Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Накыл сөздөр китебиндеги урунттуу ойлор

Накыл сөздөр китебиндеги урунттуу ойлор

Жахабанын Сөзү тирүү

Накыл сөздөр китебиндеги урунттуу ойлор

БАЙЫРКЫ Ысрайылдын падышасы Сулайман «үч миң накыл сөз айткан» (1 Падышалар 4:32). Ал акыл-насааттарды биз да окуй алабызбы? Ооба. Анткени алардын көбү Ыйык Жазманын б.з.ч. 717-жылы жазылып бүткөн Накыл сөздөр китебинде камтылат. Бул китептин акыркы эки бөлүмүн Жакеп уулу Агур жана Лемуел падыша жазган деп эсептелет. Бирок айрымдар Лемуел деген Сулаймандын экинчи аты деп айтышат.

Кудайдын жетеги менен жазылган Накыл сөздөр китебиндеги насааттар аркылуу эки максат көздөлөт, тактап айтканда, алар «акылмандыкка жетүүгө» жана тарбияланууга шарт түзөт (Накыл сөздөр 1:2). Алар жагдайга тиешеси бар нерселерди айкын түшүнүүгө жана ал түшүнүктү колдонуп, көйгөйлөрдү чечүүгө жардам бере турган акылмандыкка ээ кылат. Ошондой эле бул китептеги акыл-насааттар аркылуу биз адеп-ахлактык жактан тарбияланабыз. Ал санат сөздөргө көңүл буруу жана аларга ылайык иш кылуу жүрөккө таасир этип, бактылуу, ары ийгиликтүү жашоо өткөрүүгө өбөлгө түзөт (Эврейлерге 4:12).

«АКЫЛМАНДЫККА ЭЭ БОЛ... АКЫЛ-НАСААТТАРДЫ БЕКЕМ КАРМА»

(Накыл сөздөр 1:1—9:18)

Сулайман: «Акылмандык көчөлөрдө жар салып жүрөт»,— деп айтат (Накыл сөздөр 1:20). Эмне үчүн анын катуу жана айкын чыккан «үнүнө» кулак салганыбыз маанилүү? 2-бөлүмдө акылмандыкка ээ болуунун көптөгөн пайдалары саналып өтөт. 3-бөлүмдө болсо Жахаба менен канткенде жакын мамиле өрчүтө аларыбыз айтылат. Андан кийин Сулайман: «Эң негизгиси — акылмандык. Акылмандыкка ээ бол, бардык мал-мүлкүң менен акыл-эстүүлүккө ээ бол... Акыл-насааттарды бекем карма»,— деп чакырат (Накыл сөздөр 4:7, 13).

Азыркы бузулган дүйнөнүн жолдоруна түшпөөгө бизге эмне жардам берет? Накыл сөздөр китебинин 5-бөлүмүндө ал үчүн ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн колдонуу жана азгырыктарды аныктай билүү керек экени айтылат. Ошондой эле адеп-ахлаксыздыктын кандай чоң зыянга учуратары көрсөтүлөт. Кийинки бөлүмдө Жахаба менен болгон мамилебизди бузуп албаш үчүн кандай иштерден жана маанайдан качуу керектиги баса белгиленет. 7-бөлүмдө бузулган адамдын кандай иш кылары баяндалат. 8-бөлүмдө акылмандыктын баалуулугу жана анын адамдарга кантип кайрылып жатканы эң сонун сүрөттөлөт. Ал эми 9-бөлүм ага чейинки бөлүмдөрдө айтылгандарды кызыктуу, акылмандыкка умтулууга түрткү берерлик көрсөтмөлүү мисал менен корутундулайт.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Накыл сөздөр 1:7; 9:10 — Жахабадан коркуу «билимдин» (МАК) жана «акылмандыктын» башталышы дегенди кандайча түшүнүүгө болот? Жахаба — бардыгынын Жаратуучусу жана Ыйык Жазманын автору. Ошондуктан андан коркуу сезими болбосо, чыныгы билимге жетүү мүмкүн эмес (Римдиктерге 1:20; 2 Тиметейге 3:16, 17). Андай билимдин Булагы — Жахаба. Ошол себептен билим Кудайдан коркуудан башталат. Билим болсо акылмандыкка жетүү үчүн зарыл болгондуктан, Кудайдан коркуу акылмандыктын башталышы деп айтылууда. Ал эми Жахабадан коркпогон адам кандай билимге ээ болбосун, аны Жаратканды даңктоого колдонбойт.

