Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тилибизди тыя билүү менен сүйүү жана урмат көрсөтөбүз

Тилибизди тыя билүү менен сүйүү жана урмат көрсөтөбүз

Тилибизди тыя билүү менен сүйүү жана урмат көрсөтөбүз

«Күйөөсү аялын өзүн сүйгөндөй сүйсүн, аял болсо күйөөсүн урматтасын» (Эфестиктерге 5:33).

1, 2. Жубайлардын баары өздөрүнө кандай суроо бериши керек жана эмне үчүн?

САГА бирөө сыртында «этиятта» деген жазуусу бар кутучага салынган белек берди дейли. Аны кантип көтөрөт элең? Албетте, бир жери сынып калбасын деп абайламаксың. Ал эми нике — Кудайдын белеги — тууралуу эмне дешке болот?

2 Ысрайыл элинен болгон Наами аттуу жесир аял келиндери Орпа менен Рутка: «Теңир батасын [«белек», «ЖД»] берип, экөөң тең күйөөгө чыгып, баш паана тапкыла!» — деген (Рут 1:3—9). Жакшы аял жөнүндө да Ыйык Китепте: «Үй менен мал-мүлк — ата-энеден калган мурас, ал эми акылдуу аял — Теңирден»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 19:14). Андыктан үйбүлөлүү болсоң, никелик жарыңды Кудайдын белеги катары эсептешиң керек. Ал белекке кандай мамиле жасайсың?

3. Жубайлар Пабылдын кайсы чакырыгына ылайык иш кылышы жакшы?

3 Элчи Пабыл биринчи кылымдагы ишенимдештерине мындай деп айткан: «Күйөөсү аялын өзүн сүйгөндөй сүйсүн, аял болсо күйөөсүн урматтасын» (Эфестиктерге 5:33). Келгиле анда, канткенде жубайлар тилин колдонууда бул чакырыкка ылайык иш кыла алышарын карап көрөлү.

«Ээ-жаа бербеген жамандыктан» качкыла

4. Сөздөр кандай күчкө ээ?

4 Ыйык Китепти жазууга катышкан Жакып тилдин «өлтүрүүчү ууга толгон», «ээ-жаа бербеген жамандык» экенин айткан (Жакып 3:8). Ал маанилүү чындыкты — ооздукталбаган тилдин чоң зыян келтирерин — билген. Ошондой эле ойлонбой сүйлөгөн адамдын тили кылычтай жаралай турганы жөнүндөгү накыл сөздү да билсе керек. Ал накыл сөздүн экинчи бөлүгүндө: «Акылдуу адамдардын тили сакайтат»,— делет (Накыл сөздөр 12:18). Ооба, сөз зор күчкө ээ: ал же жаралайт, же айыктырат. Сенин сөздөрүң өмүрлүк жарыңа кандай таасир этет? Эгер бул суроону жарыңа берсең, ал эмне деп жооп берет эле?

5, 6. Эмнеден улам айрымдарга тилин тыя билүү оңойго турбайт?

5 Эгер жубайың экөөң сүйлөшкөндө ыза кыла турган сөздөрдү колдонуп көнүп калган болсоңор, жагдайды оңдоого мүмкүн. Бирок ал үчүн күч-аракет талап кылынат. Эмне себептен? Биринчиден, баарыбыз жеткилең эмеспиз. Тукум кууп өткөн күнөөнүн айынан кээде башкалар жөнүндө туура эмес ойлоп, туура эмес сүйлөп алабыз. Жакып: «Оозунан жаңылбаган адам — бүт денесин ооздуктай алган жеткилең адам»,— деп жазган (Жакып 3:2).

