Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай кошконду адам ажыратпасын

Кудай кошконду адам ажыратпасын

Кудай кошконду адам ажыратпасын

«Эми алар эки эмес, бир дене. Ошондуктан Кудай кошконду адам ажыратпасын» (Матай 19:6).

1, 2. Эмне үчүн үйбүлөдө көйгөйлөр болбой койбойт?

МАШИНЕ менен алыс жолго чыкканы жатасың дейли. Жолдо кандайдыр бир кыйынчылыктар болушу мүмкүнбү? Толук мүмкүн. Мисалы, абарайынын бузулушунан улам жай, абайлап айдоого аргасыз болушуң ыктымал. Же болбосо, машинең бузулуп калып, өзүң оңдой албай, башкалардан жардам суроого туура келеттир. Ушундай жагдайлардан кооптонуп жолго чыкпай коёт белең же машинеңди таштап кетип калат белең? Албетте, антмек эмессиң. Алыс жолго чыгарыңды билген соң, боло турган көйгөйлөрдү эске алып, даярдык көрмөксүң.

2 Үйбүлө тууралуу да ушуну айтууга болот. Үйбүлөдө кыйынчылыктар болбой койбойт, ошондуктан баары ойдогудай болот деп күтүү жаңылыштык болуп калар эле. 1 Корунттуктарга 7:28де турмуш кургандардын «дене жагынан азап тартышары» ачык эле айтылган. Эмне үчүн «азап тартышат»? Анткени баарыбыз жеткилеңсизбиз. Андан сырткары, «оор күндөрдө» жашап жатабыз (2 Тиметейге 3:1; Римдиктерге 3:23). Андыктан бири-бирине төп келген, рухий жактан жетилген жубайлар да кээде көйгөйлөргө дуушар болушу ыктымал.

3. а) Азыр көптөр никеге кандай карашат? б) Эмне үчүн Ыйсаны жолдогон жубайлар никесин сактап калууга аракет кылышат?

3 Бүгүнкү күндө айрым түгөйлөр үйбүлөдө көйгөйлөргө учураганда дароо эле ажырашам деп чыгышат. Көптөгөн өлкөлөрдө ажырашуулар ушунча көп болгондуктан, алардын саны эсепке да алынбай калды. Бирок Жахабанын Күбөлөрү үйбүлөдөгү көйгөйлөрдөн качууга эмес, аларды чечүүгө аракет кылышат. Себеби алар никени Жахаба берген ыйык белек катары көрүшөт. Ыйса: «Кудай кошконду адам ажыратпасын»,— деп айткан (Матай 19:6). Албетте, бул сөздөргө ылайык жашоо дайыма эле оңойго турбашы мүмкүн. Маселен, ыйык китептик принциптерди баркка албаган тууган-туушкандар, достор, ошондой эле үйбүлөлүк жашоого байланыштуу кеңеш берген айрым адистер, эч кандай негиз жок болсо да, көп учурда эки бөлөк жашоого же ажырашып кетүүгө үндөшөт *. Бирок Ыйсаны жолдогон жубайлар кыйынчылыктар пайда болгондо дароо эле ажырашып кеткенден көрө, аларды чечип, үйбүлөнү сактап калуу жакшыраак экенин билишет. Ырас, кимдир бирөөлөрдүн эмес, Жахабанын кеңештерине ылайык иш кылууга башынан эле чечкиндүү болгонубуз маанилүү (Накыл сөздөр 14:12).

Кыйынчылыктарды жеңүү

4, 5. а) Никеде кандай көйгөйлөр болушу мүмкүн? б) Кудай Сөзүндөгү принциптер никедеги көйгөйлөрдү чечүүдө эмне үчүн пайдалуу?

4 Мезгил-мезгили менен жубайларга никедеги көйгөйлөрүн чечүүгө туура келет. Көп учурда бул майда-барат келишпестиктер болушу ыктымал. Бирок айрым үйбүлөлөрдө ортодогу мамилеге коркунуч туудурган олуттуу көйгөйлөр пайда болушу мүмкүн. Андайда үйбүлөлүү, тажрыйбалуу аксакалдан кеңеш сурасаң болот. Кандай болбосун, ушундай жагдайлар никең сөзсүз бузулат дегенди эмес, көйгөйлөрдү чечүүдө ыйык китептик принциптерди колдонуу маанилүү экенин көрсөтөт.

