Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эс алуунун жан сергитерлик түрлөрү

Эс алуунун жан сергитерлик түрлөрү

Эс алуунун жан сергитерлик түрлөрү

«Ичсеңер да, жесеңер да, эмне кылсаңар да, баарын Кудайды даңкташ үчүн кылгыла» (1 Корунттуктарга 10:31).

1, 2. Эмне үчүн ыракат алып келген иштерди «Кудайдын белеги» деп эсептөөгө болот, ошол эле учурда Ыйык Китепте кандай эскертүү берилет?

ЫРАКАТ алып келген иштер менен алектенүүнү каалоо — табигый нерсе. Бактылуу Кудайыбыз Жахаба жашоодон кубаныч алышыбызды каалайт жана ал үчүн көп нерселерди караштырган (1 Тиметейге 1:11; 6:17). Акылман Сулайман падыша: «Кубануудан... артык эч нерсе жок экенин түшүндүм... Адам ичип-жеп, ар бир ишинин үзүрүн көрүп жатса, анда бул — Кудайдын белеги»,— деп жазган (Насаатчы 3:12, 13).

2 Эмгегиңдин үзүрүн көрүп кубанууга өбөлгө түзгөн учурлар, айрыкча, үйбүлөң же досторуң менен чогуу өткөргөн убакыттар өзгөчө жан сергитери шексиз. Андай мезгилдерди орундуу түрдө «Кудайдын белеги» деп эсептөөгө болот. Албетте, Жараткандын көңүл ачышыбыз үчүн көп нерселерди жасаганы бул жагынан эч кандай чек коюлбайт дегенди билдирбейт. Ыйык Китепте ичкиликти ченемсиз ичүү, ашыра тоюп алуу, бузукулук кылуу айыпталат жана андай иштерди кылгандар «Кудайдын Падышачылыгын мурастабай» турганы эскертилет (1 Корунттуктарга 6:9, 10; Накыл сөздөр 23:20, 21; 1 Петир 4:1—4).

3. Рухий жактан сергек болууга жана Жахабанын улуу күнүн эстен чыгарбоого эмне жардам берет?

3 Ыйсанын жолдоочулары үчүн азыркы бузулган дүйнөнүн таасирине алдырбай жашоо мурун болуп көрбөгөндөй кыйын (Жакан 17:15, 16). Алдын ала айтылгандай, адамдар бүгүн «Кудайга караганда ыракатты сүйүп», алдыда «чоң алаамат» күтүп турганын көрсөткөн белгилерге көңүл бурбай келишет (2 Тиметейге 3:4, 5; Матай 24:21, 37—39). Ыйса жолдоочуларына: «Өзүңөргө сак болгула, оюңардын баары эле ашыра тоюу, мас болуу, турмуштук түйшүктөр болуп калбасын. Ал күн силер күтпөгөн убакта келип калбасын. Анткени ал күн жер үстүндө жашоочулардын баарын тор сыяктуу басып калат»,— деп эскерткен (Лука 21:34, 35). Кудайдын кызматчылары катары биз бул эскертүүгө олуттуу карайбыз. Кудайдан коркпогон адамдардан айырмаланып, биз рухий жактан сергек болууга жана Жахабанын улуу күнүн эстен чыгарбоого аракеттенебиз (Сепания 3:8; Лука 21:36).

4. а) Эмне себептен эс алуунун ылайыктуу түрүн табуу оңой эмес? б) Эфестиктерге 5:15, 16-аятта жазылган кандай кеңешке кулак кагууну каалайбыз?

4 Азыркы дүйнөдө Шайтан жаман иштердин кеңири жайылышына жана жагымдуу болуп көрүнүшүнө шарт түзүп келаткандыктан, алардан алыс болуу оңой эмес. Ошондуктан эс алуунун же көңүл ачуунун ылайыктуу түрүн тандоо өзгөчө кыйынга турат. Дүйнө сунуш кылган нерселердин көбү «дене кумарларын» козгоого багытталган (1 Петир 2:11). Көңүл ачуулардын зыян алып келерлик түрлөрүнө коомдук жайлардан эле эмес, үйүбүздөн да кабылышыбыз мүмкүн. Мисалы, алар гезит-журналдар, телевизор, Интернет менен видеотасмалар аркылуу таасир этиши ыктымал. Ошондуктан Кудайдын Сөзүндө Ыйсанын жолдоочуларына төмөнкүдөй акылдуу кеңеш берилет: «Кандай жашап жатканыңарга көңүл коюп карап, акылсыздардай эмес, акылдуулардай жашагыла. Убакытты пайдалана билгиле, анткени убакыт жаман» (Эфестиктерге 5:15, 16). Бул кеңешке кулак какпасак, терс таасирлүү көңүл ачууларга берилип кетип Жахаба менен болгон мамилебизди бузуп алышыбыз, атүгүл келечекте өлүмгө дуушар болушубуз мүмкүн (Жакып 1:14, 15).