6 Андан сырткары, адам алган тарбиясынан улам да тилди туура эмес колдонот. Кээ бирөөлөр ата-энеси «элдешпес... өзүн өзү кармай албаган, кара мүртөз» болгон үйбүлөдө чоңоюшкан (2 Тиметейге 3:1—3). Андай чөйрөдө өскөн балдардын көпчүлүгү чоңойгондо өздөрү да ошондой адамдардан болушат. Албетте, бул да, жеткилеңсиздик да заардуу сөздөрдү колдонгон адамдарды актоого негиз бербейт. Анткен менен буларды билүү айрымдарга тилин тыюу эмне үчүн оңойго турбасын түшүнүүгө жардам берет.

Кемсинткен сөздөрдү айтпайлы

7. Петир Ыйсанын жолдоочуларын «ушакчылыкты таштоого» чакыруу менен эмнени айткысы келген?

7 Жубайлардын көңүл ооруткан сөздөрдү айтышына эмне себеп болбосун, бул алардын бири-бирин тийиштүү түрдө сүйбөөрүн же урматтабаарын айгинелейт. Петир Ыйсанын жолдоочуларын: «Ушакчылыкты таштагыла»,— деп бекеринен чакырган эмес (1 Петир 2:1). Бул аятта «ушак» деп которулган грек сөзү «кемсинткен сөздөр» деген маанини туюнтат. Ал эми ал сөз айкашы «адамдарды сөз менен атуу» деген ойду берет. Заар тилдин таасири кандай гана таамай сүрөттөлгөн!

8, 9. Башканы кордоп сүйлөө кандай натыйжа алып келиши мүмкүн жана жубайлар эмне үчүн андан качышы керек?

8 Кемсинткен сөздөр анча деле зыяндуу эместей көрүнүшү мүмкүн, бирок аялы же күйөөсү андай сөздөрдү айтканда эмне болорун ойлонуп көрөлү. Никелик жолдошун «мээси жок», «жеткен жалкоо» же «өзүмчүл» деп атоо анын эч бир жакшы сапаты жок дегенге, кемсинткенге барабар! Бул жарына кандай гана катуу тиет. Ал эми жубайынын кемчиликтерин ашыра айтуу жөнүндө эмне десе болот? «Дайыма эле кечигип басып жүрөсүң» же «Мени эч качан укпайсың» деген сөздөр, чынында, ашыра айткандык эмеспи? Мындайды укканда экинчи тарап сөзсүз өзүн коргогонго аракет кылат. Натыйжада чыр-чатак чыгышы ыктымал (Жакып 3:5).

9 Жубайлардын кордогон сөздөрдү айтканы никеде ынтымакты ыдыратып, жаман натыйжаларга алып келиши мүмкүн. Накыл сөздөр 25:24тө: «Ажаан аял менен заңгыраган үйдө жашаганча, үйдүн чатырынын бир бурчунда жашаган жакшы»,— деп айтылат. Албетте, муну көр жеме күйөө тууралуу да айтууга болот. Бара-бара ортодогу сезимдер муздап, күйөөсү же аялы жарынын сүйөрүнө күмөн санай башташы же атүгүл өзүн сүйүүгө татыксыз эсептеп калышы ыктымал. Ооба, тилди башкара билүү абдан маанилүү. Ан үчүн эмне кылуу керек?

Тилди тыя билүү зарыл

10. Эмне себептен тилди «ооздуктай» билүү маанилүү?

10 Жакып 3:8де: «Тилди эч бир адам багындыра албайт»,— деп айтылат. Анткен менен чабандес ооздуктун жардамы менен атты башкаргандай эле, тилибизди «ооздуктоо» үчүн бүт күчүбүздү жумшаганыбыз маанилүү. Ыйык Китепте: «Ким өзүн такыбаа эсептесе, бирок тилин тартпаса, анда ал өзүн өзү алдап жатат, анын такыбаалыгы — курулай такыбаалык»,— делет (Жакып 1:26; 3:2, 3). Мындан тилди туура колдонуу олуттуу экени көрүнүп турат. Бул жубайлардын бири-бири менен болгон мамилесине гана эмес, Жахаба Кудай менен болгон мамилесине да таасир этет (1 Петир 3:7).

