Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кылдат күбөлөндүрүүгө үйрөтүлгөндөр

Кылдат күбөлөндүрүүгө үйрөтүлгөндөр

Кылдат күбөлөндүрүүгө үйрөтүлгөндөр

«Иерусалимде, бүт Жүйүт аймагында, Самарияда, атүгүл, бүт дүйнө жүзүндө Мен жөнүндө күбөлөндүрөсүңөр» (Элчилер 1:8).

1, 2. Петир кандай тапшырма алган жана аны ким берген?

«НАЗАРЕТТИК Ыйса... бизге тирүүлөрдүн жана өлгөндөрдүн Кудай тарабынан дайындалган Соту Ошол экенин жар салууга жана күбөлөндүрүүгө буйрук берди» (Элчилер 10:38, 42). Элчи Петир бул сөздөр менен Корнелийге жана анын үй-бүлөсүнө жакшы кабар таратуучу катары кандай тапшырма алганын түшүндүргөн.

2 Ыйса ал тапшырманы качан берген? Болжолу, Петир Ыйсанын асманга кетер алдында айткан сөздөрү тууралуу ойлонгон. Ошол учурда Ыйса ишенимдүү шакирттерине: «Иерусалимде, бүт Жүйүт аймагында, Самарияда, атүгүл, бүт дүйнө жүзүндө Мен жөнүндө күбөлөндүрөсүңөр»,— деп айткан (Элчилер 1:8). Бирок Петир Ыйсанын шакирти катары өзүнүн Ыйсага ишенери тууралуу башкаларга айтууга тийиш экенин ага чейин эле билген.

Үч жылдык окутуу

3. Ыйса кандай керемет жасаган жана Петир менен Андрейди эмне кылууга чакырган?

3 Биздин замандын 29-жылы чөмүлтүлгөнүнөн бир нече ай өткөндөн кийин Ыйса Галилея деңизинин жээгине барып кабар айткан. Ал жерде Петир менен анын биртууганы Андрей балык уулап жатышкан. Алар түнү бою эмгектенишсе да, эч нерсе кармай алышкан эмес. Ошентсе да Ыйса аларга: «Көлдүн терең жерине сүзүп барып, торлоруңарды салгыла»,— деген. Алар Ыйсанын айтканын кылышканда «абдан көп балык кармашкан. Тор айрыла баштаган». Бул кереметти көргөн Петирди коркунуч басканда, Ыйса аны: «Коркпо, мындан ары адамдарды кармайсың»,— деп тынчтандырган (Лука 5:4—10).

4. а) Ыйса шакирттерин күбөлөндүрүү берүүгө кантип даярдаган? б) Ыйсанын шакирттеринин кызматы анын кызматынан эмнеси менен айырмаланмак?

4 Ошо замат Петир менен Андрей, ошондой эле Зебедейдин уулдары Жакып менен Жакан кайыктарын таштап, Ыйсаны ээрчип жөнөшкөн. Алар дээрлик үч жыл бою Ыйсаны кабар айтуу кызматында коштоп жүрүшкөн. Натыйжада жакшы кабарды таратуу ишин аткарууну үйрөнүшкөн (Матай 10:7; Марк 1:16, 18, 20, 38; Лука 4:43; 10:9). Ошол мезгилдин аягында, б.з. 33-жылы 14-нисанда, Ыйса аларга: «Мен кылып жаткан иштерди Мага ишенген адам да кыла алат, атүгүл, алардан да чоң иштерди кыла алат»,— деп айткан (Жакан 14:12). Ыйсанын шакирттери, ага окшоп, жакшы кабарды кылдат күбөлөндүрүшмөк, бирок алда канча чоң масштабда. Көп өтпөй алар жана келечектеги шакирттердин баары «бул дүйнөнүн акырына чейин» «бардык элдерге» күбөлөндүрүү беришери айкын болгон (Матай 28:19, 20).

5. Ыйсанын өз жолдоочуларына берген окутуусунан кантип пайда ала алабыз?