Накыл сөздөр 5:3 — Эмне себептен бузулган аял «чоочун аял» («ЖД») деп аталууда? Накыл сөздөр 2:16, 17де ал «Кудайдын келишимин унуткан» аял катары сүрөттөлөт. Байыркы кездерде жалган кудайларга сыйынгандардын же Мусанын мыйзамына каршы иш кылгандардын баары, алардын ичинде бузукулук кылгандар да чоочун деп аталышчу.

Накыл сөздөр 7:1, 2 — Бул аяттардагы «менин сөздөрүм» жана «осуяттарым» дегендер эмнени билдирет? Аларга Ыйык Китептеги акыл-насааттардан сырткары, ата-энелердин бүлөсүнүн пайдасы үчүн бекиткен эреже-көрсөтмөлөрү да кирет. Балдар аларга жана Ыйык Жазмага негизделген акыл-насааттарга кулак кагууга тийиш.

Накыл сөздөр 8:30 — Бул аятта айтылган «сүрөтчү [«чебер жардамчы», «БМК»]» ким? Ал — Кудайдын тун Уулу Ыйса Машайак (жерге келгенге чейинки мезгили). Адам болуп төрөлгөнгө чейин көп убакыт мурун ал Теңирдин «жолунун башталышы», башкача айтканда, эң биринчи жаратуусу болгон (Накыл сөздөр 8:22). Ааламдагы башка нерселердин баары жаратылып жатканда Ыйса чебер жардамчы катары Атасы менен тыгыз кызматташкан (Колосалыктарга 1:15—17).

Накыл сөздөр 9:17 — «Уурдап ичкен суу» эмнени билдирет жана эмне үчүн ал «таттуу» делет? Ыйык Китепте никелик жубайлардын жыныстык мамилелерден канааттануу алганы кудуктан суу ичкенге салыштырылат. Ошондуктан «уурдалган» суулар никеден сырткаркы, жашыруун жыныстык мамилелерди билдирет (Накыл сөздөр 5:15—17). Андай мамиле жөнүндө эч ким билбей калат деген ой ал «сууларды» таттуу кылып көрсөтөт.

Биз алчу сабактар:

Накыл сөздөр 1:10—14. Күнөөкөрлөрдүн баюуга карата берген убадаларына азгырылып туура эмес жолго түшүүдөн сак болушубуз керек.

Накыл сөздөр 3:3. Ырайымдуулук жана чынчылдык сапатын жогору баалашыбыз керек. Кымбат баалуу шурубуз башкаларга көрүнүп тургандай эле, аталган сапаттарыбызды тегеректегилер айкын көрө алгыдай болушу кажет. Ал үчүн алар жүрөгүбүздүн түпкүрүнөн орун алып, мүнөзүбүзгө таандык сапаттардан болууга тийиш.

Накыл сөздөр 4:18. Рухий билим улам барган сайын көбөйө берет. Анын жарыгында жүрүү үчүн момун жана жөнөкөй болушубуз керек.

Накыл сөздөр 5:8. Адеп-ахлаксыздык музыка, көңүл ачуунун башка түрлөрү, Интернет, китеп-журналдар аркылуу чагылдырылышы мүмкүн. Кандай болбосун, андан алыс болгонубуз зарыл.

Накыл сөздөр 5:21. Жахабаны чындап сүйгөн адам бир нече мүнөттүк ырахат үчүн Аны менен болгон мамилесинен кечеби? Эч качан! Жахабанын бардыгын көрүп турарын жана ага жооп берерибизди билүү адеп-ахлактуу жашоо өткөрүүгө зор түрткү берет.

Накыл сөздөр 6:1—5. Бул аяттарда «жакыныңа кепил болуу», башкача айтканда, финансылык иштерде башкалар үчүн ойлонбой туруп кепилдик берүү туура эмес экени баса белгиленет. Эгер кылган ишибиз жөнүндө кылдат ойлонуп көргөндөн кийин, ал акылсыздай көрүнсө, жакыныбызга жалынып-жалбарып, жагдайды оңдоо үчүн токтоосуз түрдө бүт күч-аракетибизди жумшашыбыз керек.

Накыл сөздөр 6:16—19. Бул жерде саналып өткөн жети нерсе жаман иштердин дээрлик баарын камтыйт. Аларды жек көрүүгө үйрөнүшүбүз керек.

Накыл сөздөр 6:20—24. Ыйык Жазманын негизинде берилген тарбия адамды жыныстык адеп-ахлаксыз иштерден сактайт. Ата-энелер бул жактан тарбия берүүгө көңүлкош карабашы абзел.

Накыл сөздөр 7:4. Акылмандыкты сүйүүгө үйрөнгөнүбүз маанилүү.