11. Келишпестик чоң чырга айланып кетпеши үчүн эмне кылсак болот?

11 Жарың менен кандай маанайда сүйлөшөрүң тууралуу ойлонуп көргөнүң дурус. Жагдай курчуп баратканда чыңалууну басаңдатууга аракет кыл. Мисалы, Ыскак менен Ребеканын ортосунда пайда болгон жагдайды талдап көрөлү. Ал тууралуу Башталыш 27:46—28:4-аяттарда жазылган. Ребека Ыскакка: «Хет кыздарынан улам мен жашоого ыраазы эмесмин. Эгерде Жакып да бул жердин кыздарынан, Хеттин ушундай кыздарынан аял алса, анда мен жашап эмне кылам?» — дейт. Ошондо Ыскак аялына кесе жооп берген деп эч жерде айтылбайт. Тескерисинче, ал уулу Жакыпты Кудайдан корккон жана сыягы, Ребеканы капалантпай турган келинчек табууга жөнөтөт. Бүгүн да жубайлардын ортосунда карама-каршы пикирлер пайда болбой койбойт. Андайда «сен» дегендин ордуна «мен» деген сөздү колдонушканы майда-барат келишпестиктердин чоң чырга айланып кетишине бөгөт коёт. Алсак, «мага такыр убакыт бөлбөйсүң!» дегендин ордуна, «чогуу көбүрөөк убакыт өткөрсөк жакшы болор эле» дегенге эмне үчүн болбосун? Адамды күнөөлөөгө эмес, көйгөйдү чечкенге аракет кылгыла. Кимдики туура, кимдики туура эмес экенин териштирүүдөн алыс болгула. Римдиктерге 14:19да: «Тынчтыкка жана бири-бирибизди бекемдөөгө умтулалы»,— деп жазылат.

Каардан, кыжырдан, ачуудан арылалы

12. Тилди башкара билүү үчүн эмне жөнүндө тиленишибиз керек жана эмне себептен?

12 Тилди тыя билүү кандай сөздөрдү айтып жатканыбызга көңүл буруудан да көптү билдирет. Себеби сөздөр жүрөктөн чыгат. Ыйса: «Жакшы адам жүрөгүндөгү жакшы казынасынан жакшы нерсе алып чыгат. Жаман адам болсо жүрөгүндөгү жаман казынасынан жаман нерсе алып чыгат. Анткени адамдын жүрөгү эмнеге толуп-ташыса, оозу ошону сүйлөйт»,— деп айткан (Лука 6:45). Ошондуктан тилибизди башкара билүү үчүн Дөөткө окшоп тиленишибиз керектир. Ал: «Кудайым, таза жүрөк жарат, рухумду жаңыла»,— деп суранган (Забур 50:12).

13. Кандайча каар, кыжыр жана ачуу көңүл оорутарлык сөздөрдү айтууга алып келиши мүмкүн?

13 Пабыл Эфестеги ишенимдештерин заардуу сөздөрдөн качууга гана эмес, аларды айтууга түрткү берчү сезимдер менен күрөшүүгө да чакырган. Ал: «Кыжырдан, ачуудан, каардан, кыйкырыктан, заар тилден жана бардык жаман нерселерден арылгыла»,— деп жазган (Эфестиктерге 4:31). Элчинин кыйкырык менен заар тилден мурун кыжыр, ачуу жана каар тууралуу айтканын байкасаңар. Чынында эле, адам адегенде кыжырданат, анан ачуусу кайнаганда көңүл оорутарлык сөздөрдү айта баштайт. Өзүңөрдөн: «Жүрөгүмө кек сактаймынбы жана ачуулана береминби? Ачуум чукул эмеспи?» — деп сурап көргүлө (Накыл сөздөр 29:22). Ошондой болсо, Кудайдан андай сезимдер менен күрөшүүгө, ачууга алдырбоо үчүн өзүңөрдү кармоого жардам беришин сурап тиленгиле. Забур 4:5те: «Ачууланганыңарда күнөө кетирбегиле: төшөктө жатканыңарда ойлонуп сабыр кылгыла»,— деп айтылат. Эгер жагдай курчуп, өзүңөрдү кармоо кыйындап баратканын сезсеңер, Накыл сөздөр 17:14төгү кеңешке ылайык иш кылганыңар абзел. Ал жерде: «Чатакты күчөп кете электе токтот»,— деп жазылган. Сөздү дароо токтотуп, ачууңар тарагыча көйгөй тууралуу сүйлөшпөй коё тургула.