5 Жахаба — адам баласынын Жаратуучусу жана никенин Негиздөөчүсү. Ошондуктан ал никедеги мамилелер бекем болушу үчүн эмне кылуу керектигин баарынан жакшы билет. Бирок анын Сөзүндө айтылган кеңештерге ылайык иш кылабызбы, жокпу, кеп мына ушунда. Эгер ошондой кылсак, бул чоң пайда алып келет. Жахаба байыркы убакта өзүнүн элине: «Оо, сен Менин осуяттарымды уксаң кана! Анда сенин тынчтыгың дарыядай болмок, сенин чындыгың деңиз толкунундай болмок!» — деп айткан (Ышайа 48:18). Ыйык Китептеги жетекчиликке баш ийсек, никеде бактылуу болорубуз шексиз. Келгиле анда, адегенде күйөөлөргө берилген Кудай Сөзүндөгү кеңештерди талдап көрөлү.

«Аялыңарды... сүйгүлө»

6. Жазмада күйөөлөргө кандай кеңеш берилет?

6 Элчи Пабыл Эфестиктерге жазган катында күйөөлөргө айкын көрсөтмөлөрдү берген. Ал мындай деп жазган: «Күйөөлөр, аялыңарды Машайак Жыйынды сүйгөндөй сүйгүлө. Машайак Жыйын үчүн Өзүн берген... Ошол сыяктуу эле күйөөлөр да аялдарын өздөрүнүн денесин сүйгөндөй сүйүшү керек. Аялын сүйгөн адам өзүн сүйөт. Анткени эч ким эч качан өзүнүн денесин жек көрбөйт, тескерисинче, Машайак Жыйын үчүн кам көргөн сыяктуу, өз денесин азыктандырат, жылытат [«жогору баалайт», «ЖД»]... Силерге тиешелүүсү болсо бул: күйөөсү аялын өзүн сүйгөндөй сүйсүн» (Эфестиктерге 5:25, 28, 29, 33).

7. а) Ыйсаны жолдогон жубайлардын никеси эмнеге негизделиши керек? б) Аялын дайыма сүйүү деген эмнени билдирет?

7 Пабыл жубайлардын ортосунда болушу мүмкүн болгон ар бир көйгөйдү талкуулаган эмес. Ал Кудайдын кызматчыларынын никеси эң маанилүү нерсеге, сүйүүгө, негизделиши керектигин баса белгилеп, ток этер жерин айткан. Жогоруда келтирилген аяттарда сүйүү тууралуу бир нече жолу айтылат. Ошондой эле Пабылдын күйөөлөргө: «Аялыңарды... сүйгүлө»,— деп айтканына көңүл бурсаңар. Түпнускада бул жерде күйөө аялын дайыма сүйүшү керектиги айтылат. Анткен менен ашык болууга караганда сүйүүнү сактап калуу оңой эмес экенин Пабылдын жакшы түшүнгөнү шексиз. Чынында эле, азыркы «акыркы күндөрдө» адамдардын «өзүн өзү сүйүүчү», «элдешпес» болгонунан улам сүйүүнү сактап калуу оңойго турбайт (2 Тиметейге 3:1—3). Ооба, ушундай терс сапаттардын айынан азыр көптөгөн үйбүлөлөр бузулууда. Бирок аялын чындап сүйгөн күйөө дүйнөгө мүнөздүү өзүмчүлдүк рухунун өзүнүн ой жүгүртүүсүнө, иш-аракетине таасир этишине жол бербейт (Римдиктерге 12:2).

Аялыңа кантип кам көрө аласың?

8, 9. Ыйсаны жолдогон күйөө аялына кайсы жактардан кам көрүүгө тийиш?

