө умтулгандарга мээримдүүлүк менен жардамын жана достугун сунуш кылат. Анын көмөгүнөн баш тартууну, албетте, эч кимибиз каалабайбыз!

3. Бул макалада кайсы суроолорду карап чыгабыз?

3 Мурунку макалада биз байыркы убактагы элине Жахабанын төрт жол менен жардам бергенин талкуулаганбыз. Бүгүнкү элине да ал ошондой жолдор менен жардам көрсөтөбү? Анын бардык жардамын кабыл алып жатканыбызга канткенде ынана алабыз? Келгиле, ушул суроолорду карап чыгалы. Ошондо Жахабанын чынында эле Жардамчыбыз экенине дагы көбүрөөк ишене алабыз (Эврейлерге 13:6).

Периштелердин жардамы

4. Эмне үчүн Кудайдын бүгүнкү кызматчылары периштелердин колдоо көрсөтөрүнө бекем ишене алышат?

4 Периштелер Жахабанын азыркы убактагы кызматчыларына жардам береби? Ооба. Бирок бүгүн алар чыныгы кызматчыларды жамандыктан сактоо үчүн көзгө көрүнгөн жол менен келишпейт. Атүгүл байыркы убакта да периштелердин көзгө көрүнгөн учурлары сейрек болгон. Бүгүнкү күндөгүдөй эле, алардын кылгандарынын көбү адамдардын көзүнө көрүнгөн эмес. Ошентсе да Кудайдын кызматчылары периштелердин аларга жардам берүүгө даяр экенин билгенде абдан бекемделген (2 Падышалар 6:14—17). Ошондой сезимде болууга бизде да орчундуу негиз бар.

5. Кабар айтуу ишине периштелердин катышып жатканы Ыйык Китепте кандайча көрсөтүлөт?

5 Жахабанын периштелери биз аткарып жаткан өзгөчө ишке өтө кызыкдар. Ал эмне болгон иш? Суроонун жообун Аян 14:6дан таба алабыз: «Анан мен асмандын ортосунда учуп келе жаткан периштени көрдүм. Ал периштеде жер үстүндө жашагандарга, бардык урууларга жана улуттарга, тилдерге жана элдерге таратыла турган түбөлүк Жакшы Кабар бар эле». Бул «түбөлүк Жакшы Кабар», Ыйса алдын ала айткандай, дүйнөнүн акыры келгенге чейин «бүт ааламга, бардык элдерге күбөлүк катары таратыла» турган «асман Падышачылыгы жөнүндөгү Жакшы Кабар» менен байланыштуу (Матай 24:14). Албетте, периштелер түздөн-түз өздөрү кабар айтып жатышкан жок. Ыйса бул маанилүү тапшырманы адамдарга берген (Матай 28:19, 20). Аны аткарууга ыйык периштелер, акылман жана күчтүү рухий жаратуулар, жардам берип жатканын билүү бизге дем-шык бербейби?

6, 7. а) Периштелердин кабар айтуу ишибизди колдоп жатканын эмне көрсөтүп турат? б) Жахабанын периштелеринин колдоосуна канткенде ээ боло алабыз?

6 Периштелердин биз жүргүзгөн ишти колдоп жатканына көптөгөн далилдер бар. Мисалы, ишенимдештерибиздин кызматта жүргөндө Кудайдан чындыкты табууга жардам берүүсүн суранып жаңы эле тиленген адамды жолуктурушканын көп угабыз. Мындай окуялар өтө көп болгондуктан, аларды кокусунан болгон деп эсептөөгө болбойт. Периштелердин мындай жардамынын натыйжасында барган сайын көптөгөн адамдар «асмандын ортосунда учуп келе жаткан периштенин»: «Кудайдан корккула, Аны даңктагыла»,— деген көрсөтмөсүн аткарууга үйрөнүшүүдө (Аян 14:7).

7 Жахабанын кубаттуу периштелеринин колдоосуна ээ болууну каалайсыңбы? Анда кызматыңды жигердүү аткарууга колуңан келгендин баарын кыл (1 Корунттуктарга 15:58). Жахаба берген бул өзгөчө тапшырманы даярдуулук менен аткарсак, анын периштелеринин жардамына үмүттөнө алабыз.

Периштелердин башчысынын жардамы

8. Ыйса асманда кандай жогорку абалды ээлейт жана эмне үчүн бул бизди бекемдей алат?

