Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кереметтүү жер планетасы

Кереметтүү жер планетасы

Кереметтүү жер планетасы

АСТРОНОМДОР белгилегендей, эбегейсиз зор Ааламга салыштырмалуу биздин жалпы үйүбүз — Жер — байкалар-байкалбас чекит гана. Анткен менен дал ушу Жерде жашоо үчүн туура шарт түзүлгөн. Чын эле, материалдык Ааламдын башка бир да бурчунан тиричилик табылган эмес.

Мындай кереметтүү планетада жашоо бизге, чынында, ыракат алып келет. Ооба, аяздуу күндөрдүн биринде Күн көрүнүп, жылуу нурун чачса, кимибиз сүйүнбөйбүз. Таң нурдана атса, Күн балбылдап батса, кимибиз суктанбайбыз. Бирок Күн көзүбүздүн кумарын кандыруу үчүн эле чыгып-батып турбайт: анын жарыгына баарыбыздын жашообуз түздөн-түз көзкаранды.

Миллиондогон жылдардан бери Күндүн тартылуу күчүнүн таасири астында Жер жана башка планеталар туруктуу орбита боюнча жылып келет. Ошондой эле Күн системасы, мектептен окугандай, Саманчынын жолу галактикасынын борборун айланат. Биздин галактикада, Күндөн тышкары, 100 милиарддан ашуун жылдыз бар.

Саманчынын жолу тартылуу күчү аркылуу бириккен 35 чакты галактиканын чогулмасына кирет. Белгилей кетчү нерсе, андай чогулмалардын кээси миңдеген галактикаларды камтыйт. Эгер Күн системасы ошондой чоңураак, жышыраак чогулмада жайгашса, азыркыдай туруктуулук, кыязы, сакталмак эмес. Ошол себептүү Гильермо Гонсалес менен Жей Ричардс өз китебинде Ааламда «тиричиликтин татаал түрлөрүнүн жашашына биздикиндей ылайыктуу» бир да жер жок экенин айтышкан («The Privileged Planet»).

Жердеги тиричилик сокур кокустуктан улам, «чоң жарылуунун» натыйжасында пайда болгонбу? Же жашоонун пайда болушунун алда канча терең мааниси барбы?

Көптөр биздин планета Кимдир Бирөө тарабынан жашоо үчүн ылайыкташтырылып жаратылган деген тыянакка келишкен *.

Бир канча кылым мурун эврей акыны асман менен жерге суктанып: «Мен Сенин колуң жасаган асманыңды, Өзүң коюп койгон ай менен жылдыздарыңды карап туруп: „Сен унутпагыдай, адам ким...“ — деп ойлойм»,— деп жазган (Забур 8:4, 5). Ооба, ал акын Жараткандын барына ишенген. Ал эми, силердин оюңар боюнча, азыркы илим өнүккөн доордо Жаратканга ишенүү акылга сыярлыкпы?

[Шилтемелер]

^ 7-абз. Забур китебин, мисалы, 8-бөлүмүн карагыла.

[3-беттеги сүрөт]

Globe: U.S. Fish & Wildlife Service, Washington, D.C./NASA

«Алыстан караганда Жер караңгы космос мейкиндигинде жанып турган көгүлтүр берметти элестетет» («The Illustrated Science Encyclopedia—Amazing Planet Earth»).