Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жетектөөчү Кеңештин жаңы мүчөлөрү

Жетектөөчү Кеңештин жаңы мүчөлөрү

Жетектөөчү Кеңештин жаңы мүчөлөрү

ШАРШЕМБИ күнү эртең менен, 2005-жылы 24-августта, АКШдагы жана Канададагы Бейтел үйбүлөлөрүнө видеотрансляция аркылуу кубанычтуу билдирүү айтылган: 2005-жылдын 1-сентябрынан тартып Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңешине дагы эки мүчө — Жеффри Жэксон менен Энтони Моррис — кошулары кулактандырылган.

Жэксон биртууган пионердик кызматын 1971-жылдын февралында Австралиянын Тасмания арал-штатында баштаган. 1974-жылы июнда Жанетт (Женни) менен баш кошуп, көп өтпөй экөө атайын пионер болуп дайындалган. Ал эми 1979-жылдан 2003-жылга чейин Тувалуда, Самоада жана Фижиде — Тынч океандын түштүк бөлүгүндөгү арал-мамлекеттерде — миссионер болуп кызмат кылышкан жана ал өлкөлөрдө ыйык китептик адабияттарды которуу ишине да чоң салым кошушкан. Жэксон биртууган 1992-жылдан баштап Самоадагы филиалдын комитетинде, ал эми 1996-жылдан тартып Фижидеги филиалдын комитетинде кызмат кылган. 2003-жылы апрелде Женни экөө АКШдагы Бейтелге чакырылып, котормочуларды тейлөө бөлүмүндө иштей башташкан. Андан көп өтпөй Жэксон биртууган Жетектөөчү Кеңештин Окутуу комитетине жардамчы болуп дайындалган.

Моррис биртууган пионердик кызматын 1971-жылы АКШда баштаган. Ошол жылдын декабрында ал Сюзанга үйлөнүп, экөө тун уулу Жесси төрөлгөнгө чейин төрт жылдай пионер болуп кызмат кылышкан. Кийин дагы Поль аттуу балалуу болушкан. Моррис биртууган 1979-жылы жалпы пионердик кызматын кайрадан уланткан. Балдары мектепке бара баштаганда, аялы да пионер болгон. Алардын үйбүлөсү жарчыларга муктаждык көбүрөөк болгон Род-Айлендде жана Түндүк Каролинада (АКШ) кызмат кылган. Түндүк Каролинада Моррис биртууган райондук көзөмөлчүнүн орунбасары болуп кызмат кылып жатканда, балдары жалпы пионердик кызматты башташкан. Жесси да, Поль да 19 жашында АКШдагы филиалга чакырылган. Ал ортодо Моррис биртууган райондук кызматты баштаган. Кийин 2002-жылдын 1-августунан тартып Сюзан экөө бейтелдик үйбүлөгө мүчө болушкан. Моррис биртууган Паттерсондо кызмат бөлүмүндө иштеп, кийин Жетектөөчү Кеңештин Кызмат комитетине жардамчы болгон.

Бул эки жаңы мүчөдөн тышкары, Жетектөөчү Кеңештин курамына төмөнкү биртуугандар кирет: К. У. Барбер, Ж. Э. Барр, С. Ф. Херд, М. С. Летт, Г. Лёш, Т. Ярач, Г. Х. Пирс, А. Д. Шрёдер, Д. Х. Сплейн жана Д. Сидлик. Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрүнүн баары — Ыйсанын майланган жолдоочулары.