14. Таарынычтар жубайлардын ортосундагы мамилеге кандай таасир этиши мүмкүн?

14 Ооба, кыжыр менен ачууну басуу оңой эмес. Бул, өзгөчө, андай сезимдер Пабыл айткан «каардан» улам пайда болгондо байкалат. Пабыл колдонгон грек сөзү элдешүүнү каалабаган ачуулуу жана башкалардын каталарын эсептей берген адамды мүнөздөөдө колдонулат. Кастыктан улам кээде жубайлардын ортосунда «дубал» пайда болуп, көпкө тура бериши ыктымал. Таарынычты толугу менен жойбосо, никелик жарлардын ортосундагы мамиле сууп калышы мүмкүн. Өткөн каталарды эстей берүүнүн пайдасы жок. Болор иш болгондон кийин, жарыңды кечирип, баарын унутуп койгонуң жакшы. «Сүйүү... кек сактабайт»,— деп айтылат Ыйык Китепте (1 Корунттуктарга 13:4, 5).

15. Орой сүйлөөгө көнүп калгандарга андан арылууга эмне жардам берет?

15 Орой сөздөрдү сүйлөө адатка айланган үйбүлөдө чоңойгондуктан, балким, сен да ошондой сүйлөөгө көнүп калгандырсың. Бирок өзгөрө аларыңа эч шектенбе. Анткени жашооңдун башка тармактарында деле белгилүү бир чектөөлөрдү коюп, аларга карманып келатасың, чынбы? Тилиңди колдонууга байланыштуу кандай чектөөлөрдү коёсуң? Жаман сөздөрдү айтканга чейин өзүңдү токтотуп калууга аракеттенесиңби? Буга байланыштуу Эфестиктерге 4:29дагы: «Оозуңардан эч кандай жаман сөз чыкпасын»,— деген кеңешке карманганың дурус. Ал үчүн «эски табиятыңарды жаман иштери менен бирге чечип салып, жаңы» жана «Кудайды таанып билүү аркылуу Жаратуучунун бейнесине окшошуу үчүн жаңыланып турган табиятты кийгениңер» маанилүү (Колосалыктарга 3:9, 10).

Ачык сүйлөшүү маанилүү

16. Эмне үчүн жубайлардын бири-бири менен сүйлөшпөй койгону кесепеттүү?

16 Жубайлардын сүйлөшпөй койгону көйгөйдү чечмек тургай, ырбатышы мүмкүн. Жубайың сүйлөбөй койсо эле, мени жазалаш үчүн ошентип жатат деп ойлобо. Себеби ал кээде капалангандыктан же көңүлү чөккөндүктөн сүйлөгүсү келбеши ыктымал. Ошентсе да жубайлардын бири-бири менен сүйлөшпөй койгону жагдайды чечпейт, кайра ого бетер оордотот. Бир аял: «Күйөөм экөөбүз кайрадан сүйлөшө баштагандан кийин, эч качан өткөн ишти талкуулабайбыз»,— деп кейийт.

17. Келишпестик пайда болгондо жубайлар эмне кылышы керек?