5 Биз «дүйнөнүн акырында» жашап жатабыз (Матай 24:3). Биринчи кылымдагы шакирттерден айырмаланып, биз Ыйсаны коштоп, анын адамдарга кабар айтып жатканын көрө албайбыз. Анткен менен, Ыйык Китептен анын кантип кабар айтканын жана өзүнүн жолдоочуларына кандай көрсөтмөлөрдү бергенин окуп, анын окутуусунан пайда ала алабыз (Лука 10:1—11). Бирок бул макалада Ыйса өзүнүн шакирттерине көрсөткөн дагы бир өтө маанилүү нерсе — кабар айтуу ишине карата туура көзкарашта болуу — жөнүндө сөз жүрөт.

Адамдарга камкордук көрсөтүү

6, 7. Ыйсанын кызматынын натыйжалуу болушуна кайсы сапаты өбөлгө түзгөн жана бул жагынан аны кантип туурай алабыз?

6 Эмне үчүн Ыйса ушунчалык натыйжалуу күбөлөндүрүү бере алган? Мунун бир себеби анын адамдарга терең кызыгуу көрсөтүп, камкор болгонунда. Забурчу Ыйсанын «жакырга жана байкушка ырайым кыларын» алдын ала айткан (Забур 71:13). Анын бул пайгамбарлыкты аткарганы шексиз. Мисалы, Ыйык Китепте: «Элди көрүп, Ыйсанын боору ооруду. Анткени алар койчусу жок койлор сыяктуу жүдөп, мүңкүрөп калышкан эле»,— деп айтылат (Матай 9:36). Атүгүл жеткен күнөөкөрлөр да анын камкордугун сезип, ага тартылышкан (Матай 9:9—13; Лука 7:36—38; 19:1—10).

7 Адамдарга ошондой камкордук көрсөтсөк, биздин да кызматыбыз натыйжалуу болот. Кызматка чыгардын алдында адамдардын биз айта турган маалыматка канчалык муктаж экени тууралуу бир аз ой жүгүртүп алууга эмне үчүн болбосун? Алардын Падышалык гана чече ала турган кандай көйгөйлөрү болушу мүмкүн экенин ойлонолу. Ар бир адамга оң маанай менен кароого чечкиндүү бололу, анткени кабарды кимдер кабыл аларын билбейбиз. Балким, биз жолуга турган кийинки адам бизге окшогон кимдир бирөөнүн келип жардам бериши тууралуу тиленип жүргөндүр!

Сүйүүгө жетектелүү

8. Ыйсанын жолдоочуларына жакшы кабарды таратууга эмне түрткү берет?

8 Ыйса жарыялаган жакшы кабар адамзат үчүн эң маанилүү маселелерге: Жахабанын эркинин аткарылышына, Анын ысмынын ыйыкталышына жана эгедерлигинин акталышына байланыштуу болгон (Матай 6:9, 10). Ыйса Атасын сүйгөндүктөн ишенимдүүлүгүн акырына чейин сактоого жана аталган маселелерди чече турган Падышалык тууралуу кылдат күбөлөндүрүү берүүгө чечкиндүү болгон (Жакан 14:31). Анын жолдоочулары да бүгүн ошондой сүйүүгө ээ болгондуктан кызматка дилгирлик менен катышышат. Элчи Жакан: «Кудайды сүйүү деген — Анын осуяттарын аткаруу»,— деп айткан. Ал осуяттардын ичине жакшы кабарды таратуу жана шакирт даярдоо осуяты кирет (1 Жакан 5:3; Матай 28:19, 20).

9, 10. Кудайга болгон сүйүүдөн тышкары, дагы кандай сүйүү бизге кылдат күбөлөндүрүүгө түрткү берет?