8 Жахабанын жардамынын дагы бир булагы бар. Аян 10:1де «жүзү күндөй жаркыраган» абдан күчтүү периште тууралуу айтылат. Көрүнүштөгү бул периште, сыягы, асманда бийлик жүргүзгөн, даңкталган Ыйса Машайакты билдирет (Аян 1:13, 16). Ыйса чынында эле периштеби? Ооба, «периште» деген сөздү Ыйсага карата да колдонууга болот, анткени ал — башкы периште (1 Тесалоникалыктарга 4:16). Ыйса — Жахабанын рухий уулдарынын эң кубаттуусу. Жахаба аны бардык периштелерге башчылык кылууга дайындаган. Бул башкы периште — жардамдын зор булагы. Кандайча?

9, 10. а) Күнөө кылганыбызда Ыйса кандайча «жардамчыбыз» катары кызмат кылат? б) Ыйсанын үлгүсү бизге кандай жардам берет?

9 Улгайып калган элчи Жакан: «Эгерде ким күнөө кылса, Атанын алдында адил арачыбыз [«жардамчыбыз», «ЖД»] Ыйса Машайак бар»,— деп жазган (1 Жакан 2:1). Эмне үчүн Жакан Ыйсанын бизге, айрыкча, «күнөө кылганыбызда» жардам көрсөтөрүн айткан? Себеп дегенде биз күн сайын күнөө кетиребиз, ал эми күнөө өлүмгө алып барат (Насаатчы 7:20; Римдиктерге 6:23). Бирок Ыйса өзүнүн өмүрүн биздин күнөөлөрүбүз үчүн курмандыкка берген. Ошондуктан ал ырайымдуу Атабыздын алдында бизге арачылык кылат. Мындай жардамга ар бирибиз муктажбыз. Аны кандайча кабыл ала алабыз? Биз кылган күнөөлөрүбүз үчүн өкүнүп, Ыйсанын курмандыгынын негизинде кечирим издешибиз керек. Ошондой эле аларды кайталоодон качышыбыз зарыл.

10 Биз үчүн өлүү менен бирге Ыйса бизге жеткилең үлгү калтырган (1 Петир 2:21). Анын үлгүсү бизге жетекчилик берет жана олуттуу күнөөдөн качып, Жахаба Кудайга жаккыдай жашашыбызга жардам берет. Мындай жардам үчүн ыраазы эмеспизби? Ыйса дагы башка жардамчынын берилерин убадалаган.

Ыйык рухтун жардамы

11, 12. Жахабанын руху деген эмне, ал канчалык кубаттуу жана биз ага бүгүн эмне себептен муктажбыз?

11 Ыйса: «Мен Атамдан өтүнүп сурайм, Атам силерге башка Сооротуучуну [«жардамчыны», «ЖД»], чындык Рухун берет: Ал түбөлүк силер менен болот, бул дүйнө Аны кабыл ала албайт»,— деп убадалаган (Жакан 14:16, 17). Бул «чындык Руху», башкача айтканда, ыйык рух инсан эмес, күч. Ал — Жахабанын иш-аракеттүү күчү. Ал чексиз кубаттуу. Бул күчтү Жахаба ааламды жаратууда, укмуштай кереметтерди жасоодо жана аян аркылуу өзүнүн эркин ачып берүүдө колдонгон. Жахаба бүгүн өзүнүн рухун андай бөтөнчө жолдор менен колдонбогондуктан, бул биздин ал рухка муктаж эмес экенибизди билдиреби?

12 Жок. Ушул «оор күндөрдө» биз Жахабанын рухуна мурункудан да көбүрөөк муктажбыз (2 Тиметейге 3:1). Ал бизди сыноолорго туруштук берүүгө бекемдейт. Ошондой эле ал Жахабага жана рухий биртуугандарыбызга дагы көбүрөөк жакындашыбыз үчүн зарыл болгон эң сонун сапаттарды өрчүтүшүбүзгө жардам берет (Галаттыктарга 5:22, 23). Анда Жахабанын бул укмуш зор жардамынан канткенде пайда ала алабыз?

13, 14. а) Жахабанын өзүнүн элине ыйык рухун берүүгө ынтызар экенине эмне үчүн шектенбесек болот? б) Ыйык рухтун жардамын кабыл албай жатканыбызды эмне көрсөтүшү мүмкүн?