АР БИРИНДЕ ЖЕТЕКЧИЛИК КАМТЫЛГАН НАКЫЛ СӨЗДӨР

(Накыл сөздөр 10:1—29:27)

Накыл сөздөр китебинин калган бөлүмдөрүндө Сулаймандын ар бир санат сөзү өзүнчө аят болуп берилген. Аларда, негизинен, параллелизм, карама-каршы коюу жана салыштыруу ыкмалары колдонулуп, жүрүм-турумга, тилди колдонууга жана туура маанайда болууга карата маанилүү ойлор камтылган.

Накыл сөздөр 10—24-бөлүмдөрдө Жахабадан коркуу канчалык пайдалуу экени көрсөтүлөт. Ал эми «Жүйүт падышасы Хискиянын кишилери жыйнаган» Накыл сөздөр 25—29-бөлүмдөрдөгү накыл сөздөрдө Жахабага көзкаранды экенибиз жана башка маанилүү нерселер баса белгиленет (Накыл сөздөр 25:1).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Накыл сөздөр 10:6 — Кандайча «мыйзамсыздардын оозу зомбулукту жаап-жашырат»? Бул сөздөрдү ар кандай түшүнүүгө болот. Мисалы, мыйзамсыздар «бал тилге салып» сүйлөп, башкаларга карата болгон арам ниетин жашырышы мүмкүн. Же болбосо, башкаларга жаман мамиле кылганынын кесепетин тартканда «зомбулукту жаап-жашырышы» ыктымал, анткени зыян тарткандар алардын оозун жап кылышат.

Накыл сөздөр 10:10 — Кандайча «көзүн ымдаган адам бирөөнү ыза кылат»? Анткор адам өзүнүн ниеттерин жашырыш үчүн, «жалган сүйлөгөндөн» сырткары, «көздү ымдоо» сыяктуу ишарат көрсөтүшү мүмкүн (Накыл сөздөр 6:12, 13). Анын мындай мамилесине дуушар болгон адамдын көңүлү катуу чөгүшү ыктымал.

Накыл сөздөр 10:29 — «Теңирдин жолу» деген эмне? Бул жерде биздин жашоо мүнөзүбүз жөнүндө эмес, Жахабанын адамзатка жасаган мамилеси тууралуу айтылууда. Кудай анын алдында түз жүргөн адамды коопсуздукта жашатат, ал эми мыйзамсыздарды жок кылат.

Накыл сөздөр 11:31 — Эмне себептен мыйзамсыз адам адил адамга караганда тиешесин көп алат? Бул аяттагы «тиеше» деген сөз алардын ар бири канчалык деңгээлде жаза аларын билдирүү үчүн колдонулууда. Адил адам күнөө кетиргенде анын тиешеси жазалоо чаралары болот. Ал эми мыйзамсыз адам атайылап күнөө жасайт жана туура эмес иштеринен баш тартууну каалабайт. Ошондуктан ал катуураак жазаланууга тийиш.

Накыл сөздөр 12:23 — Адам кандайча «билимин жашырат»? Бул анын билимин эч качан көрсөтпөөрүн билдирбейт. Ал өзүнүн билимин башкаларга мактаныш үчүн пайдаланбайт, тескерисинче, акылдуулук менен колдонот.

Накыл сөздөр 18:19 — «Каарданган бир тууган» кандай мааниде «кире алгыс чептүү шаардан да бекем»? Андай адам, чептүү бекем шаарга окшоп, сөзгө-эпке келүүдөн таптакыр баш тартышы мүмкүн. Ал адам менен аны каарданткан адамдын ортосундагы таарыныч сепилдин ачылгыс «кулпуларындай» болуп тоскоолдук кылышы ыктымал.

Биз алчу сабактар:

Накыл сөздөр 10:11—14. Сүйлөгөн сөздөрүбүз бекемдегидей болсун үчүн, акылыбызды так билимге, жүрөгүбүздү сүйүүгө толтурганыбыз маанилүү. Андан сырткары, эмнени айтып, эмнени айтпоону акылдуулук менен ажырата билгенибиз абзел.

Накыл сөздөр 10:19; 12:18; 13:3; 15:28; 17:28. Көп сүйлөөдөн качуу зарыл, ошондой эле ойноп сүйлөсөк да, ойлоп сүйлөшүбүз керек.

Накыл сөздөр 11:1; 16:11; 20:10, 23. Жахаба ишкер мамилелерде чынчыл болушубузду каалайт.

Накыл сөздөр 11:4. Ыйык Китепти өз алдынча изилдөөгө, жыйналыштарга барууга, тиленүүгө жана кабар айтуу кызматына катышууга салкын мамиле жасап, байлыктын артынан сая түшкөнүбүз акылсыздык болуп калар эле.