5. Биз эмнеден зор сергитүү алабыз?

5 Ыйсанын жолдоочулары көптөгөн милдеттерди аткаргандыктан, кээде көңүл ачып, эс алууга муктаж болору түшүнүктүү. Арийне, Насаатчы 3:4тө айтылгандай, ойноп-күлө турган убак болот. Демек, Ыйык Китепте эс алуу убакытты текке кетиргендик катары эсептелбейт. Бирок ал бизди сергиткидей, рухийлигибизге коркунуч туудурбагыдай же рухий иштерибизге тоскоолдук кылбагыдай болууга тийиш. Башкаларга берүү менен адам өзүн көбүрөөк бактылуу сезерин Ыйсанын жетилген жолдоочулары өз тажрыйбаларынан билишет. Алар Жахабанын эркин аткарууну биринчи орунга коюп, Ыйсанын жеңил жүгүн көтөрүүдөн сергитүү алышууда (Матай 11:29, 30, «ЖД»; Элчилер 20:35).

Эс алуунун орундуу түрлөрүн тандоо

6, 7. Эс алуунун кайсы бир түрүнүн орундуу же орунсуз экенин аныктоого эмне жардам берет?

6 Эс алуунун кайсы түрлөрү Ыйсанын жолдоочулары үчүн орундуу болорун кантип билүүгө болот? Балдарга бул жагынан биринчи кезекте ата-энелери, ал эми кээде аксакалдар жетекчилик бере алышат. Бирок кайсы китеп, фильм, оюн, бий же ыр орунсуз болорун айтууну дайым эле башкалардан күтүү туура эмес. Пабыл жетилген адамдардын «акыл-сезими жаман-жакшыны айырмалай билүүгө көнүккөнүн» айткан (Эврейлерге 5:14; 1 Корунттуктарга 14:20). Бул жагынан туура чечим чыгарууга Ыйык Китепте камтылган принциптер, ошондой эле Кудайдын Сөзү боюнча үйрөтүлгөн абийириңерди угуу жардам берет (1 Тиметейге 1:19).

7 Ыйса дарактын жакшы же жаман экени «жемишинен билинерин» айткан (Матай 12:33). Көптөрдү өзүнө тарткан, бирок зордук-зомбулук, бузукулук, спиритизм сыяктуу «чирик» жемиштерди алып келген көңүл ачууларды четке кагуу керек. Ошондой эле өмүргө же денсоолукка коркунуч туудурган, материалдык жактан жабыр тарттырган, көңүл чөгөттүккө дуушар кылган же кимдир бирөөнүн мүдүрүлүшүнө себеп болгон көңүл ачуулардан да качуу зарыл. Элчи Пабыл биртууганынын абийирин жаралагандар күнөөгө батарын эскерткен. Ал: «Алсыз бир туугандарыңардын абийирин жаралап, аларга каршы күнөө кылууңар менен силер Машайакка каршы күнөө кылып жатасыңар. Эгерде мен жеп жаткан тамак бир тууганымдын азгырылышына түрткү болсо, бир тууганым азгырылбашы үчүн, мен этти эч качан оозума албайм»,— деп жазган (1 Корунттуктарга 8:12, 13).

8. Электрондук оюндар менен видеотасмалар кандай коркунуч туудурушу мүмкүн?