8 Эгер сен Ыйсаны жолдогон күйөө болсоң, өзүмчүлдүк рухуна каршы турарыңды жана аялыңды сүйөрүңдү кантип көрсөтө аласың? Пабылдын жогоруда келтирилген эфестиктерге жазган сөздөрүнө ылайык, күйөө эки нерсени кылууга тийиш: аялын «азыктандырып» жана өзүн кандай бааласа, аны да ошондой баалашы керек. Жарыңды кантип «азыктандыра» аласың? Негизинен, аялыңа материалдык жактан кам көрүү менен. Пабыл Тиметейге мындай деп жазган: «Ким өз туугандары үчүн, айрыкча өз үйүндөгүлөрү үчүн, кам көрбөсө, ал ишенимден баш тарткан, ишенбегендерден да жаман адам» (1 Тиметейге 5:8).

9 Бирок бул тамак-аш, кийим-кече, баш калкалаар жай менен камсыз кылуудан да көптү билдирет. Күйөөсү аялына материалдык жактан эң сонун кам көргөн күндө да, анын эмоциялык жана рухий жыргалчылыгына кам көрбөшү мүмкүн. Бул эки нерсеге көңүл буруу абдан маанилүү. Көптөгөн ага-инилер жыйналышка байланыштуу ар кандай иштерди аткарышат. Анткен менен жыйналыштагы жоопкерчиликтер күйөөлөрдү үйбүлө башчысы катары Кудайдын алдындагы милдеттеринен бошотпойт (1 Тиметейге 3:5, 12). Ушул журналдын бир нече жыл мурун чыккан санында бул тууралуу мындай деп айтылган: «Ыйык китептик талаптарга ылайык, „кайтаруучулук иши“ биринчи кезекте үйдөгүлөрдөн башталышы керек. Эгер аксакал үйбүлөсүнө тийиштүү түрдө көңүл бурбаса, анда жыйналыштагы жоопкерчиликтеринен айрылып калышы мүмкүн» *. Демек, күйөө аялынын денелик, эмоциялык, эң негизгиси, рухий муктаждыктарына кам көрүүгө тийиш.

Аялыңды жогору баалоо деген эмнени билдирет?

10. Күйөө аялын жогору баалаарын кантип көрсөтөт?

10 Аялыңды сүйсөң, аны жогору баалаарың шексиз. Аны баалаарыңды көрсөтүүнүн ар кандай жолдору бар. Биринчиден, жарыңа жетиштүү убакыт бөл. Аялыңа жетиштүү көңүл бурбасаң, бара-бара анын сага болгон сүйүүсү сууп калышы ыктымал. Ошондой эле көңүл бурууга карата экөөңөрдүн көзкарашыңар кыйла айырмаланышы мүмкүн экенин эске алуу абзел. Жарыңа сүйөм деп айтып коюу жетишсиз, ал өзүн сүйүктүү экенин сезиши керек. Пабыл: «Ар бир адам өзүн эле эмес, өзгөнү да ойлосун»,— деген (1 Корунттуктарга 10:24). Аялыңды сүйгөндүктөн, сен анын чындап эмнеге муктаж болуп жатканын түшүнүүгө аракет кыларың күмөнсүз (Филипиликтерге 2:4).

11. Күйөөнүн аялына кылган мамилеси Кудай менен болгон мамилесине жана жыйналышта ээлеген жоопкерчиликтерине кандай таасир этиши мүмкүн? (Шилтемени кара.)

11 Андан сырткары, аялыңды баалаарың сүйлөгөн сөзүңдөн да, жасаган ишиңден да көрүнүп турушу керек (Накыл сөздөр 12:18). Пабыл Ыйсанын Колосадагы жолдоочуларына: «Күйөөлөр, аялыңарды сүйгүлө, аларга катаал болбогула»,— деп жазган (Колосалыктарга 3:19). Бир эмгекте ушул аяттын экинчи бөлүгү «күңгө мамиле кылгандай мамиле кылбагыла» же «аялыңарды күң катары көрбөгүлө» деп берилген. Аялына элдин көзүнчө же эч ким жокто катаал мамиле кылган күйөө аны сүйөрүн көрсөтөбү?! Аялына кылган орой мамилеси анын Кудай менен болгон мамилесине таасир этпей койбойт. Элчи Петир мындай деген: «Силер, күйөөлөр, аялзатынын алсызыраак экенин эске алып, аялыңарга туура мамиле кылгыла. Сыйынууңарга тоскоолдук болбошу үчүн, аларга урмат көрсөткүлө, анткени алар да ырайымдуу жашоонун мураскорлору» (1 Петир 3:7) *.

