Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Забурдун үчүнчү жана төртүнчү бөлүгүндөгү урунттуу ойлор

Забурдун үчүнчү жана төртүнчү бөлүгүндөгү урунттуу ойлор

Жахабанын Сөзү тирүү

Забурдун үчүнчү жана төртүнчү бөлүгүндөгү урунттуу ойлор

КУДАЙГА тиленип жатып забурчу: «Сенин ырайымың мүрзөдө айтылмак беле? Сенин чындыгың чириген жерде айтылмак беле?» — деп сурайт (Забур 87:12). Жообу, албетте, баарыбызга белгилүү: тирүү болбосок, Жахабаны даңктай албайбыз. Биз Жахабаны даңкташ үчүн жашайбыз жана өмүр сүрүп жатканыбыз үчүн Аны даңктайбыз.

Забур китебинин үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүнөн, башкача айтканда, 72—105-забурлардан Жаратканды жана анын ысмын даңктоого көптөгөн себептерди табабыз. Бул забурлардын үстүнөн ой жүгүртүү «Кудайдын Сөзүнө» болгон ыраазычылыгыбызды арттырып, Жахабаны көбүрөөк, жакшыраак даңктоого түрткү берет (Эврейлерге 4:12). Келгиле анда, адегенде Забурдун үчүнчү бөлүгүн кылдат карап чыгалы.

«МАГА БОЛСО КУДАЙГА ЖАКЫНДАГАН ЖАКШЫ!»

(Забур 72:1—88:53)

Забурдун үчүнчү бөлүгүнүн биринчи 11 забурун, сыягы, Асап же анын үйбүлө мүчөлөрү жазган. 72-забурда Асапты туура эмес ой жүгүртүүдөн жана жаман иш кылып алуудан эмне сактап калганы айтылат. Ал акыры туура жыйынтыкка келет. Асап: «Мага болсо Кудайга жакындаган жакшы!» — деп ырдайт (Забур 72:28). 73-бөлүмдө забурчу Иерусалимдин талкаланганын айтып боздойт. 74—76-забурларда Жахаба адил Сот, эзилгендердин Куткаруучусу жана тиленүүнү Угуучу катары сүрөттөлөт. 77-забурда ысрайыл элинин Мусанын убагынан тартып Дөөттүн күндөрүнө чейинки тарыхы жазылат. 78-бөлүмдө забурчу ийбадаткананын талкаланганын айтып ыйлайт. Андан кийинки бөлүмдө Кудайдын элинин калыбына келтирилиши жөнүндө тиленет. 80-бөлүмдө забурчу Жахабага тил алууга чакырат. Ал эми 81, 82-бөлүмдөрдө бузулган соттор менен Кудайдын душмандарынын соттолушун сурап тиленет.

Кийинки забурдан: «Теңирдин короосун көксөп, жаным аябай алсырады»,— деп ырдаган Корактын уулдарынын сөздөрүн окуйбуз (Забур 83:3). 84-бөлүмдө забурчу Кудайдан туткундан бошонуп келгендерге батасын берүүсүн тиленет. Бул забурда рухий жактан алган баталар башка баталардан алда канча баалуу экени баса белгиленет. 85-забурда Дөөт Кудайдан өзүн коргоп, жетектеп жүрүшүн суранат. 86-забурда Сион жана ал шаарда төрөлгөндөр жөнүндөгү ыр камтылат. Кийинки забурда болсо Жахабага айтылган тиленүү жазылат. 88-забурда Жахабанын Дөөт менен түзгөн келишиминде чагылдырган ырайымы баса белгиленет. Аны жазган Эйтан, сыягы, Сулаймандын убагындагы төрт даанышман адамдын бири болгон (1 Падышалар 4:31).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Забур 72:9 — Кандай мааниде ыймансыздардын «ооздору асманга каршы сүйлөйт, тилдери жер үстүндө басып жүрөт»? Ыймансыздар асмандагылардын да, жердегилердин да эч кимисин сыйлабагандыктан Кудайга тил тийгизүүдөн кайра тартышпайт. Ошондой эле адамдарга да жалаа жабышат.

Забур 73:14 — Жахаба «лебийатандын башын» качан талкалаган? «Мисир падышасы фараон» Нил дарыясынын ортосунда жаткан «чоң жаныбар» деп аталат (Жезекиел 29:3). Чоң жаныбар, башкача айтканда, лебийатан фараондун күчтүү аскерлерин да билдириши мүмкүн. Жахаба алардын башын ысрайылдыктарды Мисирден алып чыгып келатып фараонду жана анын аскерлерин жок кылганда талкалаган.