9 Ыйса өзүнүн жолдоочуларына мындай деген: «Эгерде Мени сүйсөңөр, осуяттарымды аткаргыла. Ким Менин осуяттарымды билсе жана аткарса, ал Мени сүйөт» (Жакан 14:15, 21). Демек, чындык жөнүндө күбөлөндүрүүгө жана Ыйса буйруган башка осуяттарды аткарууга бизге Ыйсага болгон сүйүү түрткү бериши керек. Ыйса тирилгенден кийин шакирттерине жолуккан учурлардын биринде Петирди: «Козуларымды кайтар... Койлорумду кайтар... Койлорумду кайтар»,— деп үндөгөн. Петирге антүүгө эмне түрткү бериши керек эле? Мунун жообу Ыйсанын: «Сен Мени... сүйөсүңбү?.. Мени сүйөсүңбү?.. Мени сүйөсүңбү?» — деп, Петирге кайра-кайра берген суроосунда камтылган. Ооба, Ыйсага болгон сүйүүсү, ынактыгы Петирге кылдат күбөлөндүрүүгө, Ыйсанын «койлорун» табууга жана андан кийин аларга рухий койчу болууга түрткү бермек (Жакан 21:15—17).

10 Биз Ыйсаны Петирге окшоп жекече тааныбайбыз. Ошентсе да Ыйсанын биз үчүн эмнелерди кылганын жакшы билебиз. Анын «бардыгы үчүн... өлүмдү башынан кечирүүгө» даяр болуп көрсөткөн улуу сүйүүсү жүрөгүбүздү козгойт (Эврейлерге 2:9; Жакан 15:13). Биз Пабылдын: «Машайактын сүйүүсү... бизди... милдеттендирет. Жашап жаткандар эми өздөрү үчүн эмес... Машайак үчүн жашаш үчүн, Машайак бардыгы үчүн өлгөн»,— деген сөздөрүнө ортоктошпуз (2 Корунттуктарга 5:14, 15). Ыйсанын сүйүүсүн жогору баалай турганыбызды жана аны сүйөрүбүздү биз кылдат күбөлөндүрүү тапшырмасын ынтызарлык менен аткарып көрсөтөбүз (1 Жакан 2:3—5). Ыйсанын курмандыгын кадимки эле нерсе катары көргөнсүп кабар айтуу ишине шалакы мамиле кылууну эч качан каалабайбыз (Эврейлерге 10:29).

Маанилүү иштен алаксыбоо

11, 12. Ыйса дүйнөгө эмне максат менен келген жана муну эң маанилүү иш деп эсептегенин кантип көрсөткөн?

11 Ыйса Понтий Пилаттын алдында турганда: «Мен чындык жөнүндө күбөлөндүрүү үчүн төрөлгөм жана ошол үчүн бул дүйнөгө келгем»,— деп айткан (Жакан 18:37). Ыйса чындык жөнүндө күбөлөндүрүүсүнө эч нерсенин тоскоолдук кылышына жол берген эмес. Чындык жөнүндө күбөлөндүрүү ал үчүн Кудайдын эрки болгон.

12 Шайтан Ыйсаны бул жагынан сынабай койгон эмес. Ыйса чөмүлтүлгөндөн көп өтпөй, Шайтан ага «дүйнөдөгү бардык падышачылыктарды жана алардын атак-даңкын» көрсөтүп, дүйнөдө улуу адам болууну сунуш кылган (Матай 4:8, 9). Кийинчерээк жүйүттөр аны өздөрүнө падыша кылууну каалашкан (Жакан 6:15). Кээ бирөөлөр эгер Ыйса ошол сунуштарды кабыл алса, жерде падыша болсо, адамзатка эмне деген пайдаларды алып келмек, канчалаган жакшылыктарды кыла алмак деп ойлошу мүмкүн. Бирок Ыйса андай ой жүгүртүүнү четке каккан. Ал чындык жөнүндө күбөлөндүрүүнү эң маанилүү иш деп эсептеген.

13, 14. а) Эң негизги ишинен Ыйсаны эмне алаксыта алган эмес? б) Ыйса материалдык жактан жарды болсо да, эмне кылган?

