Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эстер китебиндеги урунттуу ойлор

Эстер китебиндеги урунттуу ойлор

Жахабанын Сөзү тирүү

Эстер китебиндеги урунттуу ойлор

ПЛАН сөзсүз ишке ашчудай көрүнүп турат. Ага ылайык, жүйүттөр түп-тамыры менен жок кылынат. Белгиленген күнү аймагы Индиядан Эфиопияга чейинки жерлерди камтыган империяда жашаган жүйүттөрдүн баары жер менен жексен болот. Бул планды түзгөн адамдын ою боюнча, ушундай болууга тийиш. Бирок ал бир нерсени эске албай калган. Өмүргө коркунуч туудурган кандай жагдай болбосун, асмандагы Кудай өзүнүн тандаган элин куткара алат. Дал ушундай куткаруу жөнүндө Ыйык Жазманын Эстер китебинде баяндалат.

Жашы өр тартып калган Мордохай аттуу жүйүт тарабынан жазылган бул китепте Персия падышасы Акашбейрош (Ксеркс I) башкарган убакта, болжолу, 18 жыл аралыгында болуп өткөн окуялар тууралуу айтылат. Бул билдирүүдө Жахабанын өз элин, империянын ар кайсы бурчунда жашаган кызматчыларын, душмандары койгон тузактардан кандайча куткарганы көрсөтүлөт. Ал тууралуу окуп билүү Жахабанын 235 өлкөдө кызмат кылып жаткан Күбөлөрүнүн ишенимин бекемдээри шексиз. Мындан сырткары, китептеги жакшы үлгү калтырган каармандар жана кылган иштери менен иренжиткен адамдар менен таанышабыз. Чынында эле, «Кудайдын Сөзү тирүү жана таасирдүү» (Эврейлерге 4:12).

ХАНЫШАНЫН КИЙЛИГИШҮҮСҮН ТАЛАП КЫЛГАН ЖАГДАЙ

(Эстер 1:1—5:14)

Падышалыгынын үчүнчү жылында (б.з.ч. 493-ж.) Акашбейрош чоң той өткөрөт. Сулуулугу менен атагы чыккан Башти күйөөсүнүн каарына калып, ханышалык даражасынан айрылат. Анан бардык дубандардагы сулуу кыздар чогултулуп, арасынан жүйүт элинен болгон Адаса деген кыз ханышанын ордун ээлөөгө тандалат. Атасынын туугандарынан болгон Мордохайдын үйрөтүүсү боюнча, ал жүйүт экенин жашырып, персиялыктар койгон Эстер деген ысым менен аталып жүрөт.

Ал ортодо Аман деген текебер адам кызматтан көтөрүлүп, падышанын бардык төрөлөрүнөн жогору коюлат. Мордохайдын «жерге жете ийилип таазим кылбаганына» каары кайнагандыктан ал Персия империясындагы жүйүт элин тукум курут кылууну ниет кылат (Эстер 3:2). Ал Акашбейрош падышаны бул арам максатын ишке ашырууга жол берген буйрук чыгарууга көндүрөт. Мордохай «зумбал кийип, башына күл себет» (Эстер 4:1). Эми жагдай Эстердин кийлигишүүсүн талап кылууда. Ханыша падыша менен Аманды өзү даярдаган тойго чакырат. Алар кубаныч менен макул болуп, аныкына барышат. Эстер ал экөөнөн эртеси күнү да тойго келүүнү өтүнөт. Амандын кубанычы койнуна батпайт. Бирок Мордохайдын ага дагы таазим кылбай койгонун көрүп кыжыры келет. Ошондуктан эртеси күнкү тойго чейин анын көзүн тазалоону максат кылат.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Эстер 1:3—5 — Падыша берген той 180 күнгө созулганбы? Бул аяттарда тойдун ушунча күнгө созулганы эмес, Акашбейроштун өз кызматчыларына падышалыгынын сан жеткис байлыгын жана кооз сарайларын көрсөткөнү тууралуу айтылат. Сыягы, ал муну кол астындагыларды падышалыгынын даңкы менен таасирлентип, Грецияга чабуул коюуга байланышкан планын ишке ашырууга күчү жетерине ишендирүү максатында уюштурган көрүнөт. Эгер ошондой болсо, анда үчүнчү жана бешинчи аяттарда айтылган жети күндүк той жүз сексен күндүн аягында өткөрүлгөн.