Забур 74:5, 6, 11 — Бул аяттардагы «мүйүз» деген сөз эмнени билдирет? Мүйүз — жаныбарлардын көбүнчө коргонуу милдетин аткарган күчтүү органы. Ошондуктан ал каймана мааниде бийликти же күчтү билдирет. Жахаба өз элинин мүйүзүн көтөрөт, ал эми «кудайсыздардын мүйүздөрүн сындырат». Биз «мүйүзүбүздү» бийик көтөрүүдөн, башкача айтканда, текеберденүүдөн же бойкөтөрүүдөн сак болушубуз керек. Адамды Жахаба өзү жогору көтөрө тургандыктан, жыйналышта берилген жоопкерчиликтерди Андан деп эсептегенибиз орундуу (Забур 74:8).

Забур 75:11 — «Адамдардын каардануусу» кандайча Жахабанын даңкталышына алып келиши мүмкүн? Биз Кудайдын кызматчылары болгондуктан, адамдар кээде бизге каарданышат. Жахабанын буга жол бериши жакшы натыйжаларга алып келиши мүмкүн. Башкалардын жаман мамилесинен улам кандай оор жагдайга туш болбойлу, андан сөзсүз түрдө кандайдыр бир пайда алабыз. Жахаба кыйынчылыктарга биз бир нерсеге үйрөнгөнгө чейин гана жол берет (1 Петир 5:10). Ал эми адамдардын калган каарын Кудай өзү тыят. А эгер куугунтуктун айынан өмүрүбүздөн айрылсакчы? Андайда да Жахаба даңкталат, себеби биздин туруктуулугубузду көргөндөр Аны даңктай башташы ыктымал.

Забур 77:24, 25 — Эмне үчүн маннаны «асман наны» жана «периштелердин наны» деп коюшчу? Бул эки аталыш тең маннанын периштелердин тамагы болгонун билдирбейт. Ал асмандан берилгендиктен, «асман наны» делчү (Забур 104:40). Ал эми «периштелердин наны» деп аталганынын себеби периштелердин асманда жашаганына жана маннаны асманда жашаган Кудай бергенине байланыштуу болушу мүмкүн (Забур 10:4). Ошондой эле Жахаба аны ысрайылдыктарга, сыягы, периштелер аркылуу берген.

Забур 81:1, 6 — «Кудайлар» жана «Кудайдын уулдары» деп аталгандар кимдер? Бул эки аталыш тең ысрайыл элиндеги сотторду билдирген. Кудайдын атынан сүйлөгөндүктөн жана анын өкүлдөрү катары кызмат кылгандыктан, алардын ошентип аталганы орундуу болгон (Жакан 10:33—36).

Забур 82:3 — «Баштарын көтөрүштү» деген сөздөр эмнени билдирет? Бул адамдардын, адатта, баскынчылык кылуу, согушуу же башкаларды эзүү үчүн күчүн көрсөтүүгө же кандайдыр бир иш-аракет жасоого даяр турарын билдирет.

Биз алчу сабактар:

Забур 72:2—5, 18—20, 25, 28. Биз ыймансыздардын жыргал турмушуна суктанбашыбыз жана алардын жаман жолдоруна түшпөшүбүз керек. Алар тайгак жолдо тургандыктан, сөзсүз түрдө «түпсүз туңгуюкка кулашат». Андан сырткары, жеткилең эмес адамдар башкарып жаткан азыркы дүйнөдө жамандыкты жок кылууга жасаган аракетибиз курулай убаракерчилик болуп калат. Асапка окшоп, «Кудайга жакындап», аны менен жакшы мамиледе болуудан кубаныч тапсак, жамандыкка көп көңүл бурбайбыз.

Забур 72:3, 6, 8, 27. Биз мактанчаактыктан, текебердиктен, башкаларды кордоодон жана калп айтуудан алыс болушубуз керек. Андай сапаттарды чагылдыруудан атүгүл бизге пайда алып келе тургандай көрүнгөн учурларда да качканыбыз зарыл.

Забур 72:15—17. Өзүбүз жакшы түшүнө албай жаткан ойлорду башкаларга терс маанайда айта берүү туура эмес. Бул башкалардын көңүлүн чөгөргөндөн башка эч пайда алып келбейт. Ал эми андай ойлорду туура түшүнүү максатында ишенимдештерибиз менен талкуу жүргүзүүнүн жаман жери жок (Накыл сөздөр 18:1).