Накыл сөздөр 13:4. Жыйналышта жоопкерчиликтерге ээ болууну же жаңы дүйнөдө жашоону «эңсеп» коюп жүрө берүү жетишсиз. Бизден күжүрмөндүк менен иш-аракет кылуу жана талаптарга жооп берүү үчүн тырышчаак болуу күтүлөт.

Накыл сөздөр 13:24; 29:15, 21. Мээримдүү ата-эне баласынын көзүн карай бербейт же туура эмес ишине көз жумуп койбойт. Тескерисинче, баласы андан да жаман ишке бара электе, жазалоо чараларын колдонот.

Накыл сөздөр 14:10. Кээде ички сезимдерибизди айкын билдире албагандыктан, башкалар бизди түшүнбөй калышы мүмкүн, ошондуктан алардын жардамы чектелүү болуп калышы ыктымал. Айрым кыйынчылыктарыбызды Жахабага таянуу менен гана көтөрө алабыз.

Накыл сөздөр 15:7. Дыйкан болгон үрөндүн баарын бир жерге сеппегендей эле, биз адамга билгендерибиздин баарын бир отурганда эле айтып салуудан качышыбыз керек. Акылдуу адам билими менен аз-аздан, башкалардын муктаждыгына жараша бөлүшөт.

Накыл сөздөр 15:15; 18:14. Оң маанай оор жагдайларда да кубанычыбызды жоготпоого жардам берет.

Накыл сөздөр 17:24. Көзү менен акылын маанилүү нерселерге бурбаган «акылсыздардан» айырмаланып, биз туура иш кылуу үчүн даанышман болууга умтулганыбыз абзел.

Накыл сөздөр 23:6—8. Меймандостук көрсөтүүдө экижүздүү болбошубуз керек.

Накыл сөздөр 27:21. Башкалар бизди мактаганда, кандай адам экенибиз билинет. Эгерде андай учурда жетишкендиктерибиз үчүн Жахаба даңкталууга татыктуу экенин түшүнүп, ага кызмат кылууну улантууга түрткү алсак, момун экенибиз көрүнөт. Ал эми өзүбүздү башкалардан жогору сезе баштасак, чыныгы момундукту өрчүтө элек экенибиз айгинеленет.

Накыл сөздөр 27:23—27. Бул аяттарда күжүрмөн эмгектенип, жөнөкөй жашоого ыраазы болуунун маанилүүлүгү баса белгиленет. Ошондой эле Кудайга таянуунун зарылдыгы эскертилет *.

Накыл сөздөр 28:5. Эгерде Жахабаны тиленүү жана анын Сөзүн изилдөө аркылуу «издесек», ага жаккыдай кызмат кылууга өбөлгө түзө турган нерселердин «бардыгын түшүнөбүз».

МААНИЛҮҮ НАСААТТАР

(Накыл сөздөр 30:1—31:31)

Накыл сөздөр китеби маанилүү эки насаат менен аяктайт (Накыл сөздөр 30:1; 31:1). Агурдун салыштыруу катары айткан маңыздуу сөздөрү ачкөздүктүн тойбой турганын жана кызга барган жигиттин жолу таанып-билгис экенин көрсөтөт *. Ошондой эле менменсинүү менен заар тилден алыс болуу керектигин эскертет.

Лемуелдин энесинен алган маанилүү акыл-насааттарында ичкилик менен шарапты туура пайдалануу жана акыйкат сот жүргүзүү керектиги баса белгиленет. Ошондой эле жакшы аялга кандай сапаттар таандык болору айтылган соң, бул китеп: «Ага өз колунан чыккан жемишинен бергиле, иштери аны... даңктасын!» — деген сөздөр менен аяктайт (Накыл сөздөр 31:31).

Ооба, Накыл сөздөр китебинде акылмандыкка умтулууга, жазалоо чараларын кабыл алууга, Кудайдан коркууга жана Ага таянууга карата кандай гана баалуу сабактар камтылат! Келгиле, анда бул китептеги кеңештерди колдонуп, Жахабадан корккон адамдын бактылуу болорун өзүбүз татып көрөлү (Забур 111:1).

[Шилтемелер]

^ 49-абз. Кара: «Күзөт мунарасы», 1992-жыл, 1-июль, 31-бет, ор.

^ 53-абз. Кара: «Күзөт мунарасы», 1991-жыл, 1-август, 31-бет, ор.

[8-беттеги сүрөт]

Жахаба — чыныгы билимдин Булагы

[10-беттеги сүрөт]

«Билим таратууда» дыйканды кантип туурасак болот?