Эстер 1:8 — Падышанын буйругуна ылайык, «эч ким эч кимди мажбурлаган жок» дегенди кандай түшүнсө болот? Бул жолу Акашбейрош персиялыктардын салтына карама-каршы келген буйрук берет. Алардын салтына ылайык, мындай той-топурларга катышкандар бири-бирин ичимдикти белгилүү бир өлчөмдө ичүүгө кыйначу. Бирок, бир эмгекте айтылгандай, падышанын буйругуна жараша, «алар аз болобу, көп болобу, өздөрү каалаган өлчөмдө ичүүгө эрктүү болушкан».

Эстер 1:10—12 — Эмне себептен Башти ханыша падышанын алдына келүүдөн баш тарткан? Айрым изилдөөчүлөрдүн ою боюнча, ханыша падышанын мас конокторунун алдына келүү менен өзүнүн баркын түшүрүүнү каалабагандыктан буйрукка баш ийбей койгон. Же балким, абдан сулуу болгондуктан ханыша, чынында эле, текебер болсо керек. Ыйык Китепте мунун себеби айкын айтылбайт. Ошентсе да ал кездеги акылдуу адамдар чара көрүлбөсө, Персия провинцияларында жашаган аялдардын баары Баштини туурап күйөөлөрүнө баш ийбей калышат деген бүтүмгө келишкен.

Эстер 2:14—17 — Эстер ханыша болгонго чейин падыша менен жыныстык катнашта болгонбу? Жок. Билдирүүдө падышага алынып келген кыздардын эртеси эртең менен, адатта, бөлөк үйгө, падышанын күң аялдарын кайтарган эбнухтун көзөмөлүнө кайтып барышканы айтылат. Демек, падыша менен түн өткөргөн кыз анын күң аялы болуп калчу. Бирок Эстер падышага жолуккандан кийин күң аялдар жашаган үйгө жиберилген эмес. Ал Акашбейроштун алдына алынып келгенде, падыша аны бардык аялдарынан жакшы көрүп калат. Эстер падышага башка кыздарга караганда көбүрөөк жагып, андан ырайым табат (Эстер 2:17). Эмне себептен ал Акашбейроштун ырайымына ээ болгон? Башкалар Эстерди эмне үчүн жактырышса, падыша да аны ошол себептен жактырган. «Бул кыз Эйгеге жагып, андан ырайым тапкан» (Эстер 2:8, 9). Анткени Эйге анын татынакай жана эң сонун сапаттарды чагылдырарын байкаган. Арийне, «Эстерди көргөндөрдүн баары жактырышчу» (Эстер 2:15). Падыша да аны сулуулугу менен сапаттарына таасирленгендиктен жакшы көрүп калган.

Эстер 3:2; 5:9 — Эмне себептен Мордохай Аманга таазим этүүдөн баш тарткан? Жогорку абалды ээлеген кимдир бирөөгө жүгүнүп урмат көрсөтүү Жахабанын ысрайыл элине берген мыйзамын бузгандыкка деле жаткан эмес. Бирок Аман менен болгон окуяда иштин жөнү башкачараак эле. Аман, сыягы, амалыктыктардан тараган агаг элинен болгон, ал эми Жахаба мурун эле ал элди жок кылууга өкүм чыгарган (Мыйзам 25:19). Ошондуктан Мордохай Аманга таазим этүүнү Жахабанын алдында актыгын сактабоого барабар деп эсептеген. Ал жүйүт экенин баса белгилеп, ага таазим кылуудан баш тарткан (Эстер 3:3, 4).