Забур 72:21—24. Бул аяттарда ыймансыздардын жакшы жашап жаткандай көрүнгөнүнө кыжырданган адамдын акылсыз жаныбардай болуп калары айтылат. Андай сезим, адатта, терең ой жүгүртпөгөндөн улам пайда болот. Биз Жахабанын оң колубуздан кармап турарына жана колдооруна бекем ишенип, Анын жетекчилигине баш ийишибиз керек. Ошондо Жахаба бизди «даңкы менен кабыл алат», башкача айтканда, биз аны менен жакшы мамиледе болобуз.

Забур 76:7. Рухий чындыктарды өз алдыбызча кылдат изилдеп, алардын үстүнөн ой жүгүртүү убакытты талап кылат. Буга убакыт бөлгөнүбүз кандай гана маанилүү!

Забур 78:9. Жахаба тиленүүлөрүбүздү, айрыкча, анын ысмынын ыйыкталышына байланыштуу тиленүүлөрүбүздү угат.

Забур 80:14, 17. Жахабаны угуп, ал көрсөткөн жол менен жүрсөк, мол баталарды алабыз (Накыл сөздөр 10:22).

Забур 81:2, 5. Адилетсиздиктин айынан «жердин негизи титиреп», коомдун туруктуу абалы бузулат.

Забур 83:2—5, 11—13. Забурчулардын Жахабага сыйынуучу жайды жана өздөрүнүн сыймыктуу кызматтарын жогору баалаганы биз үчүн сонун үлгү.

Забур 85:5. Жахаба бизди «кечирүүгө даяр» («ЖД»). Бул үчүн ага кандай гана ыраазыбыз! Ал өкүнгөн күнөөкөрлөргө ырайым көрсөтүүгө негиз берерлик кичинекей далилдерди да издейт.

Забур 86:5, 6. Келечекте жердеги бейиште жашаганда адамдар асманга тирилгендердин аттарын билишеби? Бул аяттарга караганда, билиши мүмкүн.

Забур 87:14, 15. Кайсы бир көйгөйүбүзгө байланыштуу тиленүүлөрүбүзгө көпкө чейин жооп бербөө менен Жахаба ага чындап берилгендигибизди далилдөөгө мүмкүндүк бериши ыктымал.

«АНЫ ДАҢКТАГЫЛА, АНЫН ЫСЫМЫН ДАҢАЗАЛАГЫЛА»

(Забур 89:1—105:48)

Эми Забурдун төртүнчү бөлүгүндөгү Жахабаны даңктоого негиз бере турган ар кандай себептерди карап көрөлү. 89-забурда Муса адамдын өмүрү «Түбөлүктүү падышаныкына» салыштырмалуу аябай эле кыска экенин баса белгилейт (1 Тиметейге 1:17). Забур 90:2ге ылайык, Муса Жахабаны «баш калкалар жайым... чебим» деп атоо менен өзүнүн коопсуздугунун Булагы Кудай экенин көрсөтөт. Кийинки бир нече забурда Кудайдын эң сонун сапаттары, бийик ойлору жана кереметтүү иштери жөнүндө айтылат. Үч забур: «Теңир падышачылык кылып жатат»,— деген сөздөр менен башталат (Забур 92:1; 96:1; 98:1). Жахабанын бизди жаратканын айтып, забурчу: «Аны даңктагыла, Анын ысымын даңазалагыла»,— деп чакырат (Забур 99:4).

Жахабадан корккон башкаруучу өзүнүн иштерин кандай жүргүзүшү керек? Буга жоопту Дөөт падыша жазган 100-забурдан алабыз. Кийинки забурда болсо Жахабанын «алсыздардын сыйынуусуна назарын салары» жана «алардын жалынуусун жек көрбөөрү» айтылат (Забур 101:18). 102-забурда Жахабанын ырайымдуу, ары мээримдүү экенине көңүл бурулат. Жер үстүндөгү Кудай жараткан нерселерди айтып өтүп, забурчу: «Сенин иштериң кандай көп, Теңир! Сен баарын даанышмандык менен жасагансың»,— деп суктанат (Забур 103:24). Төртүнчү бөлүктүн акыркы эки забурунда Жахаба кереметтүү иштери үчүн даңкталат (Забур 104:2, 5; 105:7, 22).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Забур 90:1, 2 — Канткенде биз Эң Жогорку Кудайдын үйүндө жана далдасында жашай алабыз? Бул рухий жактан коопсуз абалда болууну билдирет. Кудайга таянбагандар андай коопсуздукка ээ боло алышпайт. Жахаба баш калкалаар жайыбыз болушу үчүн, ага таянышыбыз, аны ааламдын Эгедер Башкаруучусу катары даңкташыбыз жана Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялашыбыз керек. Кудайдын бизге жардам берүүгө дайыма даяр экенин билгендиктен, өзүбүздү рухий жактан коопсуз сезебиз (Забур 89:2).