13 Биринчиден, ыйык рух сурап тиленишибиз зарыл. «Силер жаман болуп туруп, балдарыңарга жакшы нерселерди бергенди билсеңер, андан бетер Асмандагы Атаңар Өзүнөн сурагандарга Ыйык Рухту берет»,— деп айткан Ыйса (Лука 11:13). Ооба, Жахаба — ааламдагы эң мыкты Ата. Кудайдан ишеним менен, чын жүрөктөн ыйык рух сурасак, ал сөзсүз берет. Бирок биз аны сурайбызбы? Кеп мына ушунда. Ошондуктан күн сайын ыйык рух сурап тиленишибиз зарыл.

14 Экинчиден, ыйык рухту биз анын жетегине ылайык иш кылуу менен ала алабыз. Мисалы, Ыйсанын бир жолдоочусу порнография көрүүгө болгон жакындыгы менен күрөшүп жатат деп коёлу. Ал бул жийиркеничтүү адатын жеңүү үчүн Кудайдан ыйык рух сурап тиленет. Ошондой эле жыйналыштагы аксакалдардан кеңеш сурайт. Алар чечкиндүү иш-аракеттерди кылууга, андай ыпылас нерсеге жакын жолобоого чакырышат (Матай 5:29). Бирок ал биртууган алардын кеңешин көңүлгө албай, азгырык пайда болгондо порнографияны кайра эле көрө берсечи? Анда ал ыйык рухтун жардамын сураган тиленүүсүнө ылайык иш кылган болобу? Же, тескерисинче, Кудайдын рухун капа кылуу жана ал белектен айрылуу коркунучу алдында турабы? (Эфестиктерге 4:30). Ырас, Жахабанын ушул эң сонун жардамын мындан ары да ала беришибиз үчүн ар бирибиз колубуздан келгендин баарын кылышыбыз зарыл.

Кудай Сөзүнүн жардамы

15. Ыйык Китепти кадимки эле китептердин бири катары көрбөй турганыбызды кантип көрсөтө алабыз?

15 Ыйык Китеп Жахабанын ишенимдүү кызматчылары үчүн кылымдар бою жардамдын булагы болуп келет. Ал кадимки эле китептердин бири эмес, жардамдын зор булагы экенин эсибизден чыгарбашыбыз абзел. Анын жардамына ээ болуу үчүн күч-аракет жумшоо талап кылынат. Биз Ыйык Китепти окууну адат кылып алышыбыз керек.

16, 17. а) Кудайдын мыйзамын окуунун натыйжалары тууралуу Забур 1:2, 3-аяттарда эмне айтылат? б) Тырышчаактык менен мээнет кылышыбыз керектиги Забур 1:3тө кандайча көрсөтүлөт?

16 Забур 1:2, 3-аяттарда Кудайдан корккон адам жөнүндө мындай деп айтылат: «Анын эрки Кудайдын мыйзамында, Анын мыйзамы тууралуу ал күнү-түнү ойлонот. Ошондо ал суу боюна отургузулган, мөмөсүн өз маалында берген, жалбырагы соолубаган дарактай болот. Ал эмне иш кылбасын, бардык ишинде ийгиликке жетишет». Бул сөздөрдүн маңызын түшүндүңбү? Аларды окуп, кооз жер, дарыянын жээгинде өскөн көлөкөлүү дарак сүрөттөлүптүр деп жыйынтык чыгарып коюу оңой. Андай жерде түштөн кийин бир аз чырм этип алсаң кандай сонун! Бирок бул забурда биз эс алуу жөнүндө ой жүгүртүүгө чакырылбайбыз. Тескерисинче, ал аяттарда тырышчаактык менен мээнет кылуу жөнүндө сөз жүрүп жатат. Кандайча?

17 Ал дарактын жөн эле көлөкөлүү дарак эмес экенин жана суунун жээгинде кокусунан эле өсүп калбаганын байкасаң. Ал — тандалган жерге, «суу боюна», атайын «отургузулган» мөмөлүү дарак. Андай дарактар өскөн бактын ээси, баалуу дарактарынын тамырларына суу жетиши үчүн, арык казышы мүмкүн. Мына эми жогорудагы аяттардын маңызы айкын болду! Эгер рухий жактан жанагы дарактай болуп гүлдөп жатсак, анда бизге чоң жардам көрсөтүлгөн. Биз чындыктын таза сууларын тартуулаган уюмга мүчөбүз. Бирок өз алдыбызча да күч-аракет жумшоого тийишпиз. Кудайдын Сөзүндөгү чындыктарды акыл-эсибизге, жүрөгүбүзгө жеткирүү үчүн, ой жүгүртүү жана изилдөө аркылуу ошол баа жеткис сууну сиңиришибиз зарыл. Ошондо биз да жакшы жемиш беребиз.