Биз алчу сабактар:

Эстер 2:10, 20; 4:12—16. Эстер Жахабанын жетилген кызматчысынын жетегине баш ийип, кеңештерин кабыл алган. Биз да жетекчилерибизге баш ийип, моюн сунсак, акылдуулук кылабыз (Эврейлерге 13:17).

Эстер 2:11; 4:5. Өзүбүздү гана эмес, өзгөнү да ойлошубуз керек (Филипиликтерге 2:4).

Эстер 2:15. Эстер Эйгенин бергенинен башка эч нерсе: кошумча зергер буюм же жакшыраак кийим сурабоо менен момундук жана өзүн өзү башкара билүү сапаттарын чагылдырган. Ал «жүрөктө сакталган, туруктуу, момун жана жоош рух» көрсөтүп, падышанын жактыруусуна ээ болгон (1 Петир 3:4).

Эстер 2:21—23. Эстер менен Мордохай «жогорку бийликтегилерге баш ийүү» жагынан мыкты үлгү калтырышкан (Римдиктерге 13:1).

Эстер 3:4. Айрым учурларда, Эстерге окшоп, өзүбүздүн ким экенибизди айтпаганыбыз дурустур. Бирок Жахабанын эгедерлиги, актыгыбызды сактоо сыяктуу маанилүү суроолордо ким тарапта экенибизди, башкача айтканда, Жахабанын Күбөлөрү экенибизди билдирүүдөн коркпошубуз керек.

Эстер 4:3. Кыйынчылыктарга дуушар болгондо Жахабадан күч жана акыл сурап тиленишибиз зарыл.

Эстер 4:6—8. Мордохай Амандын айынан пайда болгон жагдайды мыйзамдуу жол менен чечүүгө умтулган (Филипиликтерге 1:7).

Эстер 4:14. Мордохай Жахабага таянуу жагынан зор үлгү калтырган.

Эстер 4:16. Жахабага толук таянуу менен Эстер өмүрүнө коркунуч туудурушу мүмкүн болгон жагдайды чечүүдө ишенимдүүлүк жана эржүрөктүк көрсөткөн. Өзүбүзгө эмес, Жахабага таянууга үйрөнүү маанилүү.

Эстер 5:6—8. Акашбейроштон ырайым табуу үчүн Эстер андан өзү даярдаган экинчи тойго да келүүнү өтүнөт. Мындан анын акылдуулук менен иш кылганы көрүнүп турат. Бул — биз үчүн жакшы үлгү (Накыл сөздөр 14:15).

ӨЗГӨРҮҮ АРТЫНАН ӨЗГӨРҮҮ

(Эстер 6:1—10:3)

Окуялар өрчүп отуруп, жагдай түп-орду менен өзгөрөт. Аманды Мордохайды астырыш үчүн даярдаган мамысына асып салышат, ал эми өлтүрүлө турган адам падыша карамагындагы төрөлөрдүн баарынан жогору коюлат. Жүйүттөрдү тукум курут кылууга байланыштуу план эмне болот? Ага да чоң өзгөрүү киргизилет.

Ишеними бекем Эстер өмүрүн тобокелге салып, падышанын алдына дагы келет да, Аман түзгөн планды бузуунун жолун табууну өтүнөт. Акашбейрош эмне кылуу керектигин билет. Ошентип, чоң кыргын болчу күн келгенде, жүйүттөр эмес, аларга каршы чыккан элдер өлтүрүлөт. Мордохай бул улуу куткарууну белгилөө үчүн жыл сайын Пурим майрамын өткөрүүнү буйрук кылат. Акашбейрош падышадан кийинки абалды ээлеген Мордохай «дайыма өз элине жакшылык каалап, өз элинин жыргалчылыгын көздөп сүйлөйт» (Эстер 10:3).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Эстер 7:4 — Жүйүттөрдүн жок кылынышы кандайча падышаны жоготууга учуратмак? Жүйүттөрдү кулдукка деле сатса болмоктугун сылык айтуу менен Эстер алар өлтүрүлсө, падыша жоготууга учурай турганын көрсөткөн. Аман падышанын казынасына салууну убада кылган он миң талант күмүш жүйүттөрдү кулдукка сатканда түшө турган байлыкка салыштырганда кенедей эле нерсе болуп калмак. Ошондой эле Амандын ойлогону ишке ашса, падыша ханышасынан ажырамак.

