Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Шайтанга орун бербегиле

Шайтанга орун бербегиле

Шайтанга орун бербегиле

«Шайтанга орун бербегиле» (Эфестиктерге 4:27).

1. Эмне үчүн көптөр Шайтандын бар экенине шектенишет?

КЫЛЫМДАР бою көптөгөн адамдар Шайтанды мүйүзү, куйругу бар ача туяктуу жандык катары элестетип, ал колундагы айры менен күнөөкөрлөрдү тозок отуна таштайт деп ойлоп келишкен. Бирок мындай түшүнүк Ыйык Китепке дал келбейт. Тилекке каршы, ошондой туура эмес көзкараштардан улам миллиондогон адамдар Шайтандын бар экенине шектенип, «Шайтан» деген сөздү тек гана жамандыкка тиешелүү деп эсептеп калышкан.

2. Ыйык Жазмада Шайтан жөнүндө эмнелер айтылат?

2 Ыйык Китепте Шайтандын бар экенине айкын далилдер келтирилет. Ыйса аны асмандагы рухий чөйрөдө көргөн, ошондой эле аны менен жерде да сүйлөшкөн (Аюб 1:6; Матай 4:4—11). Ыйык Жазмада бул рухий жаратуунун ысмы башында кандай болгону айтылбайт. Ошентсе да ал Ибилис («Ушакчы») деп аталат, анткени Кудайга жалган жалаа жапкан. Андан тышкары, ал Шайтан («Каршылаш») деген атка конгон, себеби Жахабага каршы турат. Шайтан Ибилис, сыягы, Обону азгыруу максатында жыланды колдонгону үчүн «байыркы жылан» деп да аталат (Аян 12:9; 1 Тиметейге 2:14). Ошондой эле ал «каардуу душман» катары белгилүү (Матай 6:13, «Мукаддас») *.

3. Биз кайсы суроону талкуулайбыз?

3 Жахабанын кызматчылары катары биз жалгыз чыныгы Кудайдын башкы душманы болгон Шайтанды эч кайсы жагынан туурагыбыз келбейт. Андыктан элчи Пабылдын: «Шайтанга орун бербегиле»,— деген кеңешине ылайык иш кылышыбыз керек (Эфестиктерге 4:27). Анда Шайтанга мүнөздүү кайсы өзгөчөлүктөрдөн качышыбыз зарыл?

Башкы ушакчыны туурабагыла

4. Кудай жөнүндө «каардуу душман» кандай ушак айткан?

4 «Каардуу душман» ушакчы деп аталууга татыктуу. Ушак — бул кимдир бирөө жөнүндө караниеттик менен айтылган жалган жалаа, чагым. Кудай Адам атага: «Жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарактын жемишинен жебе, анткени андан даам таткан күнү өлүп каласың»,— деп айткан (Башталыш 2:17). Обо эне муну билген. Бирок Шайтан ага жылан аркылуу: «Жок, өлбөйсүңөр, бирок Кудай силердин анын жемишинен жеген күнү көзүңөр ачылып, жакшылык менен жамандыкты билген Кудайдай болуп каларыңарды билет»,— деген (Башталыш 3:4, 5). Бул Жахаба Кудайга каршы айтылган заардуу ушак болчу!

5. Эмне себептен Диотреф ушак таратканы үчүн жооп берүүгө тийиш болгон?

5 Ысрайыл элине: «Өз элиңдин арасында сөз ташыба»,— деген көрсөтмө берилген (Лебилер 19:16). Элчи Жакан өзүнүн убагындагы бир ушакчы тууралуу мындай деген: «Жыйынга кат жаздым, бирок алардын арасындагы биринчиликти сүйгөн Диотреф бизди кабыл албайт. Ошондуктан, эгерде мен барсам, анын кылып жаткан иштери жөнүндө эскертем: ал биз жөнүндө жаман сөз таратып жүрөт» (3 Жакан 9, 10). Диотреф Жакан жөнүндө ушак тараткан жана бул үчүн жооп берүүгө тийиш болгон. Ыйсанын ишенимдүү жолдоочусу Диотрефтей болууну жана башкы ушакчы Шайтанды тууроону каалабайт!

6, 7. Эмне үчүн ушак айтпашыбыз керек?