18. Ыйык Китептен суроолорубузга жооп алуу үчүн эмне кылышыбыз керек?

18 Ыйык Китебибиз колдонулбай текчеде жатса, ал бизге пайда алып келбейт. Ошондой эле көзүбүздү жумуп, Ыйык Китепти туш келди ачканда эле сурообузга жооп чыгып калгыдай анын сыйкырдуу күчү жок. Чечим чыгарарда биз Кудай тууралуу билимди катылган кенчти издегендей казып издешибиз зарыл (Накыл сөздөр 2:1—5). Ыйык Жазмадан өзгөчө муктаждыктарыбызга ылайыктуу кеңеш табуу үчүн, көп учурда тырышчаактык жана кылдаттык менен изилдөө жүргүзүү зарыл. Бул жагынан бизге көптөгөн ыйык китептик адабияттар жардам берет. Аларды колдонуп, Кудай Сөзүндөгү акылмандыктын берметтерин казып издесек, Жахабанын жардамын чындап пайдаланып жаткан болобуз.

Ишенимдештерибиз аркылуу берилүүчү жардам

19. а) «Күзөт мунарасы» жана «Ойгонгула!» журналдарындагы макалаларды эмне үчүн ишенимдештерибиз аркылуу берилген жардам катары көрсөк болот? б) Журналдарыбыздагы кайсы бир макаладан өзүңө кандай жардам алгансың?

19 Жахабанын кызматчылары бири-бирине дайыма жардам берип келишкен. Бизге жардам бериш үчүн Жахаба азыр да ушул жолду колдонобу? Ооба. Ишенимдештерибизден өз убагында эң керектүү жардам алган учурларыбыз, албетте, ар бирибизде эле болгон. Мисалы, «Күзөт мунарасы» же «Ойгонгула!» журналдарынан зарыл учурда сооронуч берген же көйгөйүңдү чечүүгө же сыноо менен күрөшүүгө жардам берген кайсы бир макаланы эстей аласыңбы? Жахаба сага ал жардамды «тамагын өз убагында берип турууга» дайындалган «ишенимдүү жана акылдуу кул» аркылуу берген (Матай 24:45—47).

20. Ыйсаны жолдогон аксакалдар өздөрүнүн «адам түрүндөгү белектер» экенин кантип көрсөтүшөт?

20 Бирок ишенимдештерибиз аркылуу берилүүчү жардам көп учурда түздөн-түз көрсөтүлөт. Жыйналыштагы аксакал жүрөгүбүздү козгогудай баяндама менен чыгышы же оор учурда жардам көрсөтүү үчүн кайтаруучулук барыш жасашы же алсыз жагыбызды көрүүгө жана жеңүүгө жардам берерлик жумшак кеңеш бериши мүмкүн. Ыйсанын бир жолдоочусу аксакалынын жардамына ыраазы болуп: «Кабар айтуу кызматында жүргөнүбүздө, ал мени сөзгө тартып, жүрөктөгү ойлорумду угууга убакыт бөлдү. Кечинде эле Жахабадан кимдир бирөө менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк беришин өтүнүп тиленген элем. Эртеси күнү ал биртууган мени менен сүйлөшүп, боорукерлик көрсөттү. Ал Жахабанын бир канча жылдан бери мага кандай жардам көрсөтүп келатканын түшүнүүгө жардам берди. Жахабанын бул аксакалды мага жөнөткөнүнө абдан ыраазымын»,— деп жазган. Ушу сыяктуу жолдор менен аксакалдар өздөрүнүн «адам түрүндөгү белектер» экенин көрсөтүшөт. Жахаба аларды бизге өмүр жолунда бекем турууга жардам бериш үчүн Ыйса Машайак аркылуу берип жатат (Эфестиктерге 4:8, «ЖД»).

21, 22. а) Жыйналыштагылар Филипиликтерге 2:4төгү кеңешти колдонгондо, натыйжасы кандай болот? б) Эмне үчүн кичинекей жакшы иштер да маанилүү?