13 Ыйса байлыкка кызыккан эмес. Ошол себептен ал бай эмес эле. Анын атүгүл үйү да жок болчу. Бир жолу ал: «Түлкүлөрдүн ийини бар, асмандагы канаттуулардын уясы бар. Ал эми Адам Уулунун баш калкалаар жери жок»,— деп айткан (Матай 8:20). Ыйса өлгөндө, анын болгон байлыгы Рим жоокерлери өкчөмө таш ыргытып бөлүп алган кийими болчу (Жакан 19:23, 24). Анда Ыйсанын жашоосу ийгиликсиз болгонбу? Албетте, жок!

14 Ыйса эң бай кайрымдуу адам кыла алгандан алда канча зор нерсени кылган. Пабыл: «Ыйса Машайактын ырайымы силерге белгилүү, Ал Өзү бай болуп туруп, силер үчүн жардыланды. Силер анын жардылыгы аркылуу бай болушуңар үчүн ошентти»,— деп айткан (2 Корунттуктарга 8:9; Филипиликтерге 2:5—8). Ыйса материалдык жактан жарды болсо да, момун адамдардын жеткилеңдикте түбөлүк өмүр сүрүшүнө жол ачкан. Ага биз кандай гана ыраазыбыз! Ошондой эле Кудайдын эркин аткарууну жашоосундагы эң маанилүү иш деп эсептегени үчүн сыйлык алганына биз кандай кубанычтабыз! (Забур 39:9; Элчилер 2:32, 33, 36).

15. Эмне байлыктан да баалуу?

15 Бүгүн Ыйсаны тууроого аракеттенгендер да байлыкка умтулуудан баш тартышат (1 Тиметейге 6:9, 10). Алар байлыктын жашоону ыңгайлуу кыла аларын түшүнүшөт, бирок өздөрүнүн түбөлүк келечеги байлыктан көзкаранды эмес экенин билишет. Ыйса өлгөндө, үстүндөгү кийими ага баалуу болбой калгандай эле, анын жолдоочусу өлгөндө да, анын материалдык байлыгы өз баалуулугун жоготот (Насаатчы 2:10, 11, 17—19; 7:12). Ыйсанын жолдоочусу өлгөндө, чындап баалана турган жалгыз нерсе — анын Жахаба жана Ыйса Машайак менен болгон мамилеси (Матай 6:19—21; Лука 16:9).

Каршылык жолтоо боло албайт

16. Ыйса каршылыкты кантип жеңген?

16 Ыйса каршылыктын айынан чындык жөнүндө күбөлөндүрүүсүн токтотуп койгон эмес. Ал тургай, жердеги кызматы курмандык өлүмү менен аяктаарын билүү да анын көңүлүн чөктүргөн эмес. Пабыл Ыйса тууралуу мындай деген: «Ал, алдында турган кубанычтын урматына, маскара болгонуна карабай, айкаш жыгачка [«кыйноо мамысына», «ЖД»] чыдап, башынан өткөргөн жана Кудайдын тактысынын оң жагынан орун алган» (Эврейлерге 12:2, «Мукаддас»). Ыйсанын «маскара болгонуна карабаганына» көңүл бурсаңар. Аны каршылаштарынын кандай ойдо болгону тынчсыздандырган эмес. Ал үчүн Кудайдын эркин аткаруу маанилүү болгон.

17. Ыйсанын чыдамкайлыгынан эмнеге үйрөнсөк болот?

17 Ыйсанын чыдамкайлыгынан эмнеге үйрөнүүгө болорун көрсөтүп, Пабыл ишенимдештерин: «Алдан тайып, кайратыңардан жазбашыңар үчүн, күнөөкөрлөрдөн ушундай кордук көргөн Ыйса жөнүндө ойлонгула»,— деп үндөйт (Эврейлерге 12:3). Чын эле, каршылыкка же шылдыңга тынымсыз дуушар болуу алдан тайдырышы мүмкүн. Ошондой эле бизди көрүнүктүү абалга умтулууга үндөгөн тууган-туушкандарыбыздын сын-пикирлерин угуп, дүйнөнүн азгырыктарына каршы туруу кыйынга турушу ыктымал. Бирок биз, Ыйсага окшоп, Падышалыкты жашообузда биринчи орунга коюуга чечкиндүү болуп, Жахабанын колдоосуна таянабыз (Матай 6:33; Римдиктерге 15:13; 1 Корунттуктарга 2:4).