Эстер 7:8 — Эмне себептен падыша сарайында кызмат кылгандар Амандын жүзүн чүмкөй салышкан? Бул, сыягы, адамдын маскара болгонун же чоң каргашага учураганы турганын билдирчү. Бир эмгекке ылайык, «байыркы убактарда өлүмгө өкүм чыгарылган адамдын башын жаап коюшчу».

Эстер 8:17 — Кандай мааниде «элдердин көпчүлүгү... жүйүт болуп алышкан»? Баштагыдан таптакыр башкача буйруктун чыгышын көптөгөн персиялыктар жүйүт элинин Кудайдын жактыруусуна ээ экенинин белгиси катары көрүп, алардын динин кабыл алышкан. Ушул эле принцип Захария китебиндеги азыр аткарылып жаткан пайгамбарлыкта чагылдырылат. Ал жерде мындай деп жазылган: «Ар кандай тилдерде сүйлөгөн бардык элдерден он киши чыгып, бир жүйүттүн этегинен кармап, ага: „Биз сени менен барабыз, анткени Кудай силер менен экенин уктук“,— дешет» (Захария 8:23).

Эстер 9:10, 15, 16 — Эмне себептен каршы чыккан элдин мал-мүлкүн талап-тоноого жол берилсе да, жүйүттөр антишкен эмес? Бул алардын максаты баюу эмес, өзүн өзү коргоо болгонун айкын көрсөтүп турат.

Биз алчу сабактар:

Эстер 6:6—10. «Кыйроонун алдында текебердик келет, кулаардын алдында менменсингендик келет» (Накыл сөздөр 16:18).

Эстер 7:3, 4. Куугунтуктала турган болсок да, Жахабанын Күбөлөрү экенибизди эржүрөктүк менен билдиребизби?

Эстер 8:3—6. Душмандардан коргонуу үчүн бийликтегилерге, сотторго кайрылсак болот жана кайрылышыбыз керек.

Эстер 8:5. Падыша менен сүйлөшүүдө Эстер жүйүттөрдү кыруу туурасындагы буйрукту ал бергени жөнүндө эч нерсе айтпоо менен сылыктык көрсөткөн. Биз дагы бийликтегилерге күбөлөндүрүүдө сылык болушубуз керек.

Эстер 9:22. Арабыздагы жардыларды унутпаганыбыз абзел (Галатиялыктарга 2:10).

Жахаба «эркиндик менен куткарылууну» тартуулайт

Мордохай Эстерди ханышалык даражага Кудай жеткиргенине ишенген. Коркунуч туулганда жүйүттөр орозо кармап, жардам сурап тиленишкен. Ханыша падышага чакырылбаса да бара берген жана ар бир жолкусунда анын ырайымына ээ болгон. Акашбейрош түнү бою уктай албай чыгып, анын эртеси чоң маселе чечилген. Ооба, Эстер китебинде жазылгандар Жахабанын өз элинин жыргалчылыгы үчүн окуялардын жүрүшүнө таасир эте аларын көрсөтүп турат.

Бул кызыктуу билдирүүлөр «акыркы мезгилде» жашап жаткан бизди кубаттайт (Даниел 12:4). «Акыркы күндөрдө», башкача айтканда, азыркы түзүлүштүн аягында Магог жеринен болгон Гок — Шайтан Ибилис — Жахабанын элине сокку уруу үчүн бүт күчүн жумшайт. Анын көздөгөнү — чыныгы Кудайдын кызматчыларын тыптыйпыл кылуу. Бирок, Эстердин күндөрүндөгүдөй эле, Жахаба өзүнүн кызматчыларына «эркиндик менен куткарылууну» тартуулайт (Жезекиел 38:16—23; Эстер 4:14).

[10-беттеги сүрөт]

Эстер менен Мордохай Акашбейроштун алдында.