12. Ыйсанын жыйналышка кылган мамилесинен күйөөлөр эмнеге үйрөнө алышат?

12 Аялыңдын сага болгон сүйүүсүн эч качан өзүнөн өзү эле өрчүй бере турган нерсе катары көрбө. Аялыңды сүйөрүңө дайыма ынандырып тур. Ыйсанын жыйналышка кылган мамилеси аны жолдогон күйөөлөр үчүн үлгү боло алат. Маселен, ал шакирттеринин кайра-кайра кетирген кемчиликтерине карабай, аларга жумшак мамиле кылып, кечиримдүү жана боорукер болгон. Ошон үчүн ал: «Мага келгиле... анткени Мен жоошмун жана момунмун. Ошондо жаныңарга тынчтык табасыңар [«жаныңар сергийт», «ЖД»]»,— деп айта алган (Матай 11:28, 29). Ыйсаны жолдогон күйөө, андан үлгү алып, аялына Ыйса жыйналышка мамиле кылгандай мамиле кылат. Күйөө аялын сүйөрүн сөзү менен да, иши менен да көрсөтөт жана аялы үчүн чындап сергитүү болот.

Ыйык китептик принциптерге ылайык жашаган зайыптар

13. Ыйык Китепте аялдарга карата кандай принциптер бар?

13 Ыйык Китепте зайыптар үчүн да принциптер камтылган. Эфестиктерге 5:22—24 жана 33-аяттарда мындай деп айтылган: «Аялдар, күйөөңөргө Теңирге баш ийгендей баш ийгиле, анткени дененин Куткаруучусу Машайак Жыйындын башчысы болгон сыяктуу эле, күйөө да аялдын башчысы. Жыйын Машайакка баш ийгендей эле, аялдар да бардык нерседе күйөөлөрүнө баш ийишсин... аял болсо күйөөсүн урматтасын».

14. Башчылык принциби аялдарды басынтпайт деп эмне үчүн айтууга болот?

14 Бул аяттарда Пабылдын зайыптар күйөөлөрүнө баш ийиши жана урмат көрсөтүшү керектигин баса белгилегенине көңүл бурсаңар. Мындай тартипти Кудай бекиткен. Асман менен жердеги ар бир аң сезимдүү жаратуу кимдир бирөөгө баш иет. Атүгүл, Ыйса да Жахаба Кудайга баш иет (1 Корунттуктарга 11:3). Туура башчылык кылган күйөөгө баш ийүү аялы үчүн жеңил болору бышык.

15. Ыйык Китепте аялдарга кандай кеңештер берилет?

15 Ошондой эле Пабыл айткандай, аял «күйөөсүн урматташы» керек. Ыйсаны жолдогон аял «момун жана жоош рухту» чагылдырат. Ал күйөөсүнүн баркын түшүрбөйт жана көзкарандысыздык рухун чагылдырбайт (1 Петир 3:4). Кудайдан корккон зайып үйүндөгүлөрүнө жакшы кам көрөт жана башчысынын зоболосун көтөрөт (Титке 2:4, 5). Андай аял күйөөсү жөнүндө эч качан жаман айтпагандыктан, башкаларга өзүнүн күйөөсүн сыйлабай калууга негиз бербейт. Ошондой эле ал күйөөсү чыгарган чечимдер ийгиликтүү болушу үчүн колунан келгендин баарын кылат (Накыл сөздөр 14:1).

16. Саара менен Ребекадан аялдар кандай үлгү алышат?