18. Ыйсанын Петирге айткан сөздөрүнөн өзүбүзгө кандай сонун сабак алсак болот?

18 Ыйсанын эч нерсеге алаксыбай кызмат кылууга умтулганы өлүмүнүн жакындап келатканы жөнүндө шакирттерине айта баштаганда айкын көрүнгөн. Петир Ыйсаны «өзүн аёого» чакырып, андай нерсе «анын башына түшпөй» турганына ишендүрүүгө аракет кылган. Ыйса Жахабанын эркин аткарууга болгон чечкиндүүлүгүн алсыратышы мүмкүн нерселерди угуудан баш тарткан. Ал Петирден жүзүн буруп: «Кет жанымдан, шайтан! Сен Мага тузак коюп жатасың. Анткени сенин ойлоруң Кудайдын эмес, адамдын ойлору»,— деп айткан (Матай 16:21—23). Келгиле, биз да адамдардын ойлорун четке кагууга чечкиндүү бололу да, дайыма Кудайдын ойлоруна жетектелели.

Түбөлүктүү пайдаларды алып келчү иш

19. Ыйса көп кереметтерди жасаса да, анын кызматынын эң маанилүү бөлүгү эмне болгон?

19 Ыйса өзүнүн Машайак экенин көрсөтүү үчүн көп кереметтерди жасаган, атүгүл өлгөндөрдү тирилткен. Көптөр көңүлүн ошол иштерге бурушкан, бирок Ыйса жерге кайрымдуулук кылганы эле келген эмес болчу. Ал чындык жөнүндө күбөлөндүрүү үчүн келген. Ыйса өзү жасаган кайрымдуулук иштеринин баары убактылуу гана пайда алып келерин билген. Атүгүл ал тирилткен адамдар кайра өлмөк. Ошондуктан чындык жөнүндө күбөлөндүрүү менен гана ал адамдарга түбөлүк өмүр алууга жардам бере алмак (Лука 18:28—30).

20, 21. Ыйсанын чыныгы жолдоочулары жакшылык кылууда кандай теңсалмактуулук сакташат?

20 Бүгүнкү күндө кээ бир адамдар ооруканаларды куруп же жакырларга башка жолдор менен жардам берип, жакшы иштерди кылуу менен Ыйсаны тууроого аракеттенишет. Айрым учурларда алар чоң курмандыктарга барышат, ошондуктан алардын чын ыкластан жасаган аракеттери мактоого татырлык; бирок алар адамдарга убактылуу гана жардам бере алышат. Бир гана Падышалык түбөлүк жеңилдик алып келет. Ошондуктан Жахабанын Күбөлөрү, Ыйсага окшоп, ошол Падышалык жөнүндөгү чындыкты башкаларга күбөлөндүрүүгө өзгөчө маани беришет.

21 Албетте, Ыйсанын чыныгы жолдоочулары жакшы иштерди кылышат. Пабыл: «Убакыт барда, бардыгына, айрыкча, ишенимибиз бирлерге жакшылык кылалы»,— деп жазган (Галаттыктарга 6:10). Оор учурларда же кимдир бирөө жардамга муктаж болгондо, биз коңшуларыбызга же ишенимдешибизге жан-дилден «жакшылык кылабыз». Анткен менен, эң маанилүү иш деп чындык жөнүндө күбөлөндүрүүнү эсептейбиз.

Ыйсадан үлгү алгыла

22. Ыйсанын жолдоочулары эмне себептен кабар айтышат?