21 Аксакалдардан тышкары, Ыйсанын ар бир ишенимдүү жолдоочусу: «Ар кимиң өзүңдү гана эмес, өзгөнү да ойло»,— деген кеңешке ылайык иш кылууну каалайт (Филипиликтерге 2:4). Жыйналыштагылар ошол кеңешти колдонушканда, көптөгөн жакшы иштер жасалат. Мисалы, бир үй-бүлө күтүлбөгөн жерден чоң кайгыга дуушар болгон: атасы менен кичинекей кызы дүкөндөн келатышып жол кырсыгына кабылышкан. Натыйжада кыз каза болуп, атасы катуу жараат алган. Ал ооруканадан чыккандан кийин адегенде эч кандай ишке жарабай жүргөн. Аялы өзүнө келе албай жүргөндүктөн күйөөсүнө жалгыз кам көрө алмак эмес эле. Ошондуктан жыйналыштагы бир үй-бүлө күйүтү оор бул биртуугандарын өздөрүнүн үйүнө алып келип, аларга бир нече жума бою кам көрүшкөн.

22 Албетте, жакшы иштердин баары эле ушундай кайгыга жана жеке курмандыктарга байланыштуу боло бербейт. Айрым учурларда бизге көрсөтүлгөн жардам өтө деле чоң болбошу мүмкүн. Бирок, канчалык кичинекей болбосун, биз аны баалайбыз, чынбы? Кайсы бир ишенимдешиңдин жылуу сөзү же көңүл бөлүүсү сага эң керектүү жардам болгон учурларды эстей аласыңбы? Жахаба бизге көп учурда ушундай жолдор менен кам көрөт (Накыл сөздөр 17:17; 18:24).

23. Бири-бирибизге жардам берүүгө умтулганыбызда, Жахаба буга кандай карайт?

23 Жахабанын сени башкаларга жардам берүү үчүн колдонушун каалайсыңбы? Ал сага ушундай өзгөчө мүмкүнчүлүк берип жатат. Жахаба башкаларга колдоо көрсөтүү үчүн жумшаган күч-аракеттериңди баалайт. Анын Сөзүндө: «Жакырга жакшылык кылган адам Теңирге насыя берет, жакшылыгы үчүн Теңир ага тиешелүүсүн берет»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 19:17). Биртуугандарыбызга жардам берүү чоң кубаныч тартуулайт (Элчилер 20:35). Ал эми башкалардан обочолонгондор жардам берүүдөн же жардам алуудан келчү кубанычты сезишпейт (Накыл сөздөр 18:1, «ЖД»). Ошондуктан, келгиле, бири-бирибизди бекемдей алгыдай болушубуз үчүн, жыйналыш жолугушууларына үзгүлтүксүз келели (Эврейлерге 10:24, 25).

24. Эмне себептен Жахабанын байыркы убактагы укмуштуу кереметтерин көрбөсөк да, өзүбүздү бир нерседен кур калгандай сезбейбиз?

24 Жахабанын бизге кандай жолдор менен жардам берери тууралуу ой жүгүртүү жагымдуу эмеспи? Биз Жахаба өзүнүн ой-ниеттерин ишке ашыруу үчүн укмуштай кереметтерди жасаган убакта жашап жатпасак да, өзүбүздү бир нерседен кур калгандай сезбейбиз. Эң маанилүүсү, Жахаба бизге ишенимдүү бойдон калууга бардык жактан жардам берүүдө. Эгер ишенимибизди бекем сактасак, Жахабанын адамзат тарыхындагы эң укмуштуу жана даңктуу иштерин көрөбүз! Келгиле, Жахабанын мээримдүүлүк менен берген жардамын кабыл алууга чечкиндүү бололу. Ошондо биз 2005-жылдын аятындагы: «Мага жардам... Жахабадан келет»,— деген сөздөргө кошула алабыз (Забур 120:2, «ЖД»).

Кандай деп ойлойсуңар?

Жахаба бизге

• периштелери аркылуу...

• ыйык руху аркылуу...

• рухтун жетеги менен жазылган Сөзү аркылуу...

• ишенимдештерибиз аркылуу...

кантип жардам берип жатат?

[Изилдөө суроолору]

[14-беттеги сүрөт]

Кабар айтуу ишине периштелер колдоо көрсөтүп жатканын билүү бизге дем-шык берет.

[17-беттеги сүрөт]

Жахаба бизди сооротуу үчүн ишенимдештерибизди колдоно алат.