16 «Момун жана жоош рухту» чагылдыруу деген аял өз оюн ачык билдире албайт же анын ою анча деле маанилүү эмес дегенди билдирбейт. Алсак, Кудайдан корккон, байыркы убакта жашаган Саара менен Ребека сыяктуу аялдар күйөөлөрүнө тынчсызданууларын ачык айтышкан. Ыйык Китептеги билдирүүлөргө ылайык, Жахаба алардын иш-аракетин туура көргөн (Башталыш 21:8—12; 27:46—28:4). Ошол сыяктуу эле, Ыйсаны жолдогон зайыптар күйөөлөрүнө өздөрүнүн ой-сезимдерин ачык билдире алышат. Бирок, албетте, алар муну буйрук иретинде эмес, ызааттык менен билдиришет. Анткени алардын жылуу-жумшак мамилеси күйөөсү үчүн жагымдуураак болот жана жакшы натыйжа берет.

Нике — түбөлүк түйүн

17, 18. Жубайлар Шайтандын никени бузууга кылган аракеттерине кантип каршы тура алышат?

17 Нике өмүр бою созулууга тийиш. Андыктан никени бекемдөөгө жубайлардын экөө тең кызыкдар болушу керек. Ачык пикир алышуунун жетишсиздиги майда-чүйдө көйгөйлөрдүн ырбап кетишине алып келиши ыктымал. Пайда болгон таарыныч, нааразычылыктардын айынан жубайлар көп учурда сүйлөшпөй калышат. Айрымдар, атүгүл ажырашуу максатында, никеден тышкары башка бирөөгө кызыгуу көрсөтө башташы мүмкүн. Ыйса: «Аял кишиге кумарлануу менен караган адам өз жүрөгүндө ойноштук кылган болот»,— деп айткан (Матай 5:28).

18 Элчи Пабыл Кудайдын бардык кызматчыларына, анын ичинде никеде тургандарга да: «Ачууланганыңарда күнөө кетирбегиле: күн батканча, ачууңарды баскыла, шайтанга орун бербегиле»,— деп кеңеш берген (Эфестиктерге 4:26, 27). Ооба, башкы душманыбыз Шайтан Ыйсанын жолдоочуларынын ортосунда пайда болгон келишпестиктерди колдонууга аракет кылат. Анын чырагына май тамызба! Көйгөйлөр пайда болгондо, Жахабанын көзкарашын билүү үчүн, Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды изилде. Келишпестиктерди талкуулоодо чынчыл бол жана сабырдуулук көрсөт. Кылып жаткан иштериң Жахабанын талаптарына канчалык төп келер-келбесин текшер (Жакып 1:22—25). Жубайың менен бирге Кудай жолунда жүрүүгө мындан ары да чечкиндүү бол. Жахаба кошконду ажыратууга эч кимге жана эч нерсеге жол бербе! (Михей 6:8).

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Кара: «Ойгонгула!», 2002-ж., 8-февр., 10-б., кутуча, ор.

^ 9-абз. Кара: «Күзөт мунарасы», 1989-ж., 15-окт., 12-б., ор.

^ 11-абз. Жыйналышта кандайдыр бир жоопкерчиликке ээ биртууган «эч кимге кол көтөрбөшү» керек, тактап айтканда, башкаларды түз мааниде да, сөзү менен да кордобошу талап. «Күзөт мунарасынын» 1990-жылы 1-сентябрда (ор.) чыккан санынын 24-бетинде мындай деп айтылган: «Бардык жерде өзүн Кудайга жаккыдай алып жүргөн, бирок үйүндөгүлөрүнө катаал мамиле кылган киши жыйналышта кандайдыр бир жоопкерчиликтерге ээ боло албайт» (1 Тиметейге 3:2—5, 12).

Эсиңердеби?

• Эмне себептен Ыйсаны жолдогон жубайлардын никесинде да көйгөйлөр болушу мүмкүн?

• Күйөө аялына кантип кам көрөт жана аны жогору баалаарын кандайча көрсөтөт?

• Зайып күйөөсүн урматтаарын кантип көрсөтөт?

• Жубайлар никесин кантип бекемдей алышат?

[Изилдөө суроолору]

[24-беттеги сүрөт]

Күйөөсү аялына материалдык жактан эле эмес, рухий жактан да кам көрүүгө тийиш

[25-беттеги сүрөт]

Аялын жогору баалаган күйөө ал үчүн чындап сергитүү болот

[27-беттеги сүрөт]

Ыйсаны жолдогон аял өзүнүн ой-сезимин ачык, ошол эле учурда ызааттык менен билдирет