22 Пабыл: «Эгерде Жакшы Кабар таратпасам, мага кайгы!» — деп жазган (1 Корунттуктарга 9:16). Жакшы кабарды таратууга ал шалакы мамиле кылган эмес, анткени ал ишке катышуу өзүнө да, угуучуларына да өмүр алып келмек (1 Тиметейге 4:16). Биз да кызматыбызга ошондой карайбыз. Биз адамдарга жардам берүүнү каалайбыз. Жахабага болгон сүйүүбүздү көрсөткүбүз келет. Ошондой эле Ыйсага болгон сүйүүбүздү далилдеп, бизге көрсөткөн улуу сүйүүсү үчүн ага ыраазычылыгыбызды билдиргибиз келет. Андыктан жакшы кабарды таратып, «адамдык кумарлар менен эмес, Кудайдын эрки менен жашайбыз» (1 Петир 4:1, 2).

23, 24. а) Балык уулоодо көрсөтүлгөн кереметтен өзүбүзгө кандай сабак алсак болот? б) Бүгүн кимдер кылдат күбөлөндүрүү берип жатат?

23 Башкалар шылдыңдаганда же кабарыбызды каардана четке какканда, Ыйсага окшоп, биз негизги ишибизден алаксыбайбыз. Биз Ыйсанын Петир менен Андрейди шакирт болууга чакырганда көрсөткөн кереметинен сабак алсак болот. Ыйсаны угуп, каймана мааниде торубузду атүгүл балыгы жоктой көрүнгөн «сууларга» салсак, балык уулообуз жакшы натыйжаларды алып келиши мүмкүн. Ыйсаны жолдогон көптөгөн «балыкчылар» жемишсиз көрүнгөн «сууларда» бир канча жыл эмгектенгенден кийин көп балык кармашкан. Башкалары балык уулоо натыйжалуураак болгон жерлерге көчүп барып, мол баталарды алышкан. Кантсек да, биз тор салуубузду токтотпойбуз. Биз Ыйсанын кабар айтуу ишинин аяктаганын али жарыялай электигин билебиз (Матай 24:14).

24 Ал ишти алты миллиондон ашык Жахабанын Күбөсү 230дан ашуун өлкө, аймактарда аткарышууда. Алардын 2004-кызмат жылында дүйнө жүзү боюнча жүргүзгөн иши тууралуу жылдык отчёт «Күзөт мунарасынын» 2005-жылдын 1-февралындагы санына чыгат. Ал отчётто кабар айтуу ишине Жахабанын мол бата бергени көрсөтүлөт. Бул дүйнөнүн акырына аз калган убакта, келгиле, Пабылдын: «Кудайдын сөзүн айт, аны... айтууга даяр бол»,— деген шыктандырарлык сөздөрүн мындан ары да жүрөгүбүзгө түйүп жүрөлү (2 Тиметейге 4:2). Ошондой эле Жахаба «жумуш аяктады» деп айтканга чейин адамдарга кылдат күбөлөндүрүү бере берели.

Жооп бере аласыңарбы?

• Ыйсанын өз шакирттерине берген окутуусунан кандай пайда ала алабыз?

• Ыйса өзү кабар айткан адамдарга кандай мамиле жасаган?

• Кылдат күбөлөндүрүүгө бизге эмне түрткү берет?

• Канткенде биз, Ыйсага окшоп, Кудайдын эркин аткаруудан алагды болбойбуз?

[Изилдөө суроолору]

[27-беттеги кошумча]

Ушул жылдан тартып Жахабанын Күбөлөрүнүн кызмат жылынын бүткүл дүйнөлүк отчёту «Күзөт мунарасынын» 1-январдагы санына эмес, 1-февралдагы санына чыгат.

[24-беттеги сүрөт]

Ыйса жерге, негизинен, чындык жөнүндө күбөлөндүрүү үчүн келген.

[25-беттеги сүрөт]

Жахабанын Күбөлөрү кылдат күбөлөндүрүүгө өзгөчө маани беришет.

[26-беттеги сүрөт]

Ыйсага окшоп, адамдарга камкордук көрсөтсөк, кызматыбыз натыйжалуу болот.