8 Дүкөндөрдө электрондук оюндар менен видеотасмалардан көп нерсе жок. Айрымдары көңүл ачып эс алууга өбөлгө түзгөнү менен, аларга Ыйык Китепте айыпталган нерселер барган сайын көбүрөөк кошулууда. Оюндун шарты боюнча, кимдир бирөөнүн денесине зыян келтирүү, өлтүрүү же адеп-ахлаксыз иш кылуу талап кылынса, аны залакасыз деп айтууга болбойт! Жахаба «зордук-зомбулукту жакшы көргөндөрдү» жек көрөт (Забур 10:5; Накыл сөздөр 3:31; Колосалыктарга 3:5, 6). Ошондой эле кайсы бир оюн ачкөз же зордукчул болууга үндөсө, эмоциялык жактан жабыр тарттырса же баалуу убакыттын баарын алып жатса, бул рухий жактан коркунуч туудурушу мүмкүн экенин эске алып, дароо өзгөрүүлөрдү жасоо зарыл (Матай 18:8, 9).

Эс алуунун туура жолдору

9, 10. Эс алууга болгон муктаждыкты канааттандыруу үчүн эстүү адамдар кандай чараларды көрө алышат?

9 Кээде Ыйсанын жолдоочулары: «Дүйнө сунуш кылган нерселердин көбү Ыйык Китептеги нормаларга каршы келет. Ошондуктан эс алуунун кандай түрлөрүн орундуу деп эсептөөгө болот?» — деп сурашат. Эс алуунун жакшы, канааттандырарлык түрлөрүн табуу мүмкүн, болгону гана, аракет кылуу зарыл. Ал үчүн алдын ала ойлонуштуруу, пландаштыруу талап кылынат, өзгөчө, ата-энелер тараптан. Көптөр үйбүлөсү жана жыйналыштагы биртуугандар менен чогуу убакыт өткөрүүнү жактырышат. Дасторкон үстүндө отуруп өткөн күндүн ичинде болгон окуяларды талкуулоо же ыйык китептик темада маек куруу жагымдуу болот жана бекемдейт. Бир күнгө же чатыр алып бир нече күнгө жаратылышка чыгууну, орундуу оюндарды же экскурсияларды уюштурса болот. Эс алуунун мындай түрлөрү кубаныч тартуулайт, ары көп жагынан пайда алып келет.

10 Жубайы экөө үч баланы тарбиялаган бир аксакал мындай деген: «Кичине кезинен эле балдарыбыз өргүүнү кайсы жерде өткөрүшүбүздү каалашары тууралуу ойлорун айтышчу. Кээде ар бирине жакын досун ээрчитип алууга уруксат берчүбүз. Бул өргүү убагын өзгөчө жагымдуу кылчу. Ошондой эле балдарыбыздын жашоосунда болгон маанилүү окуяларды белгилечүбүз. Мезгил-мезгили менен жыйналышыбыздагы үйбүлөлөрдү жана досторубузду конокко чакырчубуз. Эшикке тамак жасап, оюндарды уюштурчубуз. Тоого машине менен барып, ал жактан жөө саякаттачубуз. Анан ошондой учурларды Жахаба жараткан нерселер менен таанышуу үчүн пайдаланчубуз».

11, 12. а) Башкалар менен чогуу эс алуу үчүн эмнелерди пландаштырсаңар болот? б) Кандай жолугушууларды көптөр узак убакыт бою унутпайт?

11 Эс алууну пландаштырууда жүрөгүбүздү кенен ачып (өзүбүз же үйбүлөбүз менен болобу), башкаларды чакырууга эмне үчүн болбосун? Мисалы, жесир, бойдок же балдарын жалгыз тарбиялап жаткан биртуугандар бекемдөөгө муктаждыр (Лука 14:12—14). Ошондой эле айрым кызыгуучуларды да чакырсак болот, бирок мындайда эч кимге терс таасир тийбегендей болушу абзел (2 Тиметейге 2:20, 21). Эгер башкалардыкына бара албаган бейкаруу биртуугандар болсо, тамак-ашыбызды ала келип, достук жолугушууну алардыкында өткөрүү мүмкүндүр (Эврейлерге 13:1, 2).

12 Жөнөкөй дасторкон үстүндө отуруп, башкалардан чындыкты кантип тааныганын жана Кудайга ишенимдүү бойдон калууга эмне жардам бергенин суроого болот. Андай жолугушууларды көптөр узак убакыт бою унутпайт. Андан сырткары, ыйык китептик ар кайсы темаларды чогуу, балдарды да аралаштырып, талкуулоого болот. Мындай учурда баары өзүн эркин сезип, оюн тартынбай айта алат. Бул катышкандардын бардыгын бекемдээри шексиз.