Забур 91:13 — Кандай мааниде «адил адам курма дарагына» окшоп гүлдөйт? Курма дарагы мол түшүм бергени менен белгилүү. Адил адам Кудайдын көз алдында түз жүргөндүктөн жана туура иштерди кылуу менен да «жакшы жемиш» алып келгендиктен курма дарагына окшош (Матай 7:17—20).

Биз алчу сабактар:

Забур 89:7, 8, 13, 14. Күнөө кылганыбызда, Кудай менен болгон мамилебиз бузулат. Ал жашыруун күнөөлөрүбүздү да көрүп турат. Бирок чындап өкүнүп, жаман жолубуздан бурулсак, кайрадан Жахабанын жактыруусуна, ырайымына ээ болобуз.

Забур 89:10, 12, «Мукаддас». Өмүрүбүз кыска болгондуктан, биз күндөрүбүздү эсептешибиз керек. Кантип? «Акылдуу... жүрөккө ээ болуу» менен, башкача айтканда, калган күндөрүбүздү текке кетирбей, Жахабага жаккандай өткөрүү менен. Бул рухий иштерди биринчи орунга коюуну жана убакытыбызды акылдуулук менен колдонууну талап кылат (Эфестиктерге 5:15, 16; Филипиликтерге 1:10).

Забур 89:17. Жахабадан «иштерибизге ийгилик» жана ага кызмат кылууда жасаган аракеттерибизге бата беришин сураганыбыз орундуу.

Забур 91:15, 16. Кудай Сөзүн кылдат изилдеген жана анын эли менен дайым пикир алышкан кары биртуугандарыбыз дагы деле «ширелүү, жашыл болуп турушат», мындайча айтканда, рухий жактан күүлүү-күчтүү. Алар жыйналыш үчүн абдан баалуу болуп эсептелет.

Забур 93:19. Кандай себептен улам «кайгыга» батпайлы, Ыйык Китепти окуп, анын үстүнөн ой жүгүртүү менен «сооротуу» алабыз.

Забур 94:7, 8. Ыйык Жазмага негизделген кеңешке кулак кагуу, аны кабыл алуу жана ага ылайык иш кылуу жүрөгүбүздү катууланып кетүүдөн сактайт (Эврейлерге 3:7, 8).

Забур 105:36, 37. Бул аяттарда жасалма кудайларга сыйынуу жин-перилерге курмандык чалуу менен байланыштырылат. Демек, жасалма кудайларга сыйынган адам жиндердин таасири астында калат. Ошондуктан Ыйык Китеп бизди: «Өзүңөрдү буркандардан сактагыла»,— деп чакырат (1 Жакан 5:21).

«Жахты даңктагыла!»

Забурдун төртүнчү бөлүгүнүн акыркы үч забуру: «Жахты даңктагыла!» — деген сөздөр менен аяктайт. Ал эми алардын акыркысында бул чакырык биринчи аятында да кездешет (Забур 103:35, «ЖД»; Забур 104:45, «ЖД»; Забур 105:1, 48, «ЖД»). «Жахты даңктагыла!» деген сөздөр бул бөлүктө көп жолу кезигет.

Ооба, Жахабаны даңктоого көптөгөн себептер бар экени шексиз. Забурдун 72—105-бөлүмдөрүнөн окуган терең ойлор асмандагы Атабызга болгон ыраазычылыгыбызды арттырды. Кудайдын биз үчүн кылган жана келечекте кыла турган иштери жөнүндө ой жүгүртүү бүт күчүбүз менен «Жахты даңктоого» түрткү бербейби?

[20-беттеги сүрөт]

Асапка окшоп, «Кудайга жакындоо» менен жамандыкка көп көңүл бурбайбыз

[21-беттеги сүрөт]

Кызыл деңизден фараондун мизи кайтарылган

Маннанын эмне үчүн «периштелердин наны» деп аталганын билесиңби?

[23-беттеги сүрөт]

«Кайгыга» батканыбызда эмне жардам берет?