17 Кээде жубайлардын ортосунда пайда болгон келишпестик көпкө созулуп, оңою менен чечилбеши мүмкүн. Анда Накыл сөздөр 15:22де: «Кеңешпей кылган иштер бузулат, кеңешчилер көп болсо, алар ишке ашат»,— деп айтылат. Жубайың экөөң отуруп жагдайды талкуулаганыңар абзел. Бири-бириңерди жүрөгүңөр менен да, ой-сезимиңер менен да кунт коюп «уккула». Эгерде антүү мүмкүн эместей сезилсе, жыйналыштын аксакалдарына кайрылууга эмне үчүн болбосун? Алар Ыйык Жазманы жакшы билишет жана андагы принциптерди колдонуу жагынан тажрыйбага ээ. Андай эркектер «шамалдан коргоочу коргонучтай, жаан-чачындан калкалоочу калканычтай... болушат» (Ышайа 32:2).

Жеңүүчүлөрдөн боло алабыз

18. Римдиктерге 7:18—23-аяттарда кайсы күрөш тууралуу айтылат?

18 Тилибизди башкарууну күрөшкө салыштырууга болот. Жүрүм-турумубузду көзөмөлдөө да өзүнчө күрөш. Кабылган кыйынчылыгы тууралуу элчи Пабыл мындай деп жазган: «Менин ичимде, тактап айтканда, менин күнөөкөр табиятымда жакшы нерсе жок экендигин билем. Себеби жакшылык жасагым келсе да, жакшылык жасай албайм. Мен өзүм каалаган жакшылыкты эмес, өзүм каалабаган жамандыкты кылам. Эгерде мен өзүм каалабаганды жасап жатсам, анда азыр аны мен эмес, менин ичимдеги күнөө жасап жатат». Дене мүчөлөрүбүздө «күнөөнүн мыйзамы» бар болгондуктан, тилибизди туура эмес колдонууга жакынбыз (Римдиктерге 7:18—23). Бирок багынбашыбыз керек: Кудайдын жардамы менен жеңүүчүлөрдөн боло алабыз!

19, 20. Ыйсанын үлгүсү жубайларга тилин башкарууга кандайча жардам берет?

19 Бири-бирин сүйүп, урматтаган жубайлар эч качан заар сөздөрдү колдонушпайт жана дайыма ойлонуп сүйлөөгө аракет кылышат. Ыйса Машайактын бул жагынан кандай үлгү калтырганын ойлоп көрсөңөр. Жолдоочулары менен сүйлөшкөндө ал эч качан жаман сөздөрдү айткан эмес. Атүгүл өлөрүнүн алдындагы түнү окуучулары кимиси чоң экенин айтып талашып-тартышканда, аларды урушкан эмес (Лука 22:24—27). Ыйык Китепте күйөөлөргө төмөнкүдөй буйрук берилет: «Аялыңарды Машайак Жыйынды сүйгөндөй сүйгүлө. Машайак Жыйын үчүн Өзүн берген» (Эфестиктерге 5:25).

20 Ал эми аялдарга кандай кеңеш берилет? «Аял болсо күйөөсүн урматтасын»,— деп айтылат (Эфестиктерге 5:33). Күйөөсүнө кордогон сөздөрдү айткан, кыйкырган аял аны урматтаган болобу? Элчи Пабыл: «Муну билип алышыңарды каалайм: ар бир эркектин башчысы — Машайак, аялдын башчысы — эркек, Машайактын башчысы — Кудай»,— деп жазган (1 Корунттуктарга 11:3). Аялдар башчысына баш ийүүдө Машайактан үлгү алышы керек (Колосалыктарга 3:18). Жеткилең эмес жубайлар Ыйсаны жеткилең түрдө туурай алышпаса да, «Анын изи менен басууга» аракет кылышса, тилин туура эмес колдонуудан кача алышат (1 Петир 2:21).

Эмнелерди билдиңер?

• Заар тил никеге кандай зыян келтирет?

• Тилди тыя билүү эмне үчүн оңой эмес?

• Тилибизди башкарууга эмне жардам берет?

• Никеде кыйынчылыктар пайда болгондо эмне кылышыңар абзел?

[Изилдөө суроолору]