13. Меймандостук көрсөтүү жана аны кабыл алуу жагынан Ыйса менен Пабыл кандай үлгү калтырышкан?

13 Ыйса меймандостук көрсөтүү жана аны кабыл алуу жагынан жакшы үлгү калтырган. Ал андай учурларды дайым рухий нерселер тууралуу сүйлөшүүгө колдонгон (Лука 5:27—39; 10:42; 19:1—10; 24:28—32). Алгачкы жолдоочулары аны туураган (Элчилер 2:46, 47). Элчи Пабыл: «Силерди көрүүгө куштармын, анткени силердин бекемделишиңер үчүн, мен кээ бир рухий жөндөмдүүлүктөр менен бөлүшсөм, башкача айтканда, силердин жана менин — баарыбыздын ишенимибиз аркылуу кайраттансак дейм»,— деп жазган (Римдиктерге 1:11, 12). Биз да достук жолугушууларыбызда бири-бирибизди бекемдөөгө умтулушубуз керек (Римдиктерге 12:13; 15:1, 2).

Эске алчу нерселер

14. Эмне себептен чоң топ болуп чогулуу сунуш кылынбайт?

14 Чоң топ болуп чогулуу сунуш кылынбайт, себеби андайда көпчүлүк учурда көзөмөл жүргүзүү кыйынга турат. Рухий иштерге тоскоол болбосо, кээде бир нече үйбүлө чогуу жаратылышка чыгууну же атаандаштыкка басым коюлбаган оюндарды уюштурса болот. Андай учурларда аксакалдар, кызмат жардамчылары же дагы башка жетилген ишенимдештер да чакырылса, достук жолугушуу ого бетер жан сергитерлик болору шексиз.

15. Эмне себептен меймандостук көрсөтүүгө тийиштүү көзөмөлдүн болушу да кирет?

15 Достук жолугушууларды уюштургандар ал жерде тийиштүү көзөмөл болушу керектигин эстен чыгарбашы абзел. Меймандостук көрсөтүү кубаныч тартуулары чын, бирок көңүл бурулбай калгандыктан, коноктордун ичинен кимдир бирөө бир нерседен улам рухий жактан мүдүрүлүп калганын билсеңер капаланбайсыңарбы? Мыйзам 22:8деги принципти талдап көрөлү. Жаңы үй салып жаткан ысрайылдыктан чатырда жайгашкан жана көбүнчө конок тосуу үчүн колдонулган бөлмөнү тегерете тосмо менен курчоо талап кылынчу. Эмне себептен? «Кимдир бирөө үйүңдүн үстүнөн кулап түшпөшү үчүн, айыптуу болуп калбашың үчүн»,— деп айтылат Ыйык Китепте. Анын сыңарындай, конокторуңду мүдүрүлүп калуудан сактоо максатында жасаган аракеттериң алардын рухий жана денелик саламаттыгын ойлооруңду көрсөтүп турушу керек. Бирок ошол эле учурда койгон чектөөлөрүң акылга сыярлык болууга тийиш.

16. Достук жолугушууларда ичимдик берилсе, эмнеден сак болуу керек?

16 Эгерде андай жолугушууларда ичимдик берилсе, абдан сак болуу зарыл. Көптөгөн ишенимдештерибиз келгендерге эмнелер жана канча өлчөмдө берилиши керектигин өзүлөрү көзөмөлдөй алышса гана ичимдик коюуну туура көрүшөт. Кимдир бирөөнүн мүдүрүлүшүнө же ичимдикти көп ичишине себеп боло турган эч нерсе болбоого тийиш (Эфестиктерге 5:18, 19). Кээ бирөөлөр бир нерседен улам ичимдикти такыр оозго албоону чечиши мүмкүн. Айрым жерлерде канча жаштан баштап ичүүгө уруксат бериле турганы жөнүндө мыйзамдар бар. Андай чектөөлөр өтө эле катуу көрүнсө да, Ыйсанын жолдоочулары бийлик бекиткен мыйзамдарга баш ийишет (Римдиктерге 13:5).

17. а) Эмне себептен үй ээси достук жолугушууларда коюла турган музыканы туура тандай билүүсү зарыл? б) Бийлегендер кантип адептүүлүк көрсөтүшү керек?

17 Конок тоскон үйдүн ээси музыка, бий жана көңүл ачуунун башка түрлөрү ыйык китептик принциптерге каршы келбегенине ынангандай болушу абзел. Ар ким ар кандай музыканы жактырат жана бүгүн анын түркүн түрү бар. Анткен менен азыркы музыканын көбү козголоңчул, зордук-зомбулукчул рухтун жана адеп-ахлаксыз каалоолордун өрчүшүнө өбөлгө түзөт. Ошондуктан аны тандай билүү зарыл. Орундуу музыка сөзсүз эле жай болушу талап эмес, бирок ал өтө эле сезим козгоорлук же катуу болбоого жана адеп-ахлаксыздыкты чагылдырбоого тийиш. Андан сырткары, музыканы коюуну үнүн өтө катуу чыгарбоо керектигин түшүнө элек адамга тапшыруудан сак болуу зарыл. Албетте, адепсиз кыймылдар, мисалы, дене мүчөлөрүнүн (жамбаш, төштүн) сезимдерди козгоорлук кыймылдары менен коштолуучу бийлер Ыйсанын жолдоочулары үчүн ылайыксыз (1 Тиметейге 2:8—10).

18. Ата-энелер балдарынын кандай жолугушууларга барып жүргөнүн көзөмөлдөө менен аларды кандайча коргой алышат?

18 Ата-энелер балдары бара турган жолугушууларда эмнелер караштырылганын билүүгө ынтызар болушу керек жана көпчүлүк учурларда алар менен чогуу барганы жакшы. Тилекке каршы, айрымдар балдарына тийиштүү көзөмөлү жок кечелерге барууга уруксат берип коюшкандыктан, кээ бир балдар адеп-ахлаксыз же дагы башка туура эмес иштерди кылууга азгырылышкан (Эфестиктерге 6:1—4). Өспүрүм курактан өтөйүн деп калышса да жана өзүлөрүн жооптуу адамдардай алып жүрүшсө да балдар «жаштыктын кумарларынан качуу» жагынан жардамга муктаж (2 Тиметейге 2:22).

19. Эмнени түшүнүү бизге баарынан мурда Кудайдын Падышалыгын издөөгө жардам берет?

19 Мезгил-мезгили менен пайдалуу жана сергитерлик жол менен эс алуу жашообузду кубанычтуу кылат. Жахаба көңүл ачууга тыюу салбаса да, биз көңүл ачуу менен эле асманга рухий кенч топтой албасыбызды түшүнөбүз (Матай 6:19—21). Ыйса жолдоочуларына бутпарастар тынчсызданган нерселерди, мисалы, тамак-аш же кийим-кечени эмес, «баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгын жана адилеттигин издөө» маанилүү экенин баамдоого жардам берген (Матай 6:31—34).

20. Жахабанын ишенимдүү кызматчылары Камкор Кудайынан кандай жакшы нерселерди күтсө болот?

20 Ооба, жашоодон кубаныч алышыбыз үчүн көптөгөн жакшы нерселерди берип жаткан Камкор Кудайыбызга ыраазычылык билдирип, ичебизби, жейбизби же дагы башка иш кылабызбы, бардык учурда аны даңктай алабыз (1 Корунттуктарга 10:31). Жакында жер бетине орной турган бейиште Жахабанын адил принциптерине кармангандар менен чогуу Анын кандай берешен Кудай экенин толук сезүүгө көп мүмкүнчүлүгүбүз болот (Забур 144:16; Ышайа 25:6; 2 Корунттуктарга 7:1).

Эсиңердеби?

• Эмне себептен Ыйсанын жолдоочулары үчүн эс алуунун пайдалуу түрлөрүн табуу оңой эмес?

• Эс алуунун кандай түрлөрү чындык жолундагы үйбүлөлөргө пайда алып келүүдө?

• Эс алганда эмнелерди эске алуу зарыл?

[Изилдөө суроолору]

[24-беттеги сүрөт]

Эс алуунун пайдалуу түрлөрүн тандагыла.

[25-беттеги сүрөт]

Эс алуунун кандай түрлөрүн четке кагуу керек?