6 Жахабанын кызматчылары жөнүндө ушак сөздөр жана жалган айыптоолор көп айтылат. Алсак, «башкы ыйык кызмат кылуучулар менен мыйзам окутуучулар [Ыйсаны] аябай айыпташкан» (Лука 23:10). Пабылга башкы ыйык кызмат кылуучу Ханания жана башкалар жалган айыптоолорду коюшкан (Элчилер 24:1—8). Ал эми Шайтан Ыйык Китепте «биздин бир туугандарыбызды Кудайдын алдында күндүр-түндүр жамандаган ушакчы» деп аталат (Аян 12:10). Шайтан жамандап келаткан ал биртуугандар — Ыйсанын бул түзүлүштүн акыркы күндөрүндө жашап жаткан майланган жолдоочулары.

7 Албетте, Кудайдын эч бир кызматчысы кимдир бирөөнү ушактоону же ага жалган айып тагууну каалабайт. Бирок так маалыматыбыз жок болуп туруп бирөөнү айыптасак, бул ушак айтканга же адамды каралаганга жатып калат. Мусанын мыйзамынын тушунда атайылап жалган жалаа жапкан киши өлүмгө дуушар болушу мүмкүн эле (Чыгуу 20:16; Мыйзам 19:15—19). Андан тышкары, «жалган жалаа жапкан жалган күбө» Жахабанын алдында жийиркеничтүү (Накыл сөздөр 6:16—19). Ошондуктан биз эң башкы ушакчы жана жалган жалаа жабуучу болгон Шайтанды тууроодон качышыбыз керек.

Алгачкы киши өлтүргүчтүн рухунан оолак болгула

8. Кандайча Шайтан «башынан эле киши өлтүргүч болгон»?

8 Шайтан — киши өлтүргүч. «Ал башынан эле киши өлтүргүч болгон»,— деген Ыйса (Жакан 8:44). Шайтан Адам менен Обону Кудайдан баш тарттырып, киши өлтүрүүгө барган. Ал эң алгачкы эркек-аялга жана алардын укум-тукумуна өлүм алып келген (Римдиктерге 5:12). Белгилей кетчү нерсе, андай иш кандайдыр бир жамандыктын эмес, тирүү бирөөнүн гана колунан келмек.

9. 1 Жакан 3:15те айтылгандай, биз кандайча киши өлтүрүүчү болуп калышыбыз ыктымал?

9 Ысрайыл элине берилген Он осуяттын биринде: «Киши өлтүрбө»,— деп айтылат (Мыйзам 5:17). Элчи Петир Ыйсанын жолдоочуларына кайрылып: «Араңардан эч ким киши өлтүрүп... азап тартпасын»,— деп жазган (1 Петир 4:15). Албетте, Жахабанын кызматчылары катары биз киши өлтүрүүгө барбайбыз. Бирок эгер ишенимдешибизди жек көрүп, анын өлүмүн кааласак, Кудайдын алдында күнөөгө батабыз. «Бир тууганын жек көргөн адам — киши өлтүрүүчү,— деп жазган элчи Жакан.— Киши өлтүрүүчү адам өзүндө бар болуп турган түбөлүк өмүргө ээ эмес экендигин силер билесиңер» (1 Жакан 3:15). Ысрайылдыктарга: «Бир тууганыңды ичиңден жек көрө бербе»,— деген буйрук берилген (Лебилер 19:17). Киши өлтүргүч Шайтан биртуугандык биримдигибизге доо кетире албашы үчүн, келгиле, пайда болгон келишпестиктерди ошол замат чечүүгө аракет кылалы (Лука 17:3, 4).

«Жалгандын атасына» каршы тургула

10, 11. «Жалгандын атасы» Шайтанга каршы туруу үчүн эмне кылышыбыз керек?

10 Шайтан — жалганчы. «Жалган айтуу — анын табияты. Анткени ал — жалганчы жана жалгандын атасы»,— деген Ыйса (Жакан 8:44). Шайтан Обого жалган сүйлөгөн, ал эми Ыйса чындык жөнүндө күбөлөндүрүү үчүн келген (Жакан 18:37). Ыйсанын жолдоочулары катары Ибилистин азгырыктарына туруштук бере алышыбыз үчүн, калп менен алдамчылыктан качышыбыз керек. Биз чындыкты сүйлөөгө тийишпиз (Захария 8:16; Эфестиктерге 4:25). «Чындыктын Кудайы» Жахаба чынчыл Күбөлөрүнө гана батасын берет. Ал эми ыймансыздардын анын өкүлү болууга укугу жок (Забур 30:6; 49:16; Ышайа 43:10).

11 Шайтандын жалган ойлорунан эркин болууну, рухий боштондукту бааласак, «чындык жолуна» бекем карманабыз (2 Петир 2:2; Жакан 8:32). Ыйык китептик окуулардын баары «Жакшы Кабардагы чындыкты» түзөт (Галатиялыктарга 2:5, 14). «Чындык жолунда жүргөнүбүздөн», башкача айтканда, чындык боюнча жашап, «жалгандын атасына» каршы турганыбыздан куткарылуубуз көзкаранды (3 Жакан 3, 4, 8).

Чындыктан чегингендердин башчысына жеңдирбегиле

12, 13. Чындыктан чегингендерге кандай мамиле кылышыбыз керек?

12 Шайтан деп аталып калган рухий жаратуу качандыр бир кезде чындыкта болгон. Бирок ал, Ыйса айткандай, «чындык боюнча жашаган жок, анткени анда чындык жок» (Жакан 8:44). Чындыктан чегингендердин башчысы, Ибилис, «чындыктын Кудайына» тынымсыз каршылык көрсөтүп келет. I кылымда Ыйсанын айрым жолдоочулары адашып, чындыктан четтеп кетишкендиктен, «шайтандын торуна» түшүп, ага жем болушкан. Ошондуктан Пабыл кызматташы Тиметейди аларга рухий жактан сакаюуга жана Шайтандын торунан бошонууга жардам берүү үчүн момундук менен насаат айтууга үндөгөн (2 Тиметейге 2:23—26). Албетте, башынан эле чындыкка бекем карманып, жалган окутуучулардын көзкараштарына азгырылбаганыбыз абзел.

13 Биринчи жубайлар Шайтандын калпын четке какпай, тескерисинче, аны угушкандыктан чындыктан чегинишкен. Анда чындыктан чегингендерди угуу, алардын адабияттарын же Интернеттеги веб-сайттарын окуу туурабы? Жок, анткени биз Кудайды жана чындыкты сүйөбүз. Биз чындыктан чегингендерди үйүбүзгө киргизбөөгө, жадагалса алар менен саламдашпоого тийишпиз, анткени алардын «жаман иштерине ортоктош болгубуз» келбейт (2 Жакан 9—11). Келгиле, Шайтандын айла-амалдарына эч качан азгырылбайлы да, «чындык жолунан» чыкпайлы. Ошондой эле «кыйратуучу жалган окутууларды жайылтууга», бизди «кошомат сөздөрү менен... өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланууга» аракеттенген жалган окутуучуларды ээрчибейли (2 Петир 2:1—3).

14, 15. Пабыл эфестик аксакалдарга жана кызматташы Тиметейге кандай эскертүү берген?

14 Пабыл эфестик аксакалдарга мындай деген: «Өзүңөргө жана Ыйык Рух тарабынан тапшырылган бүтүндөй үйүргө сак болгула. Теңирдин жана Кудайдын Өз канын төгүп сатып алган Жыйынын кайтаргыла. Анткени мен кеткенден кийин, араңарга үйүрдү аябаган жырткыч карышкырлар кирерин билем. Шакирттерди ээрчитип кетүү үчүн, өзүңөрдүн эле араңардан чындыкты бурмалап сүйлөгөн адамдар чыгат» (Элчилер 20:28—30). Убакыттын өтүшү менен ошондой адамдар пайда болуп, «чындыкты бурмалап сүйлөй» башташкан.

15 Болжол менен б.з. 65-жылы элчи Пабыл Тиметейди «чындык сөзүн туура жеткирүүгө» үндөгөн. Анан мындай деген: «Пайдасыз, куру сөздөрдөн кач, анткени куру сөз менен алек болгондор адилетсиздик жолунда илгерилешет. Алардын сөзү денеге тараган рак оорусу сыяктуу тарайт. Именей менен Пилет ошондойлордон. Алар кайра тирилүү болуп өттү деп, чындыктан четтеп кетишти жана кээ бирөөлөрдү ишенимден тайытып жатышат». Ошентип, чындыктан чегинүүчүлүк башталган. «Бирок Кудайдын бекем негизи бек турат»,— деп кошумчалаган Пабыл (2 Тиметейге 2:15—19).

16. Чындыктан чегингендердин башчысынын айла-амалдарына карабай Кудайга жана анын Сөзүнө карата берилгендигибизди сактоого эмне жардам берет?

16 Шайтан чыныгы сыйынууну арамдоо аракетинде чындыктан чегингендерди көп колдонгон, бирок ийгиликке жеткен эмес. Болжол менен 1868-жылы Чарлз Тейз Расселл христиан дүйнөсүндө кылымдар бою калыптанып келген окууларды кылдат изилдей баштаган да, Ыйык Жазманын элге туура эмес түшүндүрүлүп жатканын байкаган. Расселл жана чындыкты издеген дагы бир нече адам Питсбургда (Пенсильвания, АКШ) Ыйык Китепти изилдөө тобун уюштурушкан. Ошондон бери 140 жылдай мезгилдин ичинде Жахабанын кызматчыларынын билими тереңдеп, Кудайга жана анын Сөзүнө болгон сүйүүсү өстү. Ишенимдүү жана акылдуу кул тобунун рухий жактан сергек турушу Ыйсанын чыныгы жолдоочуларына чындыктан чегингендердин башчысынын айла-амалдарына карабай Жахабага жана анын Сөзүнө карата берилгендигин сактоого жардам берип келет (Матай 24:45).

Дүйнөнүн төрөсүнүн бийлигине баш ийбегиле

17—19. Кандайча дүйнө Шайтандын бийлиги астында жатат жана эмне үчүн аны сүйбөшүбүз керек?

17 Шайтан бизди өзүнүн тузагына түшүрүүгө дагы бир жол менен аракеттенет. Ал бизди бул дүйнөнү — Кудайдан алыстаган ыймансыз адамзат коомун — сүйүүгө азгырат. Ыйса Ибилисти «бул дүйнөнүн төрөсү» деп атап: «Менин үстүмөн анын эч кандай бийлиги жок»,— деген (Жакан 14:30). Биз да Шайтанга эч качан баш ийбешибиз керек! «Бүт дүйнө амалкөйдүн бийлиги астында экени» шексиз (1 Жакан 5:19). Ошондуктан Ибилис Ыйсага «дүйнөдөгү бардык падышачылыктарды» сунуштап, бир жолу таазим кылса, ошонун баарын берерин убадалаганда, Кудайдын Уулу анын сунушун кескин түрдө четке каккан (Матай 4:8—10). Шайтандын бийлиги астындагы дүйнө Ыйсанын жолдоочуларын жек көрөт (Жакан 15:18—21). Андыктан элчи Жакандын бизге дүйнөнү сүйбөө жөнүндө эскертүү бергени таң калыштуу эмес!

18 «Бул дүйнөнү жана бул дүйнөдөгүнү сүйбөгүлө. Ким бул дүйнөнү сүйсө, ал адамда Атага болгон сүйүү жок. Анткени бул дүйнөдө болгон нерсенин баары: дене кумары, көз кумары жана турмуш-тиричиликтеги текебердик. Булар Атадан эмес, бул дүйнөнүкү. Бул дүйнө өзүнүн кумарлары менен кошо жок болот. Ал эми Кудайдын эркин аткарган адам түбөлүк жашайт»,— деп жазган Жакан (1 Жакан 2:15—17). Биз дүйнөнү сүйбөшүбүз керек, анткени андагы жашоо денени күнөө кылууга азгырат жана Жахаба Кудайдын нормаларына толугу менен карама-каршы келет.

19 А эгер жүрөгүбүздө бул дүйнөгө болгон сүйүү бар болсочу? Анда Кудайдан ал сүйүүнү жана ага байланышы бар денелик каалоолорду жеңүүгө жардам сурайлы (Галатиялыктарга 5:16—21). Ошондой эле адилетсиз адамзат коомун азыр «асман астындагы жаман рухтар», дүйнөнүн көзгө көрүнбөгөн башкаруучулары бийлеп турганын унутпай, өзүбүздү «бул дүйнөдө таза сактоого» умтулалы (Жакып 1:27; Эфестиктерге 6:11, 12; 2 Корунттуктарга 4:4).

20. Эмне үчүн биз «дүйнөдөн эмеспиз» деп айта алабыз?

20 Ыйса өзүнүн шакирттери жөнүндө: «Мен сыяктуу эле алар да бул дүйнөдөн эмес»,— деп айткан (Жакан 17:16). Анын майланган жолдоочулары менен алардын Кудайга арналган шериктери өздөрүн адеп-ахлак жана рухий жактан таза сактоого, бул дүйнөдөн оолак болууга умтулушат (Жакан 15:19; 17:14; Жакып 4:4). Азыркы адилетсиз дүйнө бизди жек көрөт, анткени биз андан оолакпыз жана «адилдикти жар салуудабыз» (2 Петир 2:5). Албетте, биз бузуктук кылуучулар, талап-тоноочулар, бурканга табынуучулар, уурулар, алдамчылар, аракечтер жашаган адамзат коомунда жашап жатабыз (1 Корунттуктарга 5:9—11; 6:9—11; Аян 21:8). Бирок биз «бул дүйнөнүн руху» менен дем албайбыз, анткени күнөөгө азгырган андай таасирдүү күч биздин үстүбүздөн бийликке ээ эмес (1 Корунттуктарга 2:12).

Шайтанга орун бербегиле

21, 22. Пабылдын Эфестиктерге 4:26, 27де жазылган кеңешин кантип колдонсок болот?

21 Биз «бул дүйнөнүн рухуна» эмес, бизге сүйүү жана өзүн өзү токтото билүү сыяктуу сапаттарды өрчүтүүгө жардам берген Кудайдын рухуна жетектелебиз (Галатиялыктарга 5:22, 23). Мындай сапаттардын аркасында Шайтандын ишенимибизге койгон чабуулдарына туруштук бере алабыз. Ибилис «жамандык кылганчалык кыжырданышыбызды» каалайт, бирок Кудайдын рухунун жардамы менен биз «ачуубузду басып, каарды таштай» алабыз (Забур 36:8, МАК). Албетте, кээде негиздүү себеп менен ачууланышыбыз да мүмкүн, бирок Пабыл бизге: «Ачууланганыңарда күнөө кетирбегиле: күн батканча, ачууңарды баскыла, шайтанга орун бербегиле»,— деп кеңеш берет (Эфестиктерге 4:26, 27).

22 Эгерде кыжырданганыбызды токтотпосок, анда ачуубуз күнөөгө алып барышы ыктымал. Шайтан мындай абалдан пайдаланып, жыйналыштын ыркын бузууга же бизди жаман иштерге азгырууга аракеттениши мүмкүн. Ошондуктан башкалар менен болгон пикир келишпестиктерди тез аранын ичинде Кудайга жаккыдай жол менен чечишибиз зарыл (Лебилер 19:17, 18; Матай 5:23, 24; 18:15, 16). Келгиле анда, Кудайдын рухуна жетектелип, өзүбүздү токтото билели жана негиздүү себеп менен ачууланган күндө да ачуубуздун каардуулукка, кастыкка жана жек көрүүгө өтүп кетишине эч качан жол бербейли.

23. Эмки макалада кайсы суроолор каралат?

23 Биз Шайтандын туурабашыбыз керек болгон айрым өзгөчөлүктөрүн карап чыктык. Бирок айрымдарда: «Шайтандан коркушубуз керекпи? Ал Ыйсанын жолдоочуларын эмне үчүн куугунтуктайт? Шайтанга алданып калбаш үчүн эмне кылышыбыз керек?» — деген суроолор туулушу мүмкүн.

[Шилтемелер]

^ 2-абз. 2005-жылдын 15-ноябрындагы «Күзөт мунарасынан» (ор.) «Шайтан чын эле барбы?» деген темадагы баш макалаларды карагыла.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Эмне үчүн эч кимди ушактабашыбыз керек?

1 Жакан 3:15ке ылайык, киши өлтүрүүчү болуп калуудан кантип кача алабыз?

• Чындыктан чегингендерге кандай мамиле кылышыбыз керек жана эмне үчүн?

• Эмне себептен дүйнөнү сүйбөшүбүз керек?

[Изилдөө суроолору]

[9-беттеги сүрөт]

Шайтанга биртуугандык биримдигибизди бузууга эч качан